ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ КАТТОО БАШТАЛДЫ
- 16.02.2018
- 0
2018 — ЖЫЛДАГЫ ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨНҮН КАТЫШУУЧУЛАРЫНЫН КАТТООСУН ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ БУЙРУК
Жалпы республикалык тестирлөөнүн 2018 — жылдагы катышуучуларынын каттоосун өткөрүү максатында буйрук кылам:
- Жалпы республикалык тестирлөөнүн катышуучуларынын каттоосу 2018-жылдын 15 — февралынан 5- апрелине чейин жүргүзүлсүн.
- Каттоо 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн окуп жаткан окуу жайларында, мурунку жылдары бүткөн бүтүрүүчүлөр үчүн негизги жашаган жеринде жайгашкан райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүндө жүргүзүлсүн.
- Бишкек жана Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын, райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн, жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерине:
3.1. Жалпы республикалык тестирлөөнүн катышуучуларынын каттоосу Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан иштелип чыккан талаптардын негизинде жүргүзүү;
3.2. Билим берүү органдарында жана жалпы билим берүү уюмдарында катышуучулардын каттоосун жүргүзүү максатында атайын бөлмө бөлүп берүү, керектүү байланыш каражаттарын, жабдууларын жана уюштуруу техникасын камсыздоо;
3.3. Каттоону жүргүзүүнү райондук (шаардык) билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу адистерин 1- тиркемеге ылайык бекитүү уюштурулсун.
- 4. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгына (М.Ж.Усеналиев) жүктөлсүн.
Негизи: Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун 2018-жылдын 1-февралындагы № 1 кайрылуусу.
Министр Г.К. Кудайбердиева
Комментарийлер