10-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА “МОСТ” ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

  • 31.03.2023
  • 0

31-мартта И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде Бишкек, Чүй, Талас жана Нарын облустарынан 200дөн ашык окуучу катышкан көп тармактуу “МОСТ” эл аралык олимпиадасы өттү.

10-11-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ АРАСЫНДА “МОСТ” ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Олимпиада 10-11-класстардын окуучулары үчүн бланктык тест түрүндө өтүп, орус тили, математика жана физикадан тапшырмаларды камтыды. Жеңүүчүлөрдүн тизмеси кийинчерээк жарыяланат.

Аталган олимпиаданы “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы “СТАНКИН” Москва мамлекеттик технологиялык университети менен биргеликте уюштурду.

Бөлүшүү

Комментарийлер