НАРЫНДА БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ОБСЕРВАЦИЯ ҮЧҮН ОРУНДАРДЫ СУНУШТАДЫ

  • 29.03.2020
  • 0

Борбордук Азия университети коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында Нарын шаарындагы кампусунун аймагынан 90 керебетти жайгаштыруу үчүн обсервация орундарын сунуштады. Бул тууралуу окуу жайдын басма сөз кызматы маалымдады.

НАРЫНДА БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ОБСЕРВАЦИЯ ҮЧҮН ОРУНДАРДЫ СУНУШТАДЫ

 

Маалыматка таянсак, бул даярдык көрүү иш-чаралары COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу боюнча Нарын шаарынын чукул кырдаалдагы мерчемдерин ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп эсептелет. Азыркы учурда БАУнун спорт комплексинде жана курулуш иштери боюнча кеңсесинде зарыл болгон инфратүзүмдү даярдоо иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, Нарын шаарынын мэриясынын так маалыматтарына ылайык, калктын аярлуу катмарындагы 500 үй-бүлө БАУ тарабынан азык-түлүк жана медициналык керек-жарактар менен камсыздалмакчы: бет кап, антисептик, антибактериялык самын, ун, кесме жана тамак-аш майы.

НАРЫНДА БОРБОРДУК АЗИЯ УНИВЕРСИТЕТИ ОБСЕРВАЦИЯ ҮЧҮН ОРУНДАРДЫ СУНУШТАДЫ

Кыргызстан менен Казакстандын өкмөттөрүнүн мектептерди жана университеттерди убактылуу жабуу боюнча токтомдорун аткарууга байланыштуу Борбордук Азия университетинде да окуу процесси убактылуу токтотулду. Студенттер кампустан чыгып кеткенге чейин университеттин кызматкерлери унааларды жана автобустарды залалсыздандыруу боюнча иштерди аткарышкан. Ошондой эле бет каптар жана антисептиктер таратылып, медициналык кароо өткөрүлгөн.

Университеттин 5-апрелге белгиленген кирүү сынактары белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Поделиться

Комментарии