Ж. БАЛАСАГЫН АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ УЛУТТУК УНИВЕРСИТЕТИНИН ПЕДАГОГИКАЛЫК КАДРЛАРДЫ МАКСАТТУУ ДАЯРДОО ИНСТИТУТУ

  • 28.05.2015
  • 0

IMG_5437Урматтуу абитуриенттер!

Саналуу күндөрдөн кийин, силер тамга таанытып, 11 жыл бою билим берген мектеп менен коштошуп, чоӊ турмуш жолуна аттанасыӊар. Силердин турмуштагы эӊ жооптуу жана келечекти аныктоочу мезгилиӊер – бул кесипти туура тандоо. Ошол тандап алган кесибиӊерден, кийинки өмүр жолуӊар, ийгилигиӊер көз каранды. Ааламга аты таанылган кеменгер болобу, илимдин туу чокусуна жеткен окумуштуу болобу, мамлекет башкарган падыша болобу – адамзатты суктанткан мыктылардын бардыгы бир кезде Устаттын колунан таалим алган. Нечен улуу адамдардын бардыгы Мугалимге таазим кылган. Анткени коомдун уюткусу, таалим тарбиянын башаты, баланын шык жөндөмүн ачып, инсандыгын калыптандырган – Мугалим. Мугалим деген ары жооптуу, ары сыймыктуу атты алып жүрүү — чоӊ жоопкерчилик. Туура багыт алып, ийгиликке жол ачуу зарыл. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту бирден-бир туура багыт.

Ааламдашуу доорунун талабына ылайык маалыматтык технологиялардын өнүгүшүнөн кайсы гана тармак болбосун, көптөгөн өзгөрүүлөргө тушугуп жатат. Аны  менен катар билим берүү тутумунда дагы компьютердик технологияларды колдонуу, өнүктүрүү үчүн жаӊы шарттар түзүлүүдө. Бирок ошого карабастан өлкөбүздүн алыскы аймактарында жаӊы технологиялардын толук жайылтылышына шарттар жетишсиз болгондуктан, мурунку тутум менен билим берүү уланууда. Бүгүнкү бүтүрүүчүлөр кандай кесипти тандашпасын, алар өз кесибин мыкты өздөштүргөн адис болуулары үчүн мектеп босогосун аттап, тамга тааныгандан тарта татыктуу билим алуусу зарыл. Ал үчүн ар бир мугалим өз кесибин сүйө билүү менен,  мыкты усулдарды колдонуп, окуучуларга тарбия берип, окутуу керек.

Чындыгында, адистик алууда азыркы жаштарыбыздын билим деӊгээли төмөн болууда. Мындай көйгөйдү болтурбоо үчүн биз татыктуу мугалимдерди даярдашыбыз зарыл.

Бүгүнкү күндө бул маселени чечүүдө жана айыл жергесиндеги мугалимдердин жетишсиздигин жоюуда Ж.Баласагын атындагы КУУнун алдындагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту иш жүзүнө ашырып келет. Институт бардык каалоочуларды орто жана жогорку кесипттик билим берүү багытында мугалимдик кесипке максаттуу даярдап, аны менен бирге облустардын билим берүү башкармалыктары менен келишим түзүп, айыл өкмөттөрдүн жолдомолору аркылуу да кабыл алат. Айыл өкмөттөрдөн келишим менен келген студенттердин окууга төлөнүүчү акысын айыл өкмөт каржылап, айыл өкмөт, студент жана институт ортосунда үч тараптуу келишим түзүлөт.

Институтту бүтүрүүчүлөр эч убакта жумушсуз калбайт. Анткени адистер максаттуу, даректүү даярдалат. Студенттер чеберчилигин жогорулатуу үчүн Бишкек шаарындагы мектептерден практикадан өтүп, иштеп калуу шарттары бар. Ал эми окууну эӊ мыкты аяктаган жигердүү студенттерге институтта калууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Институтта тажрыйбалуу, дасыккан илимдин кандидаттары, докторлор, профессорлор сабак берип, алар мугалимдик кесипке жан дили менен берилген агай-эжейлер. Студенттердин сабактан тышкары убактысы да туура пайдаланылып, тарыхый жерлерге, музейлерге саякат жасалып, руханий байлыгын өстүрүүгө, өз кесибин жана Ата мекенин сүйүү сезимдерин күчөтүүгө басым жасалат. Ар дайым жогорку окуу жайлар аралык конференциялар, талкуулар, тегерек үстөлдөр, кароо сынактар өткөрүлүп, студенттердин илимий көз карашын калыптандырып, чыгармачылык дареметин жогорулатууга кеӊири мүмкүнчүлүктөр бар.

Биздин институт заман талабына ылайык технологиялар менен жабдылып, окуу программалары  мезгил талабына шайкеш келип, материалдык-техникалык базасы студенттердин окуусуна жана чыгармачыл изденүүлөрүнө зор көмөк берет. Кыскасы, биздин институт келечекте мугалимдик кесипти сүйгөн адистерди даярдоочу чыныгы борбор!

Искендер Исамидинов,

п.и.д., профессор, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун негиздөөчүсү жана директору

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ

Күндүзгү бөлүм: 9-кл. базасында 2 жыл 10 ай;

11-кл. базасында 1 жыл 10 ай

Сырттан окуу бөлүмү: 11-кл. базасында 2 жыл 10 ай

Адистиктер шифр
1Башталгыч класстарга билим берүү050709
2Мектепке чейинки билим берүү050704
3Социалдык педагогика050711
4Дене тарбия040101
5Көркөм искусство жана чийүү050603
6Социалдык кызмат040101
7Прикладдык (колдонмо) информатика230701
8Социалдык-маданий ишмердүүлүк071402
9Тарбиялык ишмердүүлүктү уюштуруу050702
10Технология050501
11Кесиптик окутуу (тармактар боюнча)050501

Институттун эл аралык байланыштары

• Институт түзүлгөндөн тарта Германиянын (GIZ) Борбордук Азиядагы билим берүү системасын реформалоо долбоорунун “Педагогикалык кадрларды даярдоо” компоненти;

• Кытай Эл Республикасынын Цинь-Цзянь педагогикалык университети;

• Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети;

• Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университети;

• Казак кыз-келиндер педагогикалык университети;

• “Гүлзар” коомдук бирикмеси;

• “Тынчтык ааламы” эл аралык Казак чыгармачылык бирикмеси;

• “Гүлстан” республикалык илимий таанымдык журналы ж.б.

Бизде окуган студенттерге жогоруда көрсөтүлгөн жана башка чет мамлекеттердин жогорку окуу жайларынан кошумча билимин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

ЖОГОРКУ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ
Багыттар шифр
1. Табигый-илимий билим берүү550100
География
Химия
Биология
2.Физика-математикалык билим берүү550200
Информатика
Математика
Физика
3. Филологиялык билим берүү550300
Кыргыз тили жана адабияты
Чет тили
4. Социалдык-экономикалык билим берүү550400
Коом таануу
Тарых
5. Педагогика550700
Мектепке чейин билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы
Педагогика жана психология (мектепке чейин )
Социалдык педагогика

Институтка тапшырууга керектүү документтер

1. КУУнун ректоруна жазылган арыз;

2. ЖРТнын сертификаты;

3. Орто билимин тастыктаган мамлекеттик үлгүдөгү аттестат (түп нуска);

4. 086-У формасындагы медициналык справка;

5. 3х4 өлчөмүндөгү сүрөт;

6. Аскерге милдеттүүлүгүн күбөлөндүргөн документ (эркек балдар үчүн);

7. Паспорт же туулгандыгы жөнүндө күбөлүк.

Институттун дареги: К.Акиев көчөсү 85 (Киев көчөсү менен кесилишет) №6 А  окуу имараты. Тел: (0312) 65-30-10, (0312) 65-76-90

www.mugalim.kg; www.university.kg; E-mail: [email protected][email protected]

Поделиться

Комментарии