ЭЛГЕ ЭМГЕГИ МЕНЕН ТААНЫЛДЫ

  • 19.10.2015
  • 0

Редакциядан: Ж.Баласагын атындагы КУУнун Физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, педагогика илимдеринин доктору, профессор, илим жана техника боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгынын ээси  Эсенбек МАМБЕТАКУНОВ 70 жашка толду. Э.Мамбетакунов бүгүнкү күндө республикага гана эмес, дүйнөгө дүбүртү угулган ири окумуштуу, чыгаан педагог. Академик Үсөн Асанов айткандай, “педагогиканы бийик илимий деңгээлге көтөрүп чыккан”, өзүнүн илимий мектеби бар илимпоз. Наам, даража, сыйлыктарын карандай өз эмгеги менен гана алган инсан. Ушул кезге чейин мамлекеттик сыйлык – илимге эмгек сиңирген ишмер наамын берүүнү эч ким ойлонбогону, албетте,  өкүндүрөт. Бирок эл берген наам баарынан жогору турат эмеспи. Эсенбек Мамбетакуновдун  миңдеген окуучулары, шакирттери эчак эле Эл мугалими, биздин мугалим деп атап алышкан. “Кутбилимчилер” дагы агайдын 70 жылдык юбилейи менен куттуктайт!

Мамбетакунов Эсенбек  Ат-Башы районундагы Жаңы-Күч айылында жарыкка келген. Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-математика факультетинин физика бөлүмүн 1965-жылы аяктаган.

Ушул жерден азыркы окумуштуулар академик С. Токтомушев, Ж. Мамбеткулов, А. Исманбаев, Б. Жоробеков, Эл мугалими Ш. Кулуев сыяктуу көптөгөн кыйышпас курдаштарды тапты. Жаш кезинен эле эмгекчил, өжөр болуп өстү. Эмгек жолун 1965-жылы Ат-Башы айылындагы №2 Ленин атындагы окуу орус тилинде жүргүзүлгөн орто мектепте физика мугалими болуу менен баштаган. 1967-жылы мектептин директорунун тарбия иштери боюнча орун басары болуп дайындалган.  Мына ушул жылдары физиканы окутуунун методикасын жакшыртуу маселесине кызыгуусу артып, райондук, республикалык гезиттерге макалаларды жарыялай баштаган.  Илим өзүнө тартып, 1971-жылы борбордогу илим-билимге жакындоо, физиканы окутуунун методикасы боюнча аспирантурага кирүү  максатында Бишкектеги Политехникалык техникумга мугалим болуп келген. Бул техникумдан ал көптүүйрөндү. 1973-жылы Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтуна аспирантурага кирди. Илимий жетекчиси болуп педагогика илимдеринин доктору, профессор, Челябинск мамлекеттик педагогикалык институтунун физиканы окутуу методикасы кафедрасынын башчысы, Россия билим берүү академиясынын академиги А.В.Усова дайындалган. Мына ушундан тартып илим изилдөө ишине баш-оту менен кирди. Илимге болгон жөндөмдүүлүгүнүн күчтүүлүгүнөн  кандидаттык диссертациясын 1978-жылы 28-сентябрда Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда ийгиликтүү коргоду. 1976-жылдын ноябрынан Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер, улук илимий кызматкер, сектор башчысы болуп иштеди. 1982-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин жалпы физика жана физиканы окутуу методикасы кафедрасына улук окутуучу болуп которулду. 1985-жылы СССР Жогорку аттестациялык комиссиясынын чечими менен доценттик наам ыйгарылды. 1992-1997-жылдары Кыргыз билим берүү институтунун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1998-2010-жылдары Улуттук университеттин эл аралык билим берүү программаларын интеграциялоо институтунун «Окутуунун жаңы технологияларын изилдөө» илимий борборунун начальниги болуп иштеген, ошол эле учурда 1994-жылдан бери КУУнун физиканы окутуу технологиясы кафедрасынын башчысы кызматын аркалап келет. Мына ушул жерлерде чыгаан окумуштуулар, азыркы эл мугалимдери, академиктер И. Бекбоев, А. Жайнаков, Ж. Жээнбаев, Ө. Шаршекеев, А. Э. Измайлов  сыяктуу агайлары менен бирге иштешти, таалимдерин алды, тажрыйбаларын үйрөндү.

1992-жылы «Окуучулардын табигый илимий түшүнүктөрүн калыптандырууда предметтерди байланыштырып окутуунун дидактикалык функциялары» деген темадагы докторлук диссертациясын Низами атындагы Ташкент мамлекеттик педагогикалык институтунда коргоп, педагогика илимдеринин доктору деген окумуштуулук даражага ээ болду. 1994-жылы профессор наамы ыйгарылды. Гуманитардык илимдерди өнүктүрүү жаатында сиңирген эмгеги үчүн Жусуп Баласагын атындагы сыйлык ыйгарылды. Физика жана табият таануу боюнча орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине арналган окуу китептери үчүн 2004-жылы Кыргыз Республикасынын илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгы берилди. Кыргыз Республикасынын «Ардак грамотасы» менен сыйланды. Кыргыз ССР жана СССР билим берүү отличниги. Ошону менен катар эле Билим берүүнү гумандаштыруу боюнча эл аралык академиянын анык мүчөсү (1995, Бийск), Россиянын Эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын (Москва, 1998) академиги болуп шайланган. Американын автобиографиялык институту «2002-жылдын Адамы» деп тааныган. Кыргыз билим берүү академиясынын академиги (2014). Нарын облусунун ардактуу атуулу.

Профессор Э. Мамбетакуновдун илимий иштери  негизинен окуучулардын физикалык түшүнүктөрүн калыптандыруунун психологиялык-дидактикалык проблемаларын изилдөөгө,  орто мектепте жана жогорку окуу жайында окутуу теориясына, физиканы окутуу теориясы менен методикасына, табигый илимдердин түшүнүктөрүн аларды байланыштырып окутуу менен калыптандырууга, билим берүүнү гумандаштырууга арналган. Анын илимий жетекчилиги менен 5 докторлук, 21 кандидаттык диссертация корголуп, республикада педагогика адистиги боюнча окумуштуулардын чоң тобунун калыптанышына зор салым кошкон.  400дөн ашык илимий-методикалык эмгектин автору, анын ичинде “Педагогиканын негиздери”, “Физиканы окутуу теориясы жана практикасы” деген сыяктуу фундаменталдуу эмгектери, Табият таануу, Физика боюнча 7-8-9-класстар үчүн окуу китептери ж.б. бар.

Ал эмгеги менен элге таанылган адам. Эмне болсо да Эсенбек байкем мен үчүн таянаар тоом, учаарга канатым, рухий байлыгым, башымды өйдө көтөрүп, үнүмдү бийик чыгарып айтаар сыймыгым.

Ысмайыл КАДЫРОВ (М. Жаныбек),

профессор Э.Мамбетакуновдун иниси, КР Өкмөтүнүн аппаратынын лингвистикалык экспертиза секторунун башчысы, балдар акыны, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер

Кошоматтыбилбегентазаадам

Мен 1977-жылыЫсмайылмененбашкошкондобайкемдинбосогосунаттапкирдим, келинболгондогубиринчижоолуктужеңемЖумагүл  башымасалды. Ошондонберибирүй-бүлөдөйбири-бирибизгекамкордуккөрүпкелебиз.

“Вазиржакшы, ханжакшы” дегендей, жеңемабданишбилги, өтөтаза, жөнөкөйайым. Мунуайтыпжаткансебебим, жеңемүйдөжакшышарттүзүпкойгонуүчүн, байкемушундайбийикдаражагажетишинесалымычоң. Экөөбалдардыыймандуу, билимдүүтарбиялашты. УлуукызыЖылдызилимдинкандидаты, И.Арабаеватындагыуниверситеттеокутуучу, Уланбек – илимдиндоктору, доцент, Финансыакадемиясындажетекчикызматта, Чолпон – банккызматкери, ЭлдиярКРПрезидентининжанаӨкмөтүнүнишбашкармасындаэмгектенет.

БайкемАт-БашырайонунунЖаңы-КүчайылындагыЖ.Кайыповатындагыортомектептин 1-11-класстарынынотличникокуучуларынажылсайынокуужылынынаягындастипендияберипкелет. Демек, булокуучулардынжакшыокушунашык (стимул) берет, жакшыокугангааракеткылып, жылсайынагайынкүтүшөт.

Шарипа Койлубаева,

Бишкек шаарындагы №85 мектептин соцпедагогу,

КР Билим берүү отличниги

Нукура улуттук педагог

Эсенбек Мамбетакунов агайыбыздын көптөгөн окуучуларынын бири  болгондугум менен сыймыктанам.

Мектепте  мугалимдеринин,  студенттеринин инсандык калыптанышына эмгеги зор. Педагогиканын ар тарабы боюнча агай илимий жана методикалык эмгектерди гана жаратпастан, илимий    кадрларды дагы даярдап чыгарды.

Агайдын айтса  түгөнгүс  эмгектери бар, улуттук педагогикабыздын  илим катары  түптөлүүсүнө кошкон салымы зор. Республиканын ар кайсы жагынан келген мугалимдерге билимин жогорулатуу курсу  боюнча лекциялары абдан таасирдүү.

Э. Мамбетакуновдун  илимий-изилдөө ишинин дагы бир багыты – Кыргыз Республикасында табият таануу,  физика,  астрономия боюнча билим берүүнүн   мазмунун жаңылоо.  Агай   344 илимий, окуу-методикалык  эмгектин,  макаланын  автору.

Эсенбек Мамбетакуновдун  адамдарга,  кесиптештерине,   окуучуларына жасаган мамилеси   аркылуу жөнөкөйлүктүн,  айкөлдүктүн, бийиктиктин, эмгекчилдиктин, калыстыктын улуу  инсаны    катары  баалайм.

Гүлзат Жумабекова, 

№76   мектеп-лицейдин физика  мугалими 

Агайым — таянаартообуз

Көрүнүктүү     окумуштуу-педагог  Эсенбек  Мамбетакунов    кыргызэлининбактысына  жаралганулуудөөлөтдепайтаарэлем.    Алэмиагайдынжетекчилигижанатүздөн-түзкатышуусу  менен «Кыргыз   Республикасындаортобилимберүүнүн   мазмунун    жаңылоонунконцепциялары», «Физикалыкбилимберүүнүн  мамлекеттикстандарты», «Табияттаануужанафизикабоюнча 5-11-класстардынпрограммалары»,  «Физика-7» (2002), «Физика-8» (2003)  — оригиналдуу  көптөгөн   окуу  китептерименен  азыркыга   чейин   мектептерде  окуучуларга  билимберип   келебиз.  Агайдынилимийэмгектери  өзүнүн  фундаменталдуулугу, методологиялыкжактантастыкталгандыгы, теориялык  жактан   жалпылангандыгы, практикалык  маанилүүлүгү,    колдонууга  ылайыктуулугу, оюнункыскалыгыжанатактыгымененайырмаланат.

Гумандуулуктун,  эмгекчилдиктин, бийиктиктин,    акыйкаттыктын,  адилеттүүлүктүн  улууөрнөгүболгон  Эсенбек   агайыбызгабизсыймыктанууменентаазимэтебиз.

Шахиризада  Кенжегул кызы,

 №85 жалпы билим берүүчү орто мектебинин 

информатика-физика  мугалими

ЭСЕНБЕККЕ АРНОО

Эсенбек менин бөбөгүм,

Эң эле жакшы көрөмүн.

Өйдө чыксам өбөгүм,

Ылдый түшсөм жөлөгүм.

Жараткан өзү колдосун

Мен Ала-Тоодой көрөмүн.

Эненин актап эмгегин,

Элиңе тийди керегиң.

Жетим жүрүп жетилип,

Акылдуу бол дегемин.

Айтканды угуп кичине,

Ак жолдун түштүң изине.

Мугалим болом деп жүрүп,

Билим кенин каздыңбы!?

Издегениң эмне экен

Жардам берип кең мекен

Издегениң таптыңбы, же

Билимди койдой бактыңбы!?

Кичине класс, чоң класс

Окусун деп баарысы

Физика китеп жаздыңбы?

Жакшы окуйм деген бала үчүн

Стипендия берип аянбай

Колуңду кенен ачтыңбы?

Академия жагында

Билим жолун улаган

Эмгегиңди эл билет.

Өстүрдүң далай шакиртти,

Акылы бар жан билет.

Алдейлеп жүрүп чоңойткон,

Атадан калган мурасым.

Асманга жетти кулачың,

Ар дайым эжең ыраазы.

Эмгектин көрүп үзүрүн,

Мол болду абдан түшүмүң.

Кутмандуу курак кут болсун!

Ой-тилегиң орундап,

Ойлогон оюң бүт болсун!

Узун болсун өмүрүң,

Ачык болсун көңүлүң!

Эжең Салиман,

Ат-Башы району

Кутман курагыңыз  кут болсун,

Эсенбек агай!

 

Мен 1990-93-жылдары ал кездеги Эмгек Кызыл Туу ордендүү СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетинде окуп калдым. Жаңыдан  гана СССРдин Жогорку аттестациялык комиссиясы тарабынан “педагогика илимдеринин доктору” деген окумуштуулук даражаны алган Эсенбек агай бизге физикадан сабак берчү. Ал чындыгында эле физиканы окутуунун методикасы боюнча докторлук даражага татыктуу, күчтүү адис болчу. Эсимде калганы, Эсенбек агай лабораториялык иш учурунда физикалык кубулуштарды демонстрациялоого өзгөчө көңүл буруп, “лабораторияда эксперимент өткөрө албаган физик – физик эмес” деп айтып калаар эле.

Эсенбек Мамбетакунович лекция окуп, лабораториялык иштерди жасоодон башка дагы,  кийин, 2011-жылы мен иштеген Бишкек шаарындагы №91 мектеп гимназиясынын физика кабинетин жабдууда да эбегейсиз чоң жардам берди. Агай кабинеттеги ар бир физикалык приборго, стендге, плакаттарга көңүл буруп, аларды каерге, кантип жайгаштыруу, колдонуу боюнча баалуу кеңештерин берди.

Эсенбек агай физик эле болбостон, кыргыздын акын-жазуучуларын да жакшы билет экен. Кээде ал кыргыз акындарынын ырларын жөн гана айтып бербестен, алардын качан, каерде, кантип жазылганын да айтып берчү.

70 жаш кутман курагыңыз кут болсун, урматтуу Эсенбек                 Мамбетакунович!

Фарида Төлөбаева,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун

окуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси

Поделиться

Комментарии