Жан башына каржылоонун кандай артыкчылыктары бар?

  • 29.04.2013
  • 0

Жан башына каржылоо боюнча акыркы кездерде өлкөбүздө жүрүп жаткан кызуу талаш-тартыш экономикалык так аргументтеоге караганда, көбүнесе эмоционалдык – популисттик мүнөзгө ээ болууда.

Акыл калчап карасак, бул моделде коррупцияга белчесинен баткан билим берүү системабызды түп-тамырынан жакшы жагына өзгөртө алган мыкты идеялар арбын.

МЕКТЕПКЕ АКЧА БАЛА САНЫНА КАРАП БЕРИЛЕТ

Муну жаңы моделдин башкы идеясы деп эсептесек болот. Анткени, каржылоонун бул революциялык ыкмасында мамлекет тарабынан бөлүнгөн акча мектеп инфраструктурасын өнүктүрүүгө, мектеп администрациясын кармоого же мугалимдердин эмгек акысын телеөге эмес, эң биринчиден билим берүү жараянындагы башкы фигура – окуучу балага көрсөтүлгөн кызмат үчүн берилет. Эскерте кетсек, Кыргызстанда мугалимдер буга чейин классындагы окуучулардын санына карап эмес, жума ичинде окуткан сабактарынын санына карап маяна алчу. Мугалимге классында 5 окуучу болобу, 10 окуучу болобу же 25 окуучу болобу, айырмасы жок болчу. Анын милдети сабак берүү, ара-чородо тарбиялык иш-чраларды уюштуруу менен чектелип келген..

ЖАҢЫ МОДЕЛДЕ МУГАЛИМДИН ИШКЕ БОЛГОН ЖООПКЕРЧИЛИГИ АРТАТ

Мугалимдердин эмгек акысын төлөөдө эки баскычтуу системанын киргизилиши агай-эжейлердин өз кесибине карата мамилелерин жакшы жагына өзгөртө баштады. Учурда мугалимдер арасында «Жыл мугалими» баш болгон ар кандай кесиптик сынактарга катышып, өз күчүн сынап көргүсү келгендердин саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Мектептерде азыр директор, завучтун көрсөтмөсүн күтпөй эле, өз демилгеси менен ачык сабактарды, тарбиялык ар кандай иш-чараларды өтүүгө белсене киришкен агай-эжейлердин саны аз эмес. Союз учурунда, андан кийин деле, өзүнүн кесиптик билимин жогорулатууга кызыкпаган мугалимдер бизде көп болгону анык. «Балдарым кичинекей», «Үй-шартым, ден-соолугум болбой турат» деген куру шылтоолорго жамынып, беш-он жылдап кесиптик даярдыктан өтпөй жүргөнү, жыл башында жаштарга саат бербей бир жарым, эки ставканы ээлеп алганы кадам сайын учурачу..

РЕНТАБЕЛСИЗ МЕКТЕПТЕРДИ ЖЫЛ САЙЫН КУРА БЕРҮҮДӨН КУТУЛАБЫЗ

Кызыктуу, бирок ойлонто турган факты. Акыркы он жыл аралыгында республикада мектеп окуучуларынын саны 1164 миңден 1012 миңге кыскарганы менен мектептердин саны 140 ка, административдик-чарбалык персоналдын саны 4 миңге өскөн. Бул өзү өтө парадоксалдуу көрүнүш. Окуучу саны өспөгөндөн кийин мектеп салуунун кажети жок. Бирок, акыркы он жылда эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын демилгеси менен республикада 140 мектеп бүткөрүлүп пайдаланууга берилген. Бул мектептердин көпчүлүгү кокту – колоттогу чакан айылдарга салынгандыктан, болгон пайдасы өлкөдөгү аз рентабелдүү мектептердин санын толуктады  Мектеп ачуу, жабуу Билим берүү жана илим министрлигинин ыктыярдыгында  болбогондон кийин,  жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары маселени каалагандай калчап келет.

ПРЕДМЕТТИК САБАКТАРДЫН САНЫ КЫСКАРЫП, ОКУУЧУЛАРДЫН ОКУУ ЖҮКТӨМҮ АЗАЯТ

Мугалимге эмгек акыны жума ичинде окуткан сааттарынын санына карап телеө ыкмасы жүрүп отуруп мектептердеги окуу предметтеринин сандык жактан өсүшүнө алып келди. Ушундай тенденциядан улам бизде эгемендүүлүк жылдары союз мезгилиндеги 17 предметтин ордуна 24 предмет пайда болглн. Мындан тышкары, ар кандай типтеги мектептер; гимназиялар, лицейлер өздөрүнүн кошумча окуу программаларын окуучуларга таңуулашып, ансыз да араң турган  баланын ден соолугун талкалоого салым кошушту..Натыйжада мектептерде билим алган балдардын кабыл алуусу, эске тутуусу начарлап, сколиоз сыяктуу илдеттерге кабылды.Бул тушта окуу китептеринин авторлору да баланы же мугалимди эмес, баарынан мурун өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлогондуктан, Кыргызстанда окуу китебин жазуу өзүнчө бизнеске айланганы белгилүү. Мындай көрүнүш PISAнын жыйынтыктары жарыяланбаганда дагы көпкө уланмак беле, ким билсин, айтор бул эл аралык иликтөөнүн калпыс тыянагы биз үчүн чоң сабак болду. Ушул иликтөөлөрдүн жыйынтыгында окуучулардын билим сапаты боюнча биринчи орунду ээлеген Финляндияда орто мектептин окуучусу жыл ичинде 684 сааттык окуу жүктөмүнө ээ болсо, иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен эң акыркы орунда калган Кыргызстанда бул көрсөткүч 1088 сааттты түзгөнү маалым..

БӨЛҮНГӨН АКЧАГА КООМДУК КӨЗӨМӨЛ КҮЧӨЙТ

Мурунку каржылык системада мугалимдер турмак мектеп жетекчилери да кайсы акча кайдан келерин билишчү эмес..Жаңы системада ар бир тыйындын өз орду бар жана буга мугалимдер менен катар Камкорчулар кеңештеринин мүчөлөрү көзөмөл кылат. Жан.башына каржылоо моделин ийгиликтүү ишке ашырып жаткан бир топ мектептерде бюджеттик угууулар өткөрүлүп,  мектеп бюджетинин аткарылышына ар тараптуу баа берилүүдө. Мындай талкуулардын натыйжасында мугалимдер окутулган сааттардын саны эмес, окуучуга көрсөтүлгөн билимий кызматтын сапаты маанилүү экенин жетик түшүнүштү. Учурда жаңы моделди жайылтып жаткан алдыңкы мектептер  категориалдык грант боюнча предметтик комиссиялардын чечими менен кимге канча кошумча эмгек акы төлөөнү колго алышты. Бул биздин билим берүү системабыз үчүн инновациялык көрүнүш.

Жыйынтыктап айтканда, каржылоонун жаңы ыкмасы социализмдин «Ким иштесе, ал тиштейт» принцибин эске түшүрөт жана ал республикабыздагы көптөгөн демилгелүү мугалимдерге жаңы идеяларды жаратып, изденип иштөөсүнө мурда болуп көрбөгөн зор мүмкүнчүлүктөрдү тартуулаганы менен баалуу. Эски системада теңдештирүү принцибине ылайык чыгармачылык менен иштегени да, эптеп-септеп иштегени да бирдей акча алчу. Андай болгон соң, бизге артка карай жол жок…

А.Алибеков, «Кутбилим»,
АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү
АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Поделиться

Комментарии