КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ИЛИМИ ТААНЫЛЫП ЖАТАТ

  • 05.03.2020
  • 0

КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ИЛИМИ ТААНЫЛЫП ЖАТАТ

Өткөн күздө, 8-ноябрда Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык райондук өкмөтүндө Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна социалдык жана экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон чет элдик окумуштууларды жана адистерди Ардак Грамота жана “Тяньшань” алтын медалы менен сыйлоо аземи болгон эле. Отуз өлкөнүн окумуштуулары катышкан мындай Эл Аралык салтанатка катышууга жана жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу болгон беш адамдын бири — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экология боюнча Эл Аралык академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы Мамлекеттер аралык диссертациялык кеңешинин төрагасы, бир канча эл аралык жана республикалык илимий журналдардын редколлегиялык мүчөсү, окумуштуу Токторалиев Биймырза.

Токторалиев Биймырза НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында дүйнөлүк окумуштуулар менен тыгыз кызматташуу менен бирге, “Арсланбаб” биосфералык резерватын түзүү боюнча Германия мамлекетинин окумуштуулары менен бирдикте изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө жана Эл Аралык EC JUMP программасын ишке ашырууда Кыргызстан боюнча жетектөөчүлөрдүн бири. Анын демилгеси астында Ош технологиялык университетинде Тренинг Борбору түзүлгөн. Бул борбордо бакалавр жана магистранттар биология, химия, экология боюнча тереңдеп билим алышат жана КРсынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын кызматкерлери өздөрүнүн квалификациясын  жогорулатышат. Академик Токторалиевдин жетекчилиги астында 5 илимдин доктору жана 30 кандидаты диссертациясын даярдашкан жана жакташкан.  Токторалиев Биймырза дайыма Эл Аралык конференцияларга жана симпозиумдарга катышуу менен бирге, Бельгия жана Германия мамлекеттеринде илимий стажировкадан өткөн. Ошону менен бирге Россия, Казакстан, АКШ, Швейцария, Бельгия, Кытай, Германия, Франция, Англия, Польша, Голландия, Люксембург, Турция, Мексика, Марокко, Италия, Румыния, Япония, Пакистан, Латвия жана башка мамлекеттердин окумуштуулары менен илимий алакада болуп келе жатат. Биоартүрдүүлүктү  коргоо боюнча Аралды сактоо жана Памир-Алай транс чек аралык долбоорду, НАТОнун “Тынчтык үчүн  өнөктөштүк” программасынын  долбоорун ишке ашырууда экспорт жана консультант ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экологиясы боюнча бир канча Эл Аралык симпозиумдардын жана конференциялардын уюштуруучусу. Академик Токторалиевдин түздөн-түз катышуусу менен Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Ал эми бул Эл Аралык сыйлыктын ээси болууга татыган академик Токторалиев 2008-жылдан бери Кытай жана Кыргыз Республикасынын окумуштуулары менен бирдикте айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча бир канча долбоорлорду ишке ашырууда  демилгечиси жана жетекчиси. 2009-жылы анын демигеси менен Кыргызстандан жападан жалгыз Ош технологиялык университети Экология багыты боюнча “Университети ШОС” долбооруна киргизилген. Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн  2011-жылы академик Токторалиев Б.А. “Шанхай кызматташтык уюмуна 10 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

2008-2019-жылдары КНР СУАР жана КР УИАсынын айыл чарба академиясынын окумуштуулары менен бирдикте “Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын глобалдык өзгөрүү облустундагы жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун чегинде жана СУАРдын экономикасынын ар тараптан өнүгүүсүнө карата ири изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Эки өлкөнүн окумуштуулары тарабынан илимий эмгектердин жыйынтыгы кеңири практикага жайылтылып, айыл чарба тармагында колдонула баштады, ошондой эле окумуштуулардын жасаган иштери кошуна өлкөлөрдүн мындан ары өз ара кызматташуусун бекемдеп, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында алдыңкы технологиялар алмашылууда.

Бул изилдөөлөргө сунуш киргизүү эки өлкөнүн айыл, суу жана токой чарбасындагы  жашыл технологияларды алга жылдырууну камсыздап, жаңы сорттогу өсүмдүктөрдү жана тамчылатып сугаруу системасын жайылтууну, өсүмдүктөрдү жана токой аймактарын ар кандай зыянкечтерден сактоону колго алуу жагы алдыга коюлган максаттардын бири болуп саналат.

Мына ушундай жетишкендиктердин ээси академик Токторалиев Биймырза Айтиевичти алган алтын медалы менен куттуктап, мындан кийинки илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Экология, айлана-чөйрөнү сактоо тармагындагы изилдөө иштери жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча дүйнөлүк жогорку бааларга татыктуу болгон окумуштуулардын жана адистердин кылган иштери мамлекет тарабынан  жогору бааланат деген үмүттөбүз.КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ИЛИМИ ТААНЫЛЫП ЖАТАТ

Өткөн күздө, 8-ноябрда Кытай Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономиялык райондук өкмөтүндө Синьцзян-Уйгур автономиялык районуна социалдык жана экономикалык жактан өнүгүшүнө салым кошкон чет элдик окумуштууларды жана адистерди Ардак Грамота жана “Тяньшань” алтын медалы менен сыйлоо аземи болгон эле. Отуз өлкөнүн окумуштуулары катышкан мындай Эл Аралык салтанатка катышууга жана жогорку даражадагы сыйлыкка татыктуу болгон беш адамдын бири — Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги, биология илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, экология боюнча Эл Аралык академиянын академиги, Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясындагы Мамлекеттер аралык диссертациялык кеңешинин төрагасы, бир канча эл аралык жана республикалык илимий журналдардын редколлегиялык мүчөсү, окумуштуу Токторалиев Биймырза.

КЫТАЙ ЭЛ РЕСПУБЛИКАСЫНДА КЫРГЫЗ ИЛИМИ ТААНЫЛЫП ЖАТАТ

Токторалиев Биймырза НАТОнун “Тынчтык үчүн өнөктөштүк” программасынын алкагында дүйнөлүк окумуштуулар менен тыгыз кызматташуу менен бирге, “Арсланбаб” биосфералык резерватын түзүү боюнча Германия мамлекетинин окумуштуулары менен бирдикте изилдөөлөрдү жүргүзүп келүүдө жана Эл Аралык EC JUMP программасын ишке ашырууда Кыргызстан боюнча жетектөөчүлөрдүн бири. Анын демилгеси астында Ош технологиялык университетинде Тренинг Борбору түзүлгөн. Бул борбордо бакалавр жана магистранттар биология, химия, экология боюнча тереңдеп билим алышат жана КРсынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасынын кызматкерлери өздөрүнүн квалификациясын  жогорулатышат. Академик Токторалиевдин жетекчилиги астында 5 илимдин доктору жана 30 кандидаты диссертациясын даярдашкан жана жакташкан.  Токторалиев Биймырза дайыма Эл Аралык конференцияларга жана симпозиумдарга катышуу менен бирге, Бельгия жана Германия мамлекеттеринде илимий стажировкадан өткөн. Ошону менен бирге Россия, Казакстан, АКШ, Швейцария, Бельгия, Кытай, Германия, Франция, Англия, Польша, Голландия, Люксембург, Турция, Мексика, Марокко, Италия, Румыния, Япония, Пакистан, Латвия жана башка мамлекеттердин окумуштуулары менен илимий алакада болуп келе жатат. Биоартүрдүүлүктү  коргоо боюнча Аралды сактоо жана Памир-Алай транс чек аралык долбоорду, НАТОнун “Тынчтык үчүн  өнөктөштүк” программасынын  долбоорун ишке ашырууда экспорт жана консультант ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо жана токой экологиясы боюнча бир канча Эл Аралык симпозиумдардын жана конференциялардын уюштуруучусу. Академик Токторалиевдин түздөн-түз катышуусу менен Ош шаарындагы ыйык Сулайман-Тоо 2009-жылы ЮНЕСКОнун Бүткүл Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

Ал эми бул Эл Аралык сыйлыктын ээси болууга татыган академик Токторалиев 2008-жылдан бери Кытай жана Кыргыз Республикасынын окумуштуулары менен бирдикте айлана-чөйрөнү жана жаратылыш ресурстарын коргоо боюнча бир канча долбоорлорду ишке ашырууда  демилгечиси жана жетекчиси. 2009-жылы анын демигеси менен Кыргызстандан жападан жалгыз Ош технологиялык университети Экология багыты боюнча “Университети ШОС” долбооруна киргизилген. Шанхай кызматташтык уюмунун өнүгүүсүнө зор салым кошкондугу үчүн  2011-жылы академик Токторалиев Б.А. “Шанхай кызматташтык уюмуна 10 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланган.

2008-2019-жылдары КНР СУАР жана КР УИАсынын айыл чарба академиясынын окумуштуулары менен бирдикте “Айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын глобалдык өзгөрүү облустундагы жаратылыш ресурстарын башкаруу” долбоорунун чегинде жана СУАРдын экономикасынын ар тараптан өнүгүүсүнө карата ири изилдөөлөр жүргүзүлдү.

Эки өлкөнүн окумуштуулары тарабынан илимий эмгектердин жыйынтыгы кеңири практикага жайылтылып, айыл чарба тармагында колдонула баштады, ошондой эле окумуштуулардын жасаган иштери кошуна өлкөлөрдүн мындан ары өз ара кызматташуусун бекемдеп, айлана-чөйрөнү коргоо тармагында алдыңкы технологиялар алмашылууда.

Бул изилдөөлөргө сунуш киргизүү эки өлкөнүн айыл, суу жана токой чарбасындагы  жашыл технологияларды алга жылдырууну камсыздап, жаңы сорттогу өсүмдүктөрдү жана тамчылатып сугаруу системасын жайылтууну, өсүмдүктөрдү жана токой аймактарын ар кандай зыянкечтерден сактоону колго алуу жагы алдыга коюлган максаттардын бири болуп саналат.

Мына ушундай жетишкендиктердин ээси академик Токторалиев Биймырза Айтиевичти алган алтын медалы менен куттуктап, мындан кийинки илимий иштерине ийгиликтерди каалайбыз. Экология, айлана-чөйрөнү сактоо тармагындагы изилдөө иштери жана жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча дүйнөлүк жогорку бааларга татыктуу болгон окумуштуулардын жана адистердин кылган иштери мамлекет тарабынан  жогору бааланат деген үмүттөбүз.

Поделиться

Комментарии