АЯЛЗАТЫ — АДАМЗАТТЫН АСЫЛЫ

Жан дүйнөнү жаз гүлүндөй жашарткан, жумшак жел менен кошо келген жаз майрамынын алдында мугалим аял затына жылуу сөз себелеп, калем шилтеп олтурам. Даанышман кыргыз элибиз адамга өмүр, жашоо берген Жер, Күн, суу, аба, ата-эне сыяктуу улуу аталыштарды үч тамга менен атоону аял, апа, эже, кыз, жаз, гүл деген сөздөргө да ыраа көргөнү кандай гана акылмандык. Аял — керемет, улуу зат. Адам коому аял жана эркек затынан тургандыгына бирде таӊыркасам, бирде жаратканга ыраазы болосуӊ. Экөө бир бүтүндүктүн эки бөлүгү, эки канаты бирдей аман-соо болбосо, Лейлектин турналары – илек-илек кушу кантип бийиктеп, кайда учмак эле. Аны сыӊарындай ою тунук, балага деген идеясы бийик, дили таза мугалим – аял заты менен бирге билими бекем, тарбиясы тереӊ, руху түптүү урпактар жаралат эмеспи. Ал урпактар — улут келечеги. Бекеринен  «Аял зат тагдыры — Ата журт тагдыры» деген учкул сөз жаралбаган чыгар.

Аял – үйдүн гана куту эмес, ал билим – тарбиянын ыйык бешиги болгон ак мектептин да куту экенине ынанып олтурам. Муга-лим-эжей мектепте жакшылыктын уюткусу, ынтымактын данакери, жылуулуктун булагы. Чындыгында мугалим — аялдарга эселеген түмөн түйшүк жүктөлүп жатпайбы: бир жа-гынан бала баккан камкор эне, күйөөсүнө сүйүктүү жар, ага жакасын агарткан аял, экин-чи жагынан окутуучу, тарбиячы, өнүгүп, тез өзгөрүп турган жаӊы кырдаалга, талаптарга төп келген агартуу майданынын жоокери. Өзүн айылдын алдынкы интеллигенциясы-нын үлгүсү катары алып жүрүүнун өзү эле оӊой оокат эмес.

Билим берүүдөөмүр кечирип жатыш-кан биздин эмгек жамаатыбыз Баткен об-лусу, Лейлек районундагы Мурзабек Баетов атындагы орто мектебинде иштешет. Мек-теп райондук борбордон 96, облустан 240, Бишкектен 1000 км. алыс турган кичинекей Маргун айылында. Алыскы четте жаша-ганыбызга карабастан мугалимдердин сот да, тергөөчү да өз окуучуларыбыз деген принципте абийир алдында алпурушуп иш-теп жатышканы жетишилген ийгиликтерден улам далилденип турат. Мектеп 1923–жылы башталгыч болуп ачылганы тастыкталган. 1950–ж. аягында мектепке биринчи атайын адис мугалим — аял Атенова Айтолкун, 60-ж. башында Райимбердиева Саадат, Нуридино-ва Мангылай, Ажиева Буурава, Турдубаева Шаан, Жеенкулова Жамийла, Мурзакмедова Курсанай (мектеп директору), Чербекова Назипат — Кыргыз ССРинин Эмгек сиӊирген мугалими, иштешкен. Кийинки муундардан «Манас — 1000» медалынын ээси Жороева Алима — тил адабият мугалими, 1995-жылы «Манас» эпосу – балдардын жүрөгүндө» кон-курсунун облустук, республикалык турунун жеӊүүчүсу. Ал ушул иш-чара менен Таласта ооруп калып, эки көзү көрбөй калган, биринчи тайпадагы майып. Мектеп 1965-жылы орто мектеп болгон. Азыр мектеп жамаатында жарымынан көбүрөөгү, 23ү аял мугалимдер, алардын жетөө КР Билим берүүнүн отлич-никтери.

Тилеке  каршы   базар  мамилеси таӊуулаган оор турмушта да мектепти таш-табай, чыдап, аздыр-көптүр алган маянасына каниет кылып, күӊгөйлүү-тескейлүү абалда жашап жатышканы ачуу чындык. «Жибекти тута албаган жүн кылат, аялды тута алба-ган күӊ кылат» демекчи, аял-мугалим ооз көптүрө кургак мактоого гана арзып, тур-мушта башкача болуп жатпайбы. Кесиптик кадыры төмөндүктөн гана эмес, капчыгына, кийген кийимине, тагынган азем буюмдарына, минген машинесине карап баалаган чөйрөдөөзүн кемсинген, ынгайсыз абалда сезгени жашыруун эмес. Мугалимдерде дайыма нараазылык жараткан бир гана фактыны айткым келет. Мугалимдер эӊ аз өлчөмдө пенсияга чыгышат. Мисалы: Каримова Рая, Абдипатаева Кайриниса – экөө теӊ Билим берүүнүн мыктылары, 32 жыл педстажы бар, толук ставкада окуу-тарбия бөлүм башчысы жана жарым ставка сабак менен 2008-жылы 1050, 1100 сом менен пенсияга чыгышты.

Ошол мезгилде 50 кг ун 1200 сом болчу. Ушундай эле алдыӊкы мугалимдер Анварова Каныгүл — чет тилчи, Ганиева Назбүбү – ма-тематик, бир жарым ставка жүктөм менен иштеп жүрүп 2013-жылы 2850 сом менен (Жергиликтүү базар баасында 50 кг ун 1650 сом) ардактуу эс алууга чыгышты, башкача айтканда аргасыз эс алууга чыгышты. «Му-галим-аялзат – муӊ зарым ким угат!» — деп айткансыйт анын ойлуу уяӊ көздөрү, аттиӊ. Кантсе да мугалимдик сыймыктуу кесип. «Агай-эжей» деген улуу сөзгө андан башка эч ким татыктуу эмес. Өзүӊдү окуткан мугалимди көргөндө, балалыктын бал татыган даамы, жаштыктын ачылган гүлүнүн жыты сезилет. Мурдагы дыйкандар эгин эккенде ырым кылып, балалап түшүмдүү болсун деп, аял затына урук таштатчу экен. Биздин эжейлер да «Мөмөлүү дарак» сыяктуу мөмөлөрү улам көбөйүшүп, эгиздеп, сегиздеп бышып жети-лип, эл чарбасынын түркүн тармактарында элге кызмат кылышып жатышат. Мына эмгек, ушул сыймык эмей эмне.

Урматтуу  асылзаада   эжейлер,  сиз-дер барга да, жокко да, ак менен карага да бирдей жансыздар. Бардыгын көтөрүп, башка  түшкөнгө  туруштук  берип,   кайыл болгонуӊуздарга   таазим   кылабыз.  Жаз менен кошо жарышып, гүл болуп ачылып жашара бериӊиздер. Жаздай сулуу, жылуу жүзүӊүздөр албырып, гүл өӊүӊөрдөн кетпей, бактыбызга бар болгула асылзат мугалимдер. Оюмду акын агай Өмүрзак Саттаровдун сезимтал сүртүмдөрү менен аяктоону туура көрдүм:

Аялдын баркын билелик,

Аялды сыйлап жүрөлүк.

Акындын атын билбейм,

Аялдын аты түбөлүк.

Жоошбай КАРИМОВ,

КР Билим берүүсүнүн жана Муниципалдык кызматынын отличниги,  Лейлек  району

Комментарии

Комментариев пока нет

Оставить комментарий