ӨКМӨТ ЧЕЧИМИ: ДАГЫ ЭКИ БАЛА БАКЧА МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНЫЛАТ

  • 15.08.2018
  • 0

Бишкектеги эки бала бакчанын имаратын өз максатында пайдалануу боюнча чечим Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекованын билим берүү объектилерин кыдыруу учурунда кабыл алынды.

 

ӨКМӨТ ЧЕЧИМИ: ДАГЫ ЭКИ БАЛА БАКЧА МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНЫЛАТ

ӨКМӨТ ЧЕЧИМИ: ДАГЫ ЭКИ БАЛА БАКЧА МАКСАТТУУ ПАЙДАЛАНЫЛАТ

Борбордогу 6-кичи райондогу мурунку балдар бакчасында учурда – Октябрь райондук Социалдык фонд башкармалыгы, ал эми 11-кичи райондо Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын фонду жайгашкан.

Белгилесек, республика боюнча мектепке чейинки билим берүү мекемелерин мамлекеттик же муниципалдык менчикке кайтаруу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасын аткаруу иретинде жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 19-апрелинде № 1511-1-VI “Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен жер участокторунун, имараттарынын, орун жайларынын жана курулмаларынын абалы жөнүндө” токтому кабыл алынган. Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө максаттуу пайдаланылбаган бала бакчалардын имараттарын мамлекеттик менчикке кайтаруу, ошондой эле мамлекеттик органдар жана ведомстволор жайгашкан бала бакча имараттарын түздөн-түз багыты  боюнча пайдалануу үчүн  аларды бошотуу маселелерин кароо сунушталган.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна министрликтердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен биргеликте мамлекеттик менчикте турган жана максатсыз пайдаланылган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 73 имаратын бошотуу боюнча чараларды көрүүнү тапшырган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер