КЕСИПТЕШ ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ

  • 11.03.2016
  • 0

Кыдыр Маккамбаев 45 жылдан ашык мугалимдик кесипте үзүрлүү эмгектенип келаткан ардагер агартуучу. Ал эбак эс алууга чыкса да, «чарчадым, чаалыктым» дебей, балдарга билим тарбия берип келатат.

Кыдыр Маккамбаевич акыркы 10 жылдан бери Кемин районундагы №3 орто мектепте химия жана биологиядан сабак берет. Ал 1971-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин (азыркы КУУ) аяктаган соӊ, алгачкы эмгек жолун өзү окуган мектептен баштаган. Кесиптешим менен ара-чолодо жолугушуп калганда, өткөн-кеткенди айтып, учур маселелерин кеп кылып калабыз. Кесиби биолог-химик болсо да, өзү чыгармачыл чөйрөгө жакын. Көптөн бери ыр жазат. Ырлары негизинен Ата-Мекен, эне, туулган жерге арналып, окуган адамдардын жылуу пикирин жаратат. Жарым кылымга чукул мугалимдик кесипти аркалап келаткан ушул ыр жандуу кесиптешим Кыдыр Маккамбаевич ушул кесипти тандаганына өзүн окуткан агай-эжейлеринин таасири тийгенин, алардын акыл-насааттары, кеп-кеӊештери алигүнчө жадымынан чыга электигин мындайча эскерет:

— Мени жана мага окшогон элет балдарын окутуп, алардын келечекте адам болуп калыптанышына, турмушта өз ордун табышына жан дилден кызмат өтөп, ак эмгегин арнаган мугалимдеримди ар дайым урмат-сый менен эстейм. Менин окуучулук күндөрүм Ош областына караштуу Ноокат районундагы Көк-Жар айыл өкмөтүнүн карамагындагы Сары-Коӊур деген айылда өттү. Көк-Жар орто мектеби райондогу чоӊ мектептердин бири. Бул мектепте ушул чөлкөмдө жайгашкан жети айылдын балдары окуйт элек. Биздин мектептен эмгеги жана билими менен кыргыз элине кеӊири таанылган инсандар билим алышкан. Алардын катарында медицина илимдеринин доктору, нейрохирург, Кыргыз эл баатыры М.Мамытов, коомдук ишмер М.Зулпуев, советтик жана партиялык кызматкерлер Д.Алибаев, А.Сатыбалдиев, К.Жороев, С.Шарапов, Р.Мамановдор бар. Мугалимдер, айыл эли алар менен чексиз сыймыктанышат. Аларга талыкпай билим-тарбия берген, жазганды, окуганды үйрөтүп, билим алууга үндөгөн Эгемкул, Манап, Сабыржан, Камил, Омон, Орозбай, Турабы, Мамажусуп, Абдыганы сыяктуу көптөгөн менин кесиптештеримдин ысымдарын чоӊ урмат-сый менен аташат.

Менден көп адамдар мугалимдик кесип оорбу же жеӊилби деп көп сурашат. Мен аларга жооп берердин алдында дайыма ойлоном. Анткени бул суроо мен үчүн аябай олуттуу суроо. Ар бир кесиптин өзүнө мүнөздүүөзгөчөлүгү, мааниси, көтөргөн жүгү болот. Менин жеке көз карашымда мугалим болуп иштеген киши эӊ оболу өзүнүн баскан-турганына, керек болсо, кийген кийиминин жарашыктуулугуна чейин кылдат караган, биринчи кезекте өзүнө жогору талап койгон адам болуш керек. Мугалим — тазалыгы, сүйлөгөн сөзү, жумушуна жасаган мамилеси менен балдарга үлгү болуучу адам. Анткени окуучу адамдык жакшы-жаман сапаттарды өздөрүн окуткан агай-эжейлеринен алат.

Ырасында эле балдарга билим гана эмес, тарбия кошо берип, анын келечекте адам болуп калыптанышына өз салымын кошуп жаткан адамдын жумушу оорбу же жеӊилби? Маселен, менин иш күнүмдүн аякташы – эртеӊки күнүмдүн башталышы болуп саналат десем туура болот. Себеби, мугалим эртеӊки бере турган сабактарына алдын-ала даярдыктарды көрүп барат. Мугалим ар бир сабагында окуучуга билим менен бирге тарбия да берет. Анын күнүмдүк иши жандуу чөйрө менен тыгыз байланышта өтөт. Алсак, жансыз чөйрөдө иштегендин өзгөчөлүгү ушунда, койгонуӊ койгон жерде турат, сен тийбесеӊ ал жыгылбайт. Ал эми окуучу жандуу чөйрө, аны башкара билүү керек. Класстагы 20-30 окуучунун ар биринин өзүнчө кулк-мүнөзү бар. мугалим жеке эле өз кесибинин адиси эмес, ал ар тараптан өнүккөн, өзүнүн билими да тереӊ, баскан-турганы да үлгүлүү болушу керек дегеним да ошондон, — деп, кыйла жыл топтогон кесиптик сырлары менен бөлүштү.

Кыдыр Маккамбаев өзү окуткан бала мектептен үйрөнгөн билимине адамдык асыл сапаттарды айкалыштыра сиӊирип, өзүн үйдө, көчөдө, коомдук жайларда алып жүрүүнүүйрөнүп чыккан болсо, демек, мугалимдин эмгеги текке кетпегени ошол деп эсептейт.  «Билим алуу ийне менен кудук казгандай» деп эбактан бери элибизде айтылып келгендей, билим берүү да ошондой эле эмгекти талап кылары анык.

Окуучуну дайыма актай баракка салыштырып коюшат эмеспи. Мугалим балдарга үйрөткөн ар бир сабагында ошол баракты толтуруп, окуучунун эртеӊки келечегин түптөйт, анын мүнөзүн калыпка салат. Баланын бакчадан баштап мектепте, кийин жогорку окуу жайда алуучу билим-тарбия процессинде мугалимдин эмгеги, жоопкерчилиги эӊ чоӊ.

Билим — курал, тарбия – жашоо эрежеси

 Адамдын адам болуп калыптанышында, жашоосунда билимди курал десек, анда тарбия – бул жашоо эрежеси. Англиялык улуу окумуштуу Чарльз Дарвиндин эволюция теориясына ал химик, биолог катары ишенет. Чынында эле адам сымалдуу маймылдан адам жаралган. Бул теориянын чындыгын далилдеген илимдер көп. Адамдарда жоголуп, азайып бараткан айбандардын жана тескерисинче, айбандарда өсүп-өнүгүп бараткан адамдык касиеттер бар деп эсептейт биолог агай.

— Адамдардын жашоосундагы негизги күч – бул акыл. Ал эми айбанаттардын жашоосундагы негизги фактор – бул күч. Адам жашоодогу көйгөйлөрүн акылга салып чечет. Ал эми айбан маселелерин күчтүн ыӊгайлашуу жардамы менен чечет.

Эмне үчүн адамдар бири-бирине зулумдук жасашат? Эмне үчүн бири менен бири урушат? Азыр өз ара мамилесин акылга салып адамдык жол менен, сүйлөшүү жолу менен чечпестен, айбандык жол менен өз максатына жеткиси келгендер көбөйүп баратканы өкүнүчтүү. Адамдын эӊ күчтүү куралы акыл деп жатпайбызбы, адам ошол куралы менен бүгүн космосту багындырып, компьютердин түрүн ойлоп таап жатса да, адамгерчилик деген жөнөкөй сапатты өздөштүрүүгө дайыма эле акылы, күчү, эрки жете бербейт экен. Адам качан толук адам боло алат? Адам качан проблемаларды акылдын күчү менен чечкенге үйрөнгөндө. Бекеринен гений жазуучубуз Чыӊгыз Айтматов «Адамга күнүгө адам болуу эӊ кыйын» деген эмес тура. Ушундан улам бүгүн адам коомуна Адам институту же Адамология деген илимдин зарылчылыгы бышып жетилди деп ойлоп коем… – дейт ал ойлуу.

Кыдыр Маккамбаевичти ойго салган маселелер арбын. Ал кыргыз элинин басып өткөн жолу, советтик доордун оӊ-тескери таасирлери жана айрыкча, өзү көп жылдан бери түйшүгүн тартып келаткан билим берүү тармагын канткенде жакшырта алабыз деп көп түйшөлөт. Мугалимдин ишениминде, советтик түзүлүштүн агартуу тармагына тийгизген таасири зор болгон.

— Эгемендикке ээ болгон 25 жыл аралыгында баштан далайлар өтпөдүбү. Бул мезгил аралыгында өлкөбүздүн экономикалык, саясий, маданий тармактарына кошулуп, билим берүү системасы да көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Биз басып өткөн жол мамлекет үчүн да, эл үчүн да чоӊ сабак, чоӊ сыноо. Эӊ негизгиси, кыргыз эли ошол сыноолордо өзүнүн кеменгерлигин, акылмандыгын далилдеп, түптүү эл экендигин көрсөтө алды. Мамлекетибизде саясий туруктуулук, көп улуттуу элибизде ынтымак болсо, элдин жашоосу оӊолот, төгүлгөн толуп, чачылган жыйналат деп ишенем. Азыркы жаштарыбызды карап отуруп ыраазы болом. Билимдүү, илимдүү жаштарыбыз бар. Келечек – жаштардыкы деп бекеринен айтылбайт эмеспи. Ошол эртеӊки келечегибиздин бүгүнкү куруп жаткан пайдубалы бекем болсун деп тилейм, — деп каалоо-тилегин билдирди ардагер.

Курманбек Токтоналиев, Кемин району.

Алтындар

Кереметтүү окуучулук кездерим,

Бакыт берген мезгил экен сезгеним.

Мектептеги ошол куунак күндөрдү,

Кайра-кайра келет менин эстегим.

 

Мени окуткан агайларым, эжейим,

Мен силерди сагынамын, эстеймин.

Бириӊ мага Алиппени үйрөттүӊ,

Бириӊ мени түрдүү тилде сүйлөттүӊ.

 

Көргүн дедиӊ Айдын, Күндүн келбетин,

Уккун дедиӊ, жашоо турмуш термесин.

Көӊүлүӊө бекем түйүп эстей жүр,

Эже-агаӊдын берген билим берметин.

 

Сугарылып силер берген билимге,

Уста болду бийик-бийик үй курган.

Жолукканда эжейлерим, агайым,

Урмат менен салам айтып кол сунам.

 

Миӊ ырахмат, эжейлерим-агайым,

Эмгегиӊер өзгөрттү го жер бетин.

Мен силерди теӊеп турам алтынга,

Көргүм келип көзгө сүртчү келбетиӊ.

 

Ай агайлар, ай эжейлер, алтындар,

Бакыт каалап, бала көзүн ачтыӊар.

Мээрим менен билим данын чачтыӊар,

Бала үчүн түмөн түйшүк тарттыӊар.

 

Баатырларга

Туулат баатыр эл үчүн,

Түйшөлөт баатыр жер үчүн.

Турпаты калат артында,

Туулган элге дем үчүн.

 

Жаралат баатыр эл үчүн,

Жанын берет жер үчүн.

Жасаты калат артында,

Жараткан элес дем үчүн.

 

Атталат баатыр эл үчүн,

Аябайт жанын эл үчүн.

Атагы калат артында,

Арманга салып эл ичин.

 

Атактуу Манас алпыбыз,

Түгөнгүс жомок, ыр калып.

Айтып бир калган жалпыбыз,

Арка бел болгон бир кезде,

Азган бир кезде калкыбыз.

 

Белгилүү Манас алпыбыз,

Бежинди алган даӊкыбыз.

Миӊ жылдан ашык өтсө да,

Беделин жерге түшүрбөй,

Бел кылып келет калкыбыз.

 

Баатырдын баатыр даӊкы бар,

Илгертен келген салты бар.

Баатырын башка көтөргөн,

Баркына жеткен калкы бар.

 

Көзүмдүн эки кареги

Туубадыӊ, бирокэнемсиӊ,

Чөйчөктөй, бирок кененсиӊ.

Киндик кан тамган мекеним,

Мен үчүн кымбат экенсиӊ.

 

Улуу-Тоо, Апшыр береги,

Мекеним Көк-Жар дареги.

Көрсөм деп сени тунарды,

Көзүмдүн эки кареги.

 

Каранай, Жийде, Ак-Өтөк,

Жайлоого жазда эл көчөт.

Суктандырып көргөндү,

Шурудай катар тигилген,

Ортодо алма бак өсөт.

 

Аламан менен Көтөрмө,

Арманын айтпайт бөтөнгө.

Эрте жазда гүл ачкан,

Этегинде өскөн жылчык бар,

Эм болот дешет жөтөлгө.

 

Нарайы Борбаш жеринен,

Эчендер чыккан элинен.

Сай жээкте турган чоӊ коргон,

Тыӊшасаӊ кабар бергенсийт,

Кадимки Мойдун белинен.

 

Жети айыл курчайт Көк-Жарды,

Чоӊ бактын окшоп шагына.

Ынтымакты туу туткан,

Ырыстуу жакшы элим бар,

Коногун тоскон жабыла.

 

Көкүрөк кыссам кучактап,

Кичигиӊ менен улугуӊ.

Сайрандап ойноп жүрсөм да,

Санаамдан такыр чыкпайсыӊ,

Киндик кан тамган туругум.

 

Эсиме түшсө туулган жер,

Эл-жерим менен бир болом.

Сагынсам жоро-жолдошту,

Садагаӊ Найман көлүндөй,

Бир бөксөрүп бир толом.

 

Кыдыр Маккамбаев,

ардагер мугалим,

Кемин шаарчасы, 2015

 

Поделиться

Комментарии