ЭСКЕРҮҮГӨ ЭСКИЗДЕР

  • 09.10.2015
  • 0

Кечээ эле кездешип, убакыт табыла калса эле чер жазыша сүйлөшүп жүргөн Сабыр ИПТАРОВ кайткыс сапарга узагандан бери бир жыл өтүп кетиптир! «Өткөн өмүр – учкан куш», — деген раматылык Нурак Абдрахмановдун саптары көӊүлгө келет мындайда…
***
Гуманитарийлер, айрыкча филологдор аздектеген айтылуу В.Гумбольдт бизде жашап өткөн болсо, тил философиясы боюнча жараткан негизги эмгектери төгүлүп-чачылып же дегеле кагазга түшүрүлбөй кете бермек экен… Анткени залкар ойчул көптөгөн идеяларын студенттерге гана айтып кеткен дешет. Ошол жаштар жазып жүргөн конспектилерин устаты каза болгондон кийин чогултушуп, чоӊ илимий эмгек түрүндө жарыкка чыгарышкан тура! Өнүккөн өлкөлөрдө китеп жазгандар башкалардын эмгегинен пайдаланганда эле шилтеме жасоо менен чектелбестен, бир-эки ооз пайдалуу кеӊеш уккан болсо да, сөзсүз түрдө китебинин кириш сөзүндө белгилеп, ар бирине ыраазылык айтат. Аттиӊ, бизде нукура чыгармачылыкты баалоо, идеянын булагын кастарлап сыйлоо салты калыптана, өнүгө элек, укук маданияты төмөн. Эгер батыштагы интеллектуалдар чөйрөсүндө жашап иштеген болсо, Сабыр Иптаровдун чыгармачыл даремети толук ачылып, ысымы дүйнөлүк атактуу илимпоздордун катарында турмак. Ал идеянын адамы, дээринен философияга, нукура илимге жакын болчу.
***
Жөн эле сөзмөр эмес, ар сөздүн уӊгусуна үӊүлүп, кызыктуу чечмелеген таланттуу тилчи да эле. Эгер шымалана киришип, этимология боюнча китеп жазса, баа жеткис эмгек жаратмак. Ырас, кээде кыргыз тилиндеги үндөштүк мыйзамынын күчтүү таасиринде калып, түшүнүктөрдү түпкү мааниси эмес, уйкаштыгы, ыргагы боюнча жакындаштырып же уӊгулаш кылып ийчү. Башка темаларда деле күргүштөгөн сөздүн агымы менен катуу кетип, эмоциясы логикасынан күчтүүлүк кылган учурлар болгон. Бирок көбүнчө бутага таамай тийген ойлорду айтчу. Мезгили жеткенде Сабыр Иптаровдун жазгандары изилдөөгө алынат, анын көп ойлорунун учугу уланат, айрым идеялары кызуу талкууларды, талаш-тартыштарды жаратат деп ишенем.

***
Ой жүгүртүү деӊгээлине, илимий камылгасына, чыгармачыл дареметине карай Сабыр Иптаровдун макалаларын жарыялаган гезиттер автордун аты-жөнүнөн кийин «философия (же филология) илимдеринин кандидаты, профессор» деген наамдарды кошуп жазышкан учурлар болгон. Бирок өзү илимий наам алууга умтулбады. Иптаровдун идеяларга толуп-ташып турган айрым гезиттик эле макалаларына салыштырмалуу далай диссертациялардан авторуна таандык тезистер дээрлик табылбайт. Балким, дал ушундай фонго аралашып, кандидат же доктор келбегендир?

***
«Кутбилимге» көп жазды. 90-жылдарда «Элдик педагогиканын орошон салттары (ЭПОС)» деген түрмөктө тарбия-таалим эле эмес, жалпы коомдук, тарыхый, маданий да көптөгөн маселелерди иликтөөгө аракеттенди. Гезитке берген тексти дээрлик дайым таза (катасыз, колу сулуу) болсо да, редакцияда терилгенден кийин да канча ирет оӊдоп-түзөп, өзүнө таандык стилдин деӊгээлине жеткирмейинче кетчү эмес.
***
Убакыт таап, уга турган, түшүнө турган кишини да көргөндө, жүзүнөн нуру жанып, жан дили менен сүйлөшчү. «Адамдардын пикир алмашуусунан өткөн баалуулук жок» деп А. де Сент-Экзюпери айткандай, Сабыр агай да баарлашууну баарынан жакшы көрчү. Анткени ойдун табияты диалектикалуу келет, жаӊы идея диалогдон жаралат. Турмуштун айныгыс чындыгы ушундай. Айрым маселелер боюнча көз карашыбыз такыр карама-каршы чыгып калган учурлар да болгон, бирок эч качан капалашканга жеткен эмеспиз. Буга Иптаровдун атына заты төп келген өтө САБЫРдуулугу да өбөлгө болду окшойт.
***
«Ар кайсы университеттерден, илимий институттардан келип, ар кандай темалардын тегерегинде сөз козгоп, жумуштан алагды кылгандар көп болчу. Көрсө, айрымдары Иптаровдун акылын (идеяларын) уурдап, илимий макалаларында пайдаланышчу экен», — деп бирөө айтканда таӊ калдым. Бирок манасчыдан бетер төгүлүп, оргуштаган ойлорун бир-эки саат бою тынбай айта берген адатын эстегенде, мындан пайдаланып калгандар болушу толук ыктымалдыгына шек санабадым. Манасчы демекчи, Сабыр агайдагы бул касиет айтылуу Тыныбектин урпагы – Табылды Актановдун бир тууган жээни экендигине да байланыштуу болсо керек.
Ошол саман-топону аралаш, бирок арасында жылт эткен табылгалары дээрлик дайым кездешкен талаш-тартыштардын өнүмдөрүн кыска тезистер түрүндө болсо да белгилей жүрдү бекен кечинде дептерине? Ушинтиӊиз деп бир-эки ирет кеӊеш да берген элем, бирок жазып жүрөм деп так жооп кайтарганы эсимде жок. Балким, жазгандыр, архивинде далай сонундар топтолуп калгандыр.
***
Мыкты калемгер Сабыр Иптаровдон калган эӊ бараандуу эстелик – бул 2012-жылы жарык көргөн, экинчи басылышы даярдалып жаткан «Кыргыздын жан дүйнөсү» публицистикалык-философиялык макалалар түрмөгү. Жөн гана жыйнак эмес, бирдиктүү мазмуну, композициялык бүтүндүгү бар эмгек. Чыгармачыл, илимий даремети толук ачыла электе арабыздан кеткен замандашыбыздын бул жана башка чыгармалары тууралуу өзүнчө сөз алдыда – биз эле эмес, келечек муун да буларга кайрылбай койбойт деп ойлойм.

ТАБЕРИК

(Кыргыз туусунун авторлорунун бири маркум
Сабыр Иптаровдун элесине)

Ар дайым бийиктикте желбиреген
Элимдин кызыл туусун көргөн сайын –
Эстеймин эзелкинин баатырларын,
Эскерем бүгүнкүнүн деми менен.

Байыртан эӊсеп келген ата-бабам
Эркиндик белгисиндей, эӊ бир асыл,
Таберик билем сени, медер тутам
Жүрөктө жүрүп турган кандай кызыл.

Намыска бекем бол деп урпактарга
Эскертип турат туунун бийиктиги
Эӊ кымбат байлыкка да алмаштырбай
Эркиндик кадырына жетели биз.

Жолдош ТУРДУБАЕВ, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии