УСТАТ БАРКТАЛСА, УЛУТ ӨНҮГӨТ

  • 03.10.2019
  • 0

УСТАТ БАРКТАЛСА, УЛУТ ӨНҮГӨТ

Каныбек ИСАКОВ, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри

 

Ардактуу мугалимдер, кадырлуу билим берүү кызматкерлери, сүйүктүү кесиптештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен ак дилимден куттуктаймын!

“Мугалим”, “Устат” – ыйык сөздөр, бийик сөздөр. Анткени адамдардын жашоосундагы баардык жаркын кубулуштардын башаты сиздердин жүрөгүӊүздөрдүн деминен, тунук акылыӊыздардан башат алат. Сиздердин баа жеткис эмгегиӊиздер жаш муундун көөнөргүс таберикке ээ болушуна мүмкүндүк берет.

Мугалим деген улуу атты – адамдарды чексиз сүйгөн, боорукердик менен акылмандыкты айкалыштырган, тазалык менен адамгерчиликтин үлгүсүн көрсөткөн инсандар алып жүрүшөт.

Сиздер бүтүндөй өмүрүңүздөрдү, жан-жигериңиздерди жаштарга терең билим, татыктуу тарбия берүүгө арнап келе жатасыздар. Күн сайын өзүңүздөрдүн билим казынаңыздарды байытып, тынымсыз изденип, ошол руханий байлыкты балдардын акыл-парасатына сиңирип, эгемендүү Кыргызстаныбыздын адам ресурсун өнүктүрүүгө эбегейсиз салым кошуп келүүдөсүздөр. Ушул баа жеткис эмгегиңиздер үчүн мен ар бириңиздердин колуңуздарды кысып, терең ыраазычылык билдиремин.

Бүгүнкү күндө билим берүү тармагы реформаларга муктаж болууда. Алдыбызда билим берүүнүн сапатын көтөрүү, мугалимдин коомдогу кадыр-баркын, беделин жогорулатуу милдеттери турат.

Кыргызстандын билим берүү системасы өзөгүндөгү улуттук баалуулуктарын, кайталангыс улуттук өзгөчөлүгүн сактоо жана өнүктүрүү менен дүйнөдөгү билим берүү процессиндеги жаңылыктарга, технологияларга ачык болушу зарыл. Ал жаңыланууларды биз талдап, саресеп салып, керектүүсүн иргеп алып, окутуу процессинде ыктуу пайдаланышыбыз кажет.

Кыргызстаныбыздын жаш жарандарын адамгерчиликтүү, мекенчил, боорукер, эмгекчил, гумандуу багытта тарбиялоого мээнетибизди арнашыбыз керек.

Өлкөбүздө болуп жаткан өсүп-өнүгүүлөргө баарыбыз салымыбызды кошуп, ар бир адамды жакшы иштерге шыктандырып, келечекке карата бийик ишенимдерин жаратышыбыз абзел.

Бүгүн билим берүү системасы жөнүндө коомдо айтылып жаткан ой-пикирлерге, сунуштарга дыкат кулак төшөп, кемчиликтерди оңдоого, ишибизди жакшыртууга астейдил киришибиз зарыл.

Биздин мойнубузга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Өлкөбүздүн эң башкы байлыгы бул — адам капиталы. Адамдарды ар тараптуу өнүктүрүү, алардын мыкты жаран, мыкты кесиптин ээси болуусу, мамлекетибиздин өсүп-өнүгүшүнө таасирдүү салым кошушу мугалимдердин эмгеги менен түздөн-түз байланыштуу.

Урматтуу мугалимдер, билим берүү кызматкерлери, мугалимдик кесиптин мыкты салттарын сактаганыңыздар жана улантып келе жатканыңыздар, устаттыктын улуу жолун жайылтканыңыздар үчүн чын дилимден ыраазылык билдиргим келет. Ар бир окуучуңуздун жашоодогу ийгилиги, жетишкендиги Сиздердин эмгегиңиздердин акыбети деп билемин.

Мугалим – башкага жарыгын чачкан, жаштардын тагдырын бак-таалайга жеткирген, Жараткан сүйгөн кесиптин ээси.

Биз жаштарга билимди, таалим-тарбияны жугумдуу, сапаттуу берүү үчүн ата-энелер, коомчулук менен биргелешип, ынтымакта жүктү көтөрүшүбүз керек.

Урматтуу мугалимдер жана билим берүү кызматкерлери!

Мугалимдик улуу кесибиңиздер Сиздерге жаңы ийгиликтерди, жаратмандыкты жана көптөгөн кубанычтарды алып келсин. Биз Сиздер менен бардык кыйынчылыктарды, тоскоолдуктарды бирге жеңээрибизге ишенемин.

Сиздердин акылмандыгыңыздарга, изденген ак эмгегиңизге, жан дүйнөңүздөрдөгү таза сезимдериңизге, кесипкөйлүгүңүзгө таазим этемин!

Ардактуу мугалимдер кесиптик майрамыңыздар кут болсун! Баарыӊыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөӊүздөргө бакыт-таалай, ишиӊиздерге зор ийгиликтерди тилейм!

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер