МУКАШ БАЗАРКУЛОВ АГАРТУУ АЙДЫӉЫНЫН БАБА ДЫЙКАНЫ

  • 18.09.2015
  • 0

Кыргыз эли бүгүнкү күнү өлкөнүн билим берүү тармагынын оту менен кирип, күлү менен чыккан, агартуу айдыӊынын бала бакчасынан тарта жогорку окуу жайына чейин астыртан саресеп салып, анын  ар бир укумдай жерине өзүнүн опол тоодой салымын кошкон улуттун уӊгусу, улуу журттун чыгаан уулу Мукаш Базаркулов агайыбыздын 80 жылдык мааракесин белгилеп олтурат. Учурда Кыргыз мамлекетибизде жетимиш беш миӊдей мугалим болсо, алардын көч башында туруп, өзүнүн жаӊычылдыгы, билим берүүгө кошкон бараандуу салымы менен айырмаланып ЭЛ МУГАЛИМИ атанган, чыныгы устаттыгы аркылуу таанылган 24 залкар инсанды жакшы билебиз. Салыштыра келсек, сөөлөтү пайгамбарга тете, устаттык өнөрдүн туу чокусун багындырган мына ушул касиеттүү адамдардын арасынан жашоо-тагдырын жаштарды өстүрүүгө, аларды жаркын келечекке багыттоого арнаган, “алдыга салса ак жолтой, аркада жүрсө сан колдой”, өзүнүн калдайган карааны менен жалпы журтка дем берип, бүгүнкү күндүн Бакай атасындай образды тартып бере алган улут даанышманы тууралуу сөз учугун улагым келет.

Улуу педагогдун өрнөктүү өмүр жолу

Билим берүүнүн күжүрмөнү, Баба Дыйканы, бүтүндөй өмүрүн агартуу тармагына арнаган, мекенчил инсан Базаркулов Мукаш Базаркулович 1935-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы «Саз» колхозунда туулган. Ал Дөрбөлжүн кыштагындагы Сталин атындагы орто мектепти аяктаган соӊ, 1953-жылы Нарын шаарындагы мугалимдердин эки жылдык институтуна кирип, аны 1955-жылы бүтүргөн. 1955-1957-жылдары Ак-Талаа районундагы «Жаӊы-Тилек», «Саз» жети жылдык мектептеринде мугалим болуп иштеген. 1957-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетине өтүп, аны 1962-жылы аяктаган.

1974-жылы КПСС Борбордук Комитетинин Алма-Ата шаарындагы Жогорку партиялык мектебин сырттан окуп бүтүргөн.

1962-жылдан 1965-жылга чейин Ак-Талаа районундагы 1-Май орто мектебинде мугалим, райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору жана башчысы болуп эмгектенген. 1965-жылдан 1968-жылга чейин Ак-Талаа райондук партия комитетинин уюмдаштыруу бөлүмүнүн башчысы болгон.

1968-1970-жылдары Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин инспектору болуп иштеген.

1971-1979-жылдары Талас райондук партия комитетинин биринчи секретары болуп эмгектенген.

1979-жылдан 1991-жылга чейин Кыргыз Республикасынын билим берүү министри болгон.

Ал он үч жыл бою республиканын Билим берүү министрлигин жетектеп, мектеп окуучуларына билим берүүнүн мазмунун өркүндөтүү, жаӊычыл педагогикалык ой-пикирлерди, алдыӊкы тажрыйбаларды жайылтуу, мектептерди мугалим кадрлары менен камсыз кылуу жана окуу жайларынын окуу-материалдык базаларын жакшыртуу боюнча пландуу түрдө иш жүргүзгөн.

1984-жылы ССР Союзундагы новатор-педагогдор И. Шаталов, В. Ильин, А. Амонашвилилердин иш-тажрыйбалары боюнча басмадан чыккан «Педагогикалык изденүү» деген китепти кыргыз тилине котортуп, бардык мектептерге жайылткан.

Ал жетекчилик кылган ар жылы райондордо, шаарларда чыгармачылык менен иштеген мугалимдердин слету өткөрүлүп, жыйынтыгы жеӊүүчүлөрдүн республикалык слетунда чыгарылып турган.

1986-жылы М.Б.Базаркуловдун жооптуу редакторлугу менен Москвадагы СССР Педагогика илимдер академиясынын «Педагогика» басмаканасынан «Антология педагогической мысли Киргизской ССР» аттуу эмгек китеп болуп басылып чыккан.

Чыныгы педагог-жетекчи окуу китептеринин сапатын жакшыртууга, алардын оригиналдуулугуна өзгөчө көӊүл бурган.

Кыргыз тилинде окуган мектептер үчүн кыргыз тили, кыргыз адабияты, чет тили, музыка боюнча окуу китептери конкурстук негизде чыгарылып турган.

Камкор жетекчи

Мукаш Базаркулов жетекчилик кылууда авторитардык жол менен эмес, кесипкөйлүк менен адамгерчиликти айкалыштыра билип, башкарууда алдыӊкы тажрыйбаны колдонуп, убакытты,            кадрларды, мүмкүнчүлүктү рационалдуу пайдаланып, кемчилик-катачылыктардын себептерин, ийгилик-жетишкендиктердин сырларын эӊ мыкты өздөштүргөн. Дасыккан жетекчи утурумдук, күндөлүк иштерди эле ийгиликтүү аткарып калбастан, өлкөнүн билим берүү тармагынын келечектеги өнүгүүсүн камсыз кылуучу улуу максат, пландарды алдыга коюп, чечкиндүүлүк менен ишке ашырып келген.

Агартуу тармагында ал жетекчилик кылган жылдар аралыгында мугалимдердин, мектеп окуучуларынын кызыкчылыгын коргоо боюнча алгылыктуу иштер жүргүзүлгөн. Мугалимдерди жайкы дем алуу учурунда, окуучуларды окуп жаткан мезгилде башка чарбалык жумуштарга пайдаланууну чектөө боюнча атайын республиканын Министрлер Советинин токтому кабыл алынган. Иш билги жетекчи мугалимдердин кесиптик билим алуусун башкы планга койгон. Ага ылайык 1990-жылы мугалимдердин 74% жогорку билимдүүлөр болсо, бала бакчалардын тарбиячыларынын 22% жогорку билимдүүлөр, 62 % атайын орто билимдүүлөр болушкан.

Агартуу тармагынын материалдык-техникалык базасын чыӊдоодогу камкор жетекчи катары республика боюнча 70% ашык мектептин спорттук залы жок болгондуктан, бардык мектептердин спорт аянтчаларына металлдан жасалган спорт жабдууларын койдурган. Ошондой эле республика боюнча мектептердин 45%  «Корвет» компьютери менен камсыз кылдырган.

Мукаш Базаркулов – коомдук ишмер

Мамлекетке, элге жасаган ак эмгеги үчүн, жалпы журтунун колдоосуна татып, Кыргыз ССРинин Жогорку Советине депутат болуп шайланган. Жогорку Кеӊештин депутаты жана Конституциялык комиссиянын мүчөсү катары 1993-жылы Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясынын кабыл алышына активдүү катышкан.

Кесиптик даярдыкты күчөтүү жана мамлекеттик тил маселесине болгон мамиле

Мукаш Базаркулов билим берүү тармагын жетектеп турган мезгилде Кыргыз мамлекеттик университети баш болгон 13 жогорку окуу жайынын алтоо педагогикалык кадрларды даярдаган. Фрунзе шаарында кыргыз мектептерин, кыргызча бала бакчаларды куруу иши башталган.

М.Б.Базаркулов 1989-жылы «Мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзамдын кабыл алышына активдүү катышкан. Министрдин буйругу менен 1990-1991-окуу жылында орусча окуган мектептерде кыргыз тилин окутуу киргизилген. Бул улуттук тилди жалпы мамлекеттик тилге айландыруудагы мекендин келечегине чынынан күйгөн, атуулдук милдетти чоӊ жоопкерчилик менен аткарган ыйык парзы эле.

М.Базаркуловдун башчылыгы менен жогорку жана атайын орто билим берүүгө айрыкча көӊүл бурулган. 1990-жылы республикадагы эл чарбасында иштеген миӊ адамга эсептегенде жогорку жана атайын орто билими бар 350 адис туура келсе, анын ичинен 163 адам жогорку билимдүүлөр болгон.

М.Базаркулов министр болуп иштеген 1979-1991-жылдары республика боюнча 348 миӊ окуучу орундук 452  мектеп, 64 миӊ орундук  379 бала бакча курулган. Ата-энесиз жетим калган балдар үчүн 17 мектеп-интернаты курулуп пайдаланууга берилген. Өкмөттүн токтомуна ылайык 1985-жылы 11 жылдык окууга өтүү толук аяктаган. 1990-жылы 8-классты бүтүргөндөрдүн 97% толук орто билим алууга жетишкен.

1984-жылы Союзда биринчилерден болуп Фрунзеде балдарды аскердик жогорку окуу жайларына өтүүгө даярдай турган 650 орундук атайын мектеп-интернаты ачылган.

М.Базаркулов 1992-жылдан 2006-жылга чейин Чүй облустук билим берүү башкармасынын башчысы болуп эмгектенген. Ошол мезгилде облуста жаӊы типтеги 49 мектеп иштеп, 31 мектепте айрым предметтер окуучулардын каалоосу боюнча тереӊдетилип окутулса, ал эми 7 гимназияда жана 11 лицейде таланттуу балдар окушкан.

Токмок шаарындагы №11 мектеп-лицейинде, Кант шаарчасындагы №5 орто мектебинде, Сокулук районундагы агрардык профилдеги Фрунзе мектеп-лицейинде окуучулар жалпы орто билим алуу менен жогорку класстардын окуучулары ар кандай майда кесипчиликтерди алып чыгышкан.

Облуста билим берүүгө көмөк берген 6 райондук фонду, 151 мектепте мектептин фонду түзүлгөн. Областтагы мектептердин 85% компьютер менен камсыз кылынган.

1992-2005-жылдары 13 миӊ окуучу орундугу бар 47 мектеп курулган.

Элинин сыймыктуу уулу

Кадырлуу агайыбыз Кыргыз ССР Жогорку Советинин IX, X, XI, XII чакырылышынын (1975-жылдан 1995-жылга чейин 20 жыл бою) депутаты болуп шайланып келген. Кыргызстан Компартиясынын XVI, XVII, XVIII, XIX съезддеринде Борбордук Комитеттин мүчөсү болуп шайланган (1975-1991-жылдар). Бул мисалдар мугалимдин жалпы коомчулуктагы аброюнун, салмагынын орду толгус экендигинен кабар берип турат.

Элине кылган ак кызматы, билим берүүдөгү баа жеткис эмгеги үчүн улуу устатка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 1994-жылы «Кыргыз  Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими», 2005-жылдын сентябрь айында «Кыргыз Республикасынын Эл мугалими» деген ардактуу наам ыйгарылган. Ал эми 2000-жылы  «Даӊк» медалы менен сыйланган.

Агартуунун алпы, улуттун баркы

Мукаш Базаркулов Ата Мекендин сыймыктуу уулу. Анын кылган ар бир иш-аракетинен жалпы элге, өлкөгө, билим берүү тармагына, мектепке, балдарга болгон сүйүү сезиминин ашып-ташып тургандыгы баамдалып турат. Ошондуктан анын калк арасындагы, билим берүү жаатындагы, педагогикалык коомчулуктагы аброю өтө жогору. Агартуу айдыӊынын күжүрмөнү, Баба Дыйканы болгон Мукаш агайыбыздын өрнөктүү өмүрүнөн сабак алсак, өлкөбүздүн келечек тагдыры үчүн кайдигер карабаган адам болуп калыптанар элек. Жүзүнөн нуру төгүлүп, өтө жөнөкөй, аталык мээримин ар бир кыргыз атуулу сезе алган, сүйлөсө оозунда нуска сөзү, насаат кеби, карасаӊ калдайган карааны менен жалпы журтка дем-күч берген улуу устаттын колунан мекендин канчалаган баатырлары тарбияланып чыкпады экен. Дегеним, Эл баатыры да МУГАЛИМ деген асыл адамдын колунан тарбияланып чыгары айныгыс чындык эмеспи. Ал эми ошол баатырды баатыр кылып эли-журтун, улут намысын коргоого калыптаган, күлүктү күлүк кылган саяпкер, кушту алгыр кылган мүнүшкөр сыяктуу УЛУТТУН УЛУУ УСТАТЫнын ак эмгеги бул чыныгы баатырдыктын жеткен чеги деп түшүнөбүз.

Рахат Сулайманова,

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин деканы, п.и.к., профессордун м.а.

Поделиться

Комментарии