Экс-президент Р.Отунбаева ОшМУда

  • 24.05.2013
  • 0

Экс-президент  Р.Отунбаева ОшМУда

Ош мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева болуп,  окуу жай жамааты,  башталгыч мектептердин мугалимдери, бала бакчалардын тарбиячылары жана жетекчилери,  билим берүү башкармалыгынын жетекчилери менен жолугушту.

Башталгыч билим берүүгө жана бала бакчалардын ишин жакшыртууга арналган жыйында  Роза Отунбаева адамды кенже жаштан тарбиялоонун маанилүүлүгүнө жана бул багытта өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасы, бала бакчалардын, жалпы эле билим берүүнүн ишин жакшыртуу үчүн жасалып жаткан иштер, Кыргызстанга фонд тарабынан алынып келинип жаткан инсанды тарбиялоого арналган жаӊы программалар, усулдар боюнча кеӊири баяндама жасады. Окуу жайдын басма сөз катчысы маалымдагандай, экс-президент жолугушууга катышып жаткан мугалимдердин, окумуштуулардын сунуштарын угуп, суроолоруна жооп берип, жандуу пикир алышуу жүрдү.

Роза Отунбаева өз сөзүндө ОшМУда жүрүп жаткан реформаларга, түзүлгөн шартка канааттануу менен карай турганын белгилеп, ОшМУнун ректору Каныбек Исаковду реформатор жана демилгелүү жетекчи деп атады.

«Бизди Каныбек Абдуваситович жаӊы демилгелерибиз бар деп университетке чакырып, сунуштар менен чыгып жатат. Биз биргеликте жаш наристелердин мыкты тарбиясы, республикадагы адам ресурсунун интеллектуалдык потенциалын көтөрүүүчүн бир топ жумуштарды аткарабыз», — деп кошумчалады Роза Отунбаева.

ОшМУнун ректору Каныбек Исаков өз сөзүндөөлкө кыйын кырдаалда турган мезгилде чыдамкайлык, каармандык көрсөткөн экс-президентке бүгүнкү балдардын тарбиясы үчүн жасап жаткан ийги иштери үчүн да ыраазычылык билдирди: «Роза Исаковнанын өмүрүмдү балдардын тарбиясына арнайм деп чын ыклас менен чыгып отурганы бизге чоӊ шык берди. Буга чейин да «Р.Отунбаеванын демилгелери»  фонду тарабынан бир топ алгылыктуу иш-чаралар, демилгелер өткөрүлүп келген. Биздин окуу жайда жаӊы моделдеги элиталык балдар бакчасын жана австриялык башталгыч билим берүүчү мектепти ачуу мерчеми бар. Ушул багытта биз Роза Исаковна менен өнүмдүү иштешебиз деген ойдомун”.

Иш-чаранын жүрүшүндө  СПИД илдетине чалдыккан наристелерге көӊүл бөлүү, майып балдарга жардамдашуу жана маданиятты өнүктүрүү маселелери боюнча да экс-президент өз ойлорун айтты.

Поделиться

Комментарии