ОКУУЧУ КЫЗДАРДЫН ИЛИМГЕ КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРЫП, ИЙГИЛИК ЖАРАТУУСУНА ШАРТ ТҮЗҮЛӨТ

  • 17.09.2020
  • 0

Кыргызстанда Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) тарабынан “Илим кыз” долбоору иштеп баштады. Аталган программанын алкагында  өлкөдөгү 15-19 жаштагы окуучу кыздардын техникалык илимдерге кызыгуусун арттырып, ийгилик жаратууга шарт түзүлмөкчү. Долбоорду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, Борбор Азиянын Америка университетинин колледжи жана “Балдарды коргоо борбору” коомдук бирикмеси менен өнөктөштүктө ишке ашырууда. “Илим кыз” долбоору тууралуу кененирээк СТЕМ боюнча адис Анипа Успкожоева менен болгон маекти сунуштайбыз. Маек фонд тарабынан алынган.  

ОКУУЧУ КЫЗДАРДЫН ИЛИМГЕ КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРЫП, ИЙГИЛИК ЖАРАТУУСУНА ШАРТ ТҮЗҮЛӨТ

Саламатсызбы, Анипа Абылбековна, “Илим кыз” долбоорунун максатын айтып берсеңиз?

Долбоордун негизги максаты-кыздарды STEM багытына кызыктыруу, тартуу. STEM(Science, technology, engineering, and mathematics)- бул илим, технология, инженерия, математика деп чечмеленгендиктен, долбоордун негизги багыты болуп кыз-келиндердин так илимдерге болгон кызыгуусун күчөтүү саналат. Акыркы жылдарда статистика көрсөткөндөй, кыздардын саны так илимдерде өтө аз. Бул көптөгөн себептерге байланыштуу. Долбоордун максатын ишке ашырууда бүгүнкү күндө так илимде кыздардын орду, саны боюнча анализ жүргүзүү, менторлук иш-чара, кыздарды ОРТ га даярдоо менен так илим багыты боюнча окуу жайларга өтүүдө багыт берүү жана билим берүү стандарттарын анализдөө менен атайын колдонмо, программаларды даярдоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлөт.

 

Эмне себептен STEM адистиктерин кыздар көп тандабай келишет? Башка өлкөлөрдө да көрсөткүчтөр ушундайбы?

 

Биринчиден, бул коомдо жаралып калган стереотипке байланыштуу. Бул стереотип боюнча, кыздарга билим алуу өтө зарыл көрүнүш эмес, анткени ал эне жана анын негизги милдети үйдө отуруп бала багуу, үй чарбасын жүргүзүү саналат.

 

Экинчиден, так илимдер боюнча эркек балдар гана билим ала алышат, кыздар үчүн бул багыттар өтө татаал жана алардын күчү жетпейт, деген ой-пикир жаралып келет.

 

Үчүнчүдөн, так илимдердин келечеги күмөндүү, ошол себептен бүгүнкү күндө жаштар арасында заманбап кесиптерди тандоо жаштар арасында күч алып келет, б.а. инженер болуп билим алуудан көрө, гумантитардык багыт боюнча билим алып деле ийгилик жаратуу мүмкүн деген ой-пикир орун алып келет. Мисалы, көп жыл кыйналып окуган инженерге караганда окууну бүтпөй эле курстан окуп чач тарач болуп иштесең көбүрөөк акча табуу мүмкүн.

 

Албетте, коомдо жаралган мындай ой-пикирлер туура эмес. STEM багытында билим алган кесип ээлеринин албетте, келечеги кең. Бул долбоордун максаты дал ушул стереотиптерди түп тамырынан жоюу менен кыздардын билимге болгон көз карашын туура нукка буруу саналат.

 

Көп өлкөлөрдө көрүнүш ушундай эле, бирок бул көйгөйдү жоюу максатында чет өлкөлөрдө кыздарды так илимдерге тартуу боюнча өкмөт деңгээлинде программалар ишке ашырылып келет.

 

“Илим кыз” долбооруна кайсы курактагы кыздар катыша алат?

 

Долбоор алкагында 14-18 жаштагы 500 окуучу кыз жамааттарындагы жаш кыздарга үлгү боло ала турган жана миңдеген кыздарды өзгөрүүгө шыктандыруучу болууга даярдоого жардам көрсөтүлөт. Азырынча долбоорго Бишкек шаарынын жана Чүй, Ош облусундагы пилоттук мектептерден кыздар тандалып алынат. Кыздардын техникалык илимдерде ийгилик жаратып, карьерасын өстүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөрдү ачуу боюнча иш жүргүзүлөт. Окутууларга  калктын аярлуу катмарындагы жана мигранттардын үй-бүлөсүндөгү кыздар да катыша алат.

 

Азыркы тапта кандай иштерди аткарып келе жатасыздар?

 

Азыркы тапта долбоор алкагында экҫперт катары СТЕМ багыты боюнча баштапкы даярдык иштери жүргүзүлүүдө. Менторлордун тизмесин түзүү, ОРТга даярдоо боюнча мугалимдердин тизмесин түзүү, менторлорго колдонмо, мугалимдерге колдонмолорду иштеп чыгуу, календарлык пландардын үстүнөн иштөө, консультация беруу өңдүү иштер жүргүзүлүүдө.

 

Бул долбоорду ишке ашырууда кандай кыйынчылыктар чыгууда?

 

Долбоорду ишке ашырууда учурда кыйынчылыктар боло элек. Алдыда дагы көп иштер, максаттар турат. .«Илимдеги кыздар» программасы 2022-жылга чейин кеминде 15 000 кызды тренингдерге катышууга  тартуу максатын көздөйт. Бул долбоорду ишке ашыруу боюнча командада мыкты, тажрыйбалуу адистер тартылган. Андыктан алдыга коюлган максатка жетебиз деп ишенем.  “Илим кыз” долбоорундагы кыздардын маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар, так илимдер, инженерия жана математика жаатында дараметин бекемдөө үчүн иш жүргүзүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер