КАРА-СУУДАГЫ МЕКТЕП ИНТЕРНАТКА УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ГУМЖАРДАМ ЖЕТКИРДИ

  • 05.09.2018
  • 0

Билим күнү — 2018-жылдын 1-сентябрында Кыргызстандын Улуу Британиядагы Элчилиги тарабынан Ош облусуна караштуу дүлөй балдар үчүн Кара-Суу жалпы билим берүү атайын мектеп-интернатында кайрымдуулук иш-чарасы (акциясы) өткөрүлдү.

КАРА-СУУДАГЫ МЕКТЕП ИНТЕРНАТКА УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ГУМЖАРДАМ ЖЕТКИРДИ

Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчиси Гульнара Искакова интернаттын окуучуларына зарыл болгон буюмдарды — 100дөн ашык жылуу жууркандарды тартуулады.

Бул кайрымдуулук акциясына каражаттарды Кыргыз Республикасынын Лондондогу Элчилигинин кызматкерлери жеке каражаттарына сатып алынган ар кандай улуттук буюмдар жана сувенирлерди кайрымдуулук жарманкелерде сатуу аркылуу топтошкон. Аталган кайрымдуулук жарманкелердин өткөрүлүшүнө жана каражаттардын чогулушуна Улуу Британияда убактылуу жашаган айрым студенттер жана КРнын жарандары жардам беришкен.

КАРА-СУУДАГЫ МЕКТЕП ИНТЕРНАТКА УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ КЫРГЫЗ ЭЛЧИЛИГИ ГУМЖАРДАМ ЖЕТКИРДИ

Өзүнүн сөзүндө Кыргыз Республикасынын Элчиси Г.Искакова мугалимдерди жана окуучуларды Билим күнү жана окуу жылынын башталышы менен куттуктап, келечектин муундарын тарбиялоодогу мугалимдердин кошкон чоң салымын жана ошондой эле адамды адам кылган эмгек, билим жана мээримдүүлүк экендигин белгилеп кетти.

Бөлүшүү

Комментарийлер