КЫРГЫЗСТАНДА ДИН ТААНУУ САБАГЫНА КАРЖЫ ЖОК

  • 04.12.2015
  • 0

Кыргызстандагы орто мектептерге  дин таануу сабагын киргизүү боюнча  иш-аракеттер каржы маселесине барып такалды.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсеналиевдин айтуусуна караганда, биздин  мектептерге  да «Дин маданиятынын тарыхы» сабагын киргизүү маселеси каралып жатат.

— Окуу китебин даярдоо үчүн атайын окумуштуу-педагогдор иштеп жатышат. Китепке ар бир диндин маданиятын топтоп, окуучуларга үйрөтөлү деп жатабыз. Анткени ар бир диндин жакшы сапаттары бар. Мейли христиан, мейли ислам, мейли будда дини болсун ар биринин жаралышы, анын калыптанышы, эмне үчүн дин чыкканы ж.б.у.с. тууралуу кенен билим берели деп чечтик. Окуучулар динди маданият катары карасын деген ой бар. Эгерде эксперттик комиссия чечим чыгарса, биз ошол китепти сунуш кылабыз. Окумуштуулар сунуш кылган китепке ылайыктуу тарых мугалимдери кайрадан билимдерин жогорулатышат. Акыркы жылдары башка мамлекеттин саясаты, маданияты кыргыздарга сиӊип баратат. Мына ушундай терс көрүнүштөргө бөгөт коюу үчүн мектептерге “Дин маданиятынын тарыхы”  окуу китебин класстык сааттарга тарбиялоо максатында сунуштайбыз. Дин маданиятын билбеген жаштар чет жакага чыгып, алардын маданиятын таанып, азгырылып жатышат. Буюрса, окуу жылынын аягына чейин окуу китеби сунушталат. Менин пикиримде, диний сабатсыздыктан терроризм күчөп жатат. Ар бир дин тазалыкка үндөйт. Диний философияны бурмалабаш керек. Ар бир динде адамды  өлтүрүүгө, зордук-зомбулукка ж.б.у.с. терс көрүнүштөргөүндөгөн бир дагы сүрөө жок. Тескерисинче, дин элди ынтымакка, ырашкерликке чакырат, — дейт Марат Үсеналиев.

Ал эми  Кыргыз билим берүү академиясынын социалдык-гуманитардык предметтер лабораториясынын башчысы Мурат Иманкуловдун айтымында Кыргызстанда  советтик доордон бери дин тууралуу билим  берүүөтө чектелген болчу, тарых курстарында  гана айрым-айрым диндердин калыптанышы, пайда болушу тууралуу кыска маалымат берилген болбосо эч кандай диний маалымат берилбей келген. Ошондой эле дин тууралуу маалымат бере турган мугалимдер даярдалып чыккан эмес. Ошондуктан бул курсту мектептерге киргизе коюу кыйынчылыкты туудурат.

Себеп дегенде даяр кадрлар жок. Бул сабакты молдолор бере албайт, дин уюмдары  мектептин ишине кийлигише албайт, бул диний да, атеисттик да пропаганда эмес экендиги Концепцияда ачык жазылган. Сабакта диндин негиздерин окутуу керек. Мисалы, ислам дини эмне, ал кандай пайда болгон, кандай окуусу бар, диндин ичинде кандай агымдар бар деп, анын ар бирине токтолуп, кыскача маалымат берүү зарыл. Демек, биз өзүбүз исламдык көз караштарыбызга, ишенимдерибизге туура келбегендерди кантип ажыратууга болот, кайсы жерде аны кантип таанууга болот деп балдардын, жаштардын диний компетенциясын калыптандырышыбыз керек. Демек, тигиндей же мындай бир миссионер, даваатчы келип айтып жаткан сөзүнөн ал кайсы окууга тиешелүү экендигин аныктай ала турган мүмкүнчүлүк болуш керек. Биздин максат  ушу, — дейт Мурат Иманкулов.

Адистин айтуусунда, быйыл Президенттик аппараттын тапшырмасы, алардын катышуусу менен Норвегия өкмөтүнөн өкүлдөр келип,  дин тарыхы боюнча эки жолу семинар өтүшкөн. Норвегияда билим берүү 13 жылдык экен. Дин тарыхы сабагы  1-7-класстарда жумасына эки сааттан милдеттүү түрдө окутулса, 8-10-класстарда айрым класстарда 1 сааттан, айрымдарында 2 сааттан берилет экен. Ал эми 11-12-класстарда дин боюнча 1 саат каралыптыр.

— Норвегияда 13 жыл бою дин тарыхын окутушат экен. Биздин концепциябызды талкуулаган учурда дүйнөлүк талаптарга жооп берет экен дешти алар. Ал жерде, мисалы, биринчи кезекте христиан динин алышат экен, андан кийин башка дүйнөлүк диндерди окутат экен. Биз айттык, биринчи кезекте ислам дини туруш керек, андан кийин башка диндерди алабыз деп. Анткени бизде көп кездешкен ислам дини дедик.  Концепция боюнча биз бул сабакты 5-класстан баштап киргизүүнү сунуш кылганбыз. Анткени окуучулардын көз карашы 5-класста калыптанат. Эгерде ошол кезде калыптандырбасак андан кийин кеч болуп калат.  И.Арабаев атындагы университеттин ректору Т.Абдырахманов  өзүнүн эмгектеринде кыргыз исламы деген термин киргизди. Анткени кыргыздын исламы арабдардын исламынан көп жерден айырмаланат. Биз ошол айырмачылыктарыбызды да окутушубуз керек. Ушундай жол менен диний радикалдаштырууну токтотуу мүмкүнчүлүгү болот. Косметикалык ремонт жасаганга кеч болуп калды, ошондуктан кардиналдуу, капиталдык ремонтту жасап, жаш муундардын көз карашын мындан ары бузулуп кетишинен сактап калышыбыз зарыл. Ал биздин мамлекеттин келечектеги коопсуздугу, тынчтыгы, биримдиги. Айта кетчү нерсе, Концепцияны иштеп чыгууда Өкмөт эч бир каражат бөлгөн эмес. Адистер бекер иштеп беришкен эле.  Эми бул ишти мындан ары жылдыруу үчүн, албетте,  каржы керек, — дейт адис.

2014-жылы кабыл алынган “Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын” концепциясында белгиленгендей, “эгемендүү Кыргызстандагы мамлекеттик жана коомдук системанын демократияга өтүү процесси республикада диндердин өнүгүшүнө алып келди, ал диний жагдайдын кескин өзгөрүшүнө өбөлгө болду. Жарандарда дүйнө таанымы жана дин жаатында өзүн-өзү эркин аныктоонун, өзүнүн динин үйрөнүүнүн жана жайылтуунун мүмкүнчүлүгү пайда болду”. Натыйжада динге ишенгендердин саны кескин өсүп, ал эле эмес диний объекттердин да саны көбөйдү. 1990-жылдары динге ишенгендердин көпчүлүк бөлүгү эки конфессияны: суннит исламынын ханафий мазхабын жана православ христианчылыгын тутунгандар эле.  Концепциядагы маалыматтарга таянсак, 1990-жылы Кыргызстанда 39 мечит болсо, 2014-жылы өлкөдө 2 362 мечит катталган жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүнө кирген 81 ислам окуу жайы бар.  Өлкөдө христиан уюмдарынын саны да өсүүдө, алардын саны 2014-жылы 378ге жеткен экен. 1991-жылы Кыргызстанда 29 чиркөө коому болсо, азыркы мезгилде 49 чиркөө коому жана 1 аялдар монастыры иштейт. Өлкөдө башка христиандык диний уюмдардын ичинен расмий түрдө: 4 католиктик, 50 баптистик, 20 лютерандык, 56 элүүнчүлөр, 31 жетинчи күндүн адвентистери, 38 пресвитериан, 43 харизматикалык, 41 Иегова күбөлөрү, 18 башка христиандык уюм, 26 чет элдик протестанттык миссия бар экени маалым. дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан ошондой эле 1 еврей жамааты, 1 буддисттик, 12 бахаи дининин жамааты каттоодон өткөн экен. Алты миллион эли бар Кыргызстан үчүн бул баш айландырган ар кандай агымдардын пайда болушу кооптонууну жаратпай койбойт.  Анысы аз келгенсип, чет өлкөдөгү диний окуу жайларынын айрым бүтүрүүчүлөрү окуусун аяктагандан кийин ошол өлкөнүн идеологиясын, маданиятын, сырткы келбетин, кийимин, жада калса жүрүм-турумун өлкө ичине жайылтып, аны таӊуулап жатышат.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии