БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТРЛИГИНЕ ЭЛ ИШЕНИМИ ӨСТҮ
- 23.01.2020
- 0
Билим берүү жана илим министрлиги жарандардын ишеним деңгээли боюнча өз көрсөткүчүн жакшырта алды.
Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгына салыштырмалуу калктын министрликке болгон ишеними 24,9%дан 30,5%га көтөрүлгөн. Бул 2012-жылдан бери жүргүзүлүп келген элдин ишеним көрсөткүчүнүн эң жогорку көрсөткүчү.
Ведомствонун ишмердүүлүгүнө болгон жеке жарандардын ишеними 42,7%дан 47,9%га жогорулаган. Ал эми министрликтин жумушунун сапатына болгон ишеним салыштырмалуу 8,6%га жогорулап, 34,3%ды түздү.
Билим берүү жана илим министрлигинин системасындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алып барылып жаткан жумушту да оң баалашкан. Бул боюнча көрсөткүч 8,6%га жогорулаган.
12 министрликтин ичинен Билим берүү жана илим министрлиги жетинчи орундан төртүнчү орунга көтөрүлдү.
Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы
Комментарийлер