АВТОЖОЛ КОЛЛЕДЖИ АЛДЫҢКЫ САПТА

  • 24.08.2015
  • 0

Кусейин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжи орто кесиптик окуу жайларынын ичинен биринчи болуп толук электрондук башкарууга өткөн, эл аралык аккредитациядан өткөн, талап менен тактыкты биринчи орунга койгон,  заман агымынан калбай өнүгүүгө, өзгөрүүгө, ийгиликтерди багындырууга аракет кылып келе жаткан окуу жайлардын бири. Сапат үчүн күрөшүп, жаңы системаны, жаңы идеяларды ишке ашырууда алдыга озуп чыккан бул окуу жай Кыргыз Республикасынын сапат боюнча сыйлыгына көрсөтүлүп, натыйжада сапат сыйлыгынын диплому менен сыйланды.

Жабыла көтөргөн жүк жеңил

Бишкек автомобиль-жол колледжи акыркы жылдары санга эмес сапатка басым жасап, республикадагы орто кесиптик окуу жайларынын ичинен алдыга суурулуп чыгып, тажрыйбалары, сунуштары менен бөлүшүп, Кыргызстанда гана эмес дүйнөлүк билим берүү мейкиндигине чыгуу аракетин көрүп келет. Минтип ак эмгектин акыбети кайтып, республикадагы орто кесиптик окуу жайларынын ичинен биринчилерден болуп бул сыйлыкты алды. Колледждин жетекчиси Асылбек Алымкуловдун айтымында, окуу жай үчүн мындай мамлекеттик жогорку сыйлык алуу биринчиден, чоң сыймык болсо, экинчиден, дагы алдыга умтулууга, өнүгүп-өсүүгө өбөлгө болмокчу.

— 137 орто кесиптик окуу жайынын ичинен тарыхта биринчи жолу бул сыйлыкты биздин окуу жай алып жатат. Бул биздин окуу жай үчүн чоң кубаныч, сыймык. Анан албетте, мындай жогорку баага жалаң эмгек жамааттын ак эмгеги, колдоосу жана ынтымагы аркылуу гана жеттик, — дейт А.Алымкулов.

“Жабыла көтөргөн жүк жеңил” демекчи, жетекчинин окуу жайды өнүктүрүү боюнча көтөргөн ар бир идеясын, демилгесин ар тараптуу колдоого алып,  колуна кол, бутуна бут болуп келе жаткан эмгек жамааттын эмгеги зор. Учурда окуу жайда жүздөн ашуун кызматкер эмгектенсе, анын 70% окутуучулар  түзөт.  Кызматкерлердин 89% жогорку билимдүү болсо, 11% орто кесиптик окуу жайын бүткөндөр. Окуу жайда ар бир кызматкердин аткара турган максат-милдеттери так, даана көрсөтүлгөн. Анын аткарылышын окуу жай  жетекчилиги катуу көзөмөлгө алып, талапты катуу коет. Себеби кандай билим берүүчү мекеме болбосун андагы билимдин сапаты окутуучулардын билим деңгээлинен, чыгармачылыгынан жана жөндөмүнөн көз каранды. Бул окуу жайда ар бир кызматкер жыл сайын кесиптик чеберчилигин жогорулатып турууга милдеттүү. Жаш окутуучулар үчүн атайын семинарлар, методикалык бирикмелердин жыйындары өткөрүлүп, тажрыйбалуу окутуучулар жаш адистерге насаатчы болуп, эмгек жамаатка жаңы кошулган ар бир жаш адисти үйрөтүп кетүүгө аракет кылышат. Кызматкердин эмгегин баалоо жана алардын ишке болгон кызыгуусун арттыруу максатында жыл сайын “Мыкты окутуучу”, “Мыкты лаборант”, “Мыкты кафедра башчысы”, “Мыкты куратор” сынактары өткөрүлүп турат.

Иш билги жетекчи А. Алымкулов окуу жайга директор болуп келери менен ишти жамааттын эмгек акысын жогорулатуудан баштаган. Атайын каражаттын эсебинен окутуучулардын эмгек акысын эки эсе жогорулатып, мурда төлөнбөй келген он үчүнчү айлык төлөнө баштаган. Андан сырткары окутуучуларды материалдык жактан колдоо максатында эмгегине жараша кошумча айлык каралган. Кураторлук үчүн  1500 сом, кабинет жетекчисине 300 сом, кафедра башчысына 7000 сом, директордун орун басарына  9000 сом, декандарга 8000 сом эмгек акысына кошулуп төлөнүүдө. Бир жылда эки жолу бардык кызматкерлерге 2500 сомдон акчалай сыйлык берилип турат. Ар бир окутуучуга компьютер, ноутбук берилип, видеопроекторлор менен камсыздалган. Жетекчиликтин мындай камкордугуна бөлөнгөн эмгек жамаат дагы изилденип, чыгармачылык менен иштөөгө, ак эмгек кылууга, үмүттү актоого аракет кылат.

Колледжде түзүлгөн Усулдук кеңеш, Камкорчулар кеңеши, Педагогикалык кеңеш – сапат үчүн кызмат кылат. Маркетинг бөлүмү болсо өндүрүштүк зарылчылыктан улам түзүлүп, студенттердин өндүрүштүк практикасынын жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк түзөт жана ишке орношууга көмөктөшөт.

Жаш окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу үчүн  дайыма семинар-тренингдер өткөрүлүп турат.

Сапат үчүн күрөш эч качан токтобойт

Окуу жайда билим сапатын арттыруу  жана коррупциянын алдын алуу үчүн ар бир аудиторияда, лабораторияларда, коридорлордо видеокөзөмөл орнотулган. Жетекчинин айтымында, бул биринчиден, студенттердин сабакка катышуусун көзөмөлдөөгө жакшы шарт түзсө, экинчиден, окутуучулардын өтүп жаткан сабагынын сапатын жакшыртат. Үчүнчүдөн, тартипти сактоого чоңөбөлгө болот. Колледжде орто кесиптик окуу жайларынан биринчилерден болуп сессиянын ачык-айкын жүрүшүн камсыздоо үчүн автоматташтырылган AVN тутуму киргизилген. Окутуунун сапатын жакшыртуу үчүн лабораториялык-практикалык сабактарды өтүүгө жана өндүрүш практикаларды көбүрөөк өткөрүүгө басым жасалат. Сабактар лекция-практика-лаборатория байланышында өтөт.

2012-окуу жылынан баштап Окуу-тарбиялык комитети түзүлгөн. Ал ай сайын студенттердин сабакка катышуусу жана жетишкендиги боюнча маалыматтарды чогултуп,  сабакка жетишпей жаткан студенттер менен баарлашууларды өткөрүп турат. Тайпалардын старосталарын кызыктыруу жана ишин эффективдештирүү үчүн атайын стипендия дагы каралган.

Ар бир сабак практика менен коштолот.

Ар бир сабак практика менен коштолот.

Кызматташтык дүйнөгө жол ачат

2013-жылдан бери окуу жай эл аралык байланышты чыңдоого басым жасап, бир катар чет мамлекеттик окуу жайлар менен кызматташып келет. Учурда Томск мамлекеттик политехникалык университети, Москва автожол университети, Волгадагы Мамлекеттик технологиялык университети, Костромадагы Агрардык академия менен кызматташ. Азыр окуу жайдын 30 бүтүрүүчүсү ушул окуу жайлардан бюджеттик негизде билимин улантышууда. Быйыл дагы 25 бүтүрүүчүсү тапшырды. Ал эми 2012-жылы GIZ программасы боюнча эл аралык аккредитациядан өтүп, тийиштүү сертификатка ээ болгон. 2013-жылдан бери Европалык Билим Берүү Фондунун активдүү мүчөсү катарында иш алып барып, бүтүрүүчүлөрдүн ишке орношуусун, билимин андан ары улантуусун көзөмөлдөөдө.

Студенттердин теориялык алган билимин практика менен айкалыштыруусуна шарт түзүү максатында ишкана, мекемелер менен келишимдерди түзүп, кызматташтыгын чыңдоодо. КР Транспорт жана коммуникация министрлиги, «Кыргызжолтрансдолбоор» Долбоорлоо институту, «Шоро», «Акун» компанияларынын авточарбалары, ИИМдин Жол көзөмөлдөө кызматы (ГАИ), Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы, Бишкек шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу авточарбасы, «Кыргыз автоВАЗ», «ПЛУАД №1», «Газпромнефтьазия», «Ореми», «Кумтөр» сыяктуу ири компаниялар менен өнөктөш.

Окуу жай мына ушундай заманбап билим берип, келечектүү адистерди даярдоого жумшаган аракетинин натыйжасында 2013-жылы  Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлгөн сынакта “Республиканын эң мыкты колледжи” номинациясын дагы жеңип алган.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Поделиться

Комментарии