АЛАЙЛЫК ОКУУЧУЛАРДЫН МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАДАГЫ ИЙГИЛИГИ

  • 10.07.2018
  • 0

Менталдык арифметика боюна Глобалдык ассоциация тарабынан уюштурулган эл аралык мелдеш 2018-жылдын 23-июн күнү Дубайда өтүп, ага  15 өлкөдөн 200 ашык  бала катышты.

Бул мелдешке  Кыргызстандан 5 жаштан 12 жашка чейинки 90 таланттуу бала катышып, анын ичинен Алай районунун  № 2 Т.Отунчуев атындагы орто мектебинин 4-классынын окуучусу Темишова Айдыңкөл жана 5-класстын окуучусу Алипсатаров Бегалы катышып, жыйынтыгында эки окуучу тең  үчүнчү байгелүү орунду камсыз кылышты.

АЛАЙЛЫК ОКУУЧУЛАРДЫН МЕНТАЛДЫК АРИФМЕТИКАДАГЫ ИЙГИЛИГИ

Бул окуучулардын апалары Апиева Жумагул жана Матешова Аидар кошо барышты жана ийгиликтерге ыраазы болуп келишти.

Темишова Айдыңкөл жана  Алипсатаров Бегалы  Т. Сопуев атындагы лицей- гимназиясы тарабынан уштурулган Ош шаарындагы “Өнүгүү Академиясы” окуу борборунун окутуучусу Амангелди кызы Бегимайдан билим алышкан.

Айдыңкөл менен Бегалы менталдык арифметиканы дагы да терең өздөштүрүүгө аракеттене тургандыгын айтышты.

 

 

Алай району                                                     А.Тажаматов

Поделиться

Комментарии