«ОКУГАН БАЛА– ГҮЛДѲГѲН КЫРГЫЗСТАН» ЖУМАЛЫГЫ

  • 12.04.2018
  • 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ, АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) жана Кыргызстандагы АКШнын элчилиги биргеликте 21-27 апрелде улуу жазуучу Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн белгилөө жумалыгын өткөрөт.

Иш-чаранын максаты – билимге, руханий байлыкка жана маданиятка жол ачкан китеп окууга балдардын жана чоңдордун кызыгуусун арттырып, бул багытта ата-энелердин маанилүү ордун көрсөтүү жана патриотизм, адам өмүрүнүн баалуулугу, табият менен адам баласынын бирдиктүүлүгү идеяларын илгерилетүү максатында залкар жазуучу Ч. Айтматовдун чыгармаларына назар буруу.

Китеп жумалыгынын алкагында 21-апрелден 27-апрелге чейин министрликтердин жана USAIDдин «Келгиле, окуйбуз!» долбоорунун колдоосу менен Кыргызстандын бардык китепканаларында жана мектептеринде китеп көргөзмөсү, Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуу боюнча конкурстар жана викториналар, конструкторду мелдештер, сыйлыктарды тапшыруу, фольклордук жана эстрадалык музыка концерти сыяктуу бир катар иш-чаралар өткөрүлөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер