ӨМҮРКУЛ КАРАЕВ – АЛАТООЛУК АЛГАЧКЫ ЧЫГЫШ ТААНУУЧУ

  • 09.10.2015
  • 0

10-октябрда Кыргыз улуттук университетинде кыргыз элинин туӊгуч чыгыш таануучусу, профессор Өмүркул Караевдин (15.10.1930 – 18.09.2002) 85 жылдык мааракесине арналган жумурияттык илимий-тажрыйбалык жыйын болот.

Бул жыйынды КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду, Билим берүү жана илим министрлиги, Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз улуттук университети, Нарын мамлекеттик университети, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси биргелешип уюштурууда.

Илимий жыйындын материалдары жана Ө.Караевге арналган эскерүүлөр атайын жыйнак болуп басмадан чыкты. Андан тышкары, Өмүркул Караевдин кыргыз тарых илимине кошкон салымы тууралуу анын шакирттеринин бири, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлжамал Эсеналиеванын калемине таандык монография да жарык көрдү.

Өмүркул Караев совет доорунда кыргыздардын ичинен чыккан алгачкы чыгыш таануучу, араб адиси, кыргыз таануучу, этнолог, булак таануучу, тарых илимдеринин доктору, профессор, илимге эмгеги сиӊген ишмер, “Кыргызстан Тарыхчылар Коомунун” ардактуу мүчөсү болгон.

Ал 1952-58-жылдары Кыргызстандын Жаӊы-Ноокат, Өзгөн, Аксуу райондорунда мугалимдик кылып, тарыхтан сабак берген. 1958-1962-жылдары Москвадагы СССР Илимдер академиясынын Чыгыш таануу институтунун алдындагы аспирантурада окуп, араб тилин үйрөнүп, араб-фарсы булактарын иликтей баштайт.

Ошол тапта СССРде гана эмес, чыгыш таануу жаатында жалпы дүйнө жүзүндө белгилүү болгон арабист Евгений Александрович Беляев (1895-1964) Өмүркул агайдын илимий жетекчиси болот. Өмүркул Караев 1963-жылы Москвада “IX-XII кылымдардагы араб жана фарсы булактары кыргыздар жана Кыргызстан жөнүндө” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргойт.

1970-75-жылдары ал Кыргызстан ИАсынын түркология бөлүмүнүн тарыхый булактар секторунун жетекчиси болуп, 1975-жылдан Байыркы жана орто кылымдар тарыхы секторунун жетекчиси болуп эмгектенген.

1983-жылы “Илим” басмасынан “Карахандар каганатынын тарыхы (X – XIII кылымдын башы)” деген монографиясы жарык көрүп, анын негизинде жана ушул эле темада 1984-жылы Ташкенттеги Өзбекстан илимдер академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунда докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.

Бул монография жана диссертация X-XIII кылымдардагы ислам дүйнөсүнүн эӊ чыгышында жайгашкан теӊир-тоолук түрктөрдүн алгачкы мусулман каганатынын тарыхын ар тараптуу иликтөөгө арналган ала-тоолук биринчи ири эмгек болду.

Ө.Караев 1987-жылдан Кыргызстан илимдер академиясынын атайын ачылган Кол жазмалар жана жарыялоо бөлүмүн жетектеди, андан соӊ кайрадан Кыргызстандын байыркы жана орто кылымдагы тарыхы секторунун жетекчиси болуп эмгектенди.

 Таалайбек Оролбаев, БГУнун студенти

Поделиться

Комментарии