АДАМ САТУУ -ЖАҢЫ СЫНООЛОР

  • 03.07.2018
  • 0

Приказ № 824/1 от 22.06.2018 года

 «Илимий-практикалык конференция өткөрүү жөнүндө»

«Билим берүү жөнүндө» жана «Адамдарды сатуунун алдыналуу жана ага каршы күрөшүү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык, адамдарды сатуунун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча маалымат кампаниясын күчөтүү максатында буйрук кылам:

  1. 2018-жылдын 30-июлунда «Адамдарды сатуу – жаңыча чакырыктар» илимий-практикалык конференциясы өткөрүлсүн.
  2. Кесиптик билим берүү башкармалыгы (Г. Абылкасымова) жана Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгы (М.Ж. Үсөналиев):

— 2018-жылдын 9-июлуна чейинки мөөнөттө конференциянын уюштуруу комитети жана программасы аныкталсын;

— 2018-жылдын 21-июлуна чейинки мөөнөттө адамдарды сатуу маселелери боюнча макалалар жыйнагын жыйноо жана басып чыгаруу камсыз кылынсын.

  1. Илимий-практикалык конференцияны уюштуруу жана өткөрүү боюнча чыгымдар Европадагы коомсуздук жана кызматташуу боюнча уюм (ЕККУ, Бишкек ш.) тарабынан жүзөгө ашырылары эске алынсын.
  2. Иш-чараны өткөрүү жөнүндө маалымат «Кут билим» коомдук-педагогикалык газетасында жарыялансын.
  3. Ушул буйруктун аткарылышына көзөмөлдө Кесиптик билим берүү башкармалыгына (Г. Абылкасымовага) жана Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М.Ж. Үсөналиевге) жүктөлсүн.

Министрдин орун басары   Н.С.Джусупбекова

Бөлүшүү

Комментарийлер