ЯПОНИЯДА ОКУГАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

  • 28.06.2018
  • 0

Кыргызстандын Япониядагы элчилиги билдиргендей, 2018-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Ч.Айдарбеков Японияда окуусун бүтүргөн JDS долбоорунун бүтүрүүчүлөрү жана ошондой эле Япон эл аралык кызматташтык борборунун (JICE) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

ЯПОНИЯДА ОКУГАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ

Сүйлөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Япониядагы Элчиси Ч.Айдарбеков бүтүрүүчүлөрдү окууларын ийгиликтүү аяктагандыгы менен куттуктап, Кыргызстанга кайрылып келгенден кийин алар мамлекеттин өнүгүүсүнө өздөрүнүн татыктуу салымын кошооруна ишеним арта тургандыгын билдирди. Ал япон тарабына адамдык ресурсунун өнүгүүсүнө натыйжалуу көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Бүтүрүүчүлөр да Японияда окууда мүмкүнчүлүк бергендиктери үчүн  япон элине ыраазычылыгын билдиришти.

Тараптар билим берүү тармагында кызматташтык боюнча жана ошондой эле Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосундагы эки тараптуу экономикалык карым-катнашты мындан ары да өнүктүрүү боюнча пикир алмашышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер