АДАМДЫН УЛУУЛУГУ АНЫН ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮНДӨ

  • 15.11.2017
  • 0

 

 

 Редакциядан: Жакында КР Президентинин аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын иликтөө боюнча “Мурас” фонду жана “Кыргыз тарых коому” тарабынан  көрүнүктүү кыргыз таануучу, профессор, Орусиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Археология жана этнография институтунун жетектөөчү илимий адиси, КР Улуттук илимдер академиясынын ардактуу академиги, Кыргызстандын III даражадагы “Манас”орденинин  жана “Данакер” орденинин ээси, тарых илимдеринин доктору, көрүнүктүү кыргыз таануучу Юлий Сергеевич ХУДЯКОВдун  70 жылдыгына арналган “АРНОО” аттуу илимий жыйнагы жарык көрдү.   

Жаңы гана жарык көргөн жыйнактын 24-бетинде  Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин директору Замир АЛДАЯРОВдун куттуктоо аңгемеси да бар. 

АДАМДЫН УЛУУЛУГУ АНЫН ЖӨНӨКӨЙЛҮГҮНДӨ

Кочкор районунда капыстан эле табылган тарыхый табылганы мектеп музейине коюшуп, анын натыйжасында кийин тарыхчы окумуштуулар тарабынан сыры ачылып, илимге жаңылык алып келген учурлар болгон. Өңү сары түстөгү металлдан жасалган көлөмү сырт кийимдин топчуларынан кичине,  бетинде кыргыздын улуттук оймолоруна окшогон чиймелери бар үч буюмду айыл четинен эксковатор менен жер төлө казып жаткан адамдар таап алышкан.

Аны Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы Сагынбай Орозбак уулу атындагы орто мектебинин ошол кездеги тарых сабагынын мугалими Сартбаев Темир агай өзү түзгөн тарых музейине экспонат кылып койгон.   1995-жылдары биздин айылыбыздын жанындагы Беш-Таш-Короо тарыхый эстеликтерин археологиялык казуулары, изилдөө иштери кызуу жүргүзүлүп жаткан учур эле.  Ошол кездеги жаш археолог Кубат Табалдиев жетектеген археологиялык экспедиция айылыбыздын жанындагы тоолордо археологиялык казуу иштерин жүргүзө баштаган.

Ошондо Кубат Шакиевич:  “Кочкор жергеси байыркы тогуз жолдун тоомунда жайгашкан тарыхый эстеликтерге бай өрөөн, келечекте бул жерден сенсациялуу тарых эстеликтери табылат,” – деп айтканы эсимде.  Андан көп өтпөй айылыбызга Кубат Табалдиев менен келген белгилүү орус окумуштуусу, академик Юлий Сергеевич Худяковду мектеп музейине чакырып, баягы үч буюмду көрсөттүк.  Юлий Сергеевич аларды өтө кызыгуу менен карап чыгып, ошол эле жерден фотосүрөткө жана карандаш менен ак кагазга графикалык сүрөттөрүн тартып алды. Андан кийин бир күнгө берип туруумду өтүнүп, чөнтөгүнөн  таза бет аарчысын алып чыгып өтө аярлык менен бирине бирин тийгизбей ороп алып кетти.

Аларды изилдеп бүткөндөн кийин эртеси эле кайра алып келип берип жатып Юлий Сергеевич Худяков мындай деди: — “Бул буюмдар VIII-X кылымдарда көрүстөнгө сөөгү коюлган абройлуу аскер башчысынын же өкүмдарлардын биринин жоокердик чин даражасын көрсөткөн, кемер куруна тагылган белги-шөкөттөр болгон. Аларды байыркы кыргыздардын зергер усталары коло (бронзо) металлынан калыпчаларга ээритип куюу жолу менен жасашкан. Так эле ушуга окшош буюмдарды Эне-Сайдагы, Алтайдагы көрүстөндөргө археологиялык казууларды жүргүзүү учурларында тапканбыз”.

Андан кийин бул табылга илимге сенсациялуу дагы бир жаңылык кошкондугун, музейге туура коюлгандыгын айтуу менен аларды сактап келген мугалимдерге ыраазы экендигин билдирди.

Тээ илгери, байыркы замандарда Эне-Сайдан, Алтайдан Теңир-Тоого ооп келген кыргыздар же ошол аймактардын ортосундагы байма-бай жүрүп турган карым-катнашты тастыктаган көлөмү топчудай эле болгон бул буюмдар азыр да мектептин тарых музейинде сакталууда.

Ошол тарыхый буюмдарды Юлий Сергеевич бизге кайра алып келип берген эле күнү мектептин артындагы бир бурчунда жаткан үч балбал ташты көрүп калып аларды да шашпай ак кагазга карандаш менен графикалык сүрөттөрүн тартып жатты. (Ал балбал таштарды талааларда тарыхый ордунан жылдырылып  чар жайыт жаткан жерлеринен, айрымдары аңга түшүп топуракка көмүлүп жаткан жеринен мектепке алынып келинген. Кийин балбал таштарды мектептин алдына катар тургузуп,  окуучулар менен бекемдеп орноттуруп койгом. Мен азыр коңшу мектепке иштеп, которулуп кетсем да ал балбал таштар ошол ордунда турганын көрүп ыраазы болуп калам).  Мурда илимий адабияттардан, газета-журналдардан окуп, сүрөтүн кана көрүп жүрсөм бул жолу Юлий Сергеевич менен жакындан таанышуу, баарлашуу мүмкүнчүлүгү болду.    Орусиянын абройлуу, белгилүү тарыхчы окумуштуусунун жөнөкөй, сылык,  өтө аяр адам экендигин ошондо көргөм.  Көрсө — “адамдын улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө” – деген учкул сөз бекер айтылган эмес экен да.  Тоо, таш аралап, талаа шартындагы изилдөө иштер менен алек болуп жүргөн  Юлий Сергеевич үстүнө брезент боз куртка, башына кыргыздын улуттук ак калпагын жарашыктуу, тыкан кийип жүрүптүр.                                             Ак калпакты аздектеп, талаа шартындагы иш үстүндө дайыма чыкчыйта таптаза кийип жүргөндүгүн көрүп биз дагы ыраазы болгонбуз.  Ошол жолугушуудагы, жанагы айтылган үч буюм табылган, жер төлө казууда пайда болгон чуңкурду көрсөтүүбүздү өтүндү. Айылдын четиндеги дөңсөөдөгү ошол чуңкурду, анын айланасын өтө кызыгуу менен ойлуу карап жүрдү, айрым жерлерин чукуп көрүп жатты.

Кийинчерээк Кубат Табалдиев мындай айтып жүрдү: “ Юлий Сергеевич ошондогу тарыхый үч буюмду көргөндөн кийин ушул аймактардан руника жазуулары да табылып калышы ыктымал,” — деп тоо-таштардын беттерин тигиле кылдат карап калып  эле жүрдү.   Ошентип жүрүп Юлий Сергеевич мекенине кеткенден кийин Кубат Шакиевичтин археологиялык экспедициясы Кочкордогу “Көк-Сай” руникалык жазууларын тапканы сенсациялык илимий чоң жаңылык болду.  Табылгага кубанган Кубат Табалдиев, ошол эле күнү бир студенти менен Көк-Сайдан Кара-Саз айылындагы биздин үйгө чейин руникалык жазуунун узундугу үч метрдей келген калька кагазына түшүрүлгөн көчүрмөсүн ала келип мага да көрсөтүшкөн.

Замир АЛДАЯРОВ, Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин директору, Кочкор району, Кара-Күңгөй                                                                                          

 

Бөлүшүү

Комментарийлер