ИШЕНГҮЛ БОЛЖУРОВА: ЛИДЕР БОЛУП, ЧЫГАРМАЧЫЛ ДАРАМЕТИБИЗДИ ӨНҮКТҮРӨЛҮ

 

Быйыл жайкысын Ысык-Көлдүн жээгинде Билим берүү жана илим министрлиги менен «Балажан» Эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-усулдук борбору уюштурган «Ысык-Көл балдардын көзү менен – 2018» эл аралык слётунда педагогдор үчүн да тренингдер өткөрүлгөн эле. Назарыңыздарга педагогика илимдеринин доктору, профессор Ишенгүл Болжурованын лекциясын сунуштайбыз.

Жаңы доордо билим кандай берилиши керек?

 

Үзгүлтүксүз билим алуунун мааниси зор. Математика окуу китебиндеги маселеде: «Мен апам менен базарга барып, дептерди он сомго, күндөлүктү он беш сомго сатып алдым. Бардыгы болуп канча сом сарпталды?» — деп жазылган экен. Аны бир окуучу: «Бул туура эмес, базардан дептерди 3 сомго, күндөлүктү 30 сомго алганбыз», — деп талашыптыр. Мугалими: «Жөн отурчу! Бишкекте ушундай баада сатылгандыр. Чоң окумуштуулар жазган китепти сен экөөбүз кантип сындайбыз?» — десе, бала кабагын салып отуруп алыптыр. Сынчыл ой жүгүртүү деген ушул эмеспи! Китептерде калп нерселер жазылат экен, окуунун эмне кереги бар деп ойлоп калды да ал.

Сабактын мазмуну ийкемдүү түзүлбөгөндүктөн, балдардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүнө көңүл бурулбагандыктан, окутуу усулдарынын начардыгынан улам окуу жылынын аягына чейин окуучулардын 10 пайызы гана билимге дилгирлигин сактап калат экен. Эмне кылуу керек? Мектеп кандай болууга тийиш? Бул өзүнчө чоң суроо. Ал эми кошумча билим берүү дал ушул кенемтени толуктоого мүмкүндүк түзөт.

Кеп жогорку окуу жайда катталып, диплом алууда эмес. Ар бир адам түркүн багыттардан билгендерин арбытып, ырааттуу билим ала бериши кажет.

Улуттук университеттен кийин юридикалык билим алдым, анан дипломатия ж.б. боюнча окудум дегендер бар. Формалдуу жагынан караганда үзгүлтүксүз билим алганга окшош, бирок биз алардын иш жүзүндө кандай окугандыгын билбейбиз. Билимди диплом үчүн эмес, турмушта, инсандык өсүштө керектигине жараша адам өзү үчүн алышы зарыл – мына ушундай түшүнүктү коомчулукка жайылтууга тийишпиз.

Мына, Илон Маск эмне кылып жатат? Ал өзүнүн эч кимди туурабаган жаңы мектебин түздү. Балким, бул XXI кылымдын мектебинин үлгүсү ушулдур? Ал салттуу мектептегидей балдарга орфографияны ж.б. жаттатпастан, долбоор түзүп, аны жүзөгө ашырууну үйрөтүп жатат. Ишкердикке, соода-сатыкка үйрөтүү үчүн мектептин ичинде жүгүртүлүүчү өз акчасы (валютасы) колдонулат экен.

Азыр фантастикалык өзгөрүүлөр укмуштай тездик менен жүрүп жатат. Кээде адамзат Кудайдын эксперимент аянтчасы эмеспи деп ойлонуп кетем. Теңир бизге ыраа көргөн укуктардын эң башкысы – бул тандоо укугу. Жакынкы 20-30 жыл аралыгында эң кеңири таралган кесиптердин кыйласы керексиз болуп калат дешет футурологдор (коомдун объективдүү өнүгүү жолун илимий негизде талдап, келечегин болжолдогон адистер). Мисалы, кеп-кеңеш сурап, диагноз койдуруш үчүн догдурларга кезек күтпөй эле, атайын программалар менен камсыздалган санариптик тутумдарды колдонуу мүмкүн болот экен. Лапараскопия (организмди кансыратпай, кичинекей кесик аркылуу операция жасоо) сыяктуу жаңы ыкмалар компьютерде жасалып калышы ыктымал. Кишинин аң-сезимине баш ийе турган бионикалык кол-буттар эмитен эле жасалууда.

Балким, компьютер жаман сапаттары жок адамды жасап чыгар? Япондор жалгыз калган карыларды, оорулууларды карап, зарылдыгына карай убагында дары-дармек бере турган роботторду жасап жатыптыр. Кыскасы, биз такыр белгисиз, бейтааныш, фантастикалуу доорго баратабыз. Түркүн-түмөн өзгөрүүлөр өтө көп болору анык, буга биз балдарыбызды эмитен даярдай беришибиз керек.

 

«Ийкемдүү» көндүмдөр өнүктүрүлүшү керек

— Биздин буга чейинки жашообузда «катуу көндүмдөр» (техникалык, коомдук ж.б.) көбүрөөк керектелчү, мындан ары социалдык, инсандык багыттагы «жумшак, ийкемдүү» көндүмдөр талап кылынат деген окумуштуулар бар. Ушул жагдайды эске алганда, келечектеги лидер кандай болууга тийиш? Ар ким өзүнүн өнүгүү багытын, кесибин өзү тандап, жекече жоопкерчилик көтөрүшү керек. Кудай эч бир шык-жөндөмү жок адамды жаратпайт деп ойлойм. Бирөө ошол талантын өнүктүрүп, чоң ийгиликтерге жетишет, башка бирөө өспөй кала берет.

Жок болуп кеткендей көрүнгөн шык-жөндөмдү кайра кантип ойготобуз?

Кореянын таасын мисалын алалы. 60-жылдарда бул өлкөдө ИДП бир кишиге 300-400 доллардай болгон экен. Ошондо жагдайды өзгөртүүгө борбордон, жогорку бийликтен эмес, жер-жерлерден, айылдардан демилгечил инсандар чыгыптыр. Алар дүйнөдөгү, жалпы мамлекеттеги маселелерге баш оорутпай эле, өз айылдарынын турмушун жакшыртуу жолдорун издешиптир. 70-жылдардан тартып айылдар өз алдынча өнүгүү жолуна түшүптүр. Эң оболу жолдорду салып,  ашар ыкмасы менен айылды жарыктандырып алышат. Тургундардын ар биринин эсебин алып, кимисинин колунан эмне келерин, кимдер муктаж экендигин аныктап, 1-2 миң долларлык долбоорлорду түзүп, өкмөткө берип, ички ресурстарды эң алгылыктуу пайдалана башташыптыр. Алыска, чет өлкөгө кеткендер туулган айылына сүрөөнчүлүк кылыптыр. Ошентип, айыл-кыштактар жакшы өнүгүп, бүтүндөй өлкөнүн гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүптүр.

Азыркы лидерлер илгеркидей бунтарлар, диктаторлор эмес, жаратман инсандар болууга тийиш. Алар жамааттагы, чөйрөдөгү идеяларды аккумуляциялап, кайра иштетип, өркүндөтүп, жайылтат, жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн да жанындагылар менен чогуу издейт.

Эмне үчүн биздеги максаты жакшы, сабаттуу жазылган далай стратегиялар, концепциялар ишке ашырылбай кала берет? Анткени булардын баары жогортон таңууланып келет. Жер-жерлерде чыныгы лидерлер өспөй жатат. Айылдагы анча-мынча тың чыкмалар Бишкекке барып депутат, министр болом дейт, бирок реалдуу түрдө бир маселенин да чечилиш жолун ойлонуп көрбөйт.

Бирок өнүгүүгө айылдар тирек болушу керек. Кыргызстанда 90-жылдан кийин эркектер эмне кыларын билбей отуруп калганда, чакан иштерди демилгелегендердин көпчүлүгү аялдар болду. Чакан топторго биригип, соода, майда ишкердик, кол өнөрчүлүк ж.б. менен жол таап кетишти. Алар өнүгүү жолуна түштү, көпчүлүгү долбоор жазып, эл аралык уюмдар менен иштейт. Кыргызстанды Кумтөр же ЖЭБ, жогорку бийлик эмес, дал ушул мээнеткеч аялдардын бирикмелери чөктүрбөй кармап турат! Эң башкы өзгөчөлүк: азыркы заманда жөнөкөй адамдар лидер болууда.

 

«Балажандын» өрнөгү

Эми команда менен иштөө жөнүндө сөз кылалы. Мисалга ушул эле «Балажанды» алалы. 30 жыл мурда бул жөн гана эстетикалык борбор болгон. Балтик боюндагы  өлкөлөрдүн тажрыйбасын өздөштүрүп, кайра куруу жылдары ар бир эл өзүнүн маданиятын, тарыхын иликтеп үйрөнө башташкан.  Кийин Советтер Союзу ураганда, мамлекет караганга чамасы келбей, ар ким өзүнчө жалгыз калды. Мектептерде класс жетекчинин, деректирдин тарбия иштери боюнча орун басарынын айлыгы, атүгүл дептер текшерүү акысы да кыскартылып, айлык өтө азайып, айрым учурларда товар түрүндө берилип же дегеле төлөнбөй калбады беле. 14 миң мугалим мектептен кетишке аргасыз болгон.

Ошондо «Балажандын» жамааты жагдайдан чыгуу жолун, кошумча каражат булактарын чогуу издей баштады. Алар идеяларды генерациялап, жаңыча иштей баштады. Ошентип, бул борбор заманбап лидерликтин үлгүсүн көрсөттү. Мына азыр бул борбор эстетикалык тарбия боюнча республикалык окуу-усулдук борбор болуп калды. Улуттук деңгээлге көтөрүлдү.

«Балажан» колдоого алган мектептен тышкаркы билим берүү мекемелери, жер-жерлерде өзүнчө лидерлерди өстүргөн борборлорго айланууда. Булар мектептердин тарбиялык иш-милдеттерин кыйла жеңилдетип, өзүнө алууда. Болгондо да, мектепте бардык балдар бир калыпка салгандай окутулса, бул борборлор ар бир баланын шык-жөндөмүнө, кызыгуусуна, умтулуусуна жараша жекече мамиле жасап жатат.

 

Чыгармачылык – өнүгүү өбөлгөсү

XIX жана андан мурунку кылымдарда атактуу окумуштуулар чыгармачылыкты инсандын өнүгүүсүнүн зарыл шарты деп келишкендиги белгилүү. Ал эми жаңы кылымда чыгармачылык өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоочу кубаттуу фактор катары таанылды. Сеул конференциясында илимпоздор ушундай жыйынтыкка келишиптир. Анткени чыгармачыл нукта ой жүгүрткөн адам даяр үлгү, тапталган жол менен эле жүрө бербестен, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү издегенге, таап чыкканга жөндөмдүү эмеспи.

Иштериңер жүрүшүп, уюмуңардын ар бир курамдык бөлүгү жакшы өнүгүшү үчүн идеяларды генерациялоону үйрөнүшүңөр керек. Бул эмне?

Эң таланттуу лидерлер команда менен абдан ийкемдүү иштеше билет. Бүгүнкү күндө: «Мен баарын билем!» — деп көкүрөк койгулаган лидер иштей албайт.

Педагогдордун жамаатында жаңы идеяларды топтоп, иштеп чыгыш үчүн төмөндөгүдөй суроолорду талкууласаңар болот:

— Тарбиялануучуларга, ата-энелерге жаңыдан кайсы тейлөө кызматтарын сунуш кылууга болот?

— Социалдык кайсы чөйрөдөн колдой турган жаңы күч  табууга болот?

— Коомго биздин тейлөө кызматтарды кайсы жаңы усулдар менен сунуштасак болот?

— Рентабелдүүлүктү арттыруу үчүн иштөө усулдарын кандайча өзгөртүү керек? (Идеялар канчалык сонун болсо да, каражат, акча менен камсыздалбаса, сөз бойдон кала берет эмеспи).

— Балдардын кайсы заманбап көндүмдөрүн калыптандыра баштоо керек?

— Уюштуруу, башка коомдук, социалдык  чөйрөлөр менен катнаш иштерин кантип жакшыртуу керек?

 

Идеяга үч баскыч

Идеяларды бир нече технология аркылуу генерациялоо керек. Эң жөнөкөй усул – акыл чабуулу. Муну колдонордо кандайдыр бир чоң максатты белгилеп, биз ушул натыйжага жетүүгө тийишпиз, эми кантип жетишти чогуу ойлонолу деш керек. Алып баруучулукту сөзсүз эле жетекчи эмес, катардагы кызматкер аркаласа да болот. Ортого салынып жаткан сунуштар такыр беймаанидей, күлкү келерликтей көрүнсө да эч сындалбай, колдоого алынып турушу керек. Бардык кесиптештер эч кысынбай, өз ойлорун айта беришет. Алып баруучу бул идеялардын баарын жазып, көчүрмөлөп, баарына таратып берет.

Жазылган ар бир идеянын тушуна сызыкча коюш керек – кийин шашпай ойлонуп, аны толуктап, тактайсыңар.

Чогултулган идеяларды бир нече кызматкер биргеликте иргеп, башкы максатка туура келгендерин тандайт.

Акыл чабуулунун кийинки этабында ар ким өз идеясын жазып, жетекчиге апкелет. Аларды талкуулаганда эч кайсынысын сындабастан, өтө калбаат, жайдары, шайыр маанайда иштеш керек.

Идея жаратууда ишти аныктоодон башташ керек. Оюңарга келген идеяларды жазып, кийинкиге калтырып койгула. Жазылган идея боюнча эч качан ошол эле күнү чечим кабыл албагыла. Инкубациялык мезгил аралыгында идеялар бышып жетилет. Бул мезгил өткөндөн кийин ар ким өзүнүн идеясын башкача, кыйла даана түшүнүшү мүмкүн. 2-3 күн ичинде мээ берилген суроого өз алдынча суткасына 24 саат бою тынбай жооп издей берет экен. Гениалдуу ачылыштардын кыйласын окумуштуулар түшүндө тапкандыгы да бекеринен эмес.

Жаңы демилгени жүзөгө ашыруу үчүн акчаны каяктан алыш керек? Коомчулук, ата-энелер кандай карайт буга? Дагы кандай кыйынчылыктар келип чыгышы ыктымал? Аларды кантип жеңип өтүүгө болот?- деген суроолорду да эске ала жүргүлө.

Идеялар үч баскычтан өтүүгө тийиш: генерациялануу (жаратылуу), аккумуляциялануу (топтолуу, ийге келтирилүү) жана жүзөгө ашырылуу.

Кандайдыр бир жаңы идея оюңарга келип калса, жазып алгыла дароо. Сапатына, сабаттуулугуна карабагыла. Канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Кайсы бир жаңылык жагып калса эле, ишке ашырууга шашпагыла. Анткенде жакшы идея кор болот – жамаат жаңыча иштештен жалкып калат. Иштин татаалдыгына, жүзөгө ашырыруу мөөнөтүнө жараша идея жаратуу убактысы да айырмаланат. Идеяны баалаганга, сындаганга да шашпагыла. Бүгүн жамандай сезилген нерсе эртең башка кыры менен көрүнүп, реалдуу чындыкка байланышта кабылданышы мүмкүн.

 

1 + 1 = 3 болгондо

Стандартсыз чечимдерди издегиле. Балдардын кебине кулак салгыла. «1 + 1 канча болот?» — деген суроого секелек кыз минтип жооп бериптир: «3. Атам менен апам баш кошкондо, мен төрөлдүм, биз үчөө болдук».

Баланын фантазиясын чектебей, чогуу ой жүгүртүүгө аракеттенгиле.

Семен Чуйковдун «Советтик Кыргызстандын кызы» аттуу картинасын билесиңер. Азыр андагы кыздын колуна китептин ордуна планшет карматып тартышыптыр. Ошол сүрөттү жаратып жаткан кезде кошунасы Төрөбай Кулатов кире калып көргөндө: «Муну кандайча атадың?» — деп сураптыр. Ат коё электигин угуп: «Бул Советтик Кыргызстандын кызы турбайбы!» — деген экен.

Кулатов мен үчүн таң калычтуу инсан. Сегизинчи класска чейин эле окуган, бирок кандай акылман киши эле! Креативдик ой жүгүртүү үчүн  формалдуу документ керек эмес экен. Жакында бир семинарда Японияда билим алган бир инсан айтты эле, алардын эң бай адамдарынын бири тогузунчу класска чейин гана окуптур!

Бизде медицина эмне үчүн жакшы өнүккөндүгүн билесиңерби? 1941-жылы Төрөбай Кулатов Кыргызстанда кыска убакыт аралыгында Элкомкең (Совнарком) төрагасы болгон. Согуш башталганда, эл комиссарларынын баары Москвага чакырылып, Молотов менен Устинов жыйын өткөргөн экен. Т. Кулатов орусча өтө начар сүйлөчү дешет. Ири заводдорду ж.б. өлкөнүн европа бөлүгүнөн ичкериге, Орто Азияга көчүрүш керек, кайсы республикага эмнелерди жылдыралы дегенде, казактар металлургияны, өзбектер станок куруучу жана самолёт куруучу заводдорду, калган республикалар дагы башка объектилерди тандашат. Аскердик иштерди көзөмөлдөгөн генерал Устинов согуштан жарадар болгондорду каякка алпарабыз деп кайрылганда, Төрөбай Кулатов чыныгы коммунист катары ордунан тура калып: «Кыргызстандыктар баатырларыбызды кароосуз калтырбайт!» — дептир.

Согуштун аты өчсүн! Ошол жагдайда эң оор жарадарларды бизге ташып башташыптыр. Азыркы Юридика институтунун имаратында башкы госпиталь болгон экен. Фучик көчөсүнүн ары жагында өтө оор жарадар болуп каза тапкандар коюлган мүрзөлөр бар. Жеңиш бейити деп аталат. Жарадарларды жакшы дарылоо үчүн бизге Харьковдогу атактуу медициналык институтту, Москвадагы Биринчи медициналык институтту которушкан. Ошентип, эң мыкты адистер келип, Кыргызстандын медицинасын түптөшкөн. Дарыланып чыккандарды бутуна тургузуу үчүн Бүткүл Союздук Лесгафт институтун алып келишкен экен. Биздин Дене тарбия институтубуз анын негизинде түзүлгөн. Союздагы эң мыктылардын бири деп таанылган биздин медицина ушундайча түптөлгөн экен.

Карагылачы, Төрөбай Кулатов кандай алысты ойлогон киши болгон! Ырас, бизде өнөр жай анча жакшы өнүккөн жок дейли, бирок гуманитардык жактан, рухий жактан кандай бийиктикке көтөрүлгөнбүз! Нечен элдер кумга сиңген тамчыдай жок болуп кеткенде, биздин элибиз жашап келгендигинин сыры ушул жакта болсо керек – Манастай, Курманжан даткадай, Төрөбай Кулатовдой терең акыл калчаган инсандар улуттун өнүгүшүнө жол чаап келишкен!

 

Түрткү берүүчү суроолор

Алекс Осборн аттуу илимпоз бар. Ал өнүгүүгө умтулган инсандар үчүн түрткү берүүчү суроолорду түзүптүр, контролдук тизме деп аталат. Мисалы:

  1. Ойдогудай чыкпай калган ушул натыйжаны башка максаттарга кантип пайдаланууга болот?
  2. Аны биздин шартка кантип ыңгайлаштыруу, түрүн өзгөртүү керек?
  3. Аны кантип чоңойтууга болот?
  4. Аны кантип кичирейтүүгө болот?
  5. Аны кантип алмаштырууга болот?
  6. Аны кантип кайра жасап чыгууга болот?
  7. Аны кантип толугу менен өзгөртүүгө болот?
  8. Аны кантип бириктирүү керек?

Ушул классикалык тизмени каалагандай маселеге, жаңы идеяларга  кандай колдонууга болот?

Ал эми идея жаратуунун дагы бир нече жолдору, усулу  бар: – бул аналогия.  Дагы бир усул – мажбурлоо жолу. Бул, албетте, уруп, коркутуу  эмес, бул өз ара байланышпаган нерселерди айкалыштырып көрүү усулу.

Ошентип, жаңыча иштейм, доорго шайкеш – заманбап ыкмаларды, усулдуктарды  колдоном десеңер, жаңы, креативдүү идеяларды жаратып, аны логистикалык жолун таап, ишке ашырып, жаңы муунду тарбиялайм десеңер, бул укмуштуу ХХI кылымдын татаал маселелерин чечип, татыктуу жашай аласыңар.

 

Жазып алган Жолдош Турдубаев

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий