9-11-КЛАССТАРДЫН ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН 1-СЕНТЯБРДАГЫ АЧЫК САБАК

  • 16.08.2019
  • 1

Сабактын темасы:   “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”

Сабактын аягында окуучулар:

Кесиптердин өзгөрүшүнө алып келүүчү себептерге мүнөздөмө бере алышат;

Дүйнө жүзүндө пайда болгон же жакынкы аралыкта пайда болуучу кесиптерге жана алардын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө талдоо  жүргүзө алышат;

Өзүнүн билимдик жана кесиптик траекториясын алдын ала болжолдоп аныктоо  үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу билимдерин колдоно алат;

Сабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү сабагы

Сабактын методу: акыл чабуулу, топтордо иштөө, түшүнүктөр менен иштөө

Колдонулуучу каражаттар: компьютер, проектор, экран (интерактивдик такта), флипчарт, таркатма материал, маркерлер.

 

 

                                                                                                          Сабактын жүрүшү

Сабактын этаптарыМугалимдин ишмердүүлүгү

 

Окуучулардын ишмердүүлүгүУбакыт
Уюштуруу учуру

 

 

 

 

 

 

Мугалим:

Саламатсыңарбы, балдар!

Мына ошентип көптөн күткөн коңгуроо да кагылды!

Мен силерди жаңы окуу жылы жана Билим күнү менен куттуктайм!

Балдар, биз бүгүнкү сабакты Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.

Окуучулар да мугалимди жаңы окуу жылынын башталышы менен куттукташат.

 

Окуучулар Мамлекеттик гимнди ырдашат

 

 

5 мүнөт

Мугалимдин сөзү;Бүгүн биз силер менен санариптештирүүгө байланыштуу процесстер дүйнө жүзүндө жана биздин өлкөбүздө кандай өтүп жаткандыгы, алардын биздин келечегибизге тийгизүүчү  таасири тууралуу ой жүгүртөбүз.

Өзүңөр билгендей, 2019 – жыл  “Өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыяланган.

Бүгүнкү сабакта биз эмгек рыногуна чыгууда адам кандай билимдерге жана компетенцияларга ээ болуусу керектигин, канткенде керектүү адис болорун түшүнүүгө аракет кылабыз. Бирок бул тууралуу сүйлөшөрдүн алдында  силерден  келечекте кандай кесиптин ээси болууну көздөп, жана ал кесип аркылуу 10-15 жыл ичинде эмнелерге жетүүнү пландап жатканыңар тууралуу кыскача эссе жазып берүүңөрдү сурайм. Бул ишиңер сабактын аягында керек болот.

 

 

2 мүнөт
Акыл чабуулуМугалим талкуулоо жүргүзбөйт. Бул маалымат ар бир бала үчүн “жол картасын” иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларга негиз болот.

 

 

 Мен өзүмдү 10-15 – жылдан  кийин кандай /ким деп көрөм? (“келечектеги образ”)

3 мүнөттүн ичинде окуучулар баракка өзүлөрү каалаган кесип жана 10 жылдан кийин кандай жетишкендиктерге жетүүнү каалагандыктары тууралуу жазышат.

 

5 мүнөт
Жаңы маалыматка киришүү.Жазган ишиңерге рахмат. Биз буга дагы кайрылабыз. Ал эми азыр келечек жашоо тууралуу футурологдордун айткандарына көңүлүңөрдү бурам. (футуролог – келечекти алдын ала маалымдоочу адам).

Алар:

ü  келечекти түзүүгө болот, ал өзүбүздүн иш- аракеттерибизге гана жараша болот;

ü  келечек өзгөрүлмөлүү – ал өткөндөгүгө эмес, катышуучулардын чечимине жана  кызыкчылыктарына жараша болот;

ü  айрым иштерди болжолдоп аныктоого болот, бирок келечектин кандай болорун так айтууга мүмкүн эмес, жөн гана каалообузга жараша алдын ала ойлонуштура алабыз деп эсептешет.

 

(“Будущее образования: глобальная повестка” “Билим берүүнүн келечеги”: глобалдуу күн тартиби” докладын караңыз (доклад кыргызча которулган эмес)

Ошондуктан кесиптер да өзгөрүлө тургандыгын түшүнүү маанилүү.

Алар 3 категорияга бөлүнүшөт:

ЖАҢЫ КЕСИПТЕР,  керектөөчүлөрдүн жаңы талаптарына жана жаңы  тажрыйбаларды колдонууга технологиялардын алмашуусуна байланыштуу пайда боло турган кесиптер

ӨЗГӨРҮП ТУРУУЧУ КЕСИПТЕР, алар бар, бирок IT жана башка технологиялардын таасири алдында өзгөрөт.

ПЕНСИОНЕР – КЕСИПТЕР – автоматташтыруунун, ошондой эле технологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жок болуучу кесиптер.

Азыр биз топтордо иштейбиз дагы,  келечекте кандай кесиптердин керектүү болорун карап көрөбүз.

 

2020-жылга чейин пайда болуучу кесиптер – булар жакынкы аралыкта керектелүүчү кесиптер. Өнүккөн өлкөлөрдө алардын көбү пайда болгон (мисалы, энергияаудиторлор, тармактык дарыгерлер, ГМО-агрономдор ж.б.)

2020-жылдан кийин пайда болушу мүмкүн болгон кесиптер – дүйнөнүн  технологиялык жакшы өнүгүүсүнүн алдында “бүрсүгүнү” пайда болуучу кесиптер. Бүгүнкү күндө кесиптик маселелерди чечүүгө алгачкы кадамдар жасалды (мисалы, киберпротезчилер, виртуалдык дүйнөнүн программисттери ж.б. пайда болду).

Ар бир топ маалымат баракчасын алышат.

Иштин жыйынтыгында, силер, өзүңөрдүн көз карашыңар боюнча Кыргызстандын (өзүңөр жашап жаткан аймактын) өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон, маалыматта көрсөтүлгөн 1-2 кесипти тандап алып, өз көз карашыңарды түшүндүргүлө.

Окуучулар мугалимдин маалыматын угушат5 мүнөт
Топтордо талкуулоо.

 

Окуучулар схемаларды карап, маалыматтар менен таанышышат,1-2 мүнөттүк    презентация даярдашат.

 

7 мүнөт
 Иштердин презентацияларыАр бир топ – 2 мүнөт.

Максимум- 14 мүнөт.

Жаңы түшүнүктөр менен иштөөБалдар, азыр биз силер менен дагы бир маанилүү ишти аткарууга аракет жасайбыз. Ал гендер түшүнүгүнө  байланыштуу. Гендер – бул жыныстын социалдык ченеми, башкача айтканда, коомдогу балдарга жана кыздарга коюлуучу чен-өлчөмдөр  жана талаптар.

Азыр Кыргызстанда  кандай кесипти эркек балдарга гана тандоо керектиги, ал эми кыздарга кандайын тандоо  тууралуу стереотиптер бар. Ошондуктан көпчүлүк учурда эркектерге жана кыздарга ар кандай көндүмдөрдү үйрөтүүгө аракет кылышат, өзгөчө үй-бүлөдө. Бирок,  футурологдордун айтуусунда, жакынкы келечекте бир нече факторлор адамдын ийгиликтүүлүгүн аныктайт:

—          Кесиптик чеберчиликтерге ээ болуу, мисалы:

ü    сынчыл ойлом,

ü  тапкычтык, тактап айтканда жаңы нерселерди жаратуу,

ü  эмоциялык интеллект,

ü  көп сандаган маалыматтардын ичинен керектүүсүн тандап ала билүү жана ага талдоо жүргүзө билүү

ü  адамдар жана машиналар менен коммуникациялык байланышта  болуу,

—          Ишмердүүлүк чөйрөсүн өзгөртүүгө даяр болуу жана кайра окуп үйрөнө билүү.

—           ITтехнологияларды билүү

—          Кесиптик маалыматка ээ болуу

Ушундай ырааттуулукта берилиши керек, анткени кесиптик маалымат тез эле эскирет.

Бул кесиптик чеберчиликтер эркектерге да, аялдарга да жеткиликтүү. IT-технологияларды колдонуу көптөгөн физикалык жумуштарды жеңилдетет. Ошондуктан эркектерге жана аялдарга кандай адистиктер жеткиликтүү экендиги тууралуу пикир тез өзгөрүп турат.

Мисалы, кыздар үчүн IT-технологиялардагы адистиктер жарамдуу (азыр ири IT-компаниялардын төрттөн үч бөлүгүнөн көбү – аялдар ) же курулуш тармагында (3-D принтеринде иштөө ж.б.), ал эми эркектер үчүн социалдык тармактагы  кесиптер ылайыктуу, анткени келечекте “адам-адам” жогору төлөнүүчү кесиптерге кирип калат (адамдар менен байланышкан иштер – мисалы, оорулууну багуучу медмырза, тарбиячы ж.б.) кирет. Себеби аларды автоматташтырылган системалар аткара албайт.

 

Ошондуктан кесипти тандоодо “эркектерге” жана “аялдарга” тийиштүү кесиптер деп бөлүүнүн кереги жок. Негизгиси өзүңө жаккан жана ал жумушта ийгиликке жете алган кесипти тандоо керек.

 

7 мүнөт.
Үйгө тапшырмаБалдар, биздин бүгүнкү аткарган иштерибиз силердин жашооңордогу ийгиликтериңердин алгачкы кадамы болуусу керек. Мен ар бириңердин “Келечектин жол картасын” түзүүңдү суранам.

Бул ишти аткаруу үчүн силер келечектеги кесиптер жөнүндө маалыматты жана 10-15 жылдан кийинки элестеткен кесибиңер тууралуу жазган жанагы эссеңерди колдонушуңар керек

Эгерде биз силерди кызыктырган тармак тууралуу кеп кылбасак, жаңы кесиптердин атласын колдонсоңор болот. Бүгүнкү сабактагы маалыматтар ушул атластан алынган. Сайттын дарегин тактадан/экрандан көрүп турасыңар.

http://atlas100.ru/upload/pdf_files/atlas.pdfчи

Жол картасынын форматы абдан жөнөкөй. Аны да тактадан/экрандан көрө аласыңар

Максатка жетүүнүн кадамдарыЭмне кылуу керек?Качан аткаруу керек 
Окуу:

… баллдан төмөн эмес  ЖРТны тапшыруу керек.

(110 балл – негизги тест и 60 балл — предметтик).

1.Сабактарга даярдануу.

2.Мени кызыктырган темалар боюнча материалдар бар сайттардын тизмесин түзүү.

3. Кошумча окуу үчүн темалардын тизмесин түзүү.

4. ….

Дайыма

Сентябрь, 2019.

 

 

Инсандык  өнүгүү1.      (Интернеттен) кесипке багытталган тесттен өтүү жана ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу ойлонуу, же башка кесипти тандоо.

2.      Окуп чыгуу

3.      Карап чыгуу

 

Биринчи колонкада  коюлган максатка жетүү үчүн кандай иш аракеттерди аткаруу керектигин жазасыңар.

Колонка 2 бөлүктөн турат: окуу, инсандык өнүгүү

Эгерде сиз ЖОЖго тапшырууну пландап жаткан болсоңүз, анда ЖРТ тапшыруу керек. Өтмө баллдар көрсөтүлгөн.

Мисалы, медициналык окуу жайына тапшыруу үчүн орточо 185-190 балл, программалык инженерияга – 185-190 балл, психологияга жана маалыматтык коопсуздукка – 170 жана андан жогору, өнөр жай жана жарандык курулуш – 160 баллдан жогору; чет тилдерге – 150 баллдан жогору; педагогикалык жана агрардык адистиктерге – 125 баллдан жогору ж.б.

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Kyrg.pdf

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Russ_Text.pdf

Ошондуктан экинчи жана үчүнчү колонка – конкреттүү  иш аракеттер жана аларды аткаруунун мөөнөтү.

Эгерде лицейге же колледжге тапшырууну пландап жатсаңыз, кандай максатты коюуну жана ага кантип жетүүнү ойлонуңуз.

Силердин бул ишиңер “Адам жана коом” сабагында эмгек рыногуна байланыштуу теманы өтүүдө колдонулат.

 

Окуучулар “Келечектин жол картасын” түзүшөт 

4 мүнөт.

 

 

 № 1 тиркеме.  

Маалымат үчүн:

Россияда жогору төлөнүүчү кесиптер

10 ТОП

 

Дүйнө жүзүндө жогору төлөнүүчү кесиптер

10 ТОП

 

Дүйнө жүзүндө эмгек рыногунда көп суралуучу кесиптер

10 ТОП

 

Кыргызстанда эмгек рыногунда көп суралуучу кесиптер

10 ТОП

 (2019-ж.  минимум  2022 – жылга чейин)

ФинансистХирургIT-адисМаалыматтык коопсуздук
Камсыздандыруучу (Страховщик)АнестезиологИнженер-проектировщикМаалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы
Нефти өндүрүүчүЖогорку звенону башкаруучуПедагогТоо кен иши
Тиш дарыгерУчкучЮристГеологиялык чалгындоо технологиясы
КосмонавтТиш дарыгерДарыгерТехнологиялык машиналар жана жабдуулар
УчкучРынокту талдоочуМаркетологМедицина
МаркетологЮристПерсонал боюнча адисМенеджмент жана маркетинг
ИлимпозIT-адисКесиптик жумушчуАгроинженерия
Байланыш  жана маалыматЖарнама боюнча менеджерСулуулук индустриясынын адисиКурулуш
Химик-фармацевтГендик инженерЭкологБилим берүү

https://edunews.ru/professii/rating/ булагы
https://ru.sputnik.kg/Kyrgyzstan/20190529/1044497072/professiya-kyrgyzstan-vostrebovannost-statistika-2019.html (Кыргызстан)

 

 

 

 

 

Америкалык Forbes  журналы 2020-жылда эң жогору төлөнүүчү кесиптердин тизмесин жарыялады.

Алар:

  1. Сити- фермер – имараттардын чатырларында агрардык өнөр жай чарбачылыгын тейлейт. Шаар четинде өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды көбөйтөт;
  2. Этикалык хакерлер— булар компьютердик эксперттер, аларга кылмышкер хакерлерден коргонуу максатында компьютердик системаны талкалоого мыйзам боюнча уруксат берилген. Этикалык хакер системанын чабал жерин аныктайт жана кантип жоюуну сунуштайт;
  3. Актуарий – каржылык тобокелдик жана каржылык, сандык, талдоо боюнча адис. Каржылык тобокелдерди башкаруунун натыйжалуу методдоруна баа берет жана аларды иштеп чыгат;
  4. Эпидемиолог: калк жайгашкан аймактардагы, өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү абалды эпидемиологиялык көз караштан изилдейт. Оорулардын санын азайтуу же максаттуу профилактика жүргүзүү чаралары  тууралуу чечим кабыл алат;
  5. Веб- дизайнер: сайттын келечектеги сырткы көрүнүшүн түзөт. Кайда жана кандай элементтер жайгаштырылат, кандай жабдылат, канткенде колдонуучунун сайттын элементтери менен байланышы көрсөтүлөрүн аныктайт.

 

Окуучулар үчүн Россияда алардын теңтуштары кандай кесиптерге ээ болууну каалашары тууралуу маалымат кызыктуу болушу мүмкүн.

https://moeobrazovanie.ru/reiting_professii_top_300

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

айнагул / 21.08.2019 14:10
ооба бул маалыматтар окуучу учун маанилуу.Биз аны туура жеткизуубуз зарыл