МЕКТЕПТЕРДЕ ОНЛАЙН ОКУТУУ ПРАКТИКАСЫН КИРГИЗҮҮ ПЛАНДАЛУУДА

  • 25.11.2019
  • 0

МЕКТЕПТЕРДЕ ОНЛАЙН ОКУТУУ ПРАКТИКАСЫН КИРГИЗҮҮ ПЛАНДАЛУУДА

Санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Ысык-Көл (Жунуш уулу Жапар орто мектеби) жана Нарын облусундагы (Нинакан Жүндүбаева атындагы-мектеп гимназиясы) эки мектептин 8-классынын окуучулары үчүн химия сабагы онлайн түрүндө өтүлдү.

«Заттын саны. Авогадро закону» темасындагы химия сабагын Бишкектеги Айдаркан Молдокулов атындагы улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин мугалими Закия Жээналиева өттү. Жаңыча ыкмадагы сабакты Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын «Cекторду өнүктүрүү программасы: билим берүү системасын бекемдөө» долбоорунун колдоосу менен уюштурган.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде онлайн окутуу практикасын киргизүүнү пландап жатат. Бул салттуу билим берүү мейкиндигин кеңейтип, мугалимдердин иш ордунда отуруп эле кесипкөйлүгүн өнүктүрүү мүмкүндүгүн берет.

Жаңы форматтагы билим алуу окуучулар үчүн да жакты. Алар окуу жараянында кийинки сабак качан болооруна жана башка предметтерден да ушул сыяктуу сабак өтүлүшүнө кызыгышты.

Азия өнүктүрүү банкынын долбоорунда камтылган 30 инновациялык мектеп Кыргызстандын алыскы райондорунда жайгашкан. Өткөн жылы бул окуу жайлардын инфраструктурасы жакшыртылып, компьютердик, мултьтимедиалык техника, интернет менен камсыздалган. Мугалимдер предметтик билим берүүнүн жаңы стандарттары боюнча окуудан өтүшкөн.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер