ИЛИМДЕГИ ҮЗҮРЛҮҮ ЖОЛ

  • 11.03.2016
  • 0

 Кыргыз улуттук агрардык университетинин инженер техникалык факультетинин айыл чарбасын механизациялаштыруу кафедрасынын профессору, техника илимдеринин кандидаты, айыл чарба илимдеринин доктору, жаштардын илимий жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Кыргыз республикасынын инженердик академиясынын академиги. Кыргыз республикасынын эмгек сиӊирген рационализатору Орозалиев Төлөмүш Орозалиевич  70 жашта.

Төлөмүш 1946-жылы 15-мартта Талас областынын Ленинполь районундагы  Шапак айылында (азыркы Бакай-Ата району) төрөлгөн. Төлөмүш орто мектепти бүтөр замат  дароо окууга тапшырам дебестен, колхоздо комсомолдук курулушчулар тобуна мүчө болуп, Кара-Коюн, Сары Жон кыштоолорун оӊдоого катышкан. Чарбанын көрсөтмөсү менен тракторчулук курсту бүтүргөн соӊ, жогорку окуу жайына колхоздун коллективинин жолдомосу менен жиберилген.

1963-жылы К.И. Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун “Айыл өндүрүшүн механизациялаштыруу” факультетине өтүп, 1968-жылы аталган институтту ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы окуу жайдын жолдомосу менен Кыргызстандын дыйканчылык жер иштетүү институтуна (КирНИИЗ) кызматка жөнөтүлөт.

Ал жерден алгач кенже, андан соӊ ага илимий кызматкерликке көтөрүлгөн. Ошону менен бирге айыл чарбасын механизациялаштыруу бөлүмүнө аспирантурага тапшырган. Ал «Кыргыз Республикасында жашылча өстүрүү менен жыйноону өнөр жайлык негизге өткөрүү» деген илимий темасынын натыйжалары боюнча 1979-жылы Кыргыз ССРинин “Жаштардын илим жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаты” деген ардактуу наамга татыган.

1987-жылы конкурстук негизде Айыл чарба институтунун эмгекти коргоо кафедрасына ага окутуучулукка өтүп, андан соӊ доцент болду. “Айыл чарбасын механизациялаштыруу” кафедрасынын башчысы болуп 20 жылга жакын иштеди. Азыркы учурда ошол кафедранын ардактуу профессору.

Т.Орозалиев 1986-жылы Алма-Атада техника илимдеринин кандидаттыгын, ал эми 2000-жылы айыл чарба илимдеринин докторлук наамын эки адистикте: «Айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу» жана  «Өсүмдүк өстүрүүчүлүк» боюнча коргогон. Т.Орозалиев   210 илимий иштердин, 14 ойлоп табуу патентинин автору болуу менен бирге СССРдин ойлоп табуучусу (1984-ж), доцент (1992-ж), профессор (2003-ж), Кыргыз Республикасын инженердик академиясынын академиги (2006-ж.) деген илимий наамдарга жетишти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген рационализатору деген ардактуу наамга да ээ болду. Агрардык машиналарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо жана айыл чарбасын механизациялаштыруу тармагында анын жетекчилиги менен техника илимдеринин 4 кандидаты даярдалган. Ошондой эле Төлөмүш агайдын жетекчилиги астында бир катар шакирттери Республикалык жаштардын илим жана техника боюнча өкмөттүк сыйлыгынын лауреаттары болушкан. Учурда эки докторлук иштин жана изденүүчүлөр менен аспиранттардын илимий иштерин жетектейт. Ошондой эле атайын докторлук жана кандидаттык диссертацияларды коргоо боюнча эки кеӊешке мүчө болуу менен илимий даражалуу, жогорку билимдүү жаштарды даярдап чыгарууга өзүнүн чоӊ салымын кошууда.

Дагы бир айта кетчү жагдай, Төлөмүштүн Совет мезгилинде  үрөн сепкич боюнча ойлоп табуучулугу дыйканчылыкта болуп көрбөгөндөй түшүмдүүлүктүөстүргөн.

Сепкичти өзгөртүү идеясы Төлөмүш Орозалиевичте 1970-жылы пайда болгон.  Идеянын пайда болушунун өзүнчө кызыктуу окуясы бар. Төлөмүш ошол жылы жашылчалардын себилишин көрүүүчүн илимий иштерине байланыштуу талаага барып калат. Себүү эмнегедир ага жага бербейт. Себеби урук кай бир жерде  чачылып  кыртышка чала көмүлсө, кай бири жерге чогуусу менен түшүп, кыртышка кирбей сыртта калган. Мындай көрүнүш, биринчиден, уруктун өнүмүн кыскартса, экинчиден, чогуу түшкөндө органикалык жана минералдык азык-заттардын жетишсиздигине алып келет. Ал эми бош калган жерлерде отоо чөптөрдүн чыгышына шарт түзүлөт.  Мына ошондуктан урукту ченеми менен, мүмкүн болушунча бош жер калтырбагандай, өсүү мезгилинде бири-бирине жолтоо болбой өнүгө тургандай себүү керек деген идея пайда болгон.  Идея, идея. Ал эми аны ишке ашыруу Т. Орозалиев үчүн оӊойго турган жок.

 К. И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун айыл чарба өндүрүшүн механизациялаштыруу факультетин бүткөн Төлөмүш агай үчүн жеке эле механизатордук ишти гана эмес, агрономдук ишти да өздөштүрүүгө туура келди.  Бул идеяны бүтүндөй дыйканчылык илим изилдөө институтунун коллективи колдоп,  ал кездеги жаш окумуштууга жардамдарын аяшкан жок.

Алды менен жумуш сепкичтен башталды. Сепкичтин диски толугу менен алынып ташталып, анын ордуна өзү ойлоп тапкан үрөн бөлүштүргүч коюлду. Бөлүштүргүчтүн алдына анчалык чоӊ эмес төрт  тишчени ширетти. Тишченин кызматы кыртышты тилүү болуп эсептелет. Эми чубурган үрөн бөлүштүргүч төрт көзөнөк аркылуу кыртышка түшөт. Иш муну менен эле бүтүп калган жок. Эмки милдет, үрөндү коромжу кылбай, керектүү гана өлчөмдө чубуртуу керек эле. Акыры мунун да жолу табылып, үрөн бөлүштүргүчтүн оӊ жагына тетикче бекитилди.

Сепкич алгачкы эле сыноодо өзүн көрсөтө алды. Ypөн үнөмдөлүп, жумушчу убакыт коромжу болбой, эмгек өндүрүмдүүлүгү арткан. Ошону менен бирге түшүмдүүлүк өскөн.

Мисалга алсак, Аламудун районундагы Ала-Арча совхозунда түшүм укмуштай жогорулаган. Пияз ар гектарынан 392 центнерден,  ал эми сабиз 154 центнерге чейин жетип, пияздын ар гектарынан 375, ал эми сабизден 512 сомдон пайда алынган.

Бул сепкич Кыргызстандын башка чарбаларында дагы колдонула баштап, ушул ишинин натыйжасында Т.Орозалиев Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты болгон.

Төлөмүш Орозалиев үй-бүлөдө да камкор ата. Анын эки баласы, үч кызы, жети небереси бар. Уулдары Сыргак, Чубак ишкер, кыздары Аида, Айканыш кызматта, Айнурасы Америкада докторантураны бүтүрүп, биотехнология илимдеринин докторлук даражасын коргогон. Өмүрлүк жолдошу Орозалиева Бейшекан химия илимдеринин кандидаты, доцент. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук агрардык университетинин химия кафедрасында доценттик кызматта иштеди. Азыркы учурда ардактуу эс алууда.

Төлөмүш Орозалиевич дале тынбай эмгектенип, билим, илим тармагына өз салымын кошуп келет. Кесиптешибизди 70 жылдык мааракеси менен чын дилден куттуктап, узун өмүр, чыӊ ден соолук каалап кетмекчибиз.

М.Токторов, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии