Кыргызстанда биринчи жолу студенттик туризм конгресси өттү

  • 29.04.2013
  • 0

Кыргызстанда студенттердин биринчи туризм конгресси Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өттү.

Конгресстин максаты — Кыргызстандын ар кайсы окуу жайларынын туризм факультеттеринде билим алып жаткан студенттерди жолугуштуруу жана аларды келечекте Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга үндөө болуп саналат.

Конгресстин уюштуруучусу, Туризм жана мейманкана иштетүү мектебинин мүдүрү Билгехан Гүлжан конгресстин катышуучуларын Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүп жаткан I Студенттик Туризм конгресси менен куттуктап, анын максаты — Кыргызстандын туризм тармагын өнүктүрүүгө аз да болсо салым кошуу экендигин белгилеп өттү.

«Жараткан Кыргызстанга Ысык-Көлдү жана кооз табиятты берген. Демек, фундамент бар, биз аны андан ары иштетишибиз гана керек. Бүгүн «Манас» университети бул максатты ишке ашырууда биринчи кадам жасап жатат. Мындан ары да башка мекеме жана окуу жайлар менен кызматташуубузду уланта беребиз, — деди өз сөзүндө Билгехан Гүлжан.

Конгресстин ачылышында университеттин биринчи проректору Асылбек Кулмырзаев мындай иш-чара Кыргызстанда биринчи жолу уюштурулуп жаткандыгын баса белгиледи: — Туризм чөйрөсүндө жаштар иштегени туура. Анткени жаштар мобилдүү, креативдүү жана патриоттук сезимдерге бай болушат. Ошондуктан жаштарды бириктирип, ой-пикирин угуу керек. Чынында эле Кыргызстанда табигый шарттар бар. Туризм тармагы Түркияда абдан өнүккөн, алардын тажрыйбасын алууга чоң мүмкүнчүлүк бар. Негизи туризм өлкөнүн маданиятын, тарыхын таанытууда чоң роль ойнойт. Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги астында Кыргызстандын 2013-2017-жылдары туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип чыккан, ал программада туризмге өзгөчө чоң маани берилген. Ошол стратегиянын алкагында Кыргыз-Түрк «Манас» университетине Кыргызстандын туризм секторунун өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу боюнча расмий тапшырма берилген. Бул боюнча биздин университет конгресске катышып жаткан башка окуу жайлар жана өнүккөн өлкөлөрдүн туризм секторунун өкүлдөрү менен бирге долбоор жүргүзөт. Натыйжада Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгат. Ал долбоорго жаштардын да ой-пикирлери, салымы болушу керек. Бул конгресстен пайдалуу сунуштар чыкса, анын ишке ашуусуна университет материалдык колдоо көрсөтмөкчү.

Кыргыз экономикалык университетинин профессору Бермет Журупова чынында эле туризм Кыргызстанды өнүктүрүүнүн маанилүү тармагы болуп эсептелерин, жаштар арасында бул кон­гресстин өтүп жатканы абдан маанилүү экендигин, анткени бул иш-чара жаштарга ой-пикирлери менен бөлүшүүгө шарт түзөөрүн жана ар дайым кызматташууга даяр экендиктерин белгиледи.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА

Поделиться

Комментарии