ДЕРЕКТИРДИН ЫКТЫЯРЫ МЫЙЗАМДАН ДА КҮЧТҮҮБҮ?

  • 29.01.2016
  • 0

Ааламдашуу алкымдан алып, интернетке көз карандылыкка алып келип жаткан азыркы шартта өспүрүмдөр менен түздөн-түз иш алып барып, аларды маалымат айдыӊындагы азгырыктардан алаксытуу, үй-бүлөлүк, турмуштук пикир келишпестиктерден келип чыгуучу өз жанын кыюуга чейин жеткирүүчү кыжаалаттан калкалоо өзгөчө маанилүү маселе болуп баратат. Дал ушул максатта мектептерде социалдык педагог деген штат ачылган. (Бул багыттагы кызматтар зарылдыктан улам абактарда, аскер бөлүктөрүндө, күч структураларында да ачылып, иштеп жатат). Адистер жокко эсе болгондуктан, көпчүлүк мектептерде бул милдетти башка предметтин мугалимдери аткарып келишкен. Бирок алар эми университеттин жолдомосу менен атайын жогорку билимдүү адистерге орун бошоткусу келбей жатат. Айрым деректирлер үчүн тааныштарынын өтүнүчү министрдин буйругунан да, мыйзамдан да жогорку экен.

Жакында биздин окуу жайда соцпедагогика адистигин бюджеттик негизде окуган бүтүрүүчүсү студентим Талантбек уулу Жолдошко көчөдөн кезигип калдым. Ал-жайды сураштык:

— Кесибиӊ боюнча иштеп жатасыӊбы?

— Агай, былтыр окууну бүтүп, кичи мекеним Кочкор районуна жолдомо менен соцпедагог болуп иштөөгө жөнөтүлдүм эле. Бирок ал мектепте [да], өзүм туулуп өскөн Кызыл-Дөбө айылындагы мектепте да деректирлер бул штат бош эмес деп узатышты. Ошентип, азыр Бишкекке келип май куюучу жайда оператор болуп иштеп жатам.

Жогорку окуу жайдын күндүзгү бөлүмүндө мыкты окуп диплом алган, кесибим боюнча иштесем деп көзү күйүп-жанып турган жаш адис башка чапкандай болуп борборго баса бериптир. “Айылда пенсия курагындагы ата-энем гана калган. Кесибим боюнча иштеп, аларга кол кабыш кылсам болот эле”, — деп көзүн жалдыратат студентим.

Деги биз кандай коомдо жашап жатабыз, урматтуу кесиптештер? Мектептеги соцпедагог кызматы сааты жетпеген мугалимдердин айлыгына кошумча төлөш үчүн ачылды беле?.. Мектептеги билим берүүгө кесипкөй, жоопкерчиликтүү мамиле качан болот? Же министрликтин буйругу, ЖОЖдун багыттамасы элетте аткарылбай кагаз бойдон кала береби?

Жождордун бүтүрүүчүлөрү айылдарга барбай жатат деп наалыйбыз, айылына барып өз кесибим менен иштесем дегенде эки көзү төрт болгон жаш адисти тигинтип шагын сындырабыз… Билим берүү чөйрөсүнүн көйгөйлөрүнө сергек мамиле кылып, элеттеги жетекчилердин принципиалдуу иш алып барышына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Антпей көз жумду мамиле кыла берсек, көйгөй улуттук коопсуздукка коркунуч туудурган чекке акырындап жакындап бара жатат.

Мисалы, мектепти бүтүп жожого келип тапшырган абитуриенттердин билим деӊгээли жыл өткөн сайын геометриялык прогрессия менен кескин төмөндөп жатат. Былтыр ЖОЖдун өкүлдөрү Тест боюнча улуттук борборго «босоголук балды 110дон төмөндөтсөӊөр болот эле, көп абитуренттер тышта калып жатат» деп кайрылганы эсимде. Ага борбордун адистери: ”110 балл алган баланы өткөрсөк, “үчкө” окуган окуучунун көрсөткүчү болуп калат, андан төмөндөтсөк, “экиге” окугандарды деле кабыл ала бер деген мамиле болуп калат, босоголук баллды 110дон түшүргөндөн көрө тест системасын жоюп салган оӊ”, — деген жообун беришкен. Демек, ЖОЖго студент болгондордун көпчүлүгү араӊ босоголук баллдан өткөндөрдүн армиясынан турат.

Азырынча айылдарда мурдагы союздук диплому бар мугалимдер саналуу болсо да иштеп жатышат. Бирок 5-10 жылда баары пенсияга кетип бүтөт. Алардын ордун мектепти бүтүп жожго сырттан окууга тапшырып мектепте иштеп калган же окуу жайды сапатсыз бүткөндөр калган мезгил келет, ошондо көрсөткүчтөр мындан да төмөндөйт.

Ал эми жогорку окуу жайын бүтүп, дипломун министрликтин багыттамасы менен эли-жерине иштейм деп барган жаш адисти мектеп деректирлери жумушка албай, ар кайсыны айтып узатышат. Кыргызстандагы орто билим берүүдөгү “Жаш мугалимдин депозити” программасын тармактык эле эмес, Улуттук долбоорго айландыруунун жана ага көзөмөлдү күчөтүүнүн мезгили келип жетти.

Билим берүү – мамлекеттин улуттук кызыкчылыктар тутумундагы өзгөчө маанилүү багыт. Билим мамлекеттин келечеги болгон жаштардын, өспүрүмдөрдүн адам, инсан, жаран катары калыптанышында чечүүчү ролду ойной тургандыгы белгилүү. 20, 30 жылдан кийин коомдун негизин түзө турган муундун дүйнө таанымын, саясий маданиятын калыптандыруудагы жоопкерчилик баарыбызды ойлонтууга тийиш.

Чолпонбек СЫДЫКБАЕВ, илимдин кандидаты, доцент

(Кыскартуулар менен  жарыяланды)

Эмне кылуу керек?

БИМ мектептер башкармалыгынын жетектөөчү адиси Гүлшан Абдылдаевадан бул маселе боюнча сураганыбызда, мындай жооп берди:

— Макаланын автору мага 2015-жылы октябрда келген болчу, жаш кадрды эмне үчүн жумушка орноштурбайсыӊар деп. Штатка бекитилип, иштеп жаткан мугалимдин саатын алып бергенге эч кимдин акысы жок. Эгер мен бошоткула деп талап кылсам, деректир бошотсо, саатынан айрылган мугалим сотко берсе утуп чыгары анык. (Муну министрликтин юристи Клим Омельченко да ырастады: “Эмгек кодексинде ушундай. Эгер Талантбек уулу август айында сааттар бөлүнгөнгө чейин барса, аны мектеп өз адистиги боюнча жумушка орноштурууга милдеттүү болор эле”. – Ж.Т.). Эми келерки окуу жылына штаттар бекитиле турган мезгилди күтүүгө туура келет.

Адистиги боюнча жумушка тура албай калган Талантбек уулу Жолдош бизге келип жолукту. 2014-жылы БГУну аяктап, июль айында эле жолдомо менен Кочкорго барган экен. Ал орун бош эмес дегендер тууралуу дароо министрликке, педагогикалык кызматкерлердин профсоюздар федерациясына, ошондой эле “Кутбилим” гезитине кабарласа болмок. Азыр ошол кезде жолдомо боюнча тийиштүү мектепке сааттар бекитилгенге чейин баргандыгын далилдеш дээрлик мүмкүн эмес.

Жыл сайын миӊдеген жаш педагогдор жогорку окуу жайды бүтүрүп, бирок мектептерде кадр жетишпей жаткандыгынын бир себеби деректирлердин жоопкерсиздигине байланышуу экендиги көрүнүп турат. Айлык акынын аздыгынан мугалимдер, адистиги шайкеш келсе да, келбесе да, сааттарды көбүрөөк ээлегенге умтулушат. Бирок жаш кадрларды жумуш менен камсыздоону да ойлош керек эмеспи. Болбосо бюджеттин эсебинен дипломдуу жумушсуздардын катарын калыӊдата берүүнүн кажети канча?

Кайсы мектепте кайсы сабак боюнча мугалим жетишпей жаткандыгына, пенсия курагындагылар ээлеген орундардан канчасы жакынкы 5-6 жылда бошошу ыктымалдыгына карай жаш адистерди пландуу даярдап, жумуш менен камсыздоо үчүн жетекчилердин жоопкерчилигин күчөтпөсө, дипломдуу жумушсуздарды бюджет эсебинен чыгарган ысырапчылык улантыла берери анык. БИМ сайтына ар бир мектептеги кадр менен (ошондой эле окуу китеп, компьютер, интернет ж.б. каражаттар менен) камсыздалуу абалын, педагогикалык багытта окуусун аяктаган кайсы адис каякка жиберилгендиги, кимдер иштеп, кимдер башка тармакка кетип жатканын алаканга салгандай чагылдырып, дайыма жаӊыртылып туруучу рубрика ачыш керек. Мектептен министрликке чейинки ар бир жетекчинин, расмий кызматкердин чыгарган чечими, буйругу, анын аткарылышы, аткарылбай калса себеби, жүйөсү көрсөтүлүп турганы оӊ.

Бүтүрүүчү жолдомо менен барганда «орун жок» деп кайтарган деректирден жазуу жүзүндө, колу, мектептин мөөрү менен тастыкталган, датасы анык коюлган жоопту талап кылышы керек. Муну министрлик атайын нускама (инструкция) түрүндө мектептерге, билим берүүнү башкаруу органдарына жеткириши абзел.

Жолдош Турдубаев, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии