АКАДЕМИК А.АКМАТАЛИЕВ УЛУТТУК КОНСЕРВАТОРИЯНЫН АРДАКТУУ ПРОФЕССОРУ АТАЛДЫ

  • 16.01.2018
  • 0

КР УИАнын академиги, гуманитардык жана экономикалык илимдер бөлүмүнүн төрагасы Абдылдажан Акматалиев Кыргыз улуттук консерваториянын окумуштуулар кеңешинин 15-январдагы чечими менен “Консерваториянын ардактуу профессору” аталды.

Академиянын маалымат бөлүмү кабарлагандай, окуу жайдын ректору Муратбек Бегалиев ардактуу наамды 15-январда академияга келип тапшырып кетти. М.Бегалиев куттуктоо сөзүндө: “Тил жана адабиятты таануу жагын бийик деңгээлге көтөрүп, кыргызды кыргыз кылып жаткан сиздердин бөлүмүңүздөр. Аны жетектеп келе жаткан Сиздин мээнетиңиз опол тоодой. Биздин окумуштуулар кеңеши “Консерваториянын ардактуу профессору” деген наамды ыйгарып, ошону менен катар бүгүнкү  туулган күнүңүз менен куттуктайт”, — деди.

Академик, белгилүү хирург Миталип Мамытов А.Акматалиевге илимде дагы да бийиктиктерди багынтуусун каалап: “Сиз көп эмгек сиңирдиңиз, Ч.Айтматов атындагы институтту башкарып, Академиясын иштетип, Ч.Айтматовдун чыгармаларын жайылтууда эмгегиңиз зор. Бул жакка келген сайын Манастын, Айтматовдун рухун сезип жатабыз. Бул чоң нерсе. Сизди Манас менен Чыңгыздын руху колдоп жүрсүн”, — деп кошумчалады.

КР Президентинин кеңешчиси Жеңиш Раззаков, академик А.Акматалиевдин кыргыз тилин жайылткандагы ордун, анын маанилүүлүгүн айтып, мамлекеттүүлүктүн негизги белгиси болгон кыргыз тилин өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын баса белгилеп өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер