АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

  • 10.07.2018
  • 0

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова бүгүн, 10-июлда, Чүй облусу боюнча жумушчу сапарынын алкагында Аламүдүн райондук китепканасына жана Чүй облустук ооруканасына барды.

АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Вице-премьер-министр белгилегендей, балдарды, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге багытталган долбоорлор маанилүү болуп саналат.

АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Бул китепканалардын базасында балдар үчүн, анын ичинде мектеп жашына чейинкилерге арналган акысыз секциялар жана ийримдер камтылган долбоорлор иштейт. Жай мезгилинде мектеп жашына чейинки бөбөктөр үчүн боз үйлөрдө жайгаштырылган өнүгүү борборлору иштеп баштады.

АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

«Өкмөт аймактык саясат Концепциясынын алкагында мындай борборлорду туруктуу негизде уюштурууну пландаштырууда. Облустардагы Өкмөттүн ыйгарым өкүлдөрүнө жайкысын мектепке чейинки мекемелерге барбаган же эс алууга чыгууга мүмкүнчүлүгү жок балдар ата-энелери менен биргеликте убакытты пайдалуу өткөрүүчүлөрү үчүн боз үйлөр орнотулган. Бул аркылуу балдарды эрте өнүктүрүүгө ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн гана бурдурбастан, балдардын китеп окууга болгон сүйүүсүн ойготобуз», — деди Алтынай Өмүрбекова.

АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Вице-премьер-министр ырастагандай, бүгүнкү күндө республика боюнча мындай 50 борбор ачылган. Бул борборлордо балдар 3-5 саат бою оюндарды ойношуп, сүрөт тартуу, окуу, шууру тизүү жана башка чыгармачылыктар менен алектенишет.

АЛТЫНАЙ ӨМҮРБЕКОВА: БАЛДАРДЫН МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ ӨНҮГҮҮСҮ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

Мындан тышкары Алтынай Өмүрбекова билдиргендей, Өкмөттүн максаттарынын бири — китепкана ишин өнүктүрүү, мында балдардын чыгармачыл борборлору дагы жайгашуусу үчүн аларга жаңы формат берүү болуп саналат.

«Өлкөдө 1050 китепкана иштейт, алардын 50сү республикалык бюджеттен, калгандары жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Бирок маселе бүгүн маалыматтык технологиялар доорунда, китеп окуу электрондук түргө өтүп жаткандыгын эске алуу менен аларга барбай калышканында болуп турат. Буга карабастан, биз  балдардын чыгармачыл секцияларын киргизүү аркылуу китепканаларды өнүктүрүүгө ниеттенүүдөбүз. Бул идеяны ишке ашыруу максатында Билим берүү жана илим министрлигине негизги ишинен тышкары балдар менен алектене турган китепканачылар үчүн кыска мөөнөттүү курстардын методикасын даярдоо тапшырылды. Менимче, эгерде баштапкы баскычында биз өлкө боюнча 100 китепкананы ишке киргизсек, анда алардын саны көбөйөт», — деп баса белгиледи ал.

Вице-премьер-министр мындай долбоорлордун туруктуу болуу жана  ишине тиешелүү каржылоону алуу мүмкүндүгү изилденип жатканына өзгөчө көңүл бурду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Бөлүшүү

Комментарийлер