ШАШКАН — ШАЙТАНДЫН ИШИ

  • 06.05.2017
  • 0

Кыргызстанда соңку убакта жол кырсыктарынан өлүм-житимдин өтө көп болуп жатканы коомчулук курч талкууга алынып, мамлекеттик бийлик органдарынан бул жаатта таасирлүү жаңыча чараларды көрүүнү талап кылууда. Президент Атамбаев жол кырсыктарына байланышкан кырдаалды биринчи жолу Коопсуздук Кеңешинин жыйында карап, талкуулоону тапшырды. Ошол эле учурда жол коопсуздугун жакшыртуу бир эле мамлекеттин эмес, коомдук мамиленин дагы өзгөрүшүн, болгондо дагы жоопкерчиликтүү жагына өзгөрүшүнө байланыштуу болууда.

Мектептин эки окуучусун көмөлөтө койдуруп кеткен айдоочунун окуясы кыргыз коомчулугун абдан бушайман ойго салып, ээнбаш айдоочунун жабыла айыпташты. Эки окуучу тең оор абалда ооруканага жеткирилип, бирөөсүнүн абалы азыркыга чейин жакшы эмес. Адегенде качып кетип, кийин эсине келгенде милициянын сурагына келген айдоочу шашып баратканын айтып актанууга аракет кылды. Бул айдоочунун буга чейин эле адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгына себепкер болгонун уккандар ого бетер жиндери кайнап, адам өмүрүн оюнчук көргөн адамдын эч кандай жоопко тартылбай ойноп-күлүп жүргөнү үчүн күйбөгөн жери күл болуп, бул үчүн бийликке, биринчи кезекте укук коргоо органдарына жаны кашайып жатат.

Ал эми айдоочунун туугандары тергөөчүлөргө киши салып, жоопкерчилиги жок баласын куткарып алууга аракет кылып жатканы да белгилүү болду. Бул кыргыз коомчулугундагы моралдык ички терең кризистин эле эмес, жалпы улуттук коопсуздукка кайдыгер мамиленин кооптуу деңгээлге жетип калганын көрсөтүп турат. Бирок мен бул макаламда көп адамдар билсе да маани бербей келаткан, ар бир айдоочуга тийиштүү жөнөкөй кемчиликтин —  шашып жүрүүнүн кесепеттерине, андан арылуунун жөнөкөй эле эрежесине —  убакытты туура сарамжал пайдалануунун маанисине токтолгум келет.

Шашмалык – кырсык чакырат

Бишкекте кай жерден болбосун, кандай таанышыма жолукмайын, жай-баракат сүйлөшүп, ал-жай сурашканга убакыт жок. Мен эле шашып жүрөм десем, башкалар деле учкай учурашып, ылдам басып жолун улашат. Ал түгүл көчөдө баратканда бирөө телефон чалып калса да кенен сүйлөшө албайсың, “цейтнот”, “азыр эмес, анан чалам, сүйлөшөбүз” деп кутулганча шашасың. Профессор Анвар Мокеев айтмакчы, дайыма “жаның төрт чарчы”. Жөө басып баратканыңды эле ушунча кыйпычтыктайсын, а машина айдап бараткандардын абалын элестете бер.

Бишкек сыяктуу миллион эл жашаган чоң шаарда жашоонун темпи барган сайын жогору болуп жаткандыктан, убакытты сарамжал жана туура пайдалануунун биринчи кезекте өмүр коопсуздугу үчүн мааниси артууда. Шаарда таң эрте кыймыл башталат, бат эле автоунаалар жолго толуп, кыймыл жайлап, элдин баары жумушка барар маалда көп көчөлөрдө тыгын пайда болот. Жумушка кечиккендер нерви кайнап, көңүлү бузулат. Жол коопсуздугу ойлонулбаган чоң шаардын жашоочуларын кырсык туш келген жерде эле тооруп турат. Керек болсо ойго келбеген жерден келиши мүмкүн. Эң кооптуу, эң кыйчалыш убакыт элдин баары жумушка бараткан учурда болот. Же иштен кайтып келаткан учурда жолдогу кыймыл кадимкидей кайнап чыгат. Ал эми кышында жолдор тоңголок,  тайгалак болуп, коркунуч деңгээли дагы көтөрүлөт.

Мындай кыйчалыш учурда автоунаа минип баратасыңбы, коомдук транспортто түшүп жүрөсүңбү, жолдо жүргөндүн баарынын ою бир – эптеп ишке жетүү. Шашмалыкка салып, жол эрежелерин тоотпой, оюн салып кетүүнүн кесепети да баарына тийет. Өзүң эле жумушка баратсаң жакшы го. Көп айымдар эртелеп биринчи балдарын бала бакчага же мектепке жеткирип, андан кийин араң өзүнүн жумушуна жөнөйт. Кайра келе жатканда бала бакчадан же мектептен балаңды эле албастан, дүкөнгө кайрылып, керектүү азык-түлүк ала келиш керек болот. А эгер кечинде кыргызда бүтпөгөн тойлордун бирине бараткан болсо, анда убакыт кризиси ого бетер курчуйт. Чач-башыңды жасатыш үчүн салонго кириш керек. Салон менен иш бүтүп калбайт. Конокко бараткандан кийин кур кол барбайсың. Же гүл саткан дүкөнгө, же торт саткан чоң дүкөнгө баш багыш керек. Ошентип шаардык тургундун башында түйшүк толтура. Убакыт саатыңды эсептеп албасаң, кечигериң турган иш. Кечиккенин бир, башкалар сени күтүп баштабай отурса, андан беш бетер уят.

Кашайып сен жолго чыкканда кымгуут кыймыл күчөйт. Кымбат баалуу тулпар минген мырзалар кан жолдо башкалардын катарында кыбырап жүргүсү келбей, жолдогу адамдардын чоң-кичинеси дебей сүзө качырып жүргөнү жүргөн. Адатта алардын темир тулпары канчалык чоң болсо, же канчалык кымбат болсо, агрессиясы да ошого барабар болот. Башкалар анын көзүнө кумурска көрүнүп, алар жолдо сүйрөлгөн бир бечарага окшоп, бүжүрөп бараткандай сезилсе керек. Мындайлар демейде катарында коомдук транспортто бараткан жүргүнчүлөргө көздүн үстү менен карап, өзүнүн кыйын экенин баса көрсөтүп, сөгүнгөнгө даяр турат.

Чоң шаарларда кырсыктар көбүнчө катуу ылдамдык менен жүргөндөн эмес, башка себептерге да байланыштуу болот. Көчөлөрдүн кесилишкен жеринен туура эмес өткөн же тыгын ичинде аралыкты сактабагандыктан жол кырсыктары келип чыгат.

Бул баарыбыз эле күнүгө көрүп жүргөн кейиштүү көрүнүш. Анан, албетте, баарыбыз башкаларды “маданиятсыз, жоопкерчиликсиз” деп жемелеп, тилдеп калганга кыйынбыз. Бирок жолдогу мындай агрессиядан, коркунучтан сак болуунун, алыс болуунун ачкычы эмнеде экенин эмнегедир ойлонбойбуз.

Биз башкача эл белек, биз деле өнүккөн өлкөлөр басып өткөн жол менен баратабыз. Ошондуктан башка жетишкен өлкөлөрдүн тажрыйбасын карап, алгылыктуу жагын алганыбыз оң. Бул жерде сөзсүз түрдө эле жол эрежесин бузгандарга кандай жазалоо чараларын карабай, дегеле жол жүрүү маданиятынын жетишкендиктерин, алдыңкы тажрыйбасын карап көрүш керек.

“Шашып жүргөн бат чарчайт”

Өнүккөн өлкөлөрдө жол кырсыктарына алып келген себептер ар тараптан изилденип, аны жоюнун ар кандай жолдорун сунуш кылган эмгектер жарыяланып, кеңири талкууга алынып турат. Башкасын айтпаганда да, мындан он беш жыл мурда Финляндияга барганымда көчөдөн көргөндөрүм эсимен кетпейт. Айдоочулар ала чаап жарышкан Бишкектен барган мага Хельсинкидеги жол кыймылы жогорку уюшкандыгы менен таң калтырды. Баары өз жолунда баратат, автоунаа алдына чыккан адам жок, жөөчөндүн жолун торогон машина жок, автоунаа менен велосипед бири-бирине жолтоо болбой, ар бири өз жолунда. Эң кызыгы, жол тосуп, тооруган полиция жок. Аларда ошондо эле жол кыймылын бүтүндөй камера менен көзөмөлдөп калышкан. Керек болсо ашык ылдамдык менен бараткан айдоочуну да көзөмөлдөгөн камералар коюлган. Ошондо бизди коштоп жүргөн фин досубуз бул өлкөдө убакытта сарамжал туура пайдалануу шаардык маданияттын, коопсуз жашоонун маанилүү шарттарынын бири экендигин мактаныч катары айтып берген эле. “Кел отуралы, шашмалык жаныбыздан өтүп кетсин”, “Жай бассаң алыска жетесиң,  шашып жүрсөң бат чарчайсың” деп айтылат фин макалында. Финляндияда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктары Россияга караганда үч эсе аз экен.

Ар бирибиз өзүбүздүн өлкөбүздө, өзүбүздүн шаарыбызда жол кыймылынын жогорку маданият деңгээлине көтөрүлүшүнө кызыкдар болуп, аракет көрүшүбүз керек. Бул үчүн баарыбыз биринчи кезекте күндөлүк убактыбызды туура уюштуруп, пайдаланганга үйрөнүшүбүз абзел. Эртең менен эрте туруп, ишке барган убактысын, жолдогу көп кыймылды эске алып эсептеп, кайра келер убактысын да так санап алып жүрүү өзүбүзгө да, башкаларга да пайда алып келери калетсиз.

“Шашып жеткенден көрө куунак жет”

АКШдагы Коннектикут штатынын стресс медицинасы институтунун директору Джон Ларсон көп жылдан бери дүйнөнүн биринчи авто державасында айдоочулардын ачууланган себептерин изилдеп келатат. “Биз автомобиль менен биригип, жабышып калдык, ал биздин уландыбыз болуп калды, бир гана айырмасы анда аттын күчү көп эселеп көбөйдү. Ошол себептүү эмоция да ашып-ташып жатат,-дейт окумуштуу. — Мисалы, тротуарда сылык-сыпаа учурашкан адамдар темир тулпар мингенде бири-бирин жеп салгысы келет. Машина айдаган бандит үй-бүлөсүндө же ишинде дегеле кой оозунан чөп албаган кудай момун киши болушу мүмкүн. Машина мингенде адамдын эмоциясы, агрессиясы ойгонот, күчөйт. Жолдогу агрессия ээнбаштык эмес, бул оору. Аракечтик сыяктуу эле оору экен. Эмоция булкунуп-жулунуп чыкканда адам ойду омкоруп, тоону томкоруп жиберчүдөй алып жүрөт өзүн. Мындай албуут сезим организмде патологиялык дагы кесепеттерге алып келиши мүмкүн”.

Ошондуктан доктор Ларсон айдоочунун өзүн кармай турган беш принципти белгилейт.

 

  1. Алып учуп жеткенден көрө – куунак жет. Бара турган жериңди, убактыңды алдын ала пландап алып, эртелеп жолго чык. Жолду катар көтөрүңкү маанайда, салондо музыка угуп же жаныңдагы кишилер менен жыргап сүйлөшүп барганың жулунуп-улунуп, урунуп-беринип баргандан түбөлүк өйдө.
  2. Жолдо падыша болгончо – жол жүрүп бараткан падыша бол. Башкаларды кууп өтүп ырахат алгандан көрө таптаза, суйкайган машинанын ичинде жайма-жай жол жүргөндүн рахатын көр.
  3. Жолдо кыйын болгондон көрө – зыңкыйган мырза бол. Жолдогу башка адамдарды өзүңдүн жүргүнчүдөй көр. Алардын сөөгүн агартып жол бер, кемсинтип кемиргенден көрө сылык-сыпаа мамилеңди көрсөтүп, өзүңдүн баркыңды көтөр.
  4. Жолдо мунун кереги эмне деген кээкерликтен көрө өзүңдү да, өзгөнү да ойло. Жолдо башкаларга акыл үйрөтүп, сөгүп-сагып, башкарган укукту сизге эч ким берген эмес. Жөө баратканыңызда жолдогу уңку-чуңкурду, ылай көлчүктү айланып, каршы келаткан адамдардын жанынан этият өткөн сыяктуу эрежелерди автожолдо дагы эстен чыгарба.
  5. Башкалардын акесин тааныткандан көрө, аны полициянын энчисине кой. Сиздин жиниңизге тийген айдоочулар муну атайы жасашпайт. Алар жөн гана катуу айдап келаткан болушу мүмкүн, алаксып, чарчап, ачуулуу абалда болгондур. Ал эми кудайын тааныбаган кутурган бирөөлөр болсо, анда алар менен кармашуунун арты кайгылуу аякташы мүмкүн

 

Доктор Ларсондун айткан акыл-кеңеши биздин алатооолук айдоочулардын кулагына күмүш сырга боло тургандай мааниге ээ. Анын айтымында, ачуусу кайнап келаткан айдоочулар башкаларды  да чырга чырмашы мүмкүн. “Ой, эмне кылып атасың!”деп сиз кыйкырсаңыз, ал түгүл анын акесин таанытмакка жулунуп баштасаңыз, ал дагы туруп калбайт, жаалы кайнап, жаакташып, керек болсо жакалашып кирет. Ошондуктан, айдоочулардын арасында жин ургандар бар экенин бөркүңүздөй көрүңүз. Аларга теңелбей, андан көрө ачуусу мурдунун учундагыларды – акылы жок, бечара катары караңыз. Сиз андан акылдуу болуңуз, керек болсо айкөл болуңуз. Ачууңузду басып, чыр-чатактын  тилин тыйыңыз.

 

Кубатбек Чекиров

  • Макала «Жол коопсуздугу» коомдук бирикмесинин тапшырмасы боюнча жазылды.
Поделиться

Комментарии