МИНИСТР СТУДЕНТТИК ЖАТАКАНАЛАРДЫ БАРЫП КӨРДҮ

  • 19.11.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Бишкектеги студенттик жатаканалардын абалы менен таанышып, студенттердин жашоо шарттары, окуулары боюнча баарлашты.

Алгач Кыргыз улуттук агрардык университетинин №3 жатаканасында болуп, андагы түзүлгөн шарттар менен таанышты. Бөлмөлөрдүн абалы, тамак жасоочу, санитардык жана жуунучу жайларынын шарттары жакшы экенин көрүп, үлгү катары башка окуу жайларга жайылтуу керектигине токтолду. Мындагы жатакананын айланасын кечиндеси жарыктандыруу, коопсуздукка көңүл буруу жана жатаканада жашаган ар бир студент боюнча маалымат базасын түзүү керектигин айтты.

Андан кийин ушул эле окуу жайдын №1 жатаканасында болуп, жалпы шартын көрүп, жакшыртуу керектигин белгиледи. Жатаканада жакынкы аралыкта ремонт иштери жүргүзүлөрү пландалган.

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА) №4 жатаканасы менен таанышууда, секциялардын, бөлмөлөрдүн абалын көрүп, жатакананы жакшыртуу зарыл экенине токтолду.

Андан ары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин жатаканасында болуп, студенттик кеңештин төрагалары, ар бир этаждын старосталары менен баарлашты.  Жатаканада студенттер үчүн ар түрдүү социалдык, маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүсүнө кызыкты. Бул окуу жайдын жатаканасынын шартын оңдоо муктаждыгы бар.

Министр таанышкан Бишкек автомобиль жана жол куруу колледжинин жатаканасынын 1-2-3-кабаттарында үй-бүлөлүү кызматкерлер болсо, 4-кабатында студенттер жашашат. Исаков жатаканадагы өрт коопсуздук талаптарын сактоого жана жылуулук системасын жакшыртууга көңүл бурулушу керектигин айтты.

Андан ары Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин №1 жатаканасына барды. Мында чет өлкөдөн жана мобилдүүлүк боюнча келген студенттерге жакшы шарттар түзүлгөнүнө күбө болду.

Соңунда Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин жатаканасында болуп, секциялардын абалы орто деңгээлде экенин белгилеп, ремонт жүргүзүү зарылдыгына токтолду.

Жыйынтыгында өлкө боюнча ар бир окуу жайдын жетекчилигине студенттик жатаканаларын инфраструктурасын жакшыртуу: кеңейтүү, өнүктүрүү, жатаканалардын айланасын жарыктандыруу, коопсуздук камераларын орнотуу, студенттер үйүнөн түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча тапшырмалар берилерин жана студенттик кеңештердин ишин активдештирүү, жатаканада маданий, спорттук иш-чаралар өткөрүлүүсү керектигин айтты.

Ошондой эле Исаков ар аймактан келип чогуу бир бөлмөдө жашоо — жаштардын арасында ынтымакты, достукту бекемдөөгө жакшы өбөлгө түзөөрүн белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер