ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАР ЖАНА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

  • 27.04.2018
  • 0

Чыгармачыл адамдар жана ойлоп табуучулар Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнө карата эл аралык сыйлыктар жана өкмөттүк сыйлыктар менен сыйланышты

ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАР ЖАНА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Бүгүн 2018-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова чыгармачыл эмгеги жаңычылдык, ойлоп табуучулук, адабият жана искусство менен байланышкан чыгармачыл адамдарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) эмгек жамаатын Интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик системасынын түзүлүшүнүн 25 жылдыгы менен куттуктады.

ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАР ЖАНА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Алтынай Өмүрбекова өзүнүн куттуктоосунда белгилегендей, интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо системасынын натыйжалуулугу көп жагынан авторлордун, окумуштуулардын, ойлоп табуучулардын чыгармачылык активдүүлүгүн жана бизнес чөйрөсүн аныктап, дүйнөлүк коомдоштук өлкөлөрүнүн илимий-техникалык, маданий жана экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

“Биздин алдыбызда көптөгөн милдеттер турат, бирок алардын эң башкысы экономикалык өсүштүн мол инновациялык булагы катары кызмат кылган, адамдардын жашоосу жана иши үчүн жаңы идеялардын, ойлоп табуулардын, маданият жана искусство чыгармаларынын көп санынын пайда болушуна демилге берген шарттарды түзүүдө турат”, — деди вице-премьер-министр.

ЧЫГАРМАЧЫЛ АДАМДАР ЖАНА ОЙЛОП ТАБУУЧУЛАР СЫЙЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн Ардак грамотасы менен Кыргызпатенттин Товардык белгилерди экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти Дариха Иманалиеваны сыйлады.

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) “Мыкты ойлоп табуучу” номинациясынын Алтын медалы менен Сергей Степановду, ИМБДУнун “Чыгармачылык жетишкендиктери үчүн” номинациясындагы Алтын медаль менен Улуттук жазуучулар союзунун төрагасынын орун басары Тынчтыкбек Нурмамбетовду, ИМБДУнун “Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү мыкты ишкана” номинациясындагы Алтын медалы менен “Электрофарфор” ЖЧКсынын жетекчиси Владимир Шипиловду, «Патенттик ишке кошкон салымы үчүн» номинациясында Евразия патенттик уюмунун В. И. Блинников атындагы Алтын медалы менен ойлоп табуучу Владимир Даровскихди сыйлады.

Салтанаттуу чогулуштун жүрүшүндө вице-премьер министр “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

“Акыл табылга” (мыкты ойлоп табуу) номинациясындагы стауэтка жана 1-даражадагы диплом “Гидравликалык бульдозердун жумушчу жабдуусу” ойлоп табуусуна ыйгарылды. (Авторлор: Куттубек Исаков, Жеңишбек Тургумбаев, Аманбек Алтыбаев, Алик Бейшеналиев, Арстанбек Чопоев).

“Мыкты бренд” (Мыкты соода маркасы) номинациясындагы стауэтка жана 1-даражадагы диплом “Дордой” жана “Көчмөндөр оюну”  товардык белгилерине ыйгарылды.

“Интеллектуалдык өнөктөштүк” (Интеллектуалдык менчикке кадыр-баркты камсыз кылууга көмөктөшүү) номинациясындагы статуэтка жана 1-даражадагы диплом Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Мамлекеттик юридикалык академиясына ыйгарылды.

“Канатташ” (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу) номинациясындагы статуэтка жана 1-даражадагы диплому менен Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы сыйланды.

“Келечек жаратман” (Жаш техник) номинациясындагы статуэтка жана 1-даражадагы диплом менен Талас шаарынын Э. Султанбеков атындагы орто мектебинин 7-классынын окуучусу, Талас шаарындагы Балдардын билим берүү борборунун “Жаш техник” ийриминин тарбиялануучус Марлис уулу Төрөгелди сыйланды. Долбоорлору – “Бургулоо техникасы” жана “Курут чыгаруучу аппарат”.

Алтынай Өмүрбекова жогорку окуу жайларында технопарктарды түзүү боюнча республикалык конкурстун жеңүүчүлөрүн сыйлады.

1 900 000 сом суммасындагы сертификат М. Адышев атындагы Ош технологиялык университетине тапшырылды.

2 000 000 сом суммасындагы сертификат  Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш транспорт жана архитектура университетине тапшырылды.

1 900 000 сом суммасындагы сертификат И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырылды.

Мындан сырткары, вице-премьер-министр “Мыкты инновациялык долбоор” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрү Олег Пахомеевге жана Дамира Токоевага “Кыргыз Республикасынын кайрак жерлеринин шарттары үчүн жумшак күздүк буудай сортунун селекциясы жана алгачкы үрөндү өстүрүү” долбоорун ишке ашырууга, Мамасабыр Ураимовго “Урма-айланма ыкмасы менен шпурларды бургулоо үчүн бургулоо аспабынын айлануусунун гидравликалык механизми менен гидравликалык перформатор” долбоорун ишке ашырууга, Тынчтык Мукановго “Агымы катуу каналдардын сууларын чыгымдоонун суу чыгаруу-стабилизаторунун өндүрүштүк моделинин түзүлүшү” долбоорун ишке ашырууга, Абдиумаматкадыр Аширалиевге “Электр энергиясын үнөмдөө максатында окуу корпусун жылытуу үчүн ысытылган суунун буусу менен жылытылган казандын жаңы принцибин жайылтуу” долбоорун ишке ашырууга грант алууга сертификаттарды тапшырды.

 

Салтанатуу жыйындын экинчи бөлүгүндө Кыргызпатенттин төрагасынын милдетин аткаруучу Самат Байзаков интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө салмактуу салым кошкон Роман Оморов, Надырбек Турганбаев, Зина Исабаева, Ажибай Калмаматов, Марат Назарбеков, Абдыллабек улуу Манас, Досалы Эсеналиев сыяктуу белгилүү таланттуу жетекчилерди атап өттү.

“Бул майрам күнү, чыгармачылык жөндөм энчиленген бардык адамдарга, интеллектуалдык менчик системасы сунуштаган мүмкүнчүлүктөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдаланууларын, жаңы баалуулуктарды түзүүнү, өзүнүн чыгармачылык ресурстарын материалдык жыргалчылыкка айландырууга жөндөмдүү экономикалык активдерге айландырууларын жана биздин өлкөнүн бардык жарандары үчүн мыкты келечекти курууга мүмкүндүк берүүнү каалап кетер элем”, — деди Кыргызпатенттин төрагасынын милдетин аткаруучу.

С. Байзаков “Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсунун жеңүүчүлөрүнө 2- жана 3-даражадагы дипломдорду, КМЮАнын жана ИИМдин Академиясынын окутуучуларына ардак грамоталарды тапшырды. Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун координаторлоруна, илим-изилдөөдөгү жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктөрүндөгү ийгиликтери үчүн студенттерге, ошондой эле мектеп окуучуларынын арасындагы техникалык чыгармачылыктын республикалык жана облустук конкурсунун жеңүүчүлөрүнө бир жолку стипендиялар жана грамоталар берилди.

Алтын медаль жана грамота менен сыйланган адамдар алардын эмгектерин жогору баалагандыктары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдиришип, патент ишине берилүү менен аракеттенгендиктери үчүн Кыргызпатенттин бардык жамаатына чоң ыраазычылык билдиришти.

Мындан сырткары, Кыргызпатенттин бир катар кызматкерлери “Патент кызматынын отличниги” төш белгиси жана ведомствонун ардак грамотасы менен сыйланышты.

 

Гүлбара Кудайбердиева

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер