АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СҮРӨТ СЫНАГЫ

  • 06.06.2018
  • 3

Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусунун чыгармалары боюнча балдардын Эл аралык сүрөт сынагы Билим берүү жана илим министрлиги жана «Балажан» Республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борбору уюштурулган. Сынакка  Казакстандан, Россиядан, Беларусиядан, Өзбекстандан, Украинадан жана мекенибиздин бардык аймактарынан 8 жаштан 17 жашка чейинки жаш сүрөтчүлөр жигердүү катышты. Бул чыгармачыл сынакка бардыгы ар кандай техникадагы 1800дөн ашык сүрөт иштери келип түшкөн. Ар бир сүрөттө балдар улуу жазуучунун окуган чыгармасын өз алдынча көрүүсүн кайталангыс кылып чагылдырышкан.

АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫ БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК СҮРӨТ СЫНАГЫ

Курамына көрүнүктүү маданият ишмерлери, кесипкөй сүрөтчүлөр кирген эң компетенттүү калыстар тобуна Кызматташтыктын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз Республикасынын Эл сүрөтчүсү, Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинин директору, көркөм сүрөт искусствосунун профессору Шыгаев Юристанбек , «Балажан» РЭТОУБдун директору, Кыргызстандагы ЮНЕСКО клубдарынын Ассоциациясынын Президенти Мусина Дария,  сүрөтчү, Кыргыз Республикасынын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер, СССрдин сүрөтчүлөр бирлигинин мүчөсү Жакыпов Жылкычы ,  КР Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары  Рыспеков Бакытбек , ошондой эле  Морозов Олег, Сергиенко Анатолий сүрөт иштерин баалоодо кесипкөй сүрөтчүлөр балдардын иштеринин оригиналдуулугун, окуган чыгарманы кабыл алуусунун таңкаларлык тазалыгын, өз ой-сезимин сүрөт аркылуу билдире алуу жөндөмүнө суктанууларын жашырбастан ачык айтып турушту. Мыкты сүрөт иштери татыктуу орундарга ээ болушту. Сынактын жыйынтыгы боюнча төмөнкү окуучулар жеңүүчү деп табылышты:

8-10 жаш курактык категорияда:

Орозбекова Амелия, Кыргызстан (1-орун), Токтосунов Амат, Кыргызстан (1- орун);  Бондаренко Елизавета, Кыргызстан (2-орун), Иманакунова Самира, Кыргызстан (2-орун); Абдрахманов Эмирзат, Кыргызстан (3-орун), Загородный Роман, Кыргызстан (3-орун).

11 – 13 жаш курактык категорияда:

Омонбаева Камола, Өзбекстан (1 место), Осмоева Насыйкат, Кыргызстан (1-орун), Саламатина Марина, Кыргызстан (1-орун); Айдаралиева Аниса, Кыргызстан (2-орун), Эрматова Бермет, Кыргызстан (2-орун), Любимцева Анастасия, орусия (2 -орун), Эсенаман кызы Нурайым, Кыргызстан (2 -орун); Казимова Карина, Кыргызстан (3-орун), Кацапова Кристина, Беларусь (3-орун), Пивоварова Мария, Казакстан (3-орун).    

14 – 17  жаш курактык категорияда:

Догдурбаева Сабина, Кыргызстан (1-орун), Орозбаева Гаухар, Кыргызстан (1-орун), Жидкова Анфиса, Кыргызстан (1-орун); Алиева Айсулуу, Кыргызстан (2-орун), Вольф Татьяна, Казакстан (2-орун), Усенова Алтынай, Кыргызстан (2-орун); Имашева Нурайым, Кыргызстан (3-орун), Ишенбеков Акылбек, Кыргызстан (3-орун),  Эсенбекова Тамара, Кыргызстан (3-орун).

Сынактын жыйынтыгы боюнча Ч. Айтматовдун чыгармаларына сүрөттөрдүн каталогун басылып чыкты. Мыкты сүрөт иштери Г. Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт өнөр музейинде уюштурулган көргөзмөдөн орун алышты.  5-июнда көргөзмө салтанаттуу ачылып, Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча сүрөттөрдүн каталогунун бет ачары  жана сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Комментарийлер

KelanSox / 31.03.2020 17:57
https://edmedicationsus.ru - заказать реферат срочно Наша команда выручает студентов с 2015 года. В процессе борьбы с невероятно сложными предметами и хитрыми преподавателям мы смогли помочь более чем 5000 клиентам. Мы стремимся оказывать услуги наивысшего уровня и поэтому стараемся улучшить каждую деталь нашей работы: авторы проходят тестирования и пробный период, с менеджерами проводится ежемесячное обучение по общению с клиентами, и техническая доработка сайта не прекращается ни на секунду. Мы беремся за все предметы и все типы работ. Также мы с радостью выполним доработки уже готовой работы или напишем самые трудные разделы. Наша цель – это максимально упростить обучение в ВУЗе и сделать его спокойным. Мы работаем без офиса, хоть и имеем официальную регистрацию. Это дает нам возможность избежать лишних затрат и как результат наши цены доступные для всех студентов. Быстрое развитие компании связано с большим процентов довольных клиентов, которые рекомендуют нас своим одногруппникам и знакомым из других университетов. С начала 2015 года мы запустили систему вознаграждений за такие рекомендации и уже выплатили 200000 рублей. Эти деньги могут были использованы для заказы новых работ. Мы продолжаем развиваться и оказывать услуги высокого уровня. Надеемся, что вы оцените наши старания! https://edmedicationsus.ru - решение контрольных заказать отчет по практике написание дипломных работ отчет по практике на заказ e6_2356
Т.И.Ташимова / 08.06.2018 09:15
Добрый день! Почему среди призеров мало зарубежных участников? Они получать за участие сертификаты?
Т.И.Ташимова / 08.06.2018 09:12
Добрый день! Почему среди призеров мало зарубежных участников? За участие будет ли какие нибудь сертификаты?