КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ИШИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖУМУШКА ОРНОШУУ КӨРСӨТКҮЧҮ МЕНЕН БААЛАНАТ

  • 12.02.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Кыргызстандагы кесиптик лицейлердин жетекчилери менен жолукту. Бишкекте өткөн жыйынга өлкөдөгү 99 баштапкы кесиптик билим берүү уюмунун жетекчилери катышты.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ИШИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖУМУШКА ОРНОШУУ КӨРСӨТКҮЧҮ МЕНЕН БААЛАНАТ

Министр кесиптик билим тармагындагы көйгөйлөр, жаңы багыттар жана жетекчилерге коюлуучу талаптар боюнча сөз кылды.

 

Каныбек Исаков кесиптик билим берүү тармагы эмгек базарынын реалдуу талаптарына жооп бербей, жумуш берүүчү уюмдар менен иштешүү жолго коюлбаганы, окуу жайлардын башкаруу потенциалы жана жаштарды кесиптик билим берүүгө тартуу төмөн деңгээлге түшүп кеткенин сындады.

 

Министр жаңыча багытта иш жүргүзүүгө өтүү зарылчылыгын белгилеп, ар бир жетекчи лицейлердин сырткы чөйрөсүнөн баштап маңызына чейин өзгөрүүлөрдү жасоого аракеттиниши керектигин айтты.

 

Кесиптик лицейлер Кыргызстандагы эң керектүү адистерди даярдап чыгарат. Ошондуктан сиздерге жүктөлгөн вазыйпа өтө жогору. Бирок көп жылдан бери жетекчилик кызматында иштеп, өзгөрүүнү, жаңыланууну каалабагандар же аны сезе билбегендер бар. Ал убакыт артта калды, мындан ары демилгелүү иш жүргүзүп, жаңы идеяларды, сунуштарды ишке ашырышыбыз керек”,-деди Исаков.

КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНИН ИШИ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН ЖУМУШКА ОРНОШУУ КӨРСӨТКҮЧҮ МЕНЕН БААЛАНАТ

Министр бул үчүн окуу жайларды башкаруу, жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр, донорлор менен кызматташууну жакшыртуу, социалдык өнөктөштүктү чыңдоо, эмгек рыногу үчүн келечектеги жаңы кесиптерди эске алуу менен, ийкемдүү окутуу системасын түзүү, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу системасын ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Окуу жайлар студенттерди жумуш берүүчүлөр менен эмгек базары талап кылган кесиптерге окутушу керектигин өзгөчө белгиледи.

 

Ар бир лицей жетекчиси мекемеде жүргүзүлгөн иштер боюнча анализ жасап, талдоо жолу менен жумушун жакшыртышы керек. Биз мындары ары окууну бүтүргөн студенттердин жумуш менен камсыз болуусунун негизинде директорлордун ишмердигин өлчөйбүз”, — деп кошумчалады министр.

 

Кыргызстанда жалпы 99 кесиптик лицей бар. Аларда 31 647 студент билим алат.

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер