ИЛИМДЕ ЖАӉЫ БИЙИКТИКТЕРДИ БАГЫНДЫРГАН АСЫЛКАН ЭЖЕ

  • 06.03.2015
  • 0

Заманбап химияны кыргызча сүйлөткөн илим доктору, профессор Асылкан ЖУМАНАЗАРОВА жөнүндө Жаз майрамын утурлай сөз кылууну чечтик.

Асылкан  Жуманазарова  1974-жылы Кыргыз мамлекеттик универ-ситетинин химия факультетин аяктап, Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Органикалык химия институтунда улук лаборант, анан улук инженер болуп иштөө менен эмгек жолун баштаган экен. 1982-жылы Москвада СССР ИА Н.Д.Зелинский ат. Органикалык хи-мия институтунда кандидаттык ишин коргоптур. Ошол эле жылы Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Ор-ганикалык химия институтуна келип, химиялык жана структуралык анализ лабораториясынын башчылыгына чейин иштептир. 1994-жылдан Кыр-гыз Республикасынын Жогорку атте-стациялык комиссиясына, медицина, биология, химия жана айыл чарба илимдери бөлүмүнүн эксперти кыз-матына которулуп, дагы эки жылдан соӊ илимий маалымат жана мамлекет аралык байланыш бөлүмүнүн баш-чысынын милдетин аткара баштап, 2003-жылдан тарта бул комиссиянын аттестациялоо секторунун башчысы болуп  иштеп  келди.  2007-жылдан бери КР Улуттук илимдер академия-сынын илимий-уюштуруу бөлүмүнүн башчысы.

Республикада компьютер жаӊы эле колдонула баштаганда, Асыл-кан эже кыргыз тилиндеги заман-бап компьютерлик технологиялар-ды киргизүүгө чоӊ салым кошкону белгилүү. Кыргыз илиминде кимдер кандай эмгектерди жараткандыгы туу-ралуу эӊ зарыл маалыматтарды толук камтыган «Кто есть кто в кыргызской науке» (1997), «Кыргызская наука в лицах» (2003) маалымдагычтарын, «Кыргызская наука в зеркале дис-сертационных исследований» жый-нагын (2004) академик Үсөн Асанов жана белгилүү тарыхчы Тынчтыкбек Чороев менен биргеликте түзүп чы-гарууга катышкан. Айтмакчы, ушул түрмөк И.Ахунбаев атындагы сый-лыкка арзыган.

Асылкан Зулпукаровна илимий ишмердигин  педагогикалык  эмгек менен  да  айкалыштырып  келет. 1991-жылдан КУУнун  химия  фа-культетинде «Заттардын түзүлүшү», «Жогорку молекулалуу бирикмелер химиясы» жана «Химиядагы физи-калык усулдар» лекция түрмөктөрүн окуп  жүрдү.  1999-жылдан  тартып Кыргыз-Түрк «Манас» университе-тинде «Жалпы химия» негизги курсу-нан окуган лекцияларынын негизин-де кыргыз тилинде 30 басма табак көлөмүндөгү окуу китептин кол жазма-сын даярдады. 2006-2007-жылдары Кыргыз мамлекеттик техникалык уни-верситетинде «Компьютердик химия» аттуу жаӊы курстан сабак берип, бул курс боюнча окуу куралын жарыкка чыгарды.

Асылкан эже окутуучулук ишинде жүздөгөн студенттерге билим берүү менен эле чектелбестен, кыргыз ти-линде ”Химиялык байланыш жана заттардын түзүлүшү” (1999-ж), “Ком-пьютердик технологиялар. Колдонуу-чунун көз карашы менен”, “Физикалык химия” (2000-ж.) окуу китептерин жа-зууга башка авторлор менен бирге-ликте катышты. Бул китептер Билим берүү, илим жана маданият минис-трлигинин грифи мнен бекитилген.

Дал ушул эмгектер үчүн авторлор жамаатына 2000-жылы Кыргыз Ре-спубликасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган. А.Жуманазарова кесип-тештери менен чогуу жазган дагы бир окуу китеп (“Физикалык химия”, 2000-ж.) 2002-жылы И.Арабаев атындагы сыйлыкка арзыды.

А.З.Жуманазарова молекулярдык моделдештирүү, биоинформатика, фармацевтикалык химия, компью-тердик химия, медициналык химия, дары-дармектерди  компьютердик конструкциялоо, өсүмдүк заттарынын химиясы өӊдүү илимдеги эӊ заман-бап багыттарда үзүрдүү эмгектенип келет. 2007-жылы ал «Синаптика-лык сигналды берүүдө катышуучу ацетилхолиндин  аналогдорунун электрондук жана физикалык-хими-ялык касиеттеринин дескриптордук сыпатталышы» темасында доктор-лук диссертациясын жактады. Ошен-тип, Кыргызстанда алгач ирет химия илиминдеги жаӊы багыт киргизилди.

Эми компьютердик технологиялар-ды колдонуу али белгисиз бирик-мелердин касиеттерин жана мурда белгилүү бирикмелердин белгилүү боло элек касиеттерин алдын ала айтууга мүмкүндүк берет. Бул ыкма каржыны, убакытты үнөмдөп, жаӊы табылгаларды иштеп чыгуудан кол-донууга киргизүүгө чейинки жолду кыйла кыскартууга өбөлгө түзөт.

Азыркы кезде Асылкан эже өз шакирттери менен биргеликте до-засы төмөн препараттарды иштеп чыгууда. Булардын кандай кереги бар? Көрсө, биз колдонуп жүргөн да-ры-дармектердин дээрлик баары бир жагынан оруудан айыктырса, экинчи жагынан организмге зыян да келтирет тура. Айрым дарылардын зыяндуу та-асиринен өлгөн учурлар үчүнчү, дагы башкаларынын кесепетинен болуучу өлүм-житим бешинчи орунда турат экен. Ал эми дозасы аз дары-дармек-тердин зыяны салыштырмалуу жокко эсе болот дешет адистер. Химиядагы ушундай пайдалуу багыт биринчи жолу А.З.Жуманазарованын жетек-чилиги астында өнүктүрүлүп жатат.100дөн ашуун илимий эмгектин (мунун ичинен алты монографиянын) автору Асылкан Жуманазарова илим-дин бир кандидатын даярдады, азыр төрт кандидаттык диссертацияга же-текчилик кылып, бир докторлук дис-сертацияга кеӊешчи болууда.

Соӊку сөз ордуна

Жогорудагы маалыматтарды таап алып, майрам алдында ге-зитке чыгармакчыбыз деп телефон чалсак, Асылкан Зулпукаровна мындай деди:

— Албетте, илимдеги аялдарга көӊүл бурганыӊарга рахмат. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен илимдин оор да, сыймыктуу да түйшүгүн аркалаган эжелеримди, замандаш кесиптештеримди жана кичүү муундагы адистерди 8-Март майрамы менен куттуктап, ар бирине бекем ден соолук, бакыт-таалай, зор ийгиликтерди каалап кетким келет. Элибизде тынчтык, байгерчилик болсун, мамлекетибиз гүлдөп өнүксүн деп тилейм.

Ж.ТУРДУБАЕВ, «Кутбилим»

Поделиться

Комментарии