КАНЫБЕК ИСАКОВ: ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

  • 06.12.2019
  • 0

5-декабрда Билим берүү министрлигинде Каныбек Исаков менен «Жаңырык» тармагынын өкүлдөрү жолугушту. Тармак мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар боюнча иш алып барган 39 бейөкмөт уюмду өзүнө камтыйт.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Иш чарада  2019-2023-жылдарга өкмөт тарабынан кабыл алынган инклюзивдик билим берүүнүн концепциясын жана программасын ишке ашыруу талкууланды.

Мындан сырткары мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар менен иштей турган адистердин (логопед, атайын педагогдор) даярдыгы, башталгыч билим берүүдөгү мугалимдердин кесипкөйлүгүн көтөрүү жөнүндө сөз болду.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

«Жаңырык» өкүлдөрү Билим берүү министрлигинин алдында Инклюзивдик билим берүү боюнча координациялык кеңеш түзүүнү сунушташып, мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн атайын окуу программасын түзүүгө жардам бере алышарын билдиришти.

Министр тармак өкүлдөрүнө атайын окуудан өткөн мугалимдерди мамлекеттик-жеке өнөктөштүк негизинде жумушка орноштурунуу сунуштап,  орто, жогорку окуу жайларда мүмкүнчүлүгү чектелүү жарандар үчүн жеткиликтүү шарттарды түзүүгө көңүл буруп, инклюзивдүү билим берүүнү өркүндөтүү боюнча конкреттүү иш чаралардын планын түзүүнү тапшырды.

КАНЫБЕК ИСАКОВ: ИНКЛЮЗИВДҮҮ БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ӨЗГӨЧӨ КӨҢҮЛ БУРУЛАТ

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер