№24 гимназиянын директору Анара АБДРАИМОВА: «МАКСАТЫМ — ПРОФИЛДИК КЛАССТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ»

  • 05.02.2016
  • 0

90 жылдык тарыхы бар Бишкектеги А.Токомбаев атындагы №24 гимназияны төрт жылдан бери билим берүүнүн мыктысы Анара Абдраимова жетектеп келатат. Аз убакытта ал бир топ ийгиликтерге жетишти. Мектептин ички, сырткы келбетин оӊдоп, мугалимдердин сапаттуу иштешине ыӊгайлуу шарттарды түзүп берди. Ал эми мектептин мурдагы директорун сотко берген ата-энелер бул жолу Анара Абдраимованын ишмердигин көрүп, анын кесипкөйлүгүнө, менеджерлик шыгына ынанып жакындан жардам бере башташты. Мектеп жетекчиси бир эле ата-энелердин көзүн карап отура бербестен, Кыргызстандагы башка мамлекеттердин элчиликтерине кайрылып, долбоор жазып, инвестиция тартып келгенге жетишти. Өткөн жылы  Түркия элчилиги бир миллион сомго бир классты толугу менен акыркы муундагы компьютер жана эмеректер менен камсыздады. Төрт жылдын ичинде эле мектеп жакшы нукка өзгөрдү. Окуучулардын сапаттуу билим алышына да шарт түзүлдү. Маселен, өткөн жылкы ЖРТнын жыйынтыгы менен №24 мектептин үч бүтүрүүчүсү алтын сертификатка татыса, сегиз окуучу алтын аттестатка ээ болушкан. Мектептин жетишкендиктери, ата-энелердин жакындан берген жардамдары, директордун пландары тууралуу маек курдук.

— «Устатынан шакирти өтөт» дегендей, сиз ыраматылык Эл мугалими Светлана Арыстанованын мектебинен өткөнсүз. №24 гимназияга жетекчи болуп келгенден бери устатыӊыздын тажрыйбаларын пайдаланып жатасызбы?

— Кандай иш жасабайын Светлана Амановнанын айткандары дайыма эсимде турат. Аны Юлий Цезарь дечү элек. Мыкты тарбиячы, мыкты менеджер эле. Аял катары ал баарыбызга үлгү болчу. Мектепти өнүктүрүүнүн жолдорун жакшы билчү. Ал даанышман эле, анткени ар бир иштин көзүн билчү жана жыйынтыгы кандай болоорун айтчу. Ата-энелер менен сүйлөшкөн сөздөрү, аларга жасаган адамгерчиликтүү мамилеси да дайыма эсимде. Мен ал кишинин жанында иштеп жүрүп, дегеле мен өсүшүм керек же директор болом деп ойлобоптурмун. Бирок директор болуп дайындалгандан кийин карасам  мен эбак эле жетекчиликке  даярдалып калыптырмын. Эч бир жаӊы нерсе ойлонуп чыккан жокмун. Баягы эле көнүп калган, жасап жүргөн иштер.

— Заманбап директор кандай болуш керек?

— Мектептин күн тартибиндеги биринчи маселе —  кантип балдарды сапаттуу окутуу, балдарды адамгерчиликке тарбиялоо, өз ордун табууга үйрөтүү. Мектепте директор жөн эле жетекчи эмес, жогорку деӊгээлдеги тарбиячы болушу зарыл. Заманбап жетекчи билим жана тарбия берүү маселесинен сырткары мектептин чарбалык иштерине да чоӊ маани бериши керек. Антпесе болбойт.  Негизинен мектеп директорунун башкы милдети — окуучуларга сапаттуу билим берүүнү жана татыктуу тарбия берүүнү камсыз кылуу. Бирок мезгилдин талабы башкача болуп жатканын коомчулук жакшы билет. Мектепте бир лампочка жарылып калса дагы, жылуулук берчү батарейка жарылып калса дагы ж.б.у.с. майда-чүйдөлөргө чейин мектеп жетекчиси чуркабаса аны эч ким жасабайт.

— Анара Хабибовна, сизге чейин бул мектептин ырынан чыры көп эле. Мурунку мектеп директорунун үстүнөн  акча чогултат деп ата-энелер арызданып, сотко  беришкен эле. Сиз келгенден бери мектептин сырткы жана ички келбети өзгөрдү. Демек, сизди ата-энелер менен тил табышты десек болобу, же мамлекет мектепке каражатты жакшы бөлө баштадыбы?

— Мен №6 гимназияда 15 жыл эмгектендим. №24 гимназияга директор болуп келгенимде мектептин абалын көрүп, аябай таӊ калгам. Спорт залынын терезелери сынык, жылуулук берген батарейкалар муздак, материалдык-техникалык базасы начар, бир дагы техника жок экен, балдардын дааратканасы кабинкаларга бөлүнгөн эмес, кол жуучу раковина жок, жаан жаап жатканда мектептин алдында окуучулар, ата-энелер калкаланчу жай жок экенин көрүп жүрөгүм ооруду. Албетте, №6 менен салыштыруу кыйын эле. Светлана Амановна ата-энелерден түшкөн каражаттын баарын мектептин өнүгүшүнө гана салчу. Шаар боюнча №6  биринчилерден болуп интерактивдүү такталарды алган эле. Карасам №24 гимназияда деле ата-энелер фонду, коммерциялык класстар бар экен, бир сөз менен айтканда мектепти өнүктүргөнгө бардык шарттар болуптур, бирок эмнегедир чогултулган каражаттар кайда жумшалганы белгисиз?.. Мени деле биринчи келгенде ата-энелер  коркутушту «акча чогултпайбыз, керек болсо сени дагы соттотобуз» дешип. Бирок устатымдын ата-энелер менен сүйлөшкөндөрүн эстеп, ошондой ыкма менен тил табышканга аракет кылдым. Акыры балдарынан акча аябаарын айткан ата-энелердин көпчүлүгү мурда берип жүргөн айына 300 сомду фондго, 50 сом балдардын коопсуздугу үчүн алынган күзөтчүлөргө төлөп берүүгө макул болушту. Ошентип, акырындык менен мектептин өнүгүшүнө ата-энелер өздөрү жардам бере башташты.

2011-жылдан тарта мамлекет мектептерге абдан чоӊ маани буруп, каражат бөлүп жатат. Мисалы, биздин мектепке былтыр жарым миллион сом жылуулук системаны оӊдотконго бюджеттен каражат каралды. Кабинеттерге жаӊы линолеум салганга 300 миӊ сом бөлүштүрүлдү. Бирок эскилиги жеткен мектептин жыртык-тешигин оӊдоп-түзөгөнгө  бул каражат, албетте, жетишпейт. Ошондуктан ата-энелерге кайрылууга туура келди. Мектептеги 2400 окуучудан 700 гана окуучу айына төлөнчү каражатты төлөйт. Ал каражат жалаӊ гана мектептин өнүгүшүнө жумшалат. Бизде башка мектептердей мугалимдерге кошумча айлык берилбейт. Майрам сайын ата-энелер фондуна кайрылам, мыкты иштеген мугалимдерди кармап калуу үчүн жок дегенде премия берип тургула деп. Мисалы, №12 гимназия мугалимдерге ата-энелер фондунан алты миӊ сом төлөп беришет экен. Биздин күчтүү мугалимдерди ошондой мектептер алып кетүүгө аракет кылышууда.

Эгерде мектепке бир нерсе керек болсо мен ата-энелер фондуна өтүнмө жазам, аны карап,  кеӊешип туруп керектүү жабдыктарды алып беришет. Биздин мектепте ата-энелер кадимки жумушка келгендей үчүнчү жана төртүнчү күндөрү кечинде келип чын дилинен иштешет. Комиссияда 15 киши бар, атайын аларга бир кабинет бөлүп койгом. Түнкү саат он экиге чейин талаш-тартыш менен маселелерди чечишет. Мисалы, жетим балдарды төлөөдөн бошотуу, социалдык жактан муктаж үй-бүлөнүн жакшы окуган баласына стипендия төлөп берүү же кышкы кийимин алып берүү ж.б.у.с. маселелерди чечишет. Спорт аянтчасын заманбап аянтча кылып жасап беришти.

— Окуучулардын коопсуздугуна кандай кам көрүлгөн?

—  Балдардын коопсуздугу үчүн каражат аябашыбыз керек. Куралчан алты күзөт милициясы эшиктин алдында кайтарып турушат. Чоочун адамдарды киргизишпейт. Ай сайын 100 миӊ сом төлөйбүз.  Атайын кнопка бар, бир нерсе болсо аны бассак бат эле 1-Май райондук күзөттөн үч минутанын ичинде жардамга келишет.  Мындан сырткары 26 видеокөзөмөл коюлду. Мектепте ууру кылуу же бирөөнүн телефонун зордоп алуу, мугалимдердин жайбаракат басуусу жок, анткени баары көзөмөлдө турат.

— Ата-эненин көзүн карап отура берген дагы туура эмес. Сиз өзүӊүздүн демилгеӊиз менен мектепке инвестиция тартып көрдүӊүзбү?

— Бардык нерсени эле ата-энелерге жүктөп коюу болбойт. Мен деле көп инвестиция тартып келдим. Россия, Кытай жана Түркия элчиликтерине акыркы муундагы технологиялар менен камсыз кылууга жардам берүүөтүнүчү менен кайрылган элем. Россия элчилиги китепканага жетишпеген китептерди сатып беришти, ал эми Түркия элчилиги 1 миллион сомго 24 компьютер (600-800 доллар турат), эмеректер менен да камсыз кылды.

— Күчтүү мугалимдерди башка мектептер айлык көп деп чакырып жатышат деп айттыӊыз. Аларды кантип кармап турасыз? Жаш адистер келип жатышабы?

— Мен И.Арабаев атындагы университетке кайрылсам, кызыл диплом менен бүткөн, эки жаш тарыхчы мугалимдерди жиберишти, алар  иштеп жатышат. Акчасы көп мектепке кетем дегендерди патриоттуулукка чакырып, бардык мектептер бирдей экенин айтып, эптеп кармап турам.  Илгертен ушул мектепте иштеп келаткан эӊ күчтүү, энтузиаст мугалимдер бар. Бирок алар саналуу эле. Бир күчтүү мугалимди жеке менчик мектеп чакырганынан үйүнө телевизор, кабинетине интерактивдүү такта алып бергенден кийин сүйүнүп кетпей калды.

Жыл сайын бирден интерактивдүү такта алып келатам, учурда төртөө бар. Биология кабинетине интерактивдүү система койдурттук, тажрыйба өткөргөнгө.

— ОРТнын, олимпиаданын жыйынтыгы менен мектептердин рейтинги аныкталат. Мисалы, сиз жетектеген мектепте 2400 окуучунун ичинен 50 гана окуучуӊуз мыкты дейли, ал эми калган окуучуларга ким, кандай жана кантип көӊүл бурулат?

— Туура, бул маселе ар бир мектепте бар. Чындыгында эле жакшы окугандарга өзгөчө көӊүл бөлүнүп, начар окугандар көмүскөдө калышат. Жакшы окуган бала программаны бат кабыл алат, ал эми начар окуган түшүндүбү же түшүнгөн жокпу мугалим ага көӊүл бурбай эле өзүнүн программасын аткарганга шашылат. Айтсаӊ саат аз деп шылтоолошот. Жакшы окуган балдарга татаалыраак тапшырма берип, начар окугандар менен жекеме жеке олтуруп алып иштөө зарыл. Сабактан кийин ийримдерге чакырып, иштесе деле болот. Гимназияларда атайын ийримдерге саат бөлүнгөн, ошондуктан  мугалимдерди эки топко бөлүп койгом. Маселен, орус тилден эки мугалим, кыргыз тилден эки мугалим, математикадан эки мугалим. Бир мугалим жалаӊ таланттуу балдар менен иштейт, экинчиси программаны түшүнбөй калган балдар менен иштейт. Сабакта ар бир мугалим сөзсүз балдарга дифференциалдуу мамиле кылуусу каралган. Биздин гимназияда мугалимдин жекече иштеген иши каралат. Мисалы, ар бир сабак боюнча 10-11-сентябрда диагностикалык текшерүү иштери алынат. Мисалы, диагностикадан өткөн 7-класста окуган бала  6-класста кандай окуганы көрүнүп турат. Аны биз анализдеп чыгабыз.  Мисалы, он бала төрт алды,  он бала үч алды, алты бала эки алды деп. Эки алган балдарга кайсы мугалим сабак берген, эмне үчүн алар эки алды, эмне үчүн 6-класстагы программаны бала билбейт деп карайбыз. Мугалимге «календардык планды өзгөртүшүӊ керек, балдарды бир-бирден чакырып үйрөтүшүӊ керек» дейбиз. Окуу жылынын ортосунда дагы бир жолу педсовет өткөрүлүп, анализ жасалат. Бул иш бизде бар.

Ырас, математика боюнча биз №61 лицей менен  теӊ тайлашалбайбыз. Бирок Деркембаев Азамат деген балам математика боюнча республикалык сынакта 1-орунга чыгып, эл аралык олимпиадага барып катышып келди. Жыл сайын биздин мектептен жок дегенде 3-4 окуучу ЖРТнын жыйынтыгы менен алтын сертификатка татып келатат. Былтыр үч окуучубуз алтын сертификатка ээ болушту.   Сегиз бала кызыл аттестатка тест берип, мыктылар экенин тастыкташты. Былтыр 126 окуучу аяктаган, баары теӊ жогорку окуу жайларга өтүштү. Анын көбүнчөсү дарыгерлик кесипти тандап алып, ошол багытта билимдерин улантып жатышат. Техникалык кесиптерди тандап алгандар Россиядагы жождорго өтүштү.

— Статустуу мектептерде бардык предметтер тереӊдетилип берилеби?

— Мисалы, окуу план боюнча   15 предмет бар. Ар бир предметке гимназияда кошумча саат берилбейт. Биздин мектептин айырмачылыгы:  5-7-класска чейин математика предметине бир саат кошулат, 7-9-класска чейин геометриядан, математикадан, орус тилинен  1-2 сааттан кошулат. 10-11-класстарга ишемби күндөрү Орус-Славян университетинин окутуучулары келип сабак беришет. Анткени жогорку класстарга март айларында психолог кесипке багыт берүү боюнча тестирлөөөткөрөт. Ата-энелер менен макулдашылгандан кийин 10-11-класстар беш профилдик класска бөлүнөт: юридикалык, эл аралык байланыш, дарыгерлер, архитектуралык-техникалык жана экономикалык класстар деп.

—  Быйылкы жыл Президенттин Жарлыгы менен «Маданият жана тарых жылы» деп жарыяланды. Кандай иш пландар бар?

— Буюрса, февраль айында            география жана биология мугалимдери бирдикте  чоӊ иш-чара өткөрүшөт. Окумуштуулар, тарыхчылар, адабиятчылар чакырылат. Кыргызстандын географиясы тууралуу кеп болот. Кыргыздын тамактары: гүлазык, курут, чалап, максым ж.б.у.с. жасап, көрсөтмө сыяктуу уюштуруу пландалууда. Ар бир класстык сааттарда тарых, маданият тууралуу кептер болуп турат. Мындан сырткары Үркүндүн 100 жылдыгына карата окуучулар сүрөт тартуу, дилбаян жазуу боюнча иштеп жатышат.

— Мугалимдерди моралдык жактан колдоо ирээтинде педагогикалык кесипти тандап алган мыкты бүтүрүүчүлөргө ант бердирүү идеяга кандай карайсыз?

— Бул жакшы идея. Айтмакчы, кээ бир орой сүйлөп койгон мугалимдер деле бар. Жакшы көргөн окуучуларга басым жасап, жаман көргөндөргө көӊүл бөлбөгөндөр жок эмес. Жаш муундардын убалына калбаш керек. Мугалим ар бир балага үлгү, ал аны өзүнүн жүрүм-туруму, сүйлөгөн сөзү, кийинген кийими менен тарбиялайт. Ар бир бала өзүнүн мугалимине окшоп калат. Ошондуктан мугалим болом дегендер ант берип, жүрөгү менен иштеген мугалимдер көбөйсө билим берүү системасында чоӊөзгөрүү болот эле. Мугалим кесибин сүйүү керек, сүйбөсө мектепке иштебей эле койгону туура болот.    Мугалим окуучусу үчүн авторитет.

— Келечектеги планыӊыз?

— Профилдик класстарды мындан дагы жогорку деӊгээлде өнүктүрсөм дейм.  Психолог, аналитик, астрологдорду чакырып, жакшы кесипке багыт берип, даярдасак дейм. Экинчиси — башталгыч класстарга өзгөчө көӊүл бургум келет. Билим башаты — башталгыч класс. Үч жаштан баштап балдарды мектепке даярдоо зарыл. Эксперименталдык аянтча кылсам, өзгөртсөм  деген оюм бар.

Гүлнара Алыбаева,

«Кутбилим»

Поделиться

Комментарии