ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА БЛОКЧЕЙН-ТЕХНОЛОГИЯСЫ

  • 18.04.2018
  • 0

Москвада Интеллектуалдык менчикти санарипке өткөрүүдө блокчейн-технологияларын пайдаланууга арналган ири эл аралык конференция өткөрүлдү

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК МЕНЧИК ЖАНА БЛОКЧЕЙН-ТЕХНОЛОГИЯСЫ

2018-жылдын 16-17-апрелинде Москва шаарында Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызмат (Роспатент) жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) тарабынан уюштурулган “Санариптик трансформациялоо: интеллектуалдык менчик жана блокчейн-технологиясы” Эл аралык конференциясы болуп өттү. Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Досалы Эсеналиев жана Кыргызпатенттин маалымат технологиялар секторунун башчысы Александр Хегай катышты.

Конференциянын программасында интеллектуалдык менчик, ар түрдүү өлкөлөр үчүн анын мааниси, интеллектуалдык менчиктин келечектеги өсүүсүнүн негизги факторлору катары жаңы технологиялар, интеллектуалдык менчик негизги ролду ойногон тармак катары маалымат технологиялары жана ЖМК жаатындагы актуалдуу маселелер белгиленди.

Өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөзүндө Кыргызпатенттин төрагасы Кыргыз Республикасы “Таза коом” мамлекеттик программасынын алкагында экономиканы санариптештирүүгө киришкенин белгиледи.

“Блокчейн-технологиясын пайдалануу авторлукту, артыкчылыкты белгилөө, лицензиялык бүтүмдөрдү көзөмөлдөө, ошондой эле “смарт-контракт” аркылуу интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды өткөрүп берүүгө мүмкүндүк түзөрүн белгилөөгө болот. Ошондой эле анын артыкчылыгы мында, блокчейн-технологиялар маалыматтарды коргоонун бузууга каршы системасын камсыз кылат. Албетте, блокчейн-технологияларынын мүмкүнчүлүктөрү чоң, бирок маселе мында эмес, маселе, биз блокчейн-технологияларынын укуктук жана техникалык аспектилерин камтыган ийкемдүү ченемдик базаны кантип түзөбүз, мына ушунда” – деди Д.Эсеналиев. Ошондой эле ал Кыргызпатентте ушул багытта жүргүзүлүп жаткан иштерди белгилеп, ведомствонун расмий сайтына Кыргыз Республикасынын товардык белгилери боюнча Улуттук маалыматтар базасы байлангандыгы, патенттик фондду санарипке өткөрүү боюнча иштер, өтүнмөлөрдү электрондук берүүнүн колдонулган системасы жана санарипке байланыштуу ведомствонун башка иштери тууралуу айтып өттү.

Уюштуруучулар белгилегендей, блокчейн-технологиясын пайдалануунун негизинде интеллектуалдык менчик чөйрөсүн өнүктүрүүнүн келечеги, мүмкүнчүлүгү жана стратегиясы конференциянын башкы темасы болду. Конференциянын катышуучулары интеллектуалдык менчик объектилерин каттоого, сактоого жана коопсуздугун камсыз кылууга блокчейндин кантип жардам берерин, соттук териштирүүлөрдө чыгымды азайтуу мүмкүнчүлүгү болобу жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону жана сактоону жакшыртуу үчүн санариптик технологияларды кантип пайдалануу керек экендигин талкуулашты.

Конференцияга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 800дөн ашык адам катышты. Булар интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү глобалдуу жана регионалдуу түзүмдөрдүн өкүлдөрү, улуттук патенттик ведомстволордун башчылары, дүйнөлүк бизнестин өкүлдөрү, блокчейн-технологиялар чөйрөсүндөгү дүйнөлүк деңгээлдеги эксперттер, РФ бийлигинин федералдык органдарынын жетекчилери.

Маалымдама:

Жогоруда белгиленгендерге байланыштуу Кыргызпатент тарабынан  Кыргызпатенттин патенттик фондун жана патенттик-техникалык китепканасын санарипке өткөрүү боюнча чоң иш жүргүзүлүп жатканын белгилөөгө болот, анда санарипке өткөрүлгөн материалдарды таануунун заманбап технологиялары пайдаланылат. Ведомствонун иш кагаздарын жүргүзүүдө заманбап санариптик технологияларды пайдалануу маалыматты коргоонун жана берүүнүн заманбап интеллектуалдык каражаттарын жайылтууну талап кылат. Ушуга байланыштуу Кыргызпатент тарабынан азыркы учурда ведомствону техникалык кайра жабдуу боюнча маалыматтык коопсуздук бөлүгүндө иштин чоң көлөмү жүргүзүлүүдө.

Блокчейн (blockchain) технологиясы – бөлүштүрүлгөн маалыматтар базасын уюштуруу системасы. Эксперттердин пикирлери боюнча технология мамлекеттин жана бизнестин коромжуларын олуттуу ылайыкташтырууга мүмкүндүк түзөт, блокчейн технологиясынын жардамы менен интеллектуалдык укуктарды коргоого болот.

 

Кыргызпатенттин басма сөз катчысы

Гүлбара Кудайбердиева

 

Бөлүшүү

Комментарийлер