Бүбүсара РЫСКУЛОВА: «ҮЙДҮН КУТУ УЧПАСЫН, КООМУБУЗ ТАЗАРСЫН»

  • 04.03.2016
  • 0

 8-март — Аялдардын эл аралык күнүн утурлай кыргыз коомундагы үй-бүлөнүн, аялзатынын маселелери жөнүндө «Сезим» кризистик борборунун деректири Бүбүсара Рыскулова менен аӊгемелештик.

— Биздегидей салттуу коомдо оор абалда калгандарга психологиялык жардам көрсөтүү оӊой эмес го?

— Ооба, түшүнбөгөндөр, эч кандай кризис жок, чет өлкөлөрдүн методикасын апкелип кыргыз коомуна таӊуулап, үй-бүлөлөрдү бузуп жатасыӊар деп айыптагандар бар. Бирок азыр заман башка экендигин, коомдо далай өзгөрүүлөр болуп жатканын кантип көрбөйбүз?

Совет доорунда социалдык теӊчилик болгон, мамлекет үй-бүлөдөгү мамилелерге чейин кийлигишип, ар бир төрөлгөн балага жөлөкпул төлөп, милдеттүү орто билимди бекер берчү, ооруп калгандар акысыз дарыланчу, туурабы? Мыйзамдар катуу иштечү. Азыркыдай ай сайын акча чогултмай, окуу китептерди сатып алгыла ж.б. дегендей нерселер эч кимдин түшүнө кирчү эмес. Компартия бийлик жүргүзүп турган мезгилде аялдар кеӊеши, комсомол, пионер уюмдары иштечү. Элди кандайдыр бир максатка үндөгөн, багыттаган идеология бар эле – ал туура же жаӊылыш болчу дейбизби, кеп анда эмес. Эртеӊ да бүгүнкүдөй тынч заман болот, эч ким жумушсуз, үйсүз, нансыз калбайт деген ишеним бар эле.

Совет өкмөтүнө чейин кыргыз коому эзелтен эскирбей сакталган каада-салттарга таянып жашаган, үй-бүлө бекем болгон, уруу ичинде өз ара жардамдашып, жетим-жесирди канатына калкалап алышчу. Чырдашып калгандарды дөӊдө отурган аксакалдар чакырып алып эле эки ооз сөзү менен эпке келтирип коюшчу. Азыр каада-салт эрежелери иштебейт, мыйзамды эч коркпой эле бузушат, жоопкерчилик жок.

Ушундай башаламан мезгилде үй-бүлөгө баарыбыз көӊүл бурушубуз керек. «Сүйбөй калдым» деп эле жубайын эки-үч баласы менен таштап ажырашкандар же аялынын үстүнө токол алгандар көбөйдү. «Үй-бүлө – коомдун уюткусу» дейбиз, жубайлар ортосунда, ата-эне менен балдардын ортосунда бири-бирин сыйлаган, түшүнүшкөн  мамиле болсо, коомдо, мамлекетте да бейпилдик орношуна өбөлгө түзүлөт эмеспи.

Азыр жагдай такыр башка. Социалдык-экономикалык түзүм, коомдогу, атүгүл үй-бүлө ичиндеги мамилелер да өзгөрүлдү. Бирок доор алмашканына чейрек кылым болсо да, инсандын аӊ-сезими кеч өзгөрөт экен, коомдогу өзгөрүүлөр менен шайкеш келбей, каалаганы, ойлогону бир башка, жашаган турмуш чындыгы такыр башка бойдон калып, кыжаалат маанай күчөй берет экен. Үй-бүлөдөгү эле эмес, коомдогу да ызы-чууларга бул жагдай түрткү берет.

Ар бир адамдын үй-бүлө жөнүндөгү калыптанган көз карашы болот, күйөөсү менен аялынын түшүнүгү дал келбей калган учурларда кыжаалат абал түзүлөт. Бул абалдан чыгуу үчүн экөө мунасага келип, сөзсүз ушундай гана болушу керек деген көз караштарын бирдиктүү нукка бурушу зарыл. Бирок ушундай жагдайда эмне кылууну ар ким эле биле бербейт.

Силер, журналисттер, күн сайын үрөй учурган кандай окуялар болуп жатканын көрүп-билип турасыӊар. Өспүрүм курактагы кыздарды үйүндөгү эле туугандары зордуктаган учурлар кездешүүдө. Мына кечээ бир аялды киши колду болгон эмес, өзүн-өзүөлтүргөн деп жазык иши эки айдан бери козголбой жатканына даттанып келишти. Өлтүрбөсө да өз жанын кыйганга чейин жеткиргендик үчүн жоопкерчилик Жазык кодексинде каралган эмеспи, эмне үчүн мыйзам иштебейт?

— Маселенин себебин издебей эле натыйжасы менен алпушуркан учурлар көп болот эмеспи. Азыркы үй-бүлөлүк чыр-чатактардын негизги себеби эмнеде?

— 90-жылдарда чайдын чамегин кайра кургатып, кайнатып ичкенге да аргасыз болушту көпчүлүк үй-бүлөлөр. Азыр кудайга шүгүр дегидей токчулук, молчулук заман. Демек, чыр-чатактардын негизги себеби экономикалык эмес, рухий жагдайга байланышкан. Керектөөчүлүк психологиясы менен чектелгендер абдан көбөйдү. Көп адамдар үчүн байлык, бийлик гана максат болуп калды. Азыр чардап, кутуруп жүрсөм болду, менден кийин топон суу басса да мейли деген түшүнүк менен жашап калды далай «жакшылар».

Мурдагы министрди тилдегендей, азыр Эльвира Сариеваны да тилдеп эле жатышат. Бирок министрди алмаштырып койсо эле баары өзгөрүп, жакшы болуп калбайт. Жагдайды жакшы жагына өзгөртүүүчүн баарыбыз жабыла иштешибиз керек. Үй-бүлөдөгү ынтымакка, жаштарды тарбиялоого ата-энелер өздөрү да түздөн-түз жооптуу болушу зарыл. Жалпыга белгилүү – чет жакка иштегени кеткендер балдарын карыган кемпир-чалга же туугандарына калтырышат, жубайлардын бири кетип, бири калганда башкаларга ооп, үй-бүлөсү менен ажырашып кеткендер канча. Балдары кароосуз калып, бейбаштарга кошулуп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги да көӊүл бура турган өтө кооптуу жагдай азыркы маалымат технологияларын туура колдоно билбегендикке байланышкан. Медалдын эки жагы бар дегендей, Интернеттен пайдалуу китептерди алып окуса, билимин өз алдынча өркүндөтсө, таалим бере турган видеолорду көрсө жакшы, бирок адамдын аӊ-сезимин ууктуруп, тескери жакка азгырган бузуку сайттар да абдан көп эмеспи. Киши өлтүрүүгө, алдамчылыкка үйрөткөн оюндар, үй-бүлөнү бузууга азгырган материалдар толтура.

«Уядан көргөндү учканда алат». Жыйырма жыл мурун кароосуз өскөн балдар азыр өздөрү ата-эне, алар балдарын кандай тарбиялайт? Балага коомдогу адилетсиздик да таасир этет. Бир топ жыл мурда ушундай сонун тарбия алып өскөн бир жигит үйүнөн чыкканда эле бир баӊги зөөкүргө кабылып, мушташканда башына таш тийип, каза болгон. Демек, жеке адамдарга эле эмес, бүтүндөй үй-бүлөгө колдоо көрсөтүп, коомдогу моралдык жагдайды тазартууга баарыбыз биригип, комплекстүү күч-аракет жумшообуз керек.

Башка  өлкөлөрдө кандайдыр бир чоӊ кагылышуу, кырсык ж.б. болгондо, атайын даярдыгы бар психологдор, социалдык кызматкерлер дароо жетип барып, жабыр тарткандарга жардам беришет. Бизде эки революция болду, экинчиси болгондо мен моргдордо жүрдүм. Самолет кулаганда жакындары курман болгон канча адам оор абалда калды, аларга жардамды жетиштүү бере алдыкпы? Кудай бетин ары кылсын, мындай апааттар болбой эле койсун деп тилейм, бирок күнүмдүк турмушта деле кесипкөй адистин көмөгүнө муктаж болгондор көп.

— Интернетте бул жагынан орус, англис тилдеринде түркүн-түмөн кеӊештер көп, атайын он-лайн тренингдер да жүргүзүлүп турат. Бирок  кыргыз тилинде жокко эсе. Сиздер көп жылдар бою ар кандай үй-бүлөлөр менен иштешип, кыргыз үй-бүлөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, керек болсо ар кайсы аймактардагы айырмачылыктарга чейин жакшы билип калдыӊыздар. Кыргыз тилинде жакшы окулгудай тексттерди, роликтерди даярдап, айрымдарын, мисалы, япондор, корейлер чыгарган сонун тасмаларды котортуп, элге кеӊири жеткирсеӊиздер жакшы болор эле.

— Бул ишти колдон келишинче аткарып жатабыз. Мисалы, кризис учурунда кантип жардам берүү керектиги боюнча китепти которуп чыгарганбыз. Телефон чалып: «Сиз мени менен сүйлөшкөн акыркы кишисиз – азыр мен жубайымды өлтүрөм же өзүм өлүшүм керек», — десе, кандай жооп бериш керек? Алгачкы психологиялык жардамды кандай көрсөтүү керек? Эгер психологдун даярдыгы жетиштүү болбосо, анын аракети такыр тескери натыйжага алып келиши да мүмкүн. Өз жанын кыйганга аракет жасагандар эркектер арасында үч эсе арбын экен.

Сайтыбызда бир катар материалдар бар. Бирок интернетти элдин баары эле колдоно албай жатат азырынча. Элге кеӊири жардам көрсөтүүүчүн социалдык кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү боюнча сунуштарыбызды мурдагы вице-премьер-министрлерге айткан элек. 1998-жылы чет өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянып, атайын концепция иштеп чыкканбыз, ошол кездеги вице-премьер-министр Мира Жангарачевага сунуш кылган элек. Бирок маселе азыркыга чейин чечилбей келатат. Улуттук масштабда шашылыш жардамды көрсөтүүгө дайым даяр турган үч орундуу номур аркылуу түз байланыш телефону иштеши керек.

Азыр жаӊы дайындалган вице-премьер-министрге да кирейин деп жатам бул сунуш менен. Бейөкмөт уюмдар деле ишин токтотпой уланта берет, бирок мамлекеттик деӊгээлде иш жүргүзгөн жооптуу мекеме болушу зарыл. Ушундай  кызматтарды ачтык дешет, бирок кылган иштери байкала элек. Ар бир райондо тынымсыз иштеген мекемелер болсо, шашылыш жардамга муктаж болгондорго кайсы уюм көмөктөшөрүн таап берсе, же өздөрү жетишпесе, биздикиндей кризистик борборлорго кайрылышса жакшы болмок. Канчалаган опуртал кадамдардын, өз жанын кыйган окуялардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлмөк.

— Сиздердин багытта иш жүргүзгөн канча уюм бар?

— Республикада ар кайсы аймактарда биздикиндей багытта иш жүргүзгөн 7-8 уюм бар, бирок баарыбыз болуп моралдык-психологиялык, укуктук колдоого муктаж болгондордун ондон бир бөлүгүн да камтый албайбыз. Ошондуктан бул жааттагы ишти мамлекет өзү колго албаса болбойт. Албетте, 1998-жылдан бери түркүн тагдырларды көрдүк, кыргыз үй-бүлөсүнүн мүнөздүүөзгөчөлүктөрүн, кайсы учурда кимге кандай жардам көрсөтүү керектигин жетиштүү даражада билдик. Мамлекеттик мекемелер биз менен кызматташып, биздин топтогон тажрыйбаны жайылтса, коомго колдонуп, биз менен кызматташса, абдан жакшы болор эле.

Мектептерде социалдык педагогдорду даярдоодо да коомдогу реалдуу жагдайды, элдин пейил-мүнөзүн эске алып, практикалык психология боюнча мыкты билимге каныктырышыбыз керек. Иштеп жаткандарына усулдук жардамды республикалык деӊгээлде уюштуруп, тутумдуу, комплекстүү жүргүзгөн мамлекеттик уюм болушу зарыл. Кимиси ким экенин карабай эле чет өлкөлүк агент деп бейөкмөт уюмдардын баарын жаап салышса, биздин туруктуу, ырааттуу нукка түшкөн, далай адамдарга пайдасы тийип жаткан ишибизди ким улантат эртеӊ?

— Сиздердин борборго келгендердин эӊ көп кездешүүчү, эӊ орчундуу маселеси кайсы?

— Бул борбордо психолог, психотерапевт келгендердин арыз-муӊун угуп, кыжаалат кылган жагдайды чогуу анализге алышат. Убактылуу башпаанекке муктаж болгондор биердеги коопсуз жайда жашап, өз жагдайын шашпай, ар тараптан ойлонуштурууга, сергек чечим чыгарууга мүмкүнчүлүк алышат. Бир айга жакын реабилитацияда болушат.

Өтө оор жагдайда калып, бир ооз жылуу сөз укпаса өз жанын кыюуга чейин барып жаткандар бар. Чыр-чатак чыгып, курчуп баратканда эӊ башкы эреже – бул жубайлардын бири өзүн колго алып, ачууга алдырган экинчи тарапка эрегишпей, сабыр кылышы керек, эгер буга чыдабаса, сыртка чыгып кеткени оӊ. «Алай-дүлөй», «бороон-чапкын» тынчыганда – акылдан аздырган ачуу басылганда гана шашпай, кыйкырбай сүйлөшүп алганга мүмкүнчүлүк пайда болот. Тилекке каршы, көпчүлүк замандаштарыбыз чырды басуунун эӊ зарыл ыкмаларын билбей, чатакташкандар бири-биринин сөзүн укпай кажылдаша беришет. Күйөөсү менен тил табыша албаган аял төркүнүнө барайын десе, «өзүӊ тийгенсиӊ» деп коюшу да ыктымал. Ошондуктан кеӊеш сурап, жардам сурап бизге келишет. Телефон аркылуу кеп-кеӊеш алгандар да көп.

— «Эрди катын урушат, эси кеткен болушат» дегендей, күйөөсү менен чырдашып, болду, бүттү, ажырашам деп келген келиндин укугун коргоо үчүн сиздер сотко да коштоп барып, кийин элдешип алышкан учурлар болобу?

— Биз ажырашууну эӊ акыркы, арга кеткендеги гана кадам катары көрөбүз. Биздин урааныбыз да бузууга эмес, оӊдоого, таарынышкан, чырдашкан жубайларды элдештирүүгө, тил табыштырууга бар күчүбүздү жумшайбыз, урааныбыз да ушундай: «Үйдүн куту учпасын». Ажырашам деп келгендерге деле сабыр күтүп, биротоло чечим чыгарганга шашпай, эч болбосо бир нече күнгө чейин ойлон деп шарт түзүп беребиз. Жабыркаган аял өзү кабылган кырдаалда башкалар эмне кылгандыгын салыштырып көрөт, жагдайдан чыгуунун биздин адистер айтып берген түркүн жолдорун ойлонуштурат. Жубайы менен телефон аркылуу сүйлөшөт. Элдештирүүүчүн үй-бүлөлүк данакерлик, ийкемдүү кийлигишүү усулдары колдонулат. Жапжакшынакай түшүнүшүп, жетелешип кеткендер көп болот, бир топ мезгилден кийин да чогуу келип биз менен акылдашкандар болот.

Башка  өлкөлөрдө психологдон кеп-кеӊеш суроо эч кимге өөн учурабайт – азыр турмуш ыргагы, жашоо таризи татаалдашкан коомду мунсуз элестетүү мүмкүн эмес. Бизде чырдашкандарды туугандары элдештирет, бирок буга баары эле даяр эмес – данакерлик кылуунун эӊ жөнөкөй, зарыл эрежелерин билбеген орто курактагылар деле көп. Анүстүнө талашып-тартышкандардын бирине жан тартканын «элдештирүүчү» өзү байкабай калат. Ошондуктан айрым жубайлар талашыбызды калыс чечип, өз ара түшүнүшүүбүзгө көмөктөшкүлө деп бизге келишет.

— ЖМК менен кандай иштешип жатасыздыр? Санариптик жол менен көрсөткөн жаӊы каналдар көп ачылды, бирок эфирдик убакыт бош калууда. Мисалы, «Маданият» деген аталышы жакшы каналда материал жетишсиздигинен бир дискти бир нече күн катары менен кайталап көрсөтө беришет. Рубрикаларды көбөйтүп, үй-бүлөлүк мамилелер маданиятын, чыр-чатакты басуу ыкмаларын үйрөткөн берүүлөрдү уюштурса, сиздер билген нерселерди, тажрыйбаны жеткирип турса элге да, каналдын өзүнө, журналисттерге да жакшы болмок.

— Бизге кайрылган жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштешкенге дайым ынтызарбыз. Биринчи радиодон, «Марал» радиосунан, айрым гезиттерден келишет. Телекөрсөтүүдөн кайрылгандар аз. Сиз айткан «Маданият» жана башка каналдар менен кызматташсак абдан жакшы болмок.

Эми сөзүмдүн аягында сиздердин гезиттин негизги окурмандары болгон мугалим аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап коёюн. Баарыӊыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм, урматтуу эжейлер!

Маектешкен

Жолдош ТУРДУБАЕВ, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии