ИСМАНКУЛОВДУН КЛИНИКАСЫ КОРЕЯДАН АЛГАН КРЕДИТ БОЮНЧА СОТКО ДОО АРЫЗ БЕРИЛДИ

  • 23.09.2019
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги А. Исманкулов клиникасынын түштүк кореялык «Медисон Ко Лтд» компаниясына каражатты кайтарбай койгону боюнча Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна арыз менен кайрылды.

«Корея мамлекетинин премьер-министри Ли Нак Ен июль айында Кыргызстанга жасаган расмий сапарында кореялык инвесторлорго болгон карыз маселесин көтөргөн. Бул маселе инвестициялык климатка кедергисин тийгизип, өлкөнүн беделин түшүрүп жатат»,-деп айтылат Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Азыркы учурда Билим берүү жана илим министрлиги маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн тиешелүү соттук процесстерди баштоону демилгеледи.

Маселенин таржымалы:

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 1997-1998-жылдары Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин медициналык борборуна 8,5 млн долларлык жабдуу алуу үчүн «Медисон Ко, ЛТД» (Корея) компаниясына кепилдик кат берген.

Бул борбордун ээси Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети жана А.Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» ЖЧКсы болгон. Ал мезгилде окуу жайдын эл аралык байланыш жана медицина боюнча проректору Исманкулов университеттин атынан өкүл катары дайындалып, кредит алуу боюнча келишимге кол койгон. 1999-жылы май айында жабдуулар А.Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы» ЖЧКсына келген.

2000-жылы Кыргыз улуттук университети окуу жайдын медициналык борборунун негиздөөчүлөрүнүн катарынан чыккандан кийин, алынган кредитти төлөө жоопкерчилиги «Интергоспиталь» медициналык борбору ЖЧКсына өткөн.

Ишкана ушул мезгилге чейин Корея тарапка жабдуу үчүн алынган техникалык насыяны төлөбөй келет.

Бул факт боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги, Кыргыз улуттук университети жана А.Исманкуловдун «Көз микрохирургиясы»  ЖЧКСынын директоруна кылмыш иши козголуп, анын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу иш жабылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер