БИЛИМ БЕРҮҮДӨ СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДЫ КОЛДОНУУ

 Аннотация

 XXI кылым маалымат технологиялар кылымы болгондуктан, учурда бир нече социалдык тармактар адамдардын бири- бири менен байланышуусун, пикир алмашуусун, иштөөсүн, жада калса билим алуусун камсыздап келе жатат. Социалдык тармактардын мынчалык деӊгээлде жайылышынын себеби, мүмкүнчүлүктөрүнүн кеӊири колдонууга ыӊгайлуу болуусу. Учурда кээ бир социалдык тармактар миллиарддан ашуун колдонуучуларды топтой алды. Дүйнөлүк масштаб менен алганда колдонуучуларынын саны боюнча фейсбук (facebook) социалдык тармагы биринчи орунда турат. Бул колдонуучулардын катарында социалдык тармактарды билим берүү процессинде колдонгондор да бар.

Бул макалада учурдагы эӊ кеӊири жайылган фейсбук (Facebook), твиттер (Twitter), ютуб (YouTube) сыяктуу социалдык тармактардын билим берүүдө түрдүү жолдор менен колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгабыз.

 Ачкыч сөздөр

 Социалдык тармактар, фейсбук, твиттер, ютуб, скайп, онлайн билим берүү.

Киришүү

 Бүгүнкү күндө бир нече социалдык тармактар адамдардын бири-бири менен байланышуусун, пикир алмашуусун, ой бөлүшүүсүн  камсыздап жатат. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында учурда адамдардын социалдык тармактар  аркылуу бири-бири менен маалымат алмашуусу 2-3 эсе жогорулаганын аныкташкан. Колдонуучуларынын басымдуу бөлүгүн студенттер жана окуучулар түзүшөт.

Социалдык тармактарда маалымат алмашууларды аудио, видео, файл, тексттик билдирүүлөр түрүндө жүргүзүүгө болот. Мисал катары ютуб (YouTube) видео материалдарды бөлүшүүүчүн эӊ ынгайлуу тармак десек болот. Тексттик маалыматтар менен бөлүшүүүчүн Твиттер (Twitter), ар кандай вики (wiki) сайттар колдонулат. Ал эми адамдар бири-бири менен баарлашуусу үчүн социалдык тармактардын чаттары (чат, англисче chatter – сүйлөшүү), Ватсапп (WatsApp), Скайп (Skype) сыяктуу тиркемелерди колдонууга ыӊгайлуу. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен билим берүү процесстеринде мугалимдер жана окуучулар өз ара маалымат алмашуусун жеӊилдете алышат.

 Жыйынтык

 Учурда эӊ кеӊири колдонулуп жаткан социалдык тармактар менен кыскача таанышып, билим берүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн жана пайдаларын карап чыктык. Эгерде ар бир билим берүү мекемесинде интернет байланышы жана компьютердик жабдыктар жеткиликтүү болсо, жогоруда айтылып кеткен мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, заманбап билимге акысыз ээ болууга шарттар түзүлөөрүн көрдүк. Ар бирибизге кызыгуу жараткан интернет, анын ичинде социалдык тармактар мындан ары да өнүгүп, кызыгуубузду арттыра берет. Биз аны туура колдонуп, билим берүү тармагында пайдалуу жагын алышыбыз зарыл.

Социалдык тармактар жана аларды билим берүүдө колдонуу

 

1.1
Фейсбук (Facebook) – дүйнөдөгү эӊ кеӊири таралган социалдык  тармактардын бири. Колдонуучуларынын саны 1.3 миллиарддан ашуун. Фейсбук 2004-жылдын 4-февралында Гарвард университетинин студенти Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. Башта Гарвард университетинин студенттери гана колдоно алышкан. Кийин Америкадагы окуу жайлардын студенттерине колдонууга уруксат берилген. 2006-жылдан тарта бул чектөөлөр алынып, бардык колдонуучуларга колдонуу мүмкүнчүлүгү берилген. Бул тармак жарнамаларды жарыялоо жолу менен киреше табат.

  Фейсбук тармагын колдонуу үчүн сөзсүз түрдө катталуу зарыл. Фейсбукка  www.facebook.com дареги аркылуу акысыз катталууга болот. Каттоо учурунда колдонуучунун аты (username) катары электрондук почтасын же телефон номерин көрсөтсө болот. Учурда бул социалдык тармак Кыргызстан аймагында да кеӊири жайылып жатат.

Фейсбук социалдык тармагынын мүмкүнчүлүгүн колдонуп, мугалимдер окуучулар үчүн атайын бир баракча же тайпа (группа) түзө алат. Бул баракчаны ачык же жабык түрдө түзсө болот. Эгер ачык боло турган болсо, каалаган адам ал баракчада жарыяланган маалыматтарды көрө алат. Эгер жабык түрдө болсо, баракчаны түзгөн мугалимдин уруксаты берилген гана окуучулар көрө алышат.

Фейсбук баракчасынын мүмкүнчүлүктөрүн карап көрсөк:

1. Түзүлгөн баракчага каалагандай ат коюп, профиль жана мукаба (обложка) сүрөттөрүн кошсо болот. Баракчанын атын сабактын атынан, мугалимдин атынан же класстын атын алып коюу туура болот.

2. Баракча аркылуу мугалимден башка окуучулар да сүрөт, видео, файл, шилтемелерди (ссылка) бөлүшө алат. Мисал катары сабакта өтүлгөн темага байланыштуу мисалдар менен талкууларды уюштурууга болот.

3. Баракчага кошулган колдонуучулар менен бир иш-чара уюштурууга болот. Иш-чаранын аталышын, убакытын, өткөрүлө турган жерин көрсөтө аласыз. Бул үчүн атайын  фейсбуктун календарынын мүмкүнчүлүгүн колдонсо болот.

4. Мугалим баракчага башка Твиттер (Twitter), Ютуб (YouTube) сыяктуу тармактардагы баракчаларын кошо алат.

5. Баракча аркылуу мугалимдер онлайн сынак ала алат. Ал үчүн баракчага суроо жазып, окуучулар жоопторун түшүндүрмө катары (комментарий) эмес, баракчадагы билдирүү деген бөлүмүнөн мугалимге жооп жазып, окуучулар бири-биринин жоопторун көрө албагыдай кылып алууга болот.

6. Баракчанын административдик бөлүмүнөн сиз берген суроону кимдер окугандыгы тууралуу маалымат ала аласыз.

7. Эгерде бир билдирүү маанилүү болсо, ар дайым баракчанын эӊ жогору жагында туруусун жөндөй алат. Мисалы, “Жума күнү саат 10:00дө сынак болот” деген билдирүүнү окуучулардын баарына белгилүү болуусу үчүн, ар дайым баракчанын жогору жагында чыгып тургандай кыла алат.

8. Сабакта өтүлгөн темага байланыштуу жалпы материалдарды (видео, аудио, файл, сүрөт сыяктуу) мугалим баракчасына жүктөп, окуучуларга жеткире алат. Же окуучулар сабакка байланыштуу материалдарды баракчанын башка колдонуучулары менен бөлүшө алат.

Фейсбук социалдык тармагынын билим берүүдө колдонуу пайдалары:

1. Окуучулар арасындагы мамилени бекемдейт жана ар дайым бири-бири менен мамиледе болуусун сактайт.

2. Маалыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү жеӊилдейт жана көптөгөн маалыматка ээ боло алат.

3. Окуучулар арасында тайпа менен иштөө жана бири-бирине жардамдашуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

4. Окуучулар арасында гана эмес, мугалимдер арасында да маалымат таратуу жана маалымат алуу оӊой болот.

5. Мугалимдердин окуучуларга кайрылуусу оӊой болот.

2
Твиттер (Twitter) – 2006-жылдан бери блог (блог — жеке адамдын билдирүү, жаӊылыктарын камтыган интернет баракча) жазуунун жаӊы түрүндө жарыяланган социалдык тармактардын бири. Азыркы учурда 500 миллион колдонуучусу менен эӊ кеӊири таралган социалдык тармактардын катарына кирет. Твиттер социалдык тармагына катталып колдонуу акысыз. Твиттерди колдонуу үчүн сөзсүз түрдө www.twitter.com дареги аркылуу катталуу зарыл. Колдонуучулар твиттерде 140 символдон ашпаган блог менен билдирүү жасай алышат. Билдирүүдөгү ‘#’ белгиси менен башталган сөздөр хештег (хештег, англисче hashtag — тематикалык белгилөө, # белгиси менен башталган сөз же фраза)  деп аталат, маанилүү болгон сөздөргө кошулуп жазылат, ал эми ‘@’ белгиси колдонуучулардын аттарына кошулуп жазылат.

Твиттерди билим берүү тармагында колдонуу үчүн, мугалим твиттерге катталат жана окуучулар мугалимдердин билдирүүлөрүнө ээ болуу үчүн алардын да катталуусу шарт. Твиттердин билим берүүдө колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн карап көрсөк:

1.Твиттерде 140 символго чейинки билдирүүлөр болгондугу үчүн, мугалимдер окуучуларына жарыяларды жана кыскача маалыматтарды же шилтемелерди бөлүшө алат.

2.Твиттерде хештег маанилүү рол ойногондуктан, билдирүүлөргө хештег кошуп жазуу пайдалуу болот. Окуучулар үчүн да керектүү маалыматтарды хештег аркылуу издеп табууга оӊой болот. Мисалы: #algebra_sabagy деген хештег билдирүүгө кошуп жарыяланса, окуучулар да бул хештег менен жарыяланган алгебра сабагына тиешелүү бардык маалыматтарды таба алат.

3. Сабакка байланыштуу сүрөттөрдү же видеолорду бөлүшүү мүмкүнчүлүгү бар.

4. Мугалим твиттер аркылуу окуучуларга суроо берип, жооп ала алат.

 

3_1
 Скайп (Skype) – колдонуучуларга бири-бири менен интернет аркылуу үн, видео жана чат жардамы менен байланышууга мүмкүнчүлүк берген программа. Кадимки телефон тармактарынын абоненттерине да чалууларды аткарса болот. Skype кызмат ичинде чалуулар акысыз, бирок бекитилген (зым аркылуу байланышкан) жана мобилдик телефондорго чалууларга акча төлөш керек. Ошондой эле, Скайп өзүнүн кошумча мүмкүнчүлүктөрү менен популярдуу болгон, алардын ичинде файл жиберүү жана видео-конференция уюштуруу кызматтары бар.

Маалымат технологияларынын өнүгүшү менен билим берүү тармагына  онлайн же узактан билим берүү (дистанттык окутуу — дистанционное обучение) деген жаӊы окутуу системасы кирди. Бул система менен үйдө отуруп эле интернет, компьютер жана програмдык жабдыктардын жардамы менен билим алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Скайп програмдык жабдыгы онлайн билим берүүдө негизги каражат катары колдонулуп жатат.

 Ютуб (YouTube) – видеолордун топтомун камтыган веб сайт болуп саналат. 2005-жылдан тартып иштеп келет. Жүктөлгөн видеолордун саны боюнча биринчи орунда турат.  Бул сайттын колдонуучулары видеолорду сайтка жүктөө, көрүү жана бөлүшүү мүмкүнчүлүктөрүнөн колдоно алышат. Жалпысынан видео клиптер, музыкалар, видео блогдор, кыска ар кандай видеолор жана билим берүү багытындагы видеолорду камтыйт.

Билим берүү багытындагы видео материалдар www.youtube.com/education адресинде жайгаштырылган. Бул бөлүмдөгү видеолор баштапкы орто мектептер, университеттер жана үзгүлтүксүз окутуу багытында үч топко бөлүнгөн. Билим берүүдөгү сабактардын баарын табууга болот. Сабактардын узактыгы орточо 40-60 минута арасында. Окутуу тилдери да ар түрдүү.

Мугалимдер, окуучулар же студенттер ютубдун жардамы менен эмнелерди кыла алат?

1. Мугалим gmail электрондук дареги аркылуу ютуб сайтына катталып, сабакка тиешелүү же окуучуларга пайдалуу видеолорду жүктөй алат. Мугалим өзүнө гана тиешелүү канал ачып, ошол жакка видео жүктөшү пайдалуураак болот.

2. Жүктөлгөн видеолорго чектөө киргизип, жалгыз гана окуучулары көрө тургандай кыла алат.

3. Сабакка тийиштүү видеолордун үстүндө окуучулар менен талкууларды жасай алат. Талкуу видеонун төмөн жагындагы комментарий бөлүгүндө жүргүзсө болот.

4. Ютубда бар болгон, сабакка тиешелүү видеолордун тизмесин түзүп, окуучулар менен бөлүшө алат.

5. Ютубда кызыктуу же керектүү видеону көрүүүчүн убакыт болбосо, “Кийин көрөм” тизмесине кошуп, кийин оӊой таап көрүү мүмкүнчүлүгү бар.

 Ютубга видео жүктөөдө Youtube Video Editor программасы колдонулат. Бул программанын жардамы менен видеолорду төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөр менен өзгөртүүгө болот:

1. Видеолордун сапатын өзгөртүп, ылдамдыгын жогорулатуу-түшүрүү.

2. Видеолорду каалагандай кесүү.

3. Видеонун арасына окуучуларга түшүнүктүү болуусу үчүн түшүндүрмө кошуп коюу.

4. Видеолорго субтитр (кошумча сөз, сүйлөм) кошуу.

 Ютуб сайтында түз эфир кызматын колдонуу.

Ютубдун түз эфир кызматы узактан билим берүүдө колдонулган мүмкүнчүлүктөрдүн бири болуп саналат. Бул кызматты gmail электрондук почтасы аркылуу катталган ар бир колдонуучу акысыз колдоно алат. Интернет бар мектептерде,  университеттерде бул кызматты окуучулар менен мугалим бир аудиторияда боло албаган мезгилдерде колдонсо болот. Мисал катары ар башка региондогу мектептердеги мугалимдерди алмаштырып сабак берүү. Чүй областындагы бир мектептин математика мугалиминин окуучуларга сабак берүү методун, Ош областындагы мектептердин бирине түз көрсөтүү менен окуучулар жаӊы билим берүү формасын жеткире алат. Учурда мектептердеги чет тилинен сабак берген мугалимдер жетишпегендигин, ушул сыяктуу узактан сабак берүү методу менен чечсе болот.

 Ютубдун бул кызматы аркылуу кандай мүмкүнчүлүктөрдү аткарса болот?

1. Түз эфир аркылуу өтүлгөн сабак, конференция же кандайдыр бир иш-чараны  бүт интернет колдонуучулар менен бөлүшсө болот же чектөөлөрдү коюп, тиешелүү гана колдонуучуларга уруксат берүүгө болот.

2. Түз эфир учурунда канча адам сизди көрүп жатканын билүүгө болот. Бул билим берүүдө окуучулардын түз эфир аркылуу өтүлгөн сабакка катышуусун көзөмөлдөгөнгө жардам берет.

3. Түз эфир учурунда көрүүчүлөр менен байланышып, суроо-жооп уюштурса болот. Ал үчүн чат кызматы пайдаланылат же көрүүчүлөргө да микрофонду колдонууга укук берилет.

4. Түз эфир аяктагандан кийин өтүлгөн теманы өз каналыӊызга кошуп койсоӊуз болот.

Авторлор: Чынара Жумабаева, Касым Барыктабасов, Тилек Майтыков,  Кылыч Турдакунов, Болушбек уулу Аким, проф. Улан Бримкулов (илимий жетекчи).

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий