1-ОКТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 30% КӨТӨРҮЛӨТ

  • 23.08.2019
  • 0

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан«Кыргызстандын билим берүүдөгү заманбап багыттары» аттуу мугалимдердин август педагогикалык кеңешмесине катышты.

1-ОКТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 30% КӨТӨРҮЛӨТ

Өкмөт башчы педагогдорго жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине салам жолдоп, аларды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилинен куттуктады. Ал билим берүү тармагынын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча көз караштары менен бөлүшүү мүмкүндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мектеп – биздин кийинки муундар тарбияланып, өсүп чыга турган билим уясы. Дал ушул жерде биздин эртеңки экономикабыз, социум жана маданиятыбыз түптөлөт. Бүгүнкү күнү өлкөбүздүн коомдук жашоосунун бардык тармактарында туруктуулук жана ырааттуу өнүгүү байкалууда. А бул көп улуттуу, көп маданияттуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Тынчтык жана биримдик — бул мындан аркы өнүгүүбүздүн негизи жана ачкычы. Ошол эле учурда көп жылдан бери чечилбеген канча маселелер жатат. Анын эң башкысы – билим берүү тутуму. Ошондуктан бүгүнкү жолугушуу Өкмөт үчүн да жана жеке өзүм үчүн да зор мааниге ээ. Мен ачык-айкын баарлашууга даярмын», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

1-ОКТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 30% КӨТӨРҮЛӨТ

«Улуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мен үчүн абдан кымбат. Себеби анда биринчи мугалим Дүйшөндүн образы бар. Ал жашоонун бардык кыйынчылыктарын жана айрылууларды жеңип чыгып, алыскы тоолуу айылдагы жупуну мектепте балдарды окутуп, өз мезгилиндеги кыргыз мугалиминин үлгүсү  — өз мекенинин токтоо жана айкөл атуулу болуп калды. Анын жашоодогу максаты – балдарга билим берүү, бул өлкөнү кечээки караңгылыктан жаркын келечекке өткөрүүнүн символу катары. Бүгүн башка мезгил, жашоого болгон көз караш жана ой жүгүртүү дагы башка. Бирок биринчи мугалимдин образында калыптанган принциптер азыркы окутуучулардын да башкы баалуулуктары болуп саналат деп ишенем, — деди Мухаммедкалый Абылгазиев. – Билим берүү – бул өзгөчө тармак жана мамлекетибиздин келечеги. Ал өлкөбүздүн 21-кылымда стратегиялык өсүү чекити болуп калат. Бүгүн заманбап цивилизация өз өнүгүүсүндө принципиалдуу жаңы тепкичке өткөн учурда адамзатынын алдында экология жана глобалдык климаттык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу жана таза суу, жакырдык жана жумушсуздук сыяктуу олуттуу чакырыктар жана маселелер турат. Калктын сабатсыздыгы масштабдуу социалдык көйгөй болуп калууда. Мисалга алсак, азыркы тапта планетанын 800 млн ашуун жашоочусу сабатсыз. Демек, алар өздөрүнүн жана өз өлкөлөрүнүн жашоосун жакшырта алышпайт. Дүйнөлүк өнүгүүнүн мындай кыйын шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдети – атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү тутумун түзүү. Бул эмне демекчи? Биринчиден, билим берүүгө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды жана инвестицияларды активдүү киргизүү. Экинчиден, өлкө экономикасын өнүктүрүү, татыктуу айлык акы жана престиж аркылуу билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Үчүнчүдөн, билим берүү мекемелеринин заманбап материалдык-техникалык базасын түзүү жана билим берүүнүн сапаты. Бул маселеде Өкмөттүн позициясы дайыма бир: билим берүүгө салым салуу менен биз келечекке салым кошкон болобуз, билим берүүгө салынган ар бир сом – бул келечектеги ийгиликтүү экономика жана кубаттуу социалдык чөйрө. Дагы бир маанилүү артыкчылык билим берүү тутумунун кадрдык потенциалын бекемдөө болот. Азыркы учурдагы балдар интеллектуалдык жактан өнүккөн, бир кыйла ачык жана өз алдынча. Мугалимдерге талаптар да ошончолук жогору. Мугалимдер гана эмес, өлкөнүн билим берүү чөйрөсүнүн башка кызматкерлери дагы чыгармачыл мамиле кылган, креативдүүлүк, өз алдынча чечим кабыл алуу жана тутумдуу ой жүгүртүү сапаттарына ээ болууга тийиш. Бизде өнүгүү үчүн мунайзат, газ сыяктуу чоң-чоң сырьелук ресурстар жок, бирок бизде квалификациялуу адамдык потенциал бар. Бул биздин башкы байлык жана негизги ресурс. Мен ар дайым мугалимдердин эмгегин баалап келем. Жакшы мугалим окуучуларына күчүн гана кетирбестен, болгон билимин, тажрыйбасын, жүрөгүн жана жан дүйнөсүн арнайт. Бул абдан көп нерсе».

1-ОКТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 30% КӨТӨРҮЛӨТ

Премьер-министр ошондой эле ЮНИСЕФ жакында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин чечкен дүйнөдө биринчи өлкө болду деп жарыялаганын белгиледи.

«Бул чоң жетишкендик — беш жылдын ичинде жарандыгы жок адамдардын саны 13 миңден нөлгө түштү», — деп билдирди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өзгөчө белгилегендей, Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү Өкмөттүн алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон.

«Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт.Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт», — деди ал.

1-ОКТЯБРДАН ТАРТА МУГАЛИМДЕРДИН ЭМГЕК АКЫСЫ 30% КӨТӨРҮЛӨТ

Жыйынтыгында Өкмөт башчы мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалап өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер