ОШТО ОЛИМПИАДА ЭЛЕКТРОНДУК ТҮРДӨ ӨТҮҮДӨ

  • 15.01.2016
  • 0

Ош шаарындагы мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасынын аймактык баскычы 11-январда башталып, электрондук системада өтүүдө.

Олимпиадага 9-10-11-класстардын 2000ге жакын окуучусу жалпы 11 предмет боюнча катышууда. Билим жарышынан алдыңкы төрт орунду алган окуучулар аймактык баскычка жолдомо алышат. Олимпиадада окуучулар берилген суроолорго белгиленген убакыттын ичинде жалаң компьютерде тест аркылуу жооп беришүүдө. Окуучулардын  канча суроого туура жооп бергендиги, канчасына туура эмес жооп бергендиги жана анын канчанчы орунду алгандыгы акыркы суроонун жообун басканда эле дароо автоматтык түрдө компьютерде чыгарылып, жеке окуучунун компьютеринде гана эмес эшикте балдарын күтүп отурган ата-энелерге дагы электрондук тактада көрсөтүлүүдө.

— Мындай ыкма окуучулардын дагы, ата-энелердин дагы ишенимин арттырат. Экинчиден, окуучулар мурункудай кагазга чыгарылган тапшырманын жообун күтүп отурушпайт. Быйылкы олимпиаданын дагы бир өзгөчөлүгү — окуучуларды видео каттоодон өткөрдүк. Бул ар кандай талаш-тартыш маселелер чыкканда дагы туура, адилеттүү чечкенге жол ачат. Олимпиаданын суроолорун болсо мурункудан башкачараак түзгөнгө аракет кылдык. Суроолордун баардыгы баланын андан аркы турмушуна, келечегине байланыштуу кылып түзүлгөн. Олимпиаданы электрондоштуруунун максаты – окуучулардын билимин так жана калыс баалоо. Ошондой эле  убакытты үнөмдөө, — дейт Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын усулчусу Тынчтыкбек Досмуратов.

Олимпиаданын жүрүшү менен Ош шаарынын мэри А.Кадырбаев таанышып, байкоо салып олтурган ата-энелер, коомчулуктун өкүлдөрү менен баарлашты.

“Учурда Ош шаарындагы мектеп окуучулар арасында предметтик олимпиада экинчи жолу электрондук ыкма менен өтүүдө. Бул сынакта балдарыбыздын билим деңгээли, интеллектуалдык ой жүгүртүүсү жана жөндөмдүүлүгү бааланат. Буга чейин олимпиадаларда коррупциялык элементтерге жол берилип, ачык-айкын өткөрүлбөй келгени баарыбызга белгилүү. Мындай система менен өткөрүү биринчилерден болуп Ош шаарында өткөн жылы ишке киргизилди. Анын жыйынтыгы жакшы болуп, 2015-жылы Ош шаарынын окуучулары Республикалык олимпиадада 2-орунду багындырышкан. Быйыл ал көрсөткүчтү көтөрүүгө ниетибиз чоң. Албетте, балдарыбызга татыктуу билим, тарбия берсек, алар келечекте мамлекетибизди, шаарыбызды өнүктүрүүгө чоң салым кошушат”, — деди А.Кадырбаев.

Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашты.

Чолпон Кийизбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии