МЕТОДИКАЛЫК СУНУШТАР: КЫРГЫЗ ТИЛИ, КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫ, ТАРЫХ, АДАМ ЖАНА КООМ, АНГЛИС ТИЛИ

  • 20.08.2019
  • 0

ОКУТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИ ПРЕДМЕТИН ОКУТУУ БОЮНЧА

Актуалдуулугу

2019-2020-окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууда төмөнкү укуктук-ченемдик документтер өзгөрүп жаңыланды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы № 403 токтому менен бекитилген  жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590 токтомунун редакциясына ылайык КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик  стандарттар, базистик окуу планы.

Ошондой эле жаңы окуу китептери жана окуу-методикалык комплекстердин жаңыланышына байланыштуу окутуунун максатын, маңызын жана  мазмунун кайрадан карап, иштеп чыгып, мугалимдерге сунуштоо.

“Өлкөнү санариптештирүү бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат. Ал биздин жарандар үчүн мурда болуп көрбөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат,“ – деп өлкөнүн Президенти белгиледи. “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата окуу китептеринин, окуу методикалык колдонмолорунун санариптештирилген вариантын жана мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу учурда актуалдуу маселелерден экендиги талашсыз.

Максаты

Мугалимдер КР Жалпы мектептик билимдин Мамлекеттик билим берүү стандарты жана предметтик  стандарттар, базистик окуу планы (БОП) укуктук-ченемдик документтердеги негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр жана окуу программасы, окуу китептери, август кеңешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар жөнүндө жалпы маалымат алышат.

Коюлган максатты жүзөгө ашыруу үчүн төмөндөгүдөй милдеттер белгиленди:

— базистик окуу планынын талаптары жана ал боюнча окуу пландарын түзүүнүн түрлөрүн, болжолдуу сааттардын көлөмүн сунуштоо;

— жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгүн бөлүп көрсөтүү;

— КР Билим берүү жана илим министрлиги  тарабынан 2019-2020-окуу жылына карата окуу китептери жана окуу методикалык колдонмолордун санариптештирилген вариантын тактап,  сунуштоо;

— негизги жана предметтик компетент-түүлүктөрдү үч деңгээлде окутуу маселелери;

— “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” боюнча мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу.

  1. Базистик окуу планы

Жалпы билим берүүчү мектептердин негизги мамлекеттик документи, мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги бөлүгү жана милдеттүү окуу предметтердин тизмесин, окутуу убактысынын ырааттуулугун, окуу жүктөмүнүн көлөмүн аныктайт. Ал бардык класс жана предмет боюнча окуу тилине, менчик формасына карабастан ар бир мектептин окуу планын иштеп чыгуунун негизин уюштуруучу укуктук-ченемдик документ.

Базистик окуу планынын талаптарын сактоо менен төмөндөгүдөй окуу пландары түзүлөт:

1) аймактык, 2) мектептик, 3) болжолдуу жумушчу окуу пландары иштелип чыгат жана мектепти каржылоодо негизги документ болуп эсептелет.

  1. Аймактык базистик окуу планы — аймактык билим берүүнүн башкармалыгы тарабынан мамлекеттик базистик окуу планынын негизинде иштелип чыгат жана ал сунуш кылуу мүнөзүндө болот.
  2. Мектептик окуу планы — мамлекеттик базистик жана аймактык окуу планынын негизинде узак мөөнөткө түзүлүп, конкреттүү мектептин өзгөчөлүгү эске алынат (мектептин окуу планы катары бир же бир нече типтүү окуу планы кабыл алынышы мүмкүн);
  3. Болжолдуу жумушчу окуу планы — күнүмдүк шарттарды эске алуу менен түзүлөт жана жылыга мектептин методикалык кеңешмесинде бекитилет.

Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн 5-11-класстарда кыргыз тили предметин окутууга карата мамиле  өзгөрүп, балдардын оозеки, жазуу, байланыштуу кебин, чечендик-ораторлук жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган заманбап технологияларды колдонуу абзел. Базистик окуу планындагы «Тилдик» билим берүү чөйрөсү боюнча биринчи тилдин предметтик стандартына негизделип, т.а. эне тилинде окутуунун натыйжаларына коюлуучу талаптар менен аныкталат. Коммуникативдик ишмердүүлүк ыкмасын пайдалануунун эң негизги милдети – тилдин структурасы жана мыйзамдары  тилдик системанын бардык элементтерин бириктирген бир бүтүндүк катары таанытуу. Окутуунун мындай бирдиктүү бир бүтүндүгү бул — текст. Анткени дал ушул текстте  тилдин бардык элементтери белгилүү бир системага биригишет жана   текст жасоочулук функцияга ээ болот. Кыргыз тилин окутууда адабий тилдин бардык функционалдык стилдерине (оозеки-сүйлөшүү, көркөм, окуу-илимий, публицистикалык, расмий иштиктүү стиль)  ылайык тексттердин ар кыл түрлөрүн кеңири пайдалануу сунуш кылынат.

Кыргыз  тилин окутуу процессинде окуучулардын кеп ишмердүүлүктөрүнүн бардык түрлөрүн (угуп түшүнүү — аудирлөө, сүйлөө — сүйлөп түшүндүрүү, окуу – окуп түшүнүү, жазуу жазып түшүндүрүү) турмушунда колдонууга ээ болуунун негизинде окуучулардын (негизги компетенттүүлүктөргө: маалыматтык, социалдык-коммуникативдик (карым-катнаштык), өзүн-өзү уюштуруу, көйгөйлөрдү чечүү жана предметтик компетенттүүлүктөргө: тил таануучулук, кептик жана маданият-таануучулук) компетенттүүлүктөрүн өнүктүрүүгө багытталган. Тилдин системасын, анын мыйзамдарын гана таанытуучулук  эмес,  функционалдык, коммуникативдик ишмердүүлүк, сүйлөшүү маданиятынын деңгээлин көтөрүүнү жөнгө салуу максатын да  көздөшү керек.

  1. Окуу программасы

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген  жана КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы №590 токтомунун редакциясына ылайык КР Өкмөтүнүн «Билим берүү жөнүндө», «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдарын жана 2012-жылкы «Туруктуулук жана бакубат жашоо» программаларын  эске алуу менен, окуу жүктөмү кыскарган окуу планынын негизинде кыргыз тилинин мамлекеттик стандартынын талаптарына таянуу менен  даярдалган. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруучулук, укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделинин негизинде окуу программасы түзүлөт.

5-11-класстарда жаңы окуу жылында оңдолуп, толукталган кыргыз тилинин программасы (Түзүүчүлөр:  А.Сапарбаев, Б.Өмүралиев, С.Үсөналиев, В.Мусаева жана Н.Абдесов. Илимий редактору С.Рысбаев) сунуш кылынат (2016).

Жаңы окуу планына ылайык түзүлгөн бул окуу программасынын өзгөчөлүгү —   кыргыз тилин эне тил катары окутуунун натыйжалуулугун, сапатын арттыруу менен, окуучулардын кеп  ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) колдонууну, кеп маданиятын ар кыл турмуштук кырдаалга ылайык кептин  стилдеринин түрлөрүнө жараша, өз алдынча чыгармачылык менен диалог, монолог түзө билүүгө үйрөтүүчү коммуникативдик  көндүмдөрүн калыптандыруучу практикалык машыгуу иштерин жүргүзүүгө  багытталгандыгы.  Эң башкысы, эне тилин окутуу үчүн кептик, тилдик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутуу маселеси да курч коюлуп, ар бир класстын жыйынтыгында аталган негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү (чыгармачылык) үч деңгээлде окуучулар ээ боло турган  натыйжаларга негизделет. Мугалим мына ушуга айрыкча көңүл буруусу зарыл.

Азыркы мектепте авторитардык типтеги окутуунун ордуна инсанды өзүн-өзү таанууга үйрөтүү колго алынуусу зарыл.

Программада кыргыз тилин компетенттүүлүктүн негизинде окутуу  сунушталат. Атап айтсак: кептик компетенттүүлүктө —  мектеп бүтүрүүчүсү коммуникативдик милдеттерди аныктоого; тилди пикир алышуунун ар кыл кырдаалдарында; оозеки жана жазуу формасында пайдаланууга; өзүнүн сөздүк байлыгын байытуу менен кептик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жөндөмдүү болушу шарт.

Кептик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

— карым-катнаштын  максатына ылайык  кептин предметин жана темасын түшүнөт жана белгилейт;

— тексттеги биринчи жана экинчи орундагы маалыматтарды бөлүп көрсөтүп, аларды чындык менен салыштырат;

— адабий тилдин (стилдердин) нормаларына, пикир алышуунун максатына (кептик кырдаалдарга)  ылайык текст түзөт;

— текстти ар кыл стилдик талаптарга, ар кыл эмоционалдык жагдайларга ылайыктап кайрадан түзөт;

— коммуникативдик мазмунуна ылайык тексттердин функционалдык семантикалык типтерин, кептин ар кыл жанрындагы жана стилиндеги тексттерди айырмалайт жана өз тажрыйбасында чыгармачылык менен колдонот.

Ал эми тилдик компетенттүүлүктө —  мектеп бүтүрүүчүсү тилдин системасы жана анын кепте ишке ашырылыш мыйзамдары жөнүндө билимге ээ болот.

Тилдик компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

— тилдик бирдиктерди алардын тилдин системасындагы функциялары  жана алардын тексттеги ролу менен байланышта түшүнөт;

— лингвистикалык бирдиктерди функциялары, маанилери жана стилдери боюнча топтоштурат;

— тилдик бирдиктердин синонимдештигинин түзүлүшүн, маанисин жана стилдерин айырмалайт;

— кептин оозеки жана жазуу формаларынын өзгөчөлүктөрүн салыштырат жана айырмалайт;

— орфограммалардын көлөмүнө жана пунктуациялык эрежелерге ылайык орфографиялык жана пунктуациялык ыкмаларга ээ болот.

Маданият таануучулук компетент-түүлүктө мектеп бүтүрүүчүсү пикир алышууга катышуу менен  социалдык-кептик, маанилик жана тарыхый-маданий контекстти эске алууга жөндөмдүү болот. Маданият таануучулук компетенттүүлүктүн негизинде окутууда:

— сүйлөшүү маданиятынын  үлгүлөрүнө ээ болот;

— коомдо калыпка түшкөн жүрүм-турумдун үлгүлөрүнө ылайык карым-катнаштын катышуучусунун социалдык ролун өзүнө кабыл алат;

— элдин маданий мурасынын маанилүү бөлүгү,  ыйык баалуулукка айланган эне тилине карата жекече аяр мамилесин билдирет.

  1. Окуу-методикалык колдонмолор

5-кл. авт. А.К.Койлубаева, А.К.Койлубаева, Б.С.Орузбаева (2018) негизги, Кыргыз тилин орто мектептин 5-11-класстарында натыйжалуу окутуу боюнча усулдук колдонмо. Б.Исаков. (2011); Жат жазуулар жыйнагы. В.Мусаева,(2015); Азыркы кыргыз тилинин таблицалары. С.Үсөналиев, Б.Өмүралиев (2ОО3); Кыргыз тили 5-9-кл. Балдар риторикасы. Окуу куралы. В.Мусаева, (2018); Байланыштуу кепти, кептин стилдерин кептик компетенттүүлүккө  багыттап окутуунун теориялык жана практикалык маселелери. В.Мусаева, (2017); Жазуу маданиятын окутуунун теориясы менен практикасы. Окуу-методикалык курал. В.Мусаева, (2018); Синтаксисти окутуунун методикасы. Б.Өмүралиев, (1978); Кыргыз тилинин синтаксиси. А.Жапаров (1979); Кыргыз тили боюнча методикалык колдонмо. 5-9-кл. В.Мусаева, Т.А.Асанакунов. USAIDдин «Сапаттуу билим» долбоору (2011); Кыргыз тили: Сабактын теориясы жана практикасы. Ж.Чыманов (2007);  Кыргыз тилинин таяныч чиймелери. Кошумча окуу куралы. В.Мусаева,  (2017);

Кыргыз тилин эне тили катары окутуунун методологиясы, Ж.Чыманов (2015). Кыргыз тилин окуп-үйрөнүүдө деңгээлдер боюнча компетенттүүлүктөрдү баалоо. К.Эсеналиева (2014); Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоонун теориясы, практикасы. К.Эсеналиева (2019); Мектеп үчүн фразеологиялык сөздүк, Т.А.Асанакунов (2019), Кыргыз тили: Сабактын (болжолдуу) планы Т.А.Асанакунов (2019).

  1. Август кеңешмелеринде талкуулана турган болжолдуу темалар
  2. “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” боюнча мультимедиалык жаңы технологияларды колдонуу.

2.Стандарттардагы компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабактын максатын жана анын көрсөткүчтөрүн пландоонун теориясы, практикасы.

  1. Заманбап окутуунун жана баалоонун технологиялары.
  2. Интерактивдүү окутуунун технологияларын колдоно билүүнүн педагогикалык шарттары.
  3. Сынчыл ойломдун стратегияларын пайдалануу аркылуу стандарттын талабындагы окутуунун үч деңгээлин ишке ашыруу менен инсанга багыттап окутуу.
  4. Этнопедагогика, этнолингвистика, этномаданият багытында кыргыз тилин кыргыз элинин алдыңкы маданий мурастары, баалуулуктары менен биримдикте окутуу.
  5. Кеп ишмердүүлүктөрүнүн түрлөрүн (угуу-аудирлөө, сүйлөө, окуу, жазуу) коммуникативдик метод аркылуу мультимедиалык каражаттарды колдонуу.
  6. Окуучунун тилдик, кептик жана маданият таануучулук компетенттүүлүктөрүнө басым жасоо.
  7. “Сүйлөшүү маданияты», “Байланыштуу кеп», «Лексика жана фразеология», “Чечендик-ораторлук кеп” бөлүмдөрүн окутууда кептин коммуникативдик касиеттерин (кептин тазалыгын, тактыгын, тууралыгын, көрктүүлүгүн, орундуулугун, образдуулугун, элестүүлүгүн, эмоционалдуу-экспрессивдүүлүгүн) калыптандыруу.
  8. Тексттеги кептин түрлөрүн (баяндоо, сүрөттөө, ой жүгүртүү), кептин стилдерин (көркөм, илимий, публицистикалык, иш кагаздарынын стили) колдонуу аркылуу жогорку класстарда кесиптик билим берүүгө багыттоо.
  9. «Сүйлөшүү маданияты жана стилистика» сыяктуу курстарды киргизүү жана окутууну пландаштыруу.
  10. Кыргыз тили сабагында “Манас” эпосуна көңүл буруу менен андагы көркөм тил каражаттарын жемиштүү пайдалануу ж. б.у.с.

Сунушталуучу интернет булактардын тизмеси:

www.kao.kg

www.lib.kg

www.ibilim.kg

www.bilimbulagy.kg. ж.б.

Т.А.Асанакунов п.и.к., доцент.

К.Эсеналиева проф., м.а. п.и.к.                      

 

 

ОКУТУУ КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫН ОКУТУУ БОЮНЧА

 

Кыргыз адабиятын окутуунун жалпы маселелери

2019-2020-окуу жылында Кыргыз адабияты предметин окутууда төмөнкү жагдайларга көңүл буруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” деп аталгандыгын эске алуу менен “Кыргызстанда билим берүүнү аймактардын талаптарына ылайык өнүктүрүү жана санариптештирүү милдеттери” аттуу август кеңешмесинин темасынын алкагында  алдыңкы маселе катары билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, компетенттүүлүккө негизделген натыйжалуу билим берүү, окуу процессин санариптештирүү менен окутуу материалдарын электрондоштуруу, санариптик материалдык-техникалык каражаттарын эффективдүү колдонуу, окутуунун электрондук базасын түзүү маселелери эске алынат. Башка предметтер сыяктуу эле, кыргыз адабиятын окутуунун мазмунуна да санариптештирүү маселелерин киргизүү – мезгил талабы. Мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү жана 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясы, “Санариптик Кыргызстан 2019-2023-жылдар” концепциясы, КРнын Билим берүүнү өнүктүрүү концепциясы   мектептердеги билим берүүнүн сапатын, анын ичинде кыргыз адабиятын окутуунун  эффективдүүлүгүн мезгил талабына ылайык жогорулатуу милдеттерин койду.

Азыркы учурда компетенттүүлүктөрдүн негизинде инсанга багыттап окутууда   негизги жана предметтик компетенттүүлүктөр боюнча репродуктивдүү, продуктивдүү, креативдүү(чыгармачылык) 3 деңгээлде окуучулар ээ боло турган  натыйжаларга көнүл буруу учурдун талабы. Окуучунун окуу ишмердүүлүгүнүн сапатын аныктоодо предметтик компетенттүүлүк чоң мааниге ээ.   Кыргыз адабиятынын предметтик компетенттүүлүгү  окуу жана практикалык ишмердүүлүк ар дайым айкалышканда гана ийгиликтүү ишке ашат.

Окурмандык  компетенттүүлүк – адабий чыгарманы эстетикалык  өздөштүрүүгө жөндөмдүүлүк,  искусствонун башка түрлөрүнүн катарында адабияттын өзгөчөлүгү жөнүндө түшүнүгүн  калыптандыруу,  образдуу сөздүн көркөм көп маанилүүлүгүн, ассоциативдүүлүгүн, көрүү жана угуу дааналыгын  ачуу аркылуу образдык сөздү түшүнүү жана   инсандык деңгээлде  өздөштүрүү,  теориялык–адабий түшүнүктөр жөнүндө үйрөнүүчү предмет катары эмес, көркөм чыгарманы түшүнө билүүгө жардамдашкан курал, каражат катары түшүнүктү өнүктүрүү.

Баалуулук-дүйнө таанымдык компетенттүүлүк – адабиятта чагылдырылган адеп-ахлактык баалуулуктарды жана дүйнө  тааным категорияларды түшүнүү, ушул баалуулуктарга өзүнүн мамилесин аныктоо жана негиздөө, гуманисттик адеп-ахлактык позицияларга бек туруу;

Адабий-чыгармачылык компетенттүүлүк – ар түрдүү типтеги дил баяндарды, түрдүү жанрдагы жана формадагы адабий чыгармачыл иштерди жазууга жөндөмдүүлүк.

Бүгүнкү күндүн мугалиминин максаттары жана милдети окуучуларга жөнөкөй эле маалыматтардын топтомун берүү болуп эсептелбейт. Учурдагы билим берүүнүн максаты – бул сынчыл ойлому өнүккөн инсанды тарбиялоо жана окутуу менен бирге окуучулардын ойлонууга болгон муктаждыгын, ар кандай кырдаалды талдоого жана аларды туура баалоого, ар түрдүү маселелерди чечүүнүн оптималдуу жолун табууга үйрөтүү экендигин ар бир педагог түшүнүүсү зарыл.

Ар түрдүү деңгээлдеги  (репродуктивдүү, продуктивдүү жана креативдүү) тапшырмаларды түзүүнүн зарылдыгы ар бир окуучу кандайдыр бир зарыл болгон билимдердин жана компетенттүүлүктөрдүн деңгээлдерине ээ болушу керек.

Адабият – балдарды адептик оң сапаттарга үйрөтүүнүн эң таасирдүү куралы болгондуктан, адабият мугалими компетенттүүлүк жана коммуникативдик мамиле түзө билүүсү абзел. Окуучунун мамлекеттик тилде бай лексика менен сабаттуу сүйлөй жана жаза билиши адабиятты мектепте сабаттуу окутууга байланыштуу экенин эстен чыгарбаганыбыз дурус. Эстетикалык табити өнүккөн, көркөмдүк жактан билимдүү, маданияттуу окуучуну тарбиялоо адабият теориясысыз, көркөм сөз өнөрүнүн образдык-эстетикалык жаратылышын мыйзам ченемдүүлүктөрүн талдап түшүнүүсүз  мүмкүн эмес. Окуучуларды теориялык түшүнүктөрдү практикада колдоно билүүгө жатыктыруу, машыктыруу дайыма көңүлдүн борборунда болушу шарт.

Кыргыз адабиятынын окуу программасы тууралуу

2019-2020-окуу жылында Кыргыз адабияты предметин окутуу адабият боюнча кабыл алынган соңку жаңы стандарттардын жана программалардын негизинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 21-июлундагы №403 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жалпы мектептик билимдин  мамлекеттик билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн предметтик стандарт 5-6-класстар үчүн колдонулат.

Адабият боюнча жаңы стандарттын өзгөчөлүгү – анын компетенттүүлүккө негизделип түзүлгөндүгүндө. Стандарт мугалимди адабиятты окутууда реалдуу натыйжага жетишүүгө багыттайт.

Быйылкы окуу жылында окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты 5-6-класстар үчүн жаңы стандарттын негизинде түзүлгөн программа (С. Байгазиев, А. Муратов, Б. Абдухамидова, К.Акматов), ал эми 7-11-класстар үчүн өткөн окуу жылында колдонулган окуу программасы, б.а., С.Байгазиев, А. Муратов түзгөн программа жетекчиликке алынат. Мамлекеттик компоненттеги кыргыз адабиятына ыйгарылган сааттарда өзгөрүүлөр болгон жок.

Кыргыз адабиятын окутуунун методдору

Кыргыз адабиятын окутуу иштери педагогика илиминин жалпы, атайын жана жеке методологиясынын жоболоруна негизделет. Кыргыз адабиятын окутуу процессинде инсанга багытталган окутууга өзгөчө маани берилет. Кыргыз адабиятын окутууга коммуникативдик мамиле жасалып, окутуунун объектисин көркөм текст түзүүсү, ал эми сабак процесси жандуу сүйлөшүү, талдоо, талкуулоо, баяндоо иштери, чыгармаларга карата эссе-пикир жазуу, аргументтөө аркылуу жүргүзүлүшү шарт.

Адабиятты окутуу методикасында методдор тууралуу түшүнүктөр ар дайым эволюциялык аракетте болуп, улам жаңы ойлор менен толукталып келгендигин байкайбыз. Эвристикалык (жарым-жартылай изилдөө), изилдөөчүлүк, репродуктивдүү, долбоорлоо, стандарттык эмес сабактын формалары, интерактивдүү ж.б. методдор аркылуу кызыктыруучу окутуу чөйрөсүн түзүү, шыктандыруу окуучулардын натыйжалуу билим алышына өбөлгө түзөт. Окуучулардын өз алдынча иштешине, баяндама, дил баян, реферат, билдирүү, рецензия, аннотация, эссе жазышына көбүрөөк көңүл буруу жакшы натыйжаларды берет.

Кыргыз адабияты предметин окутуудагы айрым көйгөйлөр:

  • мугалимдердин предметтик стандарт боюнча маалыматынын жетишсиздиги;
  • кыргыз адабияты окуу китептеринин сапатын жогорулатуунун зарылдыгы;
  • кыргыз адабиятын окутууга карата методикалык колдонмолордун жетишсиздиги;
  • кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларынын жайылтылбай жатышы;
  • мугалимдерге керектүү кошумча адабияттардын, дидактикалык материалдардын жетишсиздиги;
  • компетенттүүлүктөрдүн негизинде сабакты пландоо боюнча тажрыйбанын аздыгы;
  • жаңы чыккан программа менен окуу китептеринин дал келбестиги;
  • окуучулардын окурмандык активдүүлүгүнүн начардыгы;
  • окуучуну көркөм, чечен сүйлөтүү боюнча мугалим тарабынан аракеттердин аздыгы;
  • кыргыз адабияты сабагында техникалык каражаттардын, көргөзмөлүүлүктүн (электрондук окуу материалдары, мультимедиалык материалдар, аудиотексттер, көркөм окуу боюнча видеофильмдер ж.б.) жетишпестиги ж.б.

Август кеңешмелеринде кыргыз адабиятын окутуу боюнча төмөнкү маселелердин тегерегинде талкуу жүргүзүү сунушталат:

1) Кыргыз адабиятын окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окутуунун окуу-ченемдик документтери (КРнын билим берүү концепциясы, предметтик стандарт, окуу программалары) тууралуу;

2) Окуучулардын оозеки жана жазуу кеп маданиятын калыптандыруу, өстүрүү — адабият сабагынын милдети;

3) “Манас” эпосу – мекенчилдикти калыптандыруунун куралы жана өткөн тарыхыбыздын бай мурасы;

4) Ч.Айтматовдун чыгармалары – адабий ой жүгүртүүнүн, талдоонун дүйнөлүк деңгээлинде;

5) Мектеп практикасында кыргыз тили, адабияты мугалимдеринин алдыңкы тажрыйбаларын жайылтуу;

6) Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептерде кыргыз адабияты предметинин мазмуну, окуу китептери боюнча ой-сунуштар;

7) Кыргыз адабияты предметин окутууда заманбап  усулдарды колдонуу;

8) Кыргыз адабияты сабагындагы аргументтүү эссе, пикир жазуу жумуштары, аларды жүргүзүүдөгү иш-тажрый-балар;

9) Кыргыз адабияты сабагында мультимедиалык каражаттарды колдонуу;

10) Окуу процессинде окутуунун интерактивдүү заманбап каражаттарын  (интерактивдүү доскаларды, электрондук китептерди ж.б. маалыматтык булактарды) колдонуу;

11) Кыргыз адабияты боюнча электрондук окуу китептерин жана окуу-методикалык комплекстерин түзүү жана колдонуу  жолдору;

12) Компетенттүүлүктүн негизинде окуучунун позициясынан сабакты пландоо;

13) Окуучулардын долбоордук-изилдөөчүлүк иштери;

14) ЖРТ, олимпиаданын жыйынтыктарын анализдөө.

Сунушталуучу интернет булактардын тизмеси:

www.kao.kg

www.lib.kg

www.ibilim.kg

www.bilimbulagy.kg. ж.б.

А.Б. Батыркулова,  филологиялык билим берүү кафедрасынын ага окутуучусу

 

ОКУТУУ ОРУС, ӨЗБЕК, ТАЖИК ТИЛДЕРИНДЕ ЖҮРГҮЗҮЛГӨН МЕКТЕПТЕРДЕ КЫРГЫЗ ТИЛИН ЭКИНЧИ ТИЛ КАТАРЫ ОКУТУУ БОЮНЧА

Өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү 2019-жылы башкы багыт болуп жатат. Аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатын көздөп жатабыз.  Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили, ал өлкөдө социалдык маанилүү ролду аткарат. Мамлекеттик тилди окуп-үйрөнүү аркылуу, мектеп окуучулары маалымат менен иштөө, мамлекеттик тилде баарлашуу, маданий баалуулуктарды сиңирүү, өзүн-өзү уюштуруу көндүмдөрүн өнүктүрүшөт. Быйылкы жылы мугалимдердин август кеңешмеси “Кыргызстандын билим берүү мейкиндигин өнүктүрүү аймактардын муктаждыктарынын жана санариптештирүү  маселелеринин контекстинде” темасында өтөт.

2019-2020-окуу жылында кыргыз тилин орус, өзбек, тажик тилдүү мектептерде  окутуу төмөнкү нормативдик документтерге ылайык жүргүзүлөт:  КРнын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамы, КРнын мамлекеттик  жалпы билим берүү стандарты, “Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили” предметтик стандарты жана программасы,  2019-2020-окуу жылына  Базистик окуу планы.

“Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили” предметтик стандартында мамлекеттик  тилди коммуникативдик-функционалдык принципте окутуу талабы коюлган. Буга чейинки колдонулуп келе жаткан грамматикалык мамиледен коммуникативдик-функционалдык  мамилеге өтүү үчүн эмне кылуу керек?  Кыргыз тилди окуп-үйрөтүүнүн  коммуникативдик методикасы сабаттуу жазуунун, пикир алышуунун, өз оюн билдирүүнүн куралы катары окутууну көздөйт. Бул үчүн сабакта негизинен окуучулардын баарлашуу муктаждыктарына колдоо көрсөтүлөт, окуу процессинде турмушта маанилүү жана маданий баалуу маалыматтарды өздөштүрүүсү камсыздалат. Кеп ишмердүүлүгү окуучулардын максатка багытталган өз ара активдүү баарлашуусу катары  баарлашуунун кырдаалы менен шартталат. Окуучу окуп-үйрөнүп жаткан материалды кепте колдоно алуусуна басым жасалат. Коммуникативдик методикада кыргыз тилин окутууга деңгээлдик  мамиле жасоо – бүгүнкү күндүн талабы, андыктан методисттер, кыргыз тили мугалимдери “Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили” предметтик стандарттарында жана Кыргызтестте каралган тилдик деңгээлдердин мүнөздөмөсүн, деңгээлдерге коюлган талаптарды так билүүсү, деңгээлдер боюнча окутууну өздөштүрүүсү керек.

Тил билүү мүнөзүДеңгээлдердин сыпаттамасы
А1 – Баштапкы деңгээл
А1 Тилди эң жөнөкөй түрдө колдоно билүүБерилген тематиканы, тапшырманы түшүнүп, ал боюнча сөз, сөз айкаштарын, фразаларды колдонуп, коюлган маселеге жооп  бере алам. Өзүмдү, башкаларды тааныштырып, дарек, тааныштар, оокат-жай тууралуу суроолорго жооп бере алам.  Тилдин эң жөнөкөй түрүн колдонуп, сөздөрдү шашпай, жай, так, даана сүйлөгөнгө (жооп берип, сүйлөшүүгө) катышып, оюмду айта алам.
А2 — Калыптануу деңгээли
А2 Тилди активдүү колдоно билүүКүнүмдүк жашоо-тиричиликке керектүү сөздөрдү, сөз тизмектерин, айрым сүйлөмдөрдү (өзү, үй-бүлө мүчөлөрү, окуу иш-аракеттери, күндөлүк режим, социалдык-маданий чөйрөдө өзүн алып жүрүү, сатып алуу ж.б.  кырдаалдарга жараша) тилдин жөнөкөй түрүн колдонуп, маалымат алмашып, маек  куруп, сүйлөшө алам.
Б1 — орто деңгээл
Б1 Тилди эркин колдоно билүү деңгээлиАр түрдүү социалдык-маданий, окуу, эс алуу ж.б. темаларда адабий тилде маалымдалган тексттин негизги идеясын, мазмунун түшүнөм. Үйрөнүп жаткан тилде ар түрдүү кырдаалга жараша маектешип, баарлаша алам. Мени өзгөчө  кызыктырган же белгилүү тема боюнча байланыштырып оозеки-жазуу түрүндө билдирүүлөрдү түзө алам. Окуяны,  максатымды (үмүт,  тилекти), келечекте планды аныктап өз оюмду жүйөлүү, далилдү тшндрп бере алам.

Мектеп программасында тилдик компетенциялардын деңгээлдерине ылайык, окуу материалдары класстар боюнча (А1ден  Б1ге же Б1+га чейин) түзүлгөн. Предметтик стандарттарда деңгээлдер коммуникативдик компетенциялардын жалпы европалык шкаласы боюнча бөлүштүрүлгөн; кыргыз тилин коомчулукта өз ара баарлашуунун куралы катары колдонуу максатында, ошондой эле окуучу ийгиликтүү баарлаша алышы үчүн кандай  билимдерге жана кайсы көндүмдөргө ээ болуу керектигине байланыштуу деңгээлдер системасы түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 11-июнундагы № 279 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кесиптик жогорку жана орто билим берүү чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Токтомунда мамлекеттик тилди билүүсүн деңгээлдер боюнча аныктап тастыктама алган абитуриентке артыкчылык берилет.

«Окутуу орус, өзбек, тажик тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн кыргыз тили» предметтик стандартына   ылайык, орто мектептин бүтүрүүчүсү  мамлекеттик тилди Б1 деңгээлинде, тилдик чөйрө бар жерде Б2 деңгээлинде билүүсү талап кылынат.

Кыргыз тилинин лексикасы менен грамматикасын функционалдуу өздөштүрүүсүн, кыргыз тилинде текстти окуп түшүнүүсүн, угуп түшүнүүсүн, кыргызча сабаттуу жазуусун, сабаттуу сүйлөөсүн деңгээлдер боюнча аныктап алуу зарыл. Ошол үчүн 10-11-класстардын окуу программаларына өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Себеби, тилдик көндүмү жетишсиз окуучулар мектепти аяктаганда жогорку окуу жайына өтө албайт. Тил билүү деңгээлин аныктап алуу – бул чоң иштин биринчи кадамы. Окуучуларга кыргыз тилинде окуу, угуу, жазуу, сүйлөө көндүмдөрүн комплекстүү калыптандырууга багытталган окуу куралдары керек. Класста окуучулар түрдүү тилдик деңгээлдерге ээ.  Окуу жылынын башталышында кеп ишмердүүлүгүнүн  бардык түрү боюнча деңгээлдерди диагностикалоо жүргүзүүнү сунуштайбыз.

Окуучулардын мамлекеттик тилди билүү деңгээли тест жана оозеки маектешүү менен аныкталат. Тесттер лексика-грамматиканы өздөштүрүүсүн, окуу, угуу, жазуу, сүйлөө көндүмдөрүн текшерет.  Диагностиканын жыйынтыгында окуучулар  “деңгээлге ээ”, “деңгээлге ээ эмес”  деген эки тайпага бөлүнөт, бул деңгээлдик окутууга киришүүдөгү алгачкы кадам. Деңгээлдерге бөлүп алгандан кийин, ар бир тайпанын окуучуларын стандарт талап кылган деңгээлге алып чыгуу керек.

А1 жана А2 деңгээлдеринде күтүлүүчү натыйжаларды салыштыралы. Мисалы, 4-класста жазуу көндүмү боюнча күтүлүүчү натыйжа: «Жөнөкөй ачык каттарды жазат. Мисалы, майрам менен куттуктайт.  Формулярларды толтурат, анкетага аты-жөнүн, улутун, жашаган дарегин жазат. Сөз айкаштарын, жөнөкөй жана татаал сүйлөмдөрдү жана билген темасындагы тексттерди түзөт  (6–8 сүйлөм)»   Ал эми 9-класста жазуу көндүмү боюнча күтүлүүчү натыйжа: «Түрдүү жанрдагы  тексттерди түзүп жазат. Мисалы, гезитке макала, адабий чыгармага рецензия, спектаклге, кинофильмге пикир, мүнөздөмө, резюме, билдирүү жазат. Коммуникативдик тапшырмага ылайык  репродуктивдүү жана продуктивдүү мүнөздөгү  тексттерди түзөт: сүрөттөмө эссе, баяндама эссе, ой жүгүртүүчү  эссе».

Предметтик стандартта ушул сыяктуу так  көрсөтүлгөн натыйжаларга жетишүү үчүн мугалим тапшырмаларды да деңгээлдерге ылайык берип үйрөнүшү керек.

4-классты  аяктаганда А1 деңгээлин текшерүүгө  жазуу ишине мисалдарды карайлы: «1. Америкадагы досуңа туулган күнүнө открытка жаз. 2. Өзүң жөнүндө маалымат жаз. 3. Шаардагы  дарактардын жаш көчөттөрүн отургузуу ишембилигине окуучуларды уюштур. Кулактандыруу жаз». Ал эми 9-классты аяктаганда А2 деңгээлин текшерүүгө жазуу ишине мисалдар: «1. Бош убактыңды кандай өткөрөсүң? Суроого жооп жазууда таяныч сунушталат: Эмнеге кызыгасың? Бош убакта эмне кыласың? Эмне үчүн? Дагы эмне кыласың? 2. Сен жайлоого барганы жатасың. Досуңду жайлоого чакыр. Тапшырманы аткарууда төмөнкү таяныч план сунушталат:

  • Жайлоонун аталышы.
  • Жайлоого эмне менен бара тургандыгын.
  • Канча күнгө бара тургандыгыңды.
  • Ал жерде кандай кызыктуу нерселер боло тургандыгын.
  1. Сен окуу жайына тапшырып жатасың. Ал үчүн өмүр баян жаз.
  2. «Мекеним – алтын уям» деген темада эссе жаз».

Ушул сыяктуу тапшырмалар класстагы окуучулардын деңгээлин эске алган тапшырмалар системасына мисал болот. Деңгээлдик окутуунун ушул өзгөчөлүктөрү жаңы окуу китептеринде да каралган: Мисалы, төмөндөгү катар келген эки тапшырманы мугалим эки башка деңгээлге ээ болгон окуучуларга берсе болот. 9-тапшырма. Сенин үйүңө досуң конокко келди. Ага үйдөгүлөрүңдү тааныштыр. 10-тапшырма. Сабакта үйрөнгөн жаңы сөздөрдү колдонуп, алыстагы тууганыңарга кат жазгыла. Анын ден соолугун, иштерин сурап билгиле. Үй-бүлөдөгү жаңылыктарды, акыркы окуяларды, өзүңөрдүн үйдөгү жасаган иштериңерди жакшы маанайда жазып келгиле.

Предметтик стандарт боюнча түзүлгөн жаңы окуу-усулдук комплекстери төмөнкүлөр эске алынып жазылды:

— Кыргыз тилинде жигердүү баарлашууга даярдаган  машыктыруучу тапшырмалардын топтому;

— Пикир алышуу үчүн, талкуу жана маек өткөрүү үчүн материал болуп кызмат кылган тапшырмаларына багыттаган тексттер;

— Баарлашуунун так кырдаалдарында кептик жүрум-турумду калыптандырууга кызмат кылган шарттуу-кептик тапшырмалардын топтому;

— Угуу көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн тапшырмалар;

— Өз пикирин айтуу, аргументтештирүү, баалоо менен байланышкан кырдаалдарда диалогдук жана монологдук кеп көндүмдөрүн өнүктүрүү үчүн тапшырмалар;

— Сабактын тематикалык-кырдаалдык материалын кеңейтүүгө мүмкүндүк берген жана коммуникативдик компетенцияны жакшыртуучу тапшырмалар;

— Лексикалык жана грамматикалык тапшырмалар.

Деңгээлдер боюнча окутууда мамлекеттик тил мугалимдеринин алдында жаңы милдеттер коюлуп жатат:

  • Предметтик стандарттарды окуп-үйрөнүү;
  • Тил окутууга жаңы мамиле;
  • Сабак учурунда баарлашуунун түрдүү кырдаалдарын түзүү;
  • Грамматикалык материалды окутууда кептик теманы чебер тандап, кептик интенциялар аркылуу тапшырмаларды берүү (маектешүүчүнүн  коммуникативдик ниеттенүүсүнүн негизин түзгөн кептик иш-аракеттердин топтому окуучулардын практикалык кызыгууларын, сүйлөө муктаждыктарын эске алуусу керек).

Мугалимдер кошумча материал катары төмөнкү булактарга таянуусу сунушталат:

– Экинчи тилди башталгыч мектептерде окутуу усулу боюнча маалымдама // Автордук коллектив: Зента Анспока, Анита Ланка, Эвия Папуле, Ария Птичкина, Регина Римша, Ингуна Тейлане, Сандра Зариня, LVAVP, tulkojums krievu valodā, Рига 2005 // URL: http://edu-resource.net/old/images/docs/MetodMat/6.%20Spravochnik_po_metodike_vtorogo_yazyka.pdf

Бул маалымдамада тилге жана аны өздөштүрүүгө мүнөздөмө берилип, баланын өсүп-жетилүүсү менен тилдин өнүгүшүнүн ортосундагы байланыш белгиленет. тилдик билгичтиктерди өздөштүрүү маселелери, аларды өнүктүрүү боюнча көнүгүүлөр каралат. Башталгыч класстарда сүйлөө жана окууну өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

– Пассов Е.И. «Маданияттардын диалогунда индивидуалдуулукту өнүктүрүү» коммуникативдик билим берүүнүн программа-концепциясы  М.: Просвещение, 2000. – С. 69 – 146. // URL: old.prosv.ru/Attachment.aspx?Id=8719

Бул концепцияда  коммуникативдик процесстин аспекттери жана компоненттери сүрөттөлгөн, кырдаалдар баарлашуунун бирдиги катары каралган,  коммуникативдик технологиянын каражаттары сүрөттөлгөн, коммуникативдик таянычтар менен шарттуу-кептик жана кептик көнүгүүлөрдүн ар кандай түрлөрү сунушталган.

Кыргыз тили предметтик стандартында  экинчи тилди окутуунун максаты катары – окуучулар үчүн турмуш-тиричиликтин ар түрдүү  чөйрөсүндө, кырдаалдарда   деңгээлдерге  ылайык кеп ишмердүүлүгүнүн түрлөрүн (угуу, окуу, сүйлөө, жазуу)  бөлүштүрүп, колдонуу  көндүмдөрүнө ээ болууну камсыздоо каралган. Тилди функционалдуу-коммуникативдик мамиледе окутуу (кырдаалдык принциби).  Окуу материалын конкреттүү кептик кырдаалда колдонууну  сунуштайт. Сөздөр, грамматикалык формалар, сүйлөмдөр, байланыштуу кептин үлгүлөрү  окуучу баарлашуунун түрдүү кырдаалдарында колдонуусу  үчүн окуп-үйрөнүлөт. Мисалы,  саламдашуу, коштошуу, макул болуу, каршы болуу, күмөн болуу, куттуктоо, ж.б.

Баарлашуунун бардык кырдаалдары окуучуларды түрдүү кептик иш-аракеттерди аткарууга кызыктырат, окуп-үйрөнүп жаткан грамматикалык материалдарды колдонууга алып келет. Ушундан улам лексикалык жана грамматикалык материалдын функционалдуулугу камсыздалат. Сөздөр, грамматикалык формалар колдонуу аркылуу, кеп ишмердиги аркылуу өздөштүрүлөт: жаңы сөз же грамматикалык категория менен таанышат, түшүнөт, аны колдонууга машыгат, кандайдыр бир кептик тапшырмаларды аткарат, мисалы: айтылган ойду ырастайт, уккан нерсесине күмөн болгонун айтат, бир нерсени сурайт, маектешкен адамды кайсы бир иш-аракетке чакырат, ошентип отуруп керектүү сөздөрдү же грамматикалык формаларды өздөштүрүп алат.

Кырдаалдар аркылуу тилдик каражаттарды колдонууга кызыктыруу үчүн котормосуз тил үйрөнүү методун пайдаланабыз. Баланын эне тилине/мектептин окутуу тилине которуп бербестен (көрсөтмөлүүлүк,  жаңсоо, кыймыл-аракет, контекст менен берүү, түшүндүрүү, синонимин колдонуу, сөздүк курам боюнча талдоо) материалды түшүндүрүү – котормосуз тил үйрөтүү методу.

Предметтик стандарттын талаптарынын арасында окуучулардын окуп түшүнүү көндүмүн калыптандыруу каралган. Мында  окуучулардын түрдүү тексттер менен иштей билүү, окуганын терең түшүнүү, түрдүү маалымат менен иштөө, ар кандай татаалдыктагы тексттерди бат окуп түшүнүү, маалыматты угуп кабыл алуу, маалыматтар көп болгон учурда керектүүсүн айырмалап таба билүү  көндүмдөрүнө ээ болуусу талап кылынат. Бул үчүн мугалим көркөм тексттерди эле эмес, маалыматтык мүнөздөгү тексттерди да колдонуусу керек: гезит-журналдардан алынган жаңылыктарды, макалаларды, интернет булактардан алынган тексттерди, графиктерди, нускамаларды, кулактандыруу же жарнактарды пайдалана билүү сунушталат.

Карап чыгуучу окууда тексттин ичинде тема, жалпы суроолор тегерегинде түшүнүк алуу, же кандайдыр бир маалымат алуу маселеси чечилет. Ал үчүн кээде тексттин атын, өзүнчө абзацтарды же сүйлөмдөрдү карап чыгуу жетишерлик болот.

Карап чыгуучу окууда төмөнкү көнүгүүлөр сунушталат:

— текст эмне жөнүндө экенин аныктоо;

— макаланын темасын аныктоо;

— текстте  … жөнүндө  цитатаны табуу;

— тексттен …  тууралыгын (туура эместигин) аныктаган фактыларды табуу.

Изилдөөчү окууда башка булактан белгилүү болгон конкреттүү маалыматты (фактылар, сандык маалыматтар, эреже ж.б.у.с.) табуу маселесин коёт.

Таанышуучу окууда окурмандын көңүл чордонунда чыгарма толугу менен болот. Таанышуучу окуунун маселеси болуп, текстти бүтүн бойдон алып, баштапкы лексикалык анализисиз, грамматикалык формасысыз түшүнүү саналат.

Таанышуучу окууда төмөнкү тапшырмалар сунушталат:

—  тексттин аталышын ырастоо үчүн негизги ойду тапкыла;

— тексттин планын түзгүлө (суроолуу сүйлөмдөр аркылуу, тезистик план аркылуу);

—  тексттин мазмунун план боюнча айтып бергиле.

Үйрөнүүчү окуу  тилди окутууда колдонуучу окуунун эң башкы түрүнүн бири болуп саналат. Үйрөнүүчү окуунун максаты: окулуп жаткан текстти максималдуу толук түшүнүү жана кабыл алуу. Текстти окуу жай калыпта болуп, тексттин өзүнчө бөлүктөрүн кайра окуп чыгуу менен коштолот. Окуунун бул түрү текстти окууга чейин олуттуу ишти, оозеки жана жазуу кебине чыгуу үчүн текстти окуп бүткөндөн кийин аны түшүнүп, түрдүү деңгээлдери менен байланыштырып, көнүгүүлөрдүн жана тапшырмалардын толук системасын талап кылат. Үйрөнүүчү окууда тексттин мазмунунун үстүндө терең иш жүргүзүлгөндүктөн, окуучунун өлкө таануучу кыйынчылыктарын жоюу керек. Буга жазуучу тууралуу маалымат, текстте айтылган тилдик өлкө таануучу түшүнүктөрү, адамдар  жана окуялар тууралуу маалыматтар кирет.

Иштин кийинки этабы – лексикалык-грамматикалык кыйынчылыктарды жоюу: жаңы сөздөр менен иштөөдө сөздүктөрдү туура колдонуп (сөздүн маанисин түшүндүрүп, синонимдерди, антонимдерди табуу), уңгулаш сөздөрдү таап, синтаксистик, сөз жасоочу көнүгүүлөрдү берүү.

Үйрөнүүчү окуудагы кептик көнүгүүлөрдүн бөлүнүшү:

— текстти  окууга чейинки иштер;

— тексттин  үстүндө иштөө;

— текстти окугандан кийинки иштер.

Текстти окууга чейинки иштер – тексттин мазмунун алдын-ала болжолдоого багытталган көнүгүүлөр, берилген сөздөр менен сүйлөмдөрдү түзүү, сүйлөмдү бүтүрө билүү ж.б.  Тексттин үстүндө иштөө текстти түшүнүү жана окурмандын интерпретация (тексттин маанисин ачуу) түзүүсү. Тапшырмалар төмөндөгүдөй кыска жана так берилет: «Тексттин негизги оюн аныктагыла», «Берилген суроолорго жооп бергиле», «Тексттин аталышын ырастаган фразаларды тапкыла».

Текстти окуудан кийинки иштерде окуганын түшүнгөнүн текшерүүгө багытталган көнүгүүлөр берилет. Бул этаптын максаты: тексттин маанисин түшүнүүгө жетишүү, окурмандын интерпретациясын оңдоо, окурмандык таасирлерди жыйынтыктуу мааниге жеткирүү. Төмөндөгүдөй тапшырмалар берилет: «Төмөнкүлөрдөн мааниси боюнча туура жоопту тапкыла», «Сунушталган варианттардын ичинен текстке ылайыктуу аталышты тандагыла», аңгемелешүү.

Окуп түшүнүүнүн төрт деңгээли: Биринчи – жалпы, үстүртөн кабыл алуу деңгээли. Суроолорго жооп берүү: ооба / жок. Экинчи деңгээли – тексттин маанилик байланыштарын түшүнүү. Мында ачык жоопторду талап кылган суроолор берилет (макул же макул эмес экениңерди билдиргиле, суроолорду түзгүлө). Үчүнчү деңгээл – тексттеги негизги ойлордун берилишин түшүнүү (каарманды, жагдайды сүрөттөө). Төртүнчү деңгээл – тексттин негизги маанисин, башкы оюн түшүнүү. Мында тексттин маанилүү бөлүктөрүнүн санын аныктап, алардын аталышын таап, ар бир бөлүктүн негизги оюн бөлүп көрсөтөт. Окуучулар автордун аталышты тандоосун түшүндүрөт, өздөрү аталыштарды сунуштайт.

Окуу жана окуганын түшүнүү  менен бирге  жазуу кебин өнүктүрүү катар турат.  Жазуу кеби – бул өз ой-пикирин жазуу түрүндө берүү эле эмес, жазуу формасында баарлаша алуу экенин мугалим билиш керек.  Жазуу түрүндө баарлашууга үйрөтүүдө мугалим кандай мазмунда жана кантип жазууга үйрөтүү керектигин эске алуусу керек.

— Жазуу кебинин мазмуну: жазуу түрүндө баарлашууну ишке ашыруу (бирөөдөн маалымат суроо, бирөөгө маалымат берүү, кандайдыр бир маалыматты жазып коюу; бир нерсеге жардамдашууну өтүнүү, кандайдыр бир таасир берүү, бирөө менен өз ара маектешүү, кат жазышуу ж.б.)

— Жазуу кебинин берилиш формасы: куттуктоо барагы, телеграмма, кат, дарек кагаз, көрнөк-жарнак, кулактандыруу, рецепт, тамактын менюсу, чакыруу барагы, иштиктүү кат, ыраазычылык, сурамжылоо ж.б.

Окуучулардын маалыматты угуп кабыл алуу көндүмү (угуп түшүнүү көндүмүн калыптандыруу) өтө маанилүү. Методисттердин айтымында, кеп ишмердигинин (сүйлөө, окуу, жазуу, угуп түшүнүү) ичинен угуп түшүнүү үйрөнүүгө татаал көндүм. Бөтөн тилде эркин сүйлөй алган адамдар да, тилди алып жүрүүчүлөрдүн кебин угууда кыйынчылыктарга дуушар болушат.

Угуп түшүнүүдөгү негизги кыйынчылыктар:

— маалыматты бир жолу берүү; кыска мөөнөттүү уктуруу; кептин темпи;

— жаңы маалыматты эс-тутумда сактап калуусу зарыл;

— жаңы маалыматтын баштапкы фазасын (кеп учугун) жоготуу; экинчи тилде кепти кабыл алуу көндүмдөрүнүн жоктугу ж.б.

Окуучулардын угуп түшүнүү билгичтиктерин калыптандырууда методисттер аудиотексттерди тааныш (же мурун окуп-үйрөнгөн) тилдик материалда түзөт; аудиотексттердеги жаңы сөздөр негизги маалыматты алып жүрбөш керек; жаңы сөздөр текст боюнча бир кылка болуусу керек. Окуу көндүмдөрүн калыптандыруудагыдай эле, ар бир аудиотекст менен иштөө угууга чейинки, угуу учурундагы жана угуу бүткөндөн кийинки болуп бөлүнөт.

Угууга чейинки көнүгүүлөр:

  1. алдыда сөз боло турган теманы же кырдаалды коюу – сөз эмне жөнүндө болору тууралуу түшүнүк берүү;
  2. темага кызыгуу жаратуу – алдыда уктурула турган материалдын айланасында жеке тажрыйбаларына кайрылса да болот. Алсак, эгер алдыда жаныбарлар жөнүндө сөз болсо – зоопарк жөнүндө сүйлөшүүгө, же токойдо, талааларда кандай жаныбарлар болору жөнүндө сөз кылууга болот;
  3. тема боюнча болгон билимдерин актуалдаштыруу. … жөнүндө эмнелерди билесиңер? Алар кайда …? Бул эмне? Алар кандай көйгөйлөргө туш болушат? Алар эмне үчүн маанилүү?
  4. тема боюнча кебин активдештирүү. Мисалы, мээ чабуулу катары «Ким көп сөз (этиштерди, зат атоочторду, тактоочторду) билет?» деген өңдүү чакан оюн түрүндө жүргүзүүгө болот;
  5. мазмунду болжолдоо – темага, аталышка, же сүрөттөргө карап, мындан ары эмне жөнүндө сөз боло турганын табуу;
  6. жаңы сөздөр менен таанышуу. Тааныш эмес сөздөр (мааниси түшүнүксүз сөздөр) кепти угуп кабылдоого тоскоол болбош керек;
  7. угуунун максатын кандай түшүн-гөнүн текшерүү. Окуучулар угуп түшүнүүнүн тапшырмаларын кандай түшүнүштү, мазмун жөнүндө айрым түшүнүктөргө ээ болуштубу?
  8. аталышына, темага, таяныч сүрөттөргө, таяныч сөздөргө карап, мазмунду текстти укканга чейин алдын-ала болжолдоп айтса болот. Мисалы, карточкаларды толтуруу аркылуу.

Угуу учурундагы көнүгүүлөр:

— сөз эмне жөнүндө болуп жатканын, окуя каерде өтүп жатканын ж.б. аныктоо;

— түшүнүксүз болуп калган жерге көңүл буруу жана ал жөнүндө суроо түзүү;

— угуу башталганга чейинки божомолдорду тастыктоо же четке чыгаруу;

— тыянак чыгаруу, баа берүү.

Угуу бүткөндөн кийинки көнүгүүлөр: Аудиоматериалдын текстиндеги «калтырылып  кеткен» сөздү толуктоо.  Бир нече жооптордун арасынан туурасын табуу: туура /туура эмес, кыскача жооптор, парафраз (гр.айтып берүү). Суроолорго жооп берүү.  Эпизодду сүрөттөп берүү. План түзүү, анын жардамы менен айтып берүү. Турмуштагы кырдаалдар менен салыштыруу.

Түшүнгөнүн текшерүү үчүн угуу бүткөндөн кийинки тапшырмалар:

— айтылгандарга макул болуу же макул болбоо;

— текстке карата сүрөттөрдү тандоо;

— картада маршрутту белгилөө;

— тестти аткаруу (3-4 ойдун бирөө туура, калганы алаксытуучу);

— кайра түзүүчү тестти аткаруу (Окуучулар  аудиотекстти эки жолу угушат. Экинчи жолу аудиотекст калтырылган интервалдар менен берилет мисалы, ар бир жетинчи сөз. Окуучулар ирети менен калтырылып кеткен сөздөрдү жазышат).

— укканын сүрөт менен берүү;

— укканынан негизги ойду табуу;

— маани берүүчү бөлүмдөрдүн санын аныктоо;

— берилген бир нече варианттан аудиотексттин аталышын тандоо;

— аңгемени угуп, пландын пункттарын дал келтирүү;

— уккандын негизинде айтканга макул болуу  же каршы болуу;

— укканын баалоо.

Угуп түшүнүүдө окуучу кабыл алып жаткан маалыматты жөн эле укпастан, берилген маалыматтын маанисин түшүнүп, конкреттүү маалыматты алууга тийиш  экенин мугалим эсинен чыгарбашы керек.

Окуучулардын сүйлөө көндүмдөрүн калыптандырууга токтолобуз. Сүйлөө – бул кеп ишмердүүлүгүнүн түрү, аны ишке ашыруу үчүн сүйлөп жаткандын оюнда сүйлөшүүчүгө кептик таасир этүү муктаждыгы жаралат.

Сүйлөө процессине түрдүү факторлор таасир этет да төмөнкүлөр кирет:

— кептик пикир алышууга багытталган максаты (маалыматты жеткирүү, кеңешүү, макул болуу ж.б.);

— сүйлөшүүнүн темасы;

— сүйлөшүүнүн убактысы жана орду;

— сүйлөшүүчүлөрдүн өз ара мамилеси (нейтралдык, расмий, достук, туугандык ж.б.);

— өнөктөштөрдүн социалдык-коммуникативдик ролу (тайпалаштар, мугалим жана окуучу, башчысы жана кызматчысы ж.б.)

Сүйлөөгө үйрөтүүнүн максаты окуучулардын жөндөмдүүлүктөрүн алардын түрдүү кырдаалдарда оозеки пикир алышууну ишке ашыруу кызыкчылыктарына жана реалдуу керектөөлөрүнө ылайык өнүктүрүү болуп саналат.

Оозеки кебине үйрөтүү  иши  диалог жана монолог формасында иш жүзүнө ашат.

Диалог – бул сөз тизмеги, сүйлөшүүгө катышуучулар кезеги менен угуучунун жана сүйлөөчүнүн ролунда чыгышат.

Монолог – бул бир адамдын кеби; ал өз оюн, баасын, ниетин ж.б. аздыр-көптүр кеңири формада билдирет.

Диалогго жана монологго окутуп-үйрөтүү  бири-бири менен байланышып параллелдүү болушу керек.

Диалогдордун ичинен диалог-шаблондорду (кептик үлгүлөрү) бөлүп көрсөтүүгө болот. Бул диалогдор эстеп калууда жана түрдүү кырдаалдык сүйлөшүүлөрдө колдонулат. Окуучулар аларды жеңил үйрөнөт да, ал баарлашуу темалар аркылуу берилет. Мисалы, «Таанышуу» темасы боюнча:  Менин атым …; Сиздин атыңыз ким? Таанышып алалы … ж.б. кеп үлгүлөрү.

Сүйлөөгө үйрөтүүнүн негизинде кептик интенция жатат. Сүйлөөнүн кандайдыр бир коммуникативдик маанилүү ойду билдирүү ниети. Окуучулар төмөнкү кептик интенцияларды вербалдуу түрдө билиши керек:

— коммуникацияга чыгуу, саламдашуу, өзүн тааныштыруу, башка бирөөнү тааныштыруу, ыраазычылык билдирүү, кечирим суроо, куттуктоо, ийгилик каалоо;

— өтүнүчтү, кеңешти билдирүү, сунуштоо, каалоо, талап кылуу, буйрук берүү, макулдугун же макул эместигин билдирүү, уруксат берүү, тыюу салуу, убада берүү;

— фактылар жана окуялар жөнүндө маалыматтарды суроо, себептер, натыйжалар жөнүндө маалымат суроо, сурамжылоо, түшүндүрүү;

— керектөө, жогору баалоо, пикир, кабардар болуу, мактоо;

— эмоционалдык бааны билдирүү жана түшүндүрүү, артыкчылыгын айтуу, канааттануу/канааттанбоо, таң калуу, кызыгуу, суктануу, капалануу.

Сүйлөөгө окутуп-үйрөтүү үч негизги бөлүктү камтыйт:

— окуучулардын эс тутумуна тилдик материалды киргизүү;

— бул материалды окутууда көндүмдөрдү жана ыкты көнүктүрүү;

— коммуникативдик максатта кепти колдонууну үйрөтүү.

Окуучулар бара-бара кептик кырдаалдарга көнүп, диалогду алып барууга, теманы өнүктүрүүгө, байланыштуу сүйлөөгө үйрөнүшөт.

Окуу процесси окуучулар үчүн кызыктуу болуш үчүн окутулуучу материалдын мазмуну жаңыланып, талкууга алынган көйгөйлөр үзгүлтүксүз өзгөрүп, сабактын формасы, сабактагы иштин түрлөрү, көнүгүүлөр, окутуунун техникалык каражаттары, көрсөтмөлүүлүк жаңыланып туруусу зарыл (жаңылык принциби).

Ошентип, сабакка даярданууда мугалим төмөнкүлөрдү эске алат:

— мугалим окуучунун кептик ой жүгүртүү  активдүүлүгү менен байланышкан кептик кырдаалдарды тынымсыз өзгөртүп колдонот;

— окуучу кептик материалды ыктыярсыз эстеп калуу аркылуу  кептик ой жүгүртүү тапшырмаларын аткарып жатып үйрөнөт;

— сабактагы баарлашуу процессинде кептик материал тынбай кайталанып турат;

— көнүгүүлөр кептик материалды үзгүлтүксүз бириктирип, өзгөртүп турууну жана өзгөртүп кайра айтып берүүнү камсыздайт;

— окуу материалдары окуучуларга баарынан мурун өзүнүн маалыматтык мазмуну менен кызыктуу болуусу керек;

— окуу процессинин бардык элементтери дайыма жаңы болуусу керек.

Мугалимдердин август кеңешмесинде талкуу үчүн актуалдуу суроолор:

Август кеңешмесин өткөрүүдө кыргыз тилин экинчи тил катары окуткан мугалимдер үчүн  секцияларда төмөнкү суроолорду талкуулоо сунушталат:

  1. Стандартта берилген күтүлүүчү натыйжаларга ылайык сабактардын максаттарын коюу;
  2. Сабактын максаттары менен мазмунунун байланышы;
  3. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы кырдаалдык тапшырмалар;
  4. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы функционалдуу сабаттуулугун калыптандыруу;
  5. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы чыгармачыл жазуу иштерин жазууга үйрөтүү;
  6. Окуучулардын тилдик жана кептик көндүмдөрүн калыптандыруу үчүн тапшырмалар;
  7. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы методикалык кыйынчылыктар;
  8. Каталар менен иштөө жана ал каталардын себептерин аныктоо – окуу процессин оңдоп-түзөө мүмкүнчүлүгү катары;
  9. Кыргыз тилин экинчи тил катары окуу материалдарын түзүү методикасы;
  10. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы колдонулуучу интернет-ресурстар;
  11. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуу практикасындагы мультимедия каражаттарын колдонуунун эффективдүүлүгү;
  12. Кыргыз тилин экинчи тил катары сабактарында долбоордук ишмердүүлүк;
  13. Дискуссия кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы окутуунун интерактивдүү формасы;
  14. Тилдик чөйрө түзүү максатында кыргыз тилиндеги ММКнын материалдарын колдонуу;
  15. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутууда мультфильмдерди колдонуу;
  16. Кыргыз тилин экинчи тил катары окутуудагы окуу процессин оптимизациялоодо оюн технологияларын колдонуу.

Оморова А.А., КРнын БИМге караштуу Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун  Тил окутуучуларынын квалификациясын жогорулатуу инновациялык технологиялар борборунун  улук окутуучусу

 

ТАРЫХ

Акыркы он жыл аралыгында Кыргыз Республикасынын мектептик билим берүү системасында көптөгөн реформалоого багытталган өзгөрүүлөр болууда. Бүгүнкү күндүн мектеп окуучусу эскиче билим албастан, билим алуунун жаңы жолдоруна муктаж. Ошондуктан жүрүп жаткан билим берүүдөгү жаңылануулар окуучунун муктаждыгын камсыз кылуунун аракетин жасоодо. Ошону менен бирге бүгүнкү күндүн мектебинин натыйжалуулунун негизги белгилеринин көрсөткүчтөрүнүн бири анын натыйжалуулугу, б.а. окуучунун калыптанган компетенттүүлүгүнүн (окуусунун жана тарбиясынын) сапаты болуп эсептелет.

Мектептик билим берүүнү жаңылоо процесси билим берүүнүн натыйжаларын баалоону жаңыча ой жүгүртүүгө, билимдүү жана тарбиялуу түшүнүктөрү компетенттүүлүктүн негизинде, ишмердүүлүктүн ыктары компетенциялык мамиле катары каралууда. Компетенциялык мамиле жалпы билим берүүчү мектептерде табигый процесс катары каралып, ички маңызы жана максаттары жаңыланууда.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланды. Анда “Санариптик технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет – билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет”, — деп белгиленген.

Компьютерлештирүү мугалимдин эмгегин оптималдаштырат. Электрондук колдоо сайттарынан эң көп өлчөмдө маалыматтарды, сабактардын даяр иштелмелерин, мультимедиа окуу китептерин, энциклопедия, маалыма берүүчү китептерди, тест программаларын табууга болот. Маалыматтык технологиялар материалдын мазмунун олуттуу тереңдете алат. Анын берилиши көрсөтмөлүү, образдуу жана жеңил кабыл алынат. Мугалимдин усулдук маалыматтары, окуу программалары жана окуу китептери өзгөргөн учурларда, электрондук форматта жеңил жаңыланып турат. Окуучунун долбоордук ишин мугалим тарабынан уюштуруу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Информатика менен предмет аралык байланыш орнойт. Салттуу традициялык эмес усулдарды колдонуу окуучунун тарыхый материалды өздөштүрүүсүндө практикалык көндүмдөрдү жана ыктарды калыптандырууга таасирин тийгизет.

Тарых сабагында колдонуучу маалыматтык технологиялар:

  • Power Point программасынын жардамы менен түзүлгөн презентациялар;
  • мультимедиалык презентациялар: видео, аудио, сүрөттөр, фотографиялар, текст, анимация, навигациялар;
  • колдонууга эң жеңил болгон инте-рактивдүү доска менен иштей алган дүйнөлүк тарых боюнча мультимедиа карталары. Окуучулар картада сүрөт тартуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат, жайгаштырып, жазууларды жылдырып, белгилеп, аскерлердин жылууларын стрелка менен көрсөтө алышат.

Материалдарды өздөштүрүү жана билим сыноолорунун жыйынтыгын тесттер жана тренажёрлордун көзөмөлү аркылуу текшерүүгө болот. Тесттер Word же Power Point программалары аркылуу мугалим тарабынан түзүлүп же интернет-сайттардан даяр алынып коюлушу мүмкүн. Тесттер текст, бир нече варианттары бар, сүрөт түрүндө, фото түрүндө болушу мүмкүн.

Интернет тренажерлордун түрлөрү:

  • интерактивдүү доскада же экранда көрсөтүлүүчү тренажер-презентациялар. Алар көп суроолорду жаратышы мүмкүн. Ар бир суроо экрандан чыгып, окуучулар аларга жооп бериши керек. Бир нече жооптордон кийин экрандан туура жооп пайда болот;
  • тренажер-программалар – онлайн режимде иштегенге ылайыкташылган. Өтүлө турган тема тууралуу кыскача маалымат, тапшырмалар сериясы. Иштин жүрүшүндө окуучулар берилген тапшырмаларга жооп беишет. Автоматтык түрдө текшерүү жүргүзүлөт;
  • сайттардагы тренажерлор – онлайн режиминде иштөөнү сунуш кылат. Окуучулар сайтка катталып тапшырмалар сериясын аткарышат. Иштин жыйынтыгы сайтта сакталып калат, ал аркылуу мугалим окуучулардын ишин текшере алат.

Интернет тренажерлор системасы окуучулар үчүн төмөндөгүлөргө мүмкүндүк берет:

  • контролдук тесттирлөөгө өз алдынча даярданууга;
  • тесттирлөө процессине даярданууда өз алдынча даярдоо деңгээлин жана аны дайыма анын жыйынтыктарын текшерип турууга;
  • предметтик стандарттын структурасына туура келген тесттин варианттарын эффективдүү пайдаланууга;
  • теориялык маалыматтарды, практикалык тапшырмаларды жана ар бир тесттик тапшырмаларга болгон түшүндүрмөлөрдү тренажер менен иштөө процессинде тез алууга;
  • дисциплинаны окуудагы кемчиликтерди жойууга жана алган билимдерди бекемдөөгө.

Кыргызстанда биринчи жолу «Билим булагынын» ачык билим берүү мультимедиалык каражаттары иштелип чыккан. Бул сайт электрондук маалымат каражаттарында ар кандай предметтер боюнча кошумча окуу материалдарын мугалимдердин жана 5-9-класстын окуучуларын таап окууга жана иштөөгө мүмкүндүк берет. Ал мектеп окуучуларынын бир нерсени билүүсүнө өбөлгө берип, мугалимдер үчүн сабакка даярдануу үчүн кошумча булактарды табууга жардам берет.

Тарых мугалимдери үчүн 2019-2020-окуу жылында окуу-ченемдик документтер

2019-2020-окуу жылдары Кыргыз Рес-
публикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде тарых предметин окутуу төмөнкү мамлекеттик жана окуу-нормативдик документтерге негизделет:

  1. Жалпы мектептик билим берүү мамлекеттик билим берүү стандарты (2014);
  2. «Тарых» боюнча 5-9-класстар үчүн предметтик стандартты;
  3. Дүйнөлүк тарых. 7-11-класстар үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин Программасы;
  4. Кыргызстандын тарыхы боюнча 5-9 класстар үчүн жалпы билим берүүчү мектептердин программасы.
  5. 2019-2020-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин базалык окуу планы.

2019-2020-окуу жылында 5-6-класстардын окуучулары жаңы окуу стандартты, жаңы окуу программалардын жана ОМК окутуу аркылуу улантылат. 5-6-класстарда окутуу автору О. Осмонов болгон окуу китептери аркылуу жүргүзүлөт.

5-класста биринчи жарым жылдыкта “Тарыхка киришүү” жумасына 2 саат (32 саат), экинчи жарым жылдыкта “Дүйнөлүк тарых” 2 саат (36 саат) окутулат.

6-класстын биринчи жарым жылдыгында “Дүйнөлүк тарых” 2 саат (32 саат), экинчи жарым жылдыгында “Кыргызстан тарыхы” 2 саат (36 саат) окутулат.

5-6-класстар үчүн Кыргызстан тарыхы жана Дүйнөлүк тарых болуп бөлүнүп, эки курс кезектешип окутулгандыктан, класстык журналдарга, сабактын жадыбалына бирдиктүү Тарых предмети катары жазылат.

Ал эми 7-11-класстар тарых предметин мурдагы Билим берүү стандарты (2006), окуу программасына (2014) ылайык Билим берүү министрлиги сунуш кылган окуу китептери менен жүргүзүлөт.

7-11-класстарда Тарых предмети Кыргызстан тарыхы жана Дүйнөлүк тарыхы болуп бөлүнүп, эки курстун негизинде окутуу менен класстык журналдарга, сабактын жадыбалына, бүтүрүү аттестаттарына эки башка жазылат. Негизги мектепти бүтүрүү жана орто мектепти бүтүрүү боюнча Мамлекеттик экзамен Кыргызстан тарыхынан гана тапшырылат. Окуучуларга берилүүчү Тарых предмети боюнча олимпиадалык тапшырмалар, Улуттук тесттирлөөнүн жана Жалпы Республикалык тесттирлөөнүн тапшырмалары, ж.б. баалоо боюнча иш-чаралардын мазмуну, Кыргызстандын тарыхын жана Дүйнөлүк тарыхты камтыйт.

Окуу жылында тарыхты окутуунун өзгөчөлүктөрү

2018-2019-окуу жылынан тартып Жалпы билим берүүчү уюмдардын 5-6-класстары компетенттүүлүккө негизделген билим берүүнүн жаңы стандартына өтө баштаганын эске алып тарых мугалимдери Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин интернет сайтынан (http://edu.gov.kg) Мамлекеттик билим берүү стандарты (2014) жана предметтик стандарт (2015) менен таанышып чыгуулары сунушталат.

Тарыхта жаңы стандарт жана программалар боюнча окуп үйрөнүүдө цивилизациялык мамиле менен окуп үйрөнүүдө хронологиялык, өлкө таануу жана проблемалык принциптердин негизинде колдонуу оптималдуу болуп эсептелинет. Саясий жана экономикалык, тарыхый материалдарды азайтуу менен тарыхый антропология, мифология, дин тарыхы, маданияты жана искусство боюнча материалдар көбөйтүлөт. Кыргызстандын тарыхы курсуна азыркы мезгил үчүн калктын көп улуттуу жана көп диний курамын эске алуу менен материалдар киргизилген.

Цивилизациялык мамиле төмөн-күлөргө мүмкүнчүлүк берет:

  • ар бир конкреттүү коом жана элдердин өзүнүн ар түрдүүлүгү жана өзгөчөлүктөрүнө жараша тарыхын терең изилдөө;
  • адатта коомдук турмушту изилдөөдө формациялык мамиледе көңүлдүн сыртынан чыгып кеткен баалуулуктар, улуттук өзгөчөлүктөрү рухий жашоо турмушун излдөөгө багытталат;
  • Изилдөө борборуна адамдын ишин жана адамдын өзүн коёт.

Тарыхый окуяларды изилдөө ыкмаларынын бири болуп мультиперспективалык ыкма саналат. Бул ыкманы негизи диний топтордун, этностук азчылыктар жана башка коомдук топтордун кызыкчылыктарын эске алуу, ар кандай көз карашы менен тарыхый окуяларды түшүндүрүү болуп саналат. Мисалы, кресттүүлөрдүн жортуулдарын християндардын көз карашы жана исламдын көз карашы аркылуу кароого, ал эми Улуу географиялык ачылыштарды европалык өлкөлөрдүн жана ачылган жерлердин элдеринин көз караштары аркылуу кароо. Мультиперспективалык болгон тарыхый окуяга же кубулуштарга тарыхый анализ жасоону кеңирлетет, окуучулардын ой жүгүртүү операцияларын өнүктүрөт жана бул ойлорго толеранттуу маиле кылууга үйрөтөт.

Жаңы предметтик стандарт боюнча тарыхты окутуунун максаты жана милдеттери окуучуларда компетенттүүлүктү калыптандырууга багытталган. Тарыхты окутууда цивилизациялык мамилеге өтүү менен тарыхый билим берүүнүн мазмунунда маданият, материалдык жана руханий баалуулуктар, күнүмдүк жашоо, ж.б. тууралуу маалыматтарды кеңейтүү маанилүү орунду ээлөөдө. Мазмун – билим берүү системасындагы бардык билим тармактарындагы негизги таяныч болуп эсептелет.

Тарых предметинин жалпы мазмунун аныктаган “Мазмундук сызык” төмөндөгүдөй багыттардан турат:

  1. Тарыхый мезгил.
  2. Тарыхый мейкиндик.
  3. Тарыхый динамика.
  4. Тарыхый инсандар.

Мазмундук сызык – бул предметтин система түзүүчү фундаменталдык өзөгү. Анын айланасында бардык окуу материалдары, предметтик компетенттүүлүктөрдү калыптандырууга технологиялык багыттарды топтоштурууга багытталат.

Тарыхый билим берүүдө предметтик компетенттүүлүктөр жалпы предметтин мазмунун, функциясын, принциптерин, максатын жана милдетин эске алуу менен тандалган. Алар:

  1. хронологиялык-картографиялык;
  2. тарыхый-цивилизациялык;
  3. этномаданий;
  4. социалдык жарандык.

Окуучулардын предметтик ком-петенттүүлүктөргө ээ болгондугу күтүлүүчү натыйжалар менен аныкталат.

Күтүлүүчү натыйжалар-билим берүү процессинде окуучулар жетишүүчү негизги жана предметтик компетент-түүлүктөр.

Предметтик стандарт менен жакшы таанышып, аны өздөштүргөн мугалим календардык-тематикалык планын, сабактын планын, анын талаптарына жооп бергидей түрдө өзгөртүүсү абзел.

Компетенттүүлүккө негизделген билим берүүгө өтүү, окуучуларды баалоо системасынын да өзгөрүүсүнө алып келди. Мамлекеттик жана предметтик стандартка ылайык окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу деңгээлин аныктоо үчүн баалоонун 3 түрү, өзгөчө, калыптандыруучу (формативдик) баалоо колдонулууда. Ал ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды аткарууда баалоонун критерийлери иштелип чыгат. Окуучу өз эмгеги кандай критерийдин негизинде баалана турганын күн мурун билиши керек. Демек, окуучу өзүнүн деңгээлин да аныктай алат.

Август кеңешмесинде төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат

Тарыхты окутууда компетенттүүлүк мамиле.

Тарых сабагында азыркы маалыматтык технологияларды, электрондук билим берүү ресурстарын эффективдүү колдонуу.

Тарых предметин окутууда иновациялык технологияны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү. Окутуунун маалыматтык технологиясы – бул окугандарга маалыматты даярдоо жана берүү процесси жана да аны ишке ашыруу каражаты катары компьютердик техника (техникалык каражаттар) жана программалык каражаттар эсептелет.

Окуучуларды олимпиадага даярдоо боюнча өз ара тажрыйба алмашуу менен сунуштарды иштеп чыгуу.

Жаңы стандарттарды ишке ашыруунун бир каражаты катары билим берүүнүн сапатын баалоо системасы.

Шергазиев А.Ж.,

 ПККЖ ж-а КД институнун директорунун орун басары.

Дөталиев А.К.,

ППСГББ каф. ага окутуучусу 

Азимова М.Л.,
ППСГББ каф. ага окутуучусу

 

«АДАМ ЖАНА КООМ» 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2019-жыл аймактарды мындан ары өнүктүрүү жана коомдун күнүмдүк турмушуна жаңы технологияларды киргизүү максатында «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыяланды. Анда, “Санарип технологиялар жашоонун бардык тармактарына кирет – билим берүү, медицина, бизнес, туризм, сот жана укук коргоо органдарынын ишине санариптик инфраструктура артыкчылыктуу тартипте киргизилет”, — деп белгиленген.

Адам баласынын ар кандай иш тармактарында жаңылыктар ишке ашырылат, ал адамдарды жаңы өнүгүүгө багыт берет, алардын билимин, көндүмдөрүн жана ыйгарым укуктарын жакшыртат. Бул шарттарда билим берүү системасы, санариптик кылымга өтүүнү ишенимдүү камсыз кылуусу керек. Санариптештирүү эмгек рыногунда адистерди суроо-талапка жараша окутуу, ошондой эле ал жеңил жана эркин мобилдик жана интернет технологияларды колдонууга багытталган. Бул электрондук окуу аркылуу үзгүлтүксүз окутууну камсыз кылат. Санариптештирүүнүн максаттарынын бири катары маалымат ресурстарынын камсыз кылуу кеңири экендигинде жана билим берүү процессинде санариптик технологияларды колдонуу болуп саналат.

«Өлкөнү санариптештирүү шартында билим берүү чөйрөсүн өнүктүрүү» деген тегерек столдун чегинде ЮНЕСКО тарабынан иштелип чыккан беш медиа жана маалыматтык сабаттуулук боюнча принципти негиз кылып алуу сунуш кылынган.

1 принцип. Маалымат, коммуникация, китепкана, медиа, технология, интернет коом тарабынан кеңири колдонулуш керек. Алардын баардыгы статусу боюнча бирдей жана аталган булактардын бирин да биринен маанилүү деп эсептөөгө болбойт.

2 принцип. Ар бир жаран маалыматтын жана билимдердин түзүүчүсү. Ар бири маалымат, билимге мүмкүндүк алууга жана өз оюун айтууга укуктуу. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук эркек үчүн да , аял үчүн да бирдей болуш керек жана ал адам укуктары менен тыгыз байланыштуу.

3 принцип. Маалымат, билим жана байланыш баардык учурда эле нейтралдуу, көз каранды эмес же адилеттүү. Ар кандай концептуализация, колдонуу жана аны ишке ашыруу ачык жана баардык жаран үчүн түшүнүктүү болушу керек.

4 принцип. Ар бир жаран жаңы маалыматты, билимди алганды жана түшүнгөндү жана билдиргенди каалайт. Ошондой эле башкалар менен пикир алышканды, ал тургай, бул тууралуу ал аракет кылбаса да, алардын укугу эч качан бул учурларда бузулбаш керек.

5 принцип. Медиа жана маалыматтык сабаттуулук бир эле мезгилде алынбайт. Бул дайыма болуучу жана динамикалык процесс. Аны эгерде ал өзүнө колдонууда билимдерди, көндүмдөрдү түзүү жана маалыматты берүү, медиа жана технологиялык контент колдонууну бүттү деп эсептесе болот.

Бул темага байланыштуу «Адам жана коом» сабагында адам коомдун өнүгүүсү жана андагы адамдын орду окуп үйрөнүлөт. Ал өзүнө коом, билим, экономика, коомдук мамилелер, саясат, мыйзамды камтыйт. Анын негизги максаты заманбап коомдогу иштиктүү коомдук-саясий жана экономикалык иш-аракетке жөндөмдүү, жигердүү коомдук-саясий турмушка катышкан коомдук иштелип чыккан адамды калыптандыруу болуп саналат.

Маалыматтык технологияларды сабактарда колдонуу окуучуларга төмөнкүлөдү берет:

— окуунун жеке траекториясынын эркин тандоо мүмкүнчүлүгү;

— окуучуларга болгон дифференциалдык мамиле;

— түрткү берет;

— окуучуларда чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрөт.

«Адам жана коом» сабактарында колдонсо боло турган ыкмалар:

  • интернет технологиясы менен иштөө — керектүү адабият жана маалымат алуу үчүн Интернет аркылуу бир жол;
  • Microsoft Office каражаттарын пайдалануу менен класста долбоорлоо ыкмасы – маалыматтар базасын, электрондук экономикалык таблицаларды түзүү;
  • Microsoft Office каражаттарын пайдалануу менен чыгармачылык милдет – жарнамалардын проспектилерин, бизнес-пландарды түзүү, ж.б..
  • сабактарда компьютердик практикумду уюштуруу — бизнес-оюндар, кроссворддорду түзүү, тесттик тапшырмалар;
  • локалдык же интернет желесиндеги сабактарда конференцияларды өткөрүү

Кыргызстанда биринчи жолу «Билим булагынын» ачык билим берүү мультимедиалык каражаттары иштелип чыккан. Бул сайт электрондук маалымат каражаттарында ар кандай предметтер боюнча кошумча окуу материалдарын мугалимдердин жана 5-9-класстын окуучуларын таап окууга жана иштөөгө мүмкүндүк берет. Ал мектеп окуучуларынын бир нерсени билүүсүнө өбөлгө берип, мугалимдер үчүн сабакка даярдануу үчүн кошумча булактарды табууга жардам берет.

2019-2020-окуу жылында Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринде Адам жана коом предметин окутуу төмөнкү мамлекеттик жана окуу-нормативдик документтерге негизделет:

  1. Жалпы мектептик билим берүү мамлекеттик билим берүү стандарты (2014);
  2. «Адам жана коом» боюнча 5-9-класстар үчүн предметтик стандартты (2015);
  3. «Адам жана коом»предметинин 5-6-класстар үчүн программасы (2019);
  4. 2019-2020-окуу жылы үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептердин базалык окуу планы.

«Адам жана коом» предметин окуп үйрөнүү концентрдик принципке негизделип, мазмундук линия үч контекстте ачылат: адамдын (өзү менен, анын үй-бүлөсү, достору менен байланышкан), коомдук (жергиликтүү айлана-чөйрөгө байланыштуу), глобалдык (дүйнөлүк коомчулуктун турмушу менен катышууга байланышкан). Ошентип, курчап турган коомдук дүйнөнү билүү деңгээлинин жогорулашы, коомдук турмуштун өзгөргөн шарттарга жакшы жашоосу, чечим кабыл алуу, коомдук кызыгуу пайда болушу жөндөмдүүлүк кызыкчылыктары пайда болот. Окуу материалдары жөнөкөйдөн коомдун өсүшүнүн негизинде илимий теориялардын үзүндүлөрү аркылуу түзүлөт.

2019-2020-окуу жылында 5-6-класстын окуучулары мурда бекитилген программалардын жана ОМК окутуу аркылуу улантылат. Окутуу автору О. Осмонов болгон окуу китептери аркылуу жүргүзүлөт. Мугалимдер үчүн усулдук колдонмо иштелип чыккан.

5-класстагы «Адам жана коом» предметинин негизги темасы – Адам жана анын жакын чөйрөсү (үй-бүлө, достор, мектеп, кошуналар ж.б.).

6-класстагы «Адам жана коом» предметинин негизги темасы – Адам жана анын коом жана жергиликтүү жамааттар менен болгон мамилеси.

2018-2019-окуу жылында 5-6-класстардын компетенттик парадигмага негизделген жаңы стандарттарга өтүүсүн эске алып, «Адам жана коом» предметинин мугалимдери Мамлекеттик билим берүү стандарттары (2014) жана предметтик стандарттар (2015) менен Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин сайтынан таанышууга сунуш кылынат (http://edu.gov.kg ) .

Окутуунун максаттары жана милдеттери, «Адам жана коом» предметинин жаңы стандартына ылайык окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандырууга багыт-талган. Компетенттүүлүк төмөндөгү ыкмаларды коёт: окуучулар коомдо болуп жаткан акыркы жаңылыктар менен маалымдар болушу, коомдук жана жөндөмдүүлүктөрүн, өзүн-өзү өнүктүрүү, окуучулардын пайда болгон көйгөйлөрдү чечүү мүмкүнчүлүктөрүн калыптандыруу. «Адам жана коом» курсу максат милдеттерине байланыштуу үч предметтик компетенттүүлүктү бөлүп көрсөтөт:

  1. Жарандык-укуктук.
  2. Коомдук-саясий. Экономи-калык.
  3. Социалдык-коммуникативдик.

Мазмундук сызык – бул окутуунун негизги багыты. Ал мугалим менен окуучунун окутуу предметин үй-рөнүүнү жана толук объектисин көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Баардык көп түрдүүлүктүн коомдук процесси төмөндөгүдөй үч мазмундук багытка топтолгон:

  1. Социалдаштыруу.
  2. Иш-аракет.
  3. Жөнгө салуу. Жобо.

Негизги жана предметтик компетентүүлүктөрдү билүү окуучулардын билим алуу жетиш-кендиктери аркылуу аныкталат.

Мисалы, 5-класстын окуучусу аты-жөнүн улутуна карата өзү аныктайт. Белгилүү бир урукка таандык экенин, өзүнүн башкалардан айырмаланган өзгөчөлүгүн баалайт.

Биринчи баскычта ал өзүнүн аты-жөнүн атайт, улуту, башкалардан айырмасын, чоң атасын, чоң энесин, өзүнүн уругун атайт.

Экинчи деңгээлде өзү тууралуу жөнөкөй планды түзө алат, өз уругу тууралуу мугалимдин жардамы аркылуу, адамдарды белгилүү бир касиеттери аркылуу салыштыра алат, айткандарды жалпылай, өзүнүн жана башка адамдардын өзгөчөлүктөрү жөнүндө жыйынтыктай
алат.

Үчүнчү деңгээлде өз алдынча адамдардын айыр-мачылыктары тууралуу белгилерди бөлүп көрсөтөт. Өзүнүн өзгөчөлүгү тууралуу бир окуя даярдап, башка адамдар тууралуу, үй-бүлөлүк визит картасын түзөт.

Компетенттүүлүктө эң башкы болуп окуучунун билим жыйынтыгынын натыйжасы болсо – ага предметтик окуунун деңгээли жана калыптанган компетенттүүлүк кошулуп алынган билимдин негизинде белгисиздик бир кырдаалда иштөө жөндөмдүүлүгү кошулат.

«Адамдын талабы» темасын 5-класста окуп үйрөнүүдө күтүлүүчү жыйынтык окуучу адамдын материалдык жана руханий талабын мүнөздөп бере алат (5.2.1.1.). Бул күтүлүүчү жыйынтыктан сабактын максатын аныктайбыз.

 

Сабактын максатыИндикаторлор
Билим берүүчүлүк: адамдык талап кылуулардын, алардын түрлөрү жана өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат алат.Адамдын материалдык жана руханий талаптарын эсептеп чыгат.
Өнүктүрүүчү: адамдык талап кылуулардын классификациясынын схемасын түзөт, талап кылуу жана мүмкүнчүлүктөрдүн ортосундагы байланышты ачат.Өзүнүн иерархиялык талаптарын түзөт
Тарбиялык: туура талап кылууга умтулуу, талап кылуунун аң-сезимдүү мотивациясы.Мугалим тарабынан сунуш кылынган кырдаалдардан окуучу кайсыл учурда талап кылуу көбөйгөн учурда оң натыйжа, кайсы учурда терс натыйжа бере турганын аныктайт.

«Коомдогу жүрүш-туруш эрежелери» темасында окуучулар эки күтүлгөн жыйынтыктарга жетиши керек. 5.1.2.2. Моралдык нормалар качан пайда болгонун түшүндүрөт жана алардын закондордон кандай айырмасы бар экенин 5.3.3.1. Өз укугун жазып чыгат, акыйкаттуу коом тууралуу негизги белгилерди аныктайт.

Сабактын максатыИндикаторлор
Билим берүүчүлүк: моралдык жана укуктук нормалар, укук жана мидеттерди түшүндүрөт.Моралдык нормаларды жана укуктук нормаларды жазат, өз укук жана милдеттерин эсептейт.
Өнүктүрүүчүлүк: моралдык жана укуктук нормалардын окшош жактарын табат, укук жана милдеттерди айырмалайт.Мугалим тарабынан сунуш кылынган мисалдардан окуучу кайсыл жорук-жосундар морал аркылуу, кайсылары укуктук жактан, кайсылары морал жана укуктук жак менен чечилерин аныктайт. Мугалим берген текс аркылуу адам тарабынан кандай укук бузулганын аныктайт.
Тарбиялык: моралдык сапаттарды калыптандырат, жакшы жүрүш-туруш талабын, башка адамдардын укугуна болгон сый мамиле.Турмуштук жакшы жана жаман бир нече кырдаалдар боюнча мисал келтирет.

Календардык-тематикалык планды түзүү учурунда биринчи кезекте стандарт жана предмет боюнча программаны карап чыгыш керек. Ушул эки документтин негизинде пландаштыруу жүргүзүлөт.

Компетенттүүлүккө негизделген билим берүүгө өтүү окуучуларды баалоо системасынын да өзгөрүүсүнө алып келди. Окуучулардын билим деңгээлинин жетишкендигин баалоо үч түр аркылуу жүргүзүлөт: диагностикалык, формативдүү, суммативдик.

Мамлекеттик жана предметтик стандартка ылайык, окуучулардын компетенттүүлүгүн калыптандыруу деңгээлин аныктоо үчүн баалоонун 3 түрү, өзгөчө калыптандыруучу (формативдик) баалоо колдонулууда. Ал ар түрдүү деңгээлдеги тапшырмаларды аткарууда баалоонун критерийинин иштелип чыгуусу талапка ылайык келет. Окуучу өз эмгеги кандай критерийдин негизинде баалана турганын күн мурун билиши керек. Демек, окуучу өзүнүн деңгээлин да аныктай алат.

Август кеңешмесинде төмөнкү маселелерди талкуулоо сунушталат:

  1. Жаңы муундагы предметтик стандарттын милдеттери, окуу программасы жана ОМКга өтүү маселелери.
  2. «Адам жана коом» сабактарындагы мультимедиалык каражаттар.
  3. Электрондук-билим берүү ресурстарын «Адам жана коом» сабактарында колдонуу.
  4. «Адам жана коомдун» предметтик стандартынын күтүлүүчү жыйынтыктарынын негизинде сабакка максаттарды коюу.
  5. «Адам жана коом» сабактарында окуучунун жетишкендиктеринин усулдарын баалоо.
  6. Окуучулардын ар кандай типтеги чыгармачыл иштерин баалоо үчүн критерийлерди иштеп чыгуунун принциптери.
  7. Компетенттүүлүк мамиле жана окуучуларда компетенттүүлүктү калыптандыруу.
  8. «Адам жана коом» предметин окутуудагы компетенттик мамиле.
  9. Социалдык-экономикалык жана укуктук билим берүүнүн ролунун күчөшү.

Шергазиев А.Ж.,

РПККЖ ж-а КД институнун
директорунун орун басары

Дөталиев А.К., ППСГББ каф. ага окутуучусу 

Азимова М.Л., ППСГББ каф. ага окутуучусу

 

 

АНГЛИС ТИЛИ

Актуалдуулугу

Акыркы жылдарда коомчулукта терең саясий, коомдук-экономикалык жана коомдук-маданий өзгөрүүлөр болгону белгилүү. Кыргызстандын бирдиктүү европалык билим берүү мейкиндигине умтулуусу англис тилин окутуунун максатын, маңызын жана мазмунун кайрадан кароого алып келди.

Кыргыз Республикасынын мектептеринде англис тилин окутуунун негизги максаты — окуучулардын англис тилди азыркы мезгилдеги маданий аралык баарлашуунун куралы катары билүүсүн өстүрүү болуп саналат. Башкача айтканда, англис тили төмөнкүлөрдүн негизинде окутулууга тийиш: окутуунун бардык процесси коммуникативдик багытка негизделиши керек, кеп ишмердигинин түрлөрүн жана тилдин бардык аспектерин интегралдаштырып окутууга, өтүлгөн материалды өздөштүрүүдө окуучулардын аң-сезимине жана активдүүлүгүнө, көрсөтмө куралдардын бардык түрүн колдонууга. Бул нерселер окуучулардын инсандык өнүгүүсүнө салым кошо турган жана ар бир окуучунун жекече калыптануусунда окуу предметинин тарбиялык-өнүктүрүүчүлүк потенциал катары гуманисттик мазмундагы окутууну ишке ашырууга шарт түзөт.

Максаттары

Программа жалпы окутуудагы жөндөмдөрдү жана көндүмдөрдү, ишмердиктин жалпы ыкмаларын жана негизги компетенттүүлүктөрдү камтыйт.

  • Чет тилди андан ары өнүктүрүү (сүйлөө, тилдик, коомдук маданий, компенсатордук, окуп үйрөнүүчүлүк);
  • Өздүк жана кесиптик жөндөмдөрдү аныктоого, коомго аралашууга тарбиялоо жана өнүктүрүү;
  • Үйрөнүп жаткан тилде, анын ичинде, тандалган багыт боюнча долбоордук — изилдөө жана чыгармачылык ишмердүүлүк тажрыйбаларына көнүгүп үйрөнүү.

Базистик окуу планындагы “ Англис тили” сабагы

2019-2020- окуу жылында англис тилин окутуу мурункудай эле “Билим берүү жөнүндө“ Мыйзамга, жалпы орто билим берүү боюнча мамлекеттик стандарттарга, предметтик стандартка жана 2019-20-окуу жылынын базистик планына ылайык жүргүзүлөт.

Бул жаңы окуу жылында, 7-класстарга гана англис тили сабагы жумасына 3 саат болуп көбөйтүлдү. Ал эми, бардык башка класстарда сааттардын өлчөмү мурункудай эле өзгөртүүсүз сакталат.

Базистик окуу план боюнча, чет тили сабагында класс эки топко бөлүнүп окутулат. Мектеп-гимназияларда жана мектеп-лицейлерде лицейлик, гимназиялык компоненттер сакталып, кружок түрүндө өтүлөт.

Англис тили боюнча китептер жана окуу-методикалык комплекстер

2019-2020-окуу жылында Кыргыз Республикасынын мектептеринде жаңы методикалык комплекстер менен 7-класстар үчун атайын иштелип чыккан англис тили китеби берилет. 7-класстын Англис тили боюнча окуу китеби долбоордук иштерге жана жазып-үйрөнүү көндүмүн өстүрүүгө басым жасалганы менен айырмаланат. Заманбап окуу-методикалык комплекс эл аралык байланыштын куралы катары англис тилин колдонуу көндүмдөрүн өстүрүп-өнүктүрүүгө багытталган, башкача айтканда, тил үйрөнүүнүн баардык төрт көндүмүн (угуу, сүйлөө, окуу жана жазуу) камтып, оозеки сүйлөшүү жөндөмүн күчөтүүгө негизделген. Бир гана англис тилине көңүл бөлүнбөстөн, окуучулар өзгөчө өз ата мекени жөнүндө (география, тарых, маданият ж.б.) да маалыматтарды ала алышат.

Андан тышкары окуучулар башка англис тилдүү өлкөлөрдүн маданият, исскуство, спорт ж.б. баалуулуктары менен таанышышат.

Сунушталган заманбап окуу-методикалык комплекс негизги окуу китебинен, иш дептерлерден, мугалимдер үчүн методикалык окуу куралдардан, окуу китеби үчүн аудио материалдар менен дисктерден турат. Окуу китептерде балдардын жашына жараша оозеки баарлашууну чагылдырган кызыктуу темалар берилген. Окуучулардын окуу процессине активдүү киришүүсүнө түрткү болуучу баарлашуу-сүйлөшүү мүнөзүндөгү тапшырмалар киргизилген.

Жумушчу дептерлери негизги окуу китебинде берилген лексика жана грамматикалык темаларды өздөштүрүүгө багытталган кошумча тапшырмаларды камтыйт. Жумушчу дептерлерди окуучулар үйдө өз алдынча иштөөсү үчүн жана зарыл болгон айрым учурларда мугалим бул дептерди класста иштетүүсү үчүн да колдонуу сунушталат.

Мугалимге арналган китепте окуу-методикалык комплекс менен иштөө боюнча методикалык сунуштамалар берилген. Ошондой эле, окуу китептеги бардык тапшырмалардын жооптору, жумушчу дептердеги көнүгүүлөрдүн жооптору жана ар бир чейрек үчүн текшерүү иштери жооптору менен киргизилген. Ал эми CD дисктерде, айрым тексттердин аудио жазуулары, окуу китептеги диалог менен көнүгүүлөр бар.

Бул окуу методикалык комплекстерди мектеп китепканасынан же болбосо төмөнкү бул электрондук китепкана сайттарынан алса болот www.lib.kg жана www.arcus.kg.

Андан тышкары, КР Билим берүү жана илим министрлигинин демилгеси менен 2018-жылы мультимедиалык окуу ресурстары чыккан: www.ibilim.kg жана www.bilimbulagy.kg.

Бул ресурстар жаңы теманы түшүндүрүүдө алынган билимди интерактивдүү тесттер аркылуу текшерүүдө, ошондой эле кошумча материал катары да колдонулат. Салттуу жана инновациялык усулдарды маалыматтык-компьютердик технология менен бирге колдонуп, мугалимдер өзүнун сабактарын анык өнүктүрүүчү, таанып билүүчү жана натыйжалуу кылып уюштурса
болот.

Окутуунун усулдары жана формалары

Окуу ишмердүүлүгүндө окутуунун негизги формасы болуп сабак эсептелет, сабактын жүрүшүндө мугалим коюлган максатына жетуү үчүн окуу программасына дал келген, окутуунун ар кандай усулдарын колдонот. Окутуунун салттуу түрлөрү менен бирге сабак долбоор формасында, талкуу формасында, сабак аралык интегралдаштырылган формада, бири-бирин окутуу формасында болушу мүмкүн.

Сабакта заманбап окутуунун төмөндөгүдөй усулдары колдонулушу мүмкүн:

— түшүндүрүүчү-иллюстрациялуу;

— проблеманы айтып баяндоо;

— изилдөө аралашкан метод (анын ичинде, мультимедия жана интернет булактарын пайдалануу);

— баарлашуу методу;

— долбоордук.

Угуп жана окуп-түшүнүүгө үйрөтүү

Угуу жана окуу баарлашуунун негизин түзөт, ушулар менен оозеки баарлашуу башталат. Окуп үйрөнүү жана угуп үйрөнүү баланын эске тутуу, көрүү жөндөмдүүлүктөрүнүн өсүшүнө жардам берет жана булар окуу процессинде чоң мааниге ээ. Угуп-түшүнүү жана окутууну үйрөтүүдө салттуу түрдө сабакты үч этапка бөлүп окутуу максатка ылайык:

  1. Угууга/окууга чейинки ( pre)
  2. Угуу / окуу убагындагы (During)
  3. Угуудан/окуудан кийинки(Post)

Pre-During-Post формалары англис тилин үйрөтүүдө окуучуларга мотивация берүүгө жакшы жардам берет.

Сүйлөө жана жазууга үйрөтүү

Сүйлөө жана жазууга үйрөтүүдө ийгиликтерге жетишүү жекече жаш өзгөчөлүгүнө карабайт, ал мугалимдин окутууну туура уюштурушуна, жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу. Окутууда ойду оозеки жана жазуу түрүндө билдирүүгө үйрөтүү тил менен баарлашууга таянууга тийиш. Окуучуларга мисалдарды, күтүлүүчү натыйжалардын моделдерин, негизги сөздөрдү, тезистерди, аталыштарды жана башканы колдонуп даярдануусуна жетиштүү убакыт берилиши керек.

Мындан сырткары, ушул көндүмдөрдү өнүктүрүүдө, айрыкча, сүйлөшүүдө мугалим бүтүндөй класс менен фронталдык иштөөдөн баш тартуусу керек. Аны эки-экиден же топ менен иштөөгө алмаштыруусу керек.

Баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүдө мугалим тыкандык менен тапшырманы тандашы керек. Тапшырмалар топ менен жана экиден иштөөгө ылайыкталып, интерактивдүү болушу керек (сурап билүү, үйрөнүү, талкуулоо, салыштыруу ж.б.). Мугалим диалогду эле эмес, монологду жана ошондой эле алдын ала даярдалбаган жана мурдатан даярдалган сөздөр менен сүйлөшүп баарлашууну да эске алышы керек. Жазуу сабагында жана ошондой эле сүйлөө сабагында окучуулар жуп менен иштей алышат жана жазуу ишин чогуу аткара алышат, бири-бирин баалашат, жазуу ишин жакшыртууда сунуш, кеңеш беришет. Ушундай тапшырмаларды аткарууда окуучулар чыгармачылыкты жана өз алдынчалыкты үйрөнүшөт жана окуу процессине активдүү катышуучулар боло алышат.

Грамматиканы окутуу

Жазуу жана оозеки баарлашууну калыптандыруу грамматиканын жардамы менен камсыз кылынгандыктан, ал негизги мааниге ээ.

Жаңы грамматикалык структуралардын үстүндө иштөөдөгү негизги этаптар катары төмөнкүлөр эсептелет: грамматикалык теманы тааныштыруу жана аны бышыктоо, жазуу/оозеки баарлашууну грамматикада туура колдонуп, көндүмдөрдү жана жөндөмдүлүктөрүн өнүктүрүү.

Окуучулар тексттин мазмунун түшүнгөндүгүн текшерүү боюнча көнүгүүлөрдү иштешет. Ошондо гана мугалим кырдаалга жараша, тигил же бул грамматикалык структура боюнча жана анын түзүлүшү боюнча суроо берет.

Жаңы грамматикалык структураны бышыктоочу көнүгүүлөр “жөнөкөйдөн татаалга” принциби менен болуш керек.

Жалпы сунуштар:

Окуучулардын кызыгуусун арттыруу максатында мугалимге төмөнкүлөр сунуш кылынат:

  • жаңы сөздөрдү үйрөтүүдө көрсөтмө куралдарды колдонуу (сүрөттөр, кыймыл-аракеттер ж.б.у.с.);
  • сүйлөшүү көндүмүн өстүрүүчү интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу (мээ чабуулу, экиден жана топ менен иштөө ж.б);
  • логикалык жактан аяктоочу бөлүктөрдөн турган тексттерди окутууда, “араа” жана “зигзаг” сыяктуу кызматташтыкта окутуу ыкмаларын колдонуу;
  • жаңы лексикалык бирдиктердин (сөздөрдүн) туура айтылышына өзгөчө көңүл буруу: ар кандай ыкмалар менен моделдештирүү жана тилди жатыктыруу (хор менен кайталоо, жалгыз, топ менен, экиден иштөө ж.б);
  • тилди (сөздү) баамдоо жана таанып билүүгө/баамчылдыкка өбөлгө болуучу ар кандай суроолорду, тапшырмаларды жана көнүгүүлөрдү берип, окуучуларды окуу процессине активдүү катышууга тартуу;
  • окуучуларды үй тапшырма аткарууда өзүн-өзү баалоого үйрөтүү, тесттин жыйынтыктарын анализдөөгө үйрөтүү жана ошондой эле өз ара баалоого үйрөтүү (лексикалык материалдарды эске тутууда классташтар арасында расмий эмес тестирлөө, топто жана экиден иштөө ж.б.);
  • угуп-үйрөнүү көндүмдөрүн өстүрүү, ал үчүн китепте берилген айрым (тааныш эмес) тексттерди мугалим үн чыгарып окуйт, бирок окуучулардын колунда бул тексттер болбошу керек;
  • сабактарды пландоо процессине чыгармачылык менен мамиле кылуу, өтүлчү материалды окуучулардын даярдык деңгээлине жараша тандоо жана убакытты туура бөлүштүрүү.

Талкуулоо үчүн актуалдуу маселелер

Август кеңешмесинин натыйжалуу болушу үчүн, англис тилин окутуунун абалы жана жакшыртуудагы жыйынтыктар, ошондой эле, билим берүүнү санариптештирүү боюнча англис тили мугалимдерине семинар, тегерек стол, презентациялар өткөрүп, доклад окуулар сунушталат.

Талкуулоо үчүн төмөнкү маселелер сунуш кылынат:

  • Кесипкөйлүк, мугалимдин жеке өзгөчөлүктөрү жана коммуникативдик көндүмдөрү;
  • Билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун фактору катары, жаш мугалимдердин педагогикалык потенциалын өнүктүрүү;
  • Кесиптик таймаштар аркылуу англис тили мугалимдерин шыктандыруу;
  • Коммуникациялык компетенттүүлүктү калыптандыруу;
  • Окутуунун жана баалоонун заманбап технологиялары;
  • Сааттардын көбөйүшү жана 7-класстын программасындагы өзгөрүүлөр боюнча күтүлүүчү натыйжалар;
  • Англис тилинин окуу китептери жана окуу куралдары боюнча талкуулар;
  • Окуу-уюштуруу процессин санариптештирүү. Интернет булактарын, мультимедиалык технологияларды, билим берүүчүлүк сайттарды пайдалануу:

а) чет тилди окутууда мультимедиалык технологияларды пайдаланган мектептердин санын көбөйтүү;

б) эксперименталдык жана инновациялык усул менен окуткан мектептердин тажрыйбасын колдонуу;

  • англис тил сабагында ИКТ жана санариптик билим берүү ресурстары;
  • жөндөмдүү окуучулардын ар кандай иштерин баалоонун критерийлерин иштеп чыгуу принциптери;
  • ЖРТ, олимпиаданын жыйынтыктарын анализдөө;
  • ар түрдүү: ар кандай иш-чаралардын, конференциялардын, тренингдердин, класстык сааттардын, тегерек столдордун тематикасын тактоо ж.б.

Сунушталуучу интернет булактардын тизмеси:

www.kao.kg

www.edu.ru

www.teachingenglish.org

www.americanenglish.state.gov

www.britishcouncil.org

www.etprofessional.com

www.fgos-spb.ru

www.learn-english-today.com

www.superteachertools.com

www.englishtips.org

www.stopenglish.org

Конокбаева Г.Э.,

 РПККЖ жана КДИнун ага окутуучусу, Цуканова Н.Э.,

ИТБнун ага окутуучусу

Бөлүшүү

Комментарийлер