ТАЛАСТА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР МЕНЕН КОЛЛЕДЖДЕРГЕ СЕМИНАР БОЛДУ

  • 13.05.2019
  • 0

КР Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын «Инклюзивдүү өнүгүү үчүн көндүмдөр: секторду өнүктүрүү программасы»  долбоорунун колдоосу менен «Билим сапатын камсыздоодо лицензиялоонун жана аккредитациялоонун ролу» аттуу семинар өткөрдү.

ТАЛАСТА КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР МЕНЕН КОЛЛЕДЖДЕРГЕ СЕМИНАР БОЛДУ

Семинарга Талас облусунда жайгашкан орто кесиптик жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырып жаткан билим берүү уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Кыргызстанда билим берүү сапатын жөнгө салуунун эки механизми берилген: лицензиялоо (билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө укук берүү), аккредитациялоо (дипломду берүүгө укук берүү).

Семинар учурунда сапатты камсыздоого коюлуучу талаптарды жүзөгө ашырууга багытталган материалдар талкууланды.

Бул багыттагы окутуучу семинарлар республиканын бардык региондорундагы колледждердин жана кесиптик лицейлердин өкүлдөрү үчүн өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер