АСАНГҮЛ ЭЖЕНИН ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЖАНА ИНСАНДЫК ӨРНӨГҮ

  • 24.04.2015
  • 0

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, педагог-драматург Асангүл АБДЫГУЛОВА 75  жашка толду.

Санжыралуу өмүр таржымалы

Асангүл Абдыгулова 1940-жылы 20-апрелде Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн кыштагында туулган. Жети жашынан 7-класска чейин Ат-Башы айылындагы №1 Ленин атындагы орто мектепте окуган. 8-10-классты Нарындагы Токтогул атындагы орто мектебинен бүтүрүп, ошол эле 1957-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайына кирип, 1959-жылы бүтүргөн.

Эмгек жолун ушул жылы Нарындагы мектеп-интернатта мугалим болуп баштаган. 1961-жылдан тартып Балыкчы шаарындагы №2 орто мектепте башталгыч класстарды окуткан.

1969-жылы баш калаабыздагы Маяковский атындагы Кыз-келиндер педагогикалык институтун бүтүргөндөн кийин, жогорку класстарда кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеген. 1968-жылдан

1971-жылга чейин окуу бөлүмүнүн башчысы, 1972-1979-жылдары Ысык-Көл районунун Тамчы айылында, Ат-Башы районунун Жаңы-Күч, Кызыл-Дыйкан орто мектептеринде директор болуп иштеп келип,

1979-2003-жылдары Балыкчы шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, директор, кыргыз тили жана адабияты мугалими болуп иштеп келген. Дал ушул мектепте иштеп жүргөндө Асангүл эженин педагогикалык жана жетекчилик ишмер-диги жогорку деңгээлге чыкты. Мектептеги окуу-тарбиялык иштерди натыйжалуу жүргүзүп, шаардагы эң алдыңкы мектептердин катарына кошо алды. 1994-95-жылдары Лондон шаарына барып келгенден кийин өлкөлөрдүн маданиятын салыштырып окутуу боюнча өзү автордук программа түзүп, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептин 8-9-класстарына дүйнөлүк көркөм маданият сабагын киргизип окуткан.

Ал эми 1999-2000-жылдарда экинчи ирет “Манас таануу” сабагы боюнча автордук программасы 5-10-класстарда окутулуп, Манастын хрестоматиялык материалдары менен окуучулар кеңири таанышкан. Ал мектепте “Эргүү” драмалык ийримин түзүп, адабий чыгармаларды сценарийлештирип жазып чыгып, окуучуларга драма койдурган.Ошол өзү иштеген мектепте “Мурас” аттуу улуттук этнографиялык музейин түзүп иштеткен.

Асангүл Абдыгулова бир катар көркөм чыгармаларды, анын ичинде драмаларды, ыр китептерин жарыялаган. Ар кыл жергиликтүү кеңештерге үч жолу депутат болуп шайланган.Бексултан Жакиев, Жалил Садыков сыяктуу жазуучулар жазган бир нече драманы Кыргызстандагы орто мектептердин сахналарында өзү тарбиялаган чыгармачыл окуучулардын күчү менен койгон.

Эмгектери:

Сахна сабактары: Усулдук китеп. – Бишкек, 1996.

Мен көргөн Лондон. – Бишкек, 1996.

Дилбаян: Ырлар жана драмалар жыйнагы. – Бишкек, 2005.

Ой толгоо: Ырлар жыйнагы. – Биш-кек, 2007.

Эркетай. – Бишкек, 2006.

Гүл өмүр. – Бишкек, 2009.

Драмалары:

«Бурулча»;

«Салиманын бактары»;

«Илимпоздун өмүрү»;

«Гүл»;

«Наристенин сүйүүсү».

Сыйлыктары:

1966-жылы “Эл агартуунун отлич-ниги” төш белгиси менен сыйланган.

1985-жылы “Эмгектин ардагери” медалын алган.

1999-жылы Кыргызстандын Эмгек сиңирген мугалими мамлекеттик ардактуу наамына ээ болгон.

Ал – Балыкчы шаарынын ардактуу атуулу.Үй-бүлөлүү, жети баласы бар. Улуу баласы Сүйүнтбек Жогорку Кеңештин аппаратында көп жылдан бери жетекчилик кызматта. Улуу кызы Гүлнара, ортончу кызы Венера Лондондо Би-Би-Си радиосунда иштейт, эл тааныган таланттуу журналисттер.

Сабактарды сахналаштырган устат эжебиз

Асангүл Абдыгулова менен көп жыл мектепте чогуу иштештим. Мага эне катары да, устат катары да мамиле кылчу.  Эженин  педагогдук деңгээли, уюштургуч ишмердиги да өтө бийик эле. Мугалимдик кесипке баш-оту  менен  киришип,  окуу-чулардын,  ата-энелердин сүймөнчүгүнө ээ болгон. Эже ар бир теманы сахналашты-рып кетүү чеберчилиги менен башка мугалимдерден артыкча айырмаланып турат.

Эл казынасындагы унутта калып бара жаткан кыргыздын тарбиялык маанидеги салт-санаасын,  макал-лакаптарын, санжыраларды, табышмактарды, жаңылмачтарды жана үрп-адаттарды, керек болсо  санжыраны  билген өзгөчөлүгү бар. Асангүл эженин калемине таандык “Гүл өмүр” деген китебин, “Мен көргөн Лондон”, “Сахна сабактары”, “Эркетай”, “Дилбаян” аттуу чыгармаларын сабактарыбызда пайдаланып келебиз.

2013-жылы мектебибизде эженин атындагы музей ачылган. Анда мугалимдин басып өткөн эмгек жолунан баштап,  үй-бүлөсү,  кесип-тештери  чыгармачылыгы жөнүндө, окуткан окуучуларынын  эмгектеринен,  кол жазмаларынан өйдө коюлган.  Жыл  сайын  музейди көрүү үчүн республиканын ар кайсы жерлеринен мугалимдер,  окуучулар  келип, жылуу сөздөрүн айтып кетишет. Инсандын эмгегин эл баалайт эмеспи. Ардактуу эс алууда жүрсө да эже убактысы боло калганда мектепке келип, кеп-кеңешин айтып, баарлашып турат. Эл ичинде иштин көзүн тапкан, аткарган иштерине көөдөнүн керип көтөрүлбөгөн ушундай адамдар бар болсо. Асангүл эженин агартуу ишине арнаган өмүрү, баскан жолу кийинки муунга үлгү. Ар бир келечек муун эжейден тарбия алса, келечекке чоң кадам коймок.

Ылайым  өмүрүңүз  узун болуп,  бактылуу  карылык берсин. Чыгармачылыгыңыз өркүндөй берсин.

Шакиртиңиз Бермет МҮСҮРАЛИЕВА,

Балыкчы шаарындагы Бөкөнбаев атындагы №2 орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

Эженин усулдук эмгектери бизге жол көрсөтүп турат

Асангүл Абдыгулова менен 1999-2000-жылдары чогуу иштешип калдык. Эженин мүнөзү оор басырыктуу, көп кырдуу, чыгармачылык даремети чоң, таланттуу мугалим. 42 жылдык иштегеген бай иш тажрыйбасында чыгармачылык, изденүүчүлүк иштери өзгөчө орунда турат. Кара сөз да, ыр да жаза билүү чеберчилиги менен жогорку деңгээлдеги на-тыйжалуу сабактарды өткөрүүгө жетише алды. Ал окуткан окуучулардан кыргыз тилчи, адабиятчы мугалимдер өсүп чыкты. Көп мугалимдер азыр дагы эженин усулдук эмгектерин окуп, пайдаланып, үйрөнүп жатабыз. Анын “Сахна сабактары” аттуу методикалык колдонмосунда Ж.Бөкөнбаевдин “Чептен эрдин күчү бек”, Т.Молдонун “Кемчонтой” деген темалары сахналаштырылып, жогорку көркөмдүктө жеткиликтүү ачып көрсөтүлгөн.

Айгүл КҮСОКОВА, кыргыз тили жана адабияты мугалими

Поделиться

Комментарии